Конкурска: Кыйын кырдаалдан жол тапкан жигит (№1)

АҢГЕМЕ

Күзгө жакын Барпы атанын эгиз уулдары Жаныш менен Байыш окууларын аяктап, шаардан келишти. Экөөсү тең Бишкек шаарында беш жыл окуп, компьютер иштери боюнча программист кесибине ээ болушту. Балдары келген соң, Барпы атанын колу узарып эле калды. Үйдүн чарба иштери сомодой эки жигиттен артпай, мал убагында каралып, жем-чөп, отун убагында жыйылып дегендей...

Шаар турмушу эки жигитти бир топ эле өзгөртүптүр. Жаныш бапыраңдап шайыр мүнөз күтүп, көбүнчө дүйнөлүк алдыңкы илимий жаңылыктардан сүйлөсө, Байыш тетирисинче токтоо тартып, атасынын ыйманга чакырган насаат сөздөрүн кунт коюп угуп, колунан диний жана насаат китептери түшпөйт.

Күндөр өтүп, эгиз жигиттер райондогу мекемелерден өз кесиптерине жараша жумуш сураштырышып, бош убактыларында ар кимиси өзүнүн кызыккан иштери менен алектенип атышты. Жаныш өзүнүн бөлмөсүндө ноутбугун интернетке туташтырып алып, андан ар кандай илимий мотивациялык фильмдерди көрүүдөн тажабайт. Айылдагы мектептин мугалимдерине жана окуучуларга сабактарга пайдаланылчу слайдшоуларды жасайт. Университетте окуп жүргөндө студенттердин басма сөз уюмунда иштеп, анча-мынча журналисттикти өздөштүрүп калгандыктан, райондогу жаңылыктарды социалдык тармактарга жүктөп, облустун жана республиканын коомчулугун райондогу ар кандай жаңылыктар менен тааныштырат.

Акыркы мезгилде Жаныштын компьютерди жакшы өздөштүргөндүгүн, интернетке жакындыгын жана социалдык тармактарда сабаттуу жаза билгендигин байкаган райондогу айрым чоң мекемелер жарыя, кулактандырууларын жана жаңылыктарын социалдык тармактарга чыгарып берүүсүн суранып башташты. Жаныш: “Бекер отурганча бекер иште”, – деп, алар менен иштешип жүрдү.

Байыш болсо баягы эле. Колунан диний насаат китептери түшпөй, 4-5 теңтушу менен мечитке катташып, классташтары уюштурган отуруштарга да барбайт. Жаныш аны эки-үч ирет өзү жасап жүргөн иштерге кызыктырып, илимий популярдуу жана мотивациялык фильмдерин, китептерин, жасаган иштерин көрсөтүп, өзүнө тартып көрдү. Байыш мотивациялык фильмдерди, китептерди карап олтуруп:

– Мен ушундайларга эч ишенбейм да, – деди мылжыйып. Анын ою боюнча Кудай өзү акыл бермейинче китептерден, илимий фильмдерден алган акыл адамга жукпайт имиш. Жаныш аны аргасыз өз оюна койду.

Жанышты бир күнү райондук акимиатка чакырышты. Аны район акими өзү кабыл алды. Район жетекчиси Жанышты астейдил кабыл алып ал-жайды сурашкан соң, эмне иш менен алектенип жаткандыгын сурады.

– Жумуш деле жок. Үйдө олтурам, – деди Жаныш район акиминин суроосуна жылмайып жооп берип.

– Азырынча кесибиңе жараша жумушуң жок жүргөнүңдөн кабарым бар, – деди район акими Жаныштын сөзүн ырастап, – бирок сенде бизге керек бир артыкчылык бар экен. Социалдык тармактарда жакшы иш алып барат экенсиң, акимиаттагы балдар айтышты. Биз ушул жагынан аксап жатабыз. Макул десең, районубуздун маалымат саясатын жүргүзүп, райондогу жаңылыктарды өз убагында республикага чыгарып турсаң жакшы болмок. Райондогу социалдык-экономикалык жана маданий жетишкендиктерибиз, бир топ жакшы иштер көмүскө калып, элге билинбей калууда. Негизи, райондун маалымат саясатын тыкыр колго албасак болбочудай, ага сендей кесипкөй жигиттер керек экен, – деди чакыргандагы максатын ачыкка чыгарып. Жанышка бул сунуш күтүүсүз болсо да, чочуй берген жок. Анткени, район акиминин сунуш кылган иши Жаныш үчүн күнүмдүк иштерге айланып келаткан эле.

