
«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурсубуздун 2-айлампасы башталды.
Аталган конкурстун максаты – поэзия, проза (аңгеме, эссе) жаатында эмгектенип жүргөн кыргыз тилдүү авторлор үчүн чыгармачылык атаандаштыкты күчөтүү. Ким эмне айткысы келсе – көркөм адабияттын туюнтмалары аркылуу чагылдырсын.
Жеңүүчүлөр төмөндөгү талаптар боюнча аныкталат:
ПРОЗА
Жаңыча көркөмдүк формада изденүү
Курч сюжеттүү күтүүсүз табылга
Сөз чеберчилиги
ПОЭЗИЯ
Мазмундуу уйкаштык
Курч калем, курч ойлор
Сөз чеберчилиги
Конкурстун ШАРТТАРЫ:
Конкурска катышууга баардык авторлор укуктуу жана эч кимдин жаш курагы чектелбейт. Авторлордун эмгектери ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат жана сөзсүз түрдө «Конкурска» деп белгиленүүгө тийиш.
Кабыл алынар чыгармалардын көлөмү – поэзия 4 бет, аңгеме, эссе жанрындагы чыгармалар 10 беттен ашпоого тийиш (формат А5, тамга Calibri, кегль 12).
Байгелик орундар
ПРОЗА
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом
ПОЭЗИЯ
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом
Көркөмдүк талапка жооп берген эмгектер конкурстун уюштуруучулары тарабынан кабыл алынан. О.э. ruheshsaity@gmail.com дарегинен «Сиздин эмгек кабыл алынды» деген жооп алган катышуучу «РухЭш» сайтынын ЭЛСОМ 0558080860 эсебине 1000 (бир миң) сом взнос акысын төлөөгө тийиш.
Авторлорго эскертүү
- Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат (соцтармакта жарыяланган чыгармалар конкурстан четтетилет!)
- Тексттер сабаттуу болсун жана Ө Ң Ү тамгасы жок эмгектер кабыл алынбайт.
- Адеп-аклак, ыйман чегинен ашкан чыгармалар конкурстан четтетилет.
- Ар бир автор өзүнүн сүрөтүн кошо жөнөтүүгө тийиш.
- Конкурстук чыгармалар авторлордун аты-жөнүсүз, номер түрүндө жарыяланат. О. э. конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамынын аты-жөндөрү да жашыруун сакталат.
- Бир автор бир нече чыгармасы менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
- Бир эле автор 1-2-3-орундагы байгелерге илинүү мүмкүнчүлүгү бар.
Жобо жарыяланган күндөн тартып конкурстук чыгармалар кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 31-майы күнү токтотулат.
Комментарийлер (3)
Конкурска кантип катышса болот
Конкурстарга кантип каштыша алам?
Конкурска