– Эгер сиздер мага ишенсеңиздер, иштеп берейин. Болгону мен кабинетте азыраак олтуруп, көбүнчө эл аралап, элдин ичинде иштешим керек. Сиздер чакырганда келип, тапшырмаңыздарды аткарып берем. Калган убакта эл ичинде болуп, жакшы иштерди социалдык тармактарга чыгарып, ишкерлердин жана дыйкандардын продукцияларын интернет аркылуу жарнамалап, райондон сырткары сатууга көмөктөшүүм керек, – деди. Район акими Жаныштын талабын туура түшүнүп, эртеңден баштап кызматташууга кол алышты.

Жаныш үйгө келсе үйдө чыр-чатак болуп атыптыр. Дарбазанын алдынан элтейген эки ак халатчан медайымды, аларга карай ызырынып тиктеп турган Байышты көрдү. Жаныш иштин төркүнү не экенин түшүнө бербей:

– Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы? – деди бирде Байышка, бирде медайымдарга  суроолуу тиктей.

– Инилерибизге эмдөө жасашат имиш!.. Аллах Таала адамга оорудан сактоочу күчтү өзү берген. Адам ооруса да, сакайса да Аллах Тааладан! Силер минтип Аллахтан чоң кетпегиле! Бул кылганыңар ширк! – деди Байыш медайымдарга колун кезеп ызырынып.

Жаныш иштин төркүнүн эми түшүндү. Көрсө, булар айылдагы жаш балдарга кызамык оорусуна каршы эмдөө жасап жүргөн медайымдар экен. Байыш өз ишенимине таянып, аларга каршы чыгып жатыптыр.

Жаныш медайымдар “мунусу да ушундай эмес бекен” деп ойлоп калбасын үчүн аларга карап жылмайып койду да, Байыштын жанына жакын барды.

– Байыш, бул не кылганың, биз деле ушинтип эмдөө алып эле, ден соолугубуз бекем болуп чоңойбодукпу. Медиктер адамга жамандык каалачу беле, кой, балдарга эмдөө жасашсын, бул инилерибиздин ден соолугу үчүн да, – деди көзүнө тиктеп тигилерге угузбай акырын.

– Кудай адамды дарыланууга муктаж кылып жараткан эмес. Эгер оору жөнөтсө, адамга дабаасын да кошо жөнөтөт. Булардын кылганы такыр туура эмес. Андан сырткары, булар укол жасашканда адамдын денесине спирт, арак сүртүшөт. Арак деген харам да, – деди Байыш Жанышка жооп кылып күңкүлдөп наалып.

Жаныш не кылышты ойлоно калды да, Байышка:

– Сен үйгө кире бер, мен буларга түшүндүрүп айтып, кетирип жиберем, – деди. Байыш медайымдарга олурая бир карады да, ичкериге кирип кетти.

Жаныш Байыштын алыстаганын дабышынан тыңшап турду да, булардын күңкүлдөшүп сүйлөшкөн сөздөрү эмне менен бүтөрүнөн чоочуркап күткөн медайымдарга жылмайып карады.

– Кечирип коёсуздар бизди, мындайларга бизге чейин деле жолуксаңыздар керек, – деди Байыштын жоругуна кечирим сурап. Медайымдар Жанышты түшүнүшкөнүн сездиргендей, буга да жылмайып коюшту. – Сиздер айылдын баш жагына барып кайра кайтканда биздин үйгө келиңиздер. Байыш иним ал учурда мечитте болот. Инилериме да айтып коём, аларга беймарал эмдөө жасап кетсеңиздер болот, – деди тигилерге карап. Медайымдар “макул анда, ошентсек да болот”, – дешип, Жаныштын айтканын макул көрүштү да,  аркы жактагы кошуна үйгө жөнөштү.

Күз айлары дегеле дүйнө эли үчүн жоболоңдуу окуяларга бай мезгилден болду. Жер бетинин бир жагын суу каптап жатса, бир жагынан жер көчүп... Кытай мамлекетинен айыккыс оору чыгыптыр деген коркунучтуу каңшаар кеп да тарады. Мунун баарын башкалар сыяктуу эле Жаныш да интернеттен билип жатты. Бир ирет үйдө кечки тамак учурунда ушундай жоболоңдуу жаңылыктар тууралуу кеп болду. Анар апа, айтылган кептердин чын-төгүнүнө чындап түшүнүгү жете бербеген жарыктык, эл арасынан уккан Кытайдан чыккан оору тууралуу каңшаар кептерин ортого салды:

- Ушундай да болобу, ой тобо, – жакасын карманып, шыпшынып атты.

Жаныш апасы айткан жарымы жалган, жарымы чын каңшаар кептерге жылмая күлүп, айтылган кептерди улам тактап, түшүндүрүп коюп олтурду.

Мында ортодо айтылган кептерге ишенип-ишенбей олтургандардын коркуусуна чыныгы шыкакчы Байыш болду. Ал айтылган каңшаар кептерге диний мүнөздөмөлөрдү берип, эски диний китептерден далилдерди келтирип, ого бетер үйдөгүлөрдүн жүрөк үшүн алууга аракет кылып жатты.

Ал –  Кытайдын оорусу адамзатка берилген жаза экен. Адамдар буга чейинки күнөөлөрү үчүн жооп беришет. Бул оору бүт күнөөлүүлөрдү аркы дүйнөгө жиберет, мына айтты дейсиңер. Андыктан, кудайдан коркуп, динге баш ийип, намаз окуш керек, жасаган иштерибизге тообо келтиришибиз керек, – деп билген акылын үйдөгүлөргө айтып кирди.

Жаныш анын чын дилден берилип айтып жаткандарына акырын күлүп койду. Анткени ал, бул ооруну жеңүү үчүн адам баласында азыркы учурда миңдеген илимий-техникалык зор мүмкүнчүлүктөр бар экенине чындап ишенет эле.

Аңгыча кыш мезгили кирип келип, чын эле Кытайдан чыккан оору андан ары башка мамлекеттерге да жайылып баштады – деген кептер чыкты. Оору кирген мамлекеттер чек араларын жабышып, шашыла ар кандай чектөөлөрдү кабыл алышып, ооруга каршы ар тараптуу аракеттерди жасап жатышты. Жаныш бул мезгилде райондун маалыматтык кызматын жүргүзүп, интернеттен кошумча жумуштарды таап, Казакстан, Орусия, Кытайдагы интернет дүкөндөр менен байланышып, айрымдарга почта аркылуу керектүү буюмдарды алдырып берип, социалдык тармактар аркылуу иш алып барууга биротоло баш оту менен кирип калган эле.

Аңгыча, март айында кытайдын оорусу Кыргызстанда пайда болду деген кабар бүтүндөй республика боюнча дүңк этти.

Какаганга муштаган болуп, көп күн өтпөй эле Жаныш жашаган райондо көп кытай оорусуна чалдыккан 5 адам аныкталды. Мындан улам, район калкынын башка райондорго каттоосуна шашылыш чектөөлөр киргизилди. Ал эми, район жетекчилигинин түшүндүрүү иштерине жана райондук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин оорудан сактануу тууралуу кеп-кеңештерине карабай, эл арасында азык-түлүк жана медициналык каражаттардын жетишсиздиги тууралуу ушак-айыңдар чыгып дүрбөлөңдөр болуп баштады. Чындыгында, райондо азык-түлүк, курулуш материалдары сыяктуу күнүмдүк керектөөлөр жетиштүу камдалган эле. Буга кошо эле, республикадан кошумча азык-түлүк жана зарыл медициналык каражаттар берилип жаткан. Негизи, коомчулукта такталган расмий маалыматтарга караганда такталбаган, негизсиз ушак-айыңдар бир кадам алдыда жүрөт эмеспи. Белгисиз адамдар тарабынан социалдык тармактарда бул ооруга, оору тууралуу айткан медиктерге жана мамлекеттик кызматкерлерге ишенбөөгө тынымсыз чакырыктар ташталып, мындан улам мамлекеттик мекемелердин иш-аракеттерине бир топ тоскоолдуктар жаралды.

   Чындыгында, элдин ичинде иниси Байышка окшоп бул кырдаалды чындап түшүнмөк тургай, айткан кеп-кеңешти уккусу  келбегендер аз эмес эле. Жаныш да бул кырдаалды кантип салууну оң жолго ойлонуп, интернеттен конфликттердин алдын алуу боюнча адистердин кеп-кеңештерин издеп таап, кунт коюп окуп, аларды акылга салып калчап жатты. Ойлонуп олтуруп, акыры бир нерсе ойлоп тапкандай болду.

Эртең менен эрте турду да, район жетекчисине сунуштарын айтуу үчүн акимиатка жөнөдү.

– Бакир Осмонович,– деди Жаныш ал-жай сурашкан соң, район жетекчисине карап – оорунун алдын алуу, элди тартипке салуу жаатындагы иштерибиз курулай дүрбөлөңдүн алдында суу кечпей калып жатат. Ошондуктан, макул десеңиздер менде бир сунуш бар.

–Айт, айта кой садагасы. Ушу сендей демилгечил жаштардан сунуш күтүп жүрбөймүнбү мен –деди Бакир Осмонович чын дилден ынтаа коюп.

– Анда, кеп мындай. Биз элдин ишенимине ээ болуу үчүн райондук жетекчилик тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу ишенимдүү видеомаалыматтарды оперативдүү түрдө элге жеткирип турууну колго алсакпы дейм. Ал үчүн районубуздун расмий маалыматтык интернет сайтын ачалы. Сайтты мен район үчүн акысыз ачып берем.  Оорунун алдын алуу, калкты азык-түлүк жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу, мекемелерди, турак үйлөрдү, көчөлөрдү дезинфекциялык каражаттар менен тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштердин ар бирин видеого алып, аларды райондук интернет сайт, социалдык тармактар аркылуу өз мезгилинен кечиктирбей, оперативдүү түрдө элге жеткирип туралы. Күн сайын эки ирет райондогу азык-түлүктөр толгон дүкөндөрдү да тартып, азык-түлүк жаатында тартыштык жок экенине элди ынандыралы. Ооруканалардагы түзүлгөн керектүү шарттарды видеого тартып, күн сайын элге жеткирели.   Эгерде, район тургундары чөнтөк телефондорун ачканда эле, интернет аркылуу алгач негизсиз ушак-айыңдардан мурда далилдүү маалыматтарды окуп турушса, эл арасындагы курулай дүрбөлөң сөзсүз басаңдайт да, элдин жергиликтүү бийликке ишеними пайда болот. Маалыматтык согушта биз утуп чыгабыз. Мен буга ишенем, – деди Жаныш өз оюн ортого салып.

– Сунушуң мага жакты, – деди район акими – мен сага жаңы видеокамера жана  мыкты уюлдук телефон алып берейин, кыскасы тийиштүү шартты түзүп берейин, сен өзүң айткан ишти жасай аласыңбы?

– Эгер керектүү шартты түзүп берсеңиз жасай алам. Мекемелер жана тийиштүү кызматкерлер мага керектүү адамдарды таап берип, барчу жактарга дароо жеткирип турушса эле болду, мен аларга эмнени жасашты түшүндүрүп айтып,  ишке ашыра алам. Ишенип коюңуз, – деди Жаныш район акимине ишенимдүү.

Эртеси Жаныш дароо ишке киришти. Видеокамерасын көтөрүп алып, оорунун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан ар бир иш-чараны видеого алып, иш үстүндө дароо интернетке чыгарып, элдин негизинен социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан негизсиз маалыматтарга ишенүүсүнүн алдын алуу аракеттерин баштады. Райондогу азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар толгон дүкөндөр, ооруларга керектүү шарттар түзүлгөн ооруканалар, көчөлөрдү дезинфекциялап жатышкан санитардык кызматкерлердин, коомдук тартипти көзөмөлгө алып, күн-түн дебей кызмат кылып жаткан милиция кызматкерлеринин, райондун чек арасына коюлган посттордо турган жооптуу кызматкерлердин аткарып жаткан иштери видеого  тартылып, ватсап, фейсбук, телеграм сыяктуу эл көп колдонгон социалдык тармактар аркылуу оперативдүү түрдө күн сайын бир нече ирет элге жеткирилип баштады. Буга кошо эле, райондун имамдары жана абройлуу инсандар район калкына күн сайын кезек менен видеокайрылууларды жасашып, элди кыйын кырдаал учурунда сабырдуулукка, үнөмдүүлүккө жана маданияттуулукка чакырып жатышты.

 Жаныштын баштаган демилгечил топтун аракети 7-8 күндүн ичинде жакшы жыйынтыгын берип, район калкынын арасында район жетекчилигинин иш аракеттерине оң пикирлер айтылып баштады. Район жетекчилиги менен медкызматкерлердин райондогу кырдаал тууралуу коомчулукка күн сайын бир нече ирет жасаган видеокайрылуулары карапайым калкка  ишеним берсе, дин кызматкерлери менен абройлуу инсандардын кайрылуулары калк арасында сабырдуулуктун жана ынтымактын үрөнүн септи.

Жаныш үйлөрүнөн чыкпай олтурган эл бекерчиликте эрмек кылсын деп райондук китепкананын директору Райхан Момунова аттуу эжеден уруксат сурап, райондук китепкананын ватсап жана телеграм тайпаларын ачты да, ага бир топ кызыктуу электрондук, аудио жана видео адабий чыгармаларды  жүктөп койду. Күн санап анда да окурмандар көбөйүп, карантин учурунда үйдө зеригип олтургандар кызыктуу чыгармалардан окушуп, жыргап эле калышты. Жаныш күн сайын   окурмандар сураган чыгармаларды интернеттен издеп таап берип жатты. Көп өтпөй эле Райхан эже чалды. – Сага рахмат - деди ал жетине албай-окурмандарды ватсап жана телеграм менен тейлөө ыкмасын республика боюнча биринчи биз баштаппыз, министрликтен чалышып бизди аябай макташты – деп ыраазылыгын билдирди.

Жаныш өзү кызыккан ишине берилип, жан үрөп иштеп жүргөндө ал үчүн ойго келбеген бир жагымсыз окуя болуп кетти. Түшкө маал акимиаттан чыгып үйүнө келаткан. Аңгыча көгүш түстөгү томпойгон “УАЗ” автомашинасы арт жагынан зуулдап келип, Жаныштан өтө берип –кы-ыйч этип жолун торой токтоду. Жаныш автоунаанын капталындагы “МИЛИЦИЯ” деген бадырайта жазылган кызыл жазууну окуду. Автоунаадан чаар ала форма кийген эки сомодой жигит түшүп, Жаныштын алдын торошту да, кеп-сөзгө келбей эле колдорун артка кайрып автоунаага салышты. Күтүүсүздөн болуп кеткен бул иштен эсине келе албай калган Жаныш – Силерге ким керек? Менде эмне жумушуңар бар? – деп, тигилердин колдорунан жулкуна берип, машинанын ичиндегилерге түкшүмөл карады. Буга жооп бергендин ордуна алардын бири машинада муну жекире тиктеп олтурган 19-20 жаштардагы сары чачтуу кызга карап – Тааныдыңбы? Ушул беле? – деди. Кыз – Таптыңыздар, дал ушунун өзү! – деди жекире тиктегенин жазбай. Суроо берген неме – Эң жакшы, РИИБге алып баралы, калганын тергөөчү бүтүрөт – деди да – Айда! – деп буйрук берди. Машина жулкуна жылып, алдыга зуулдаган бойдон жөнөдү.

Милиция кызматкерлери Жанышка кайсы себеп менен кармашканын түшүндүрүп олтурушпай  РИИБге алып келишип, курун, чөнтөк телефонун чечип алышты да, жертөлөдөгү шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизип салышты.

Эгерим күн нуру тийбей күңүрт тартып, сыз, заара, тер кошул-ташыл жыттанып каңырсыган убактылуу кармоочу жайда сакал-муруту өсүп, кийимдери жүдөө тартып, ой-санаа баскан жашы кырктардагы киши олтуруптур. Жанышты ал жерге түртүп киргизишкенде тиги киши үңкүйүп олтурган жеринен Жаныш тарапты карап да койгон жок. Бир саамдан соң, ойдо жок жерден мындай абалга кабылып, ар нерсени ойлоп, эс-учун жыюуга аракеттенип жаткан Жанышка  карабаган калыбын жазбай – Уурулугуң мейли эле, үй ээсин бекер өлтүрүпсүң – деп баш чайкап койду. Жаныш – Ыя! – деди тигиге таңгала, ого бетер чоочуп. –Улансыңбы? Кечээки ишти сен жасадыңбы? – деди тиги кайра суроолуу карап. –Жок ай–деди Жаныш жүрөгү ордуна келип, – мен Жанышмын, бул жакка неге алып келишти, билбейм. Тиги киши кайра башын жерге салды  – Аа, сен башка белең.

Аңгыча эшик шарактап ачылды да, чаар ала кийимчен милиция кызматкери – Эй, чык – деди Жанышка карап баш ийкеп. Жанышты экинчи кабатка тергөөчүнүн бөлмөсүнө алып келишти. Тергөөчү жөнөкөй кийинген чапжаак, сур бет сары киши экен.

–Таак – деди тиги Жанышка колго түштүңбү дегендей көздөрү күлө кытмыр тиктей – Кана, айта берчи, дүкөндү неге талкаладың? Шериктериң кайда, четинен айта берчи?

– Ким  талкалаптыр? Менби? Эмне болгон дүкөн ал? – деп, Жаныш чын дилден таңгала тергөөчүгө суроолуу карады кайра.

– Жаныңды жебесеңчи, дүкөнчү кыз сени жаземдебей тааныды го! Же, аны да танасыңбы? Башка күбөлөрдү да чакырайынбы анда! Мойнуңа албайсыңбы колуң менен жасаган соң! – деди тергөөчү үнүн бийик чыгара Жанышка өктөм сүйлөп демите. Тергөөчү жабыштырып жаткан коогалуу ишке  тиешеси жок экенин кантип ишендирсе экен. Жаныш ойлоно калып – Мени өзү неге күнөөлөп жатасыздар? Түшүндүрүп айтыңызчы, ал эмне деген иш? – деп, тергөөчүгө кайра суроолуу карады. Тергөөчү Жанышка ишеңкиребей карап туруп – Кечээ күнү түштөн кийин кайда элең? Сен эки шеригиң менен бирге айылдын баш жагындагы дүкөнгө кирип, андагы кардарлар менен чатакташыпсыңар, туурабы? Анан, сен тигилердин ичип жаткан арагын полго чаап талкалап, буга кошо эле – Неге арак сатасың – деп, дагы бир топ жаман кептер менен дүкөнчү кызды тилдепсиң, же муну да калп дейсиңби? – деди. Жаныш тергөөчүнүн айткандарын угуп, ого бетер оозу ачылды.

Тергөөчү Жаныштын мойнуна алгысы келбей жатканын көрүп, бир барак ак кагаз менен калем берди да – Давай, болгонун болгондой жаз! – деди буйрук бере, ана эстей калып–атың, фамилияң ким? – деди. Жаныш – Асанов Жаныш – деди. Тергөөчү – Эгизсиңерби? Эгизиң барбы? – деди кызыга. – Аа – деди Жаныш тергөөчүнүн суроосунан улам эстей калып. – Сиздер мени эгиз иним менен алмаштырып жаткан жоксуздарбы? Ал сиздер айткан айылдын баш жагына мечитке каттап турат деди күлө. Тергөөчү Жанышка ише[М1] ңкиребей карап – Ошондойбу? Анда иниңди да алып келип суракка алабыз, ал оңой эле  – деп чөнтөк телефону менен нөөмөт бөлүмүндөгүлөрдү чакырды. Жаныш милициядан барышса үйдөгүлөр коркуп дүрбөлөңгө түшпөсүн – деп ойлоду да, тергөөчүгө – Аны мен эле чакырайын, уруксат болсо. Телефонумду бериңиз, чакырсам келет – деди. Тергөөчү түшүнгөндөй – Макул, чал анда – деп, үстөлүндө турган Жаныштын өзүнүн чөнтөк телефонун түртүп койду. Жаныш дароо Байышка чалып – Байыш, милиция бөлүмүнө келчи, бир зарыл иш чыгып калды. Бул жакка келгениңди үйдөгүлөр билбесин–деди. Ал – макул, азыр барып калам – деп жооп берди.

Арадан жарым саат өтүп–өтпөй тергөөчүнүн кабинетине Байыш кирип келди. Жанышка дале ишенбей турган тергөөчү Байышты көрүп, чын эле куюп койгондой окшош эгиз жигиттерди карап туруп, эми ишенгенсиди. Ал нөөмөт бөлүмүнө кайра чалды да – Дүкөнчү кызды мында алып келгиле – деп буйрук берди. Аңгыча дүкөнчү кыз кирип келди. Тергөөчү кызга карап: – Сиздин дүкөндү талкалады деген жигит кайсынысы? – деди. Дүкөнчү кыз коёндой окшош эки жигитти карап, не дээрин билбей апкаарыгансып туруп калды. Тергөөчү кыздын бул абалына күлкүсү келип – Булар эгиздер турбайбы, олтура туруңуз. Иштин эми аныгына жетет окшойбуз – деди да, Байышка карап – Бул кыздын дүкөнүн талкалаганыңды мойнуңа аласыңбы? – деп түз эле суроо салды. Байыш тергөөчүдөн апкаарыбай, көздөрүнө тике карап  берилген суроолорго жооп берип баштады. Көрсө, иштин жайы мындай болуптур. Байыш эки досу менен мечиттен келе жатышып, суусундук ичели деп дүкөнгө киришсе, анда эки классташы арак ичип олтурушуптур. Тигилер буларды көрүп, кантсе да теңтуш да, алгач тамашалашып өздөрү менен арак ичүүнү сунуш кылышат. Булар каршылык көрсөтүшүп, болбой коюшкан соң, арак алып берип кеткиле деп асылып башташат. Ачуусу тез Байышка алардын орунсуз тамашасы катуу тийип, алардын алдындагы аракты алып полго чаап талкалап салат. Дүкөнчү кызга да арактан башка азык-түлүктөрдү эле сатпайсыңарбы, минтип арактын арты менен жаңжалга кириптер кылып, адамдарды күнөөгө батырып атасыңар деген сыяктуу ачуу аралаш кептерди айтат. Анан, берки эки шериги дүкөнчү кыздан кечирим сурашып, Байышты дүкөндөн алып чыгып кетишет. Окуянын болгону ушул экен.

 Милиция бөлүмүнө дүкөндө болгон окуяны тоодой кылып арызданып келген дүкөнчү кыз Байыштын айткандарына эч нерсе кошумчалай алган жок. Тергөөчү окуяны өз кулагы менен уккан соң,  дүкөнчү кызга карап – Окуя сиз айткандай деле өтө эле опурталдуу эмес экен, чоң кыз. Дүкөндө спирт ичимдиктерин сатканыңыз ырас болсо, сизде да айып бар тура. Аракты саткан соң, ал жерде ичирбешиңиз керек. Бул жигитке болсо коомдук жайда тартип бузгандыгы үчүн акчалай жаза беребиз. Ушуну менен бул ишти кыскартабыз, бара берсеңиздер болот – деди. 

Ошентип, Жаныштын сунушу, демилгеси жана жеке аракети менен райондук жетекчилик кыйын кырдаалда элдин ишенимине болуп көрбөгөндөй ээ болуп, маалымат айдыңында жеңишке ээ болду. Район тургундары райондук жетекчиликке зор ишеним артып, медицина кызматкерлеринин талабына кыйшаюусуз баш ийип, өз үйлөрүнөн эч жакка чыкпай, жыйырма күн сабырдуулук менен чыдап олтуруп беришти. Ошентип, райондо оорунун таркалышынын алдын алууга, анын жайылып кетпөөсүнө мүмкүндүк болду. Тилекке жараша, райондо бул оор дартка чалдыккандар медкызматкерлердин өз убагында жасаган аракеттеринин аркасында таза сакайышып, каза болгондор болгон жок. Жыйынтыгында, республикалык жетекчилик тарабынан районго коюлган чектөө мөөнөтүнөн мурда алынып салынды. Андан соң, райондогу бардык ишканалар жана калкты тейлөөчү коомдук жайлар ишке кирип, калк мурдагы жай турмушуна кайтты.

Райондун кыйын кырдаалдан аман-эсен чыгып кетишине жекече зор салым кошкондордун сап башында Жаныш тургандыгын район акими албетте, жакшы билет. Ошондуктан, ал анын бул зор кызматы үчүн  кандай сый көрсөтүүнү билбей жатты. Сый көрсөтпөгөндө эмне. Дал  ошол демилгечил, заманбап ой жүгүрткөн, уюштуруучулук сапаты жогору жигиттин сунушу жана аракети менен кыйын кырдаалдан жол табууга мүмкүн болбодубу. Бакир Осмонович 2-3 күн терең ойлонгон соң, Жанышка зор ишеним көргөзгөндүгү катары ага ылайыктуу жооптуу кызматты сунуштап көрүү чечимине келди да, аны өзүнө чакыртты.

Катчы кыз телефон чалган учурда Жаныш ноутбугун ачып алып, гугл котормочунун жардамы менен чет өлкөлүк бирөө менен жазышып жаткан эле. Район акими чакырып жаткандыгы тууралуу айткан катчы кызга – Макул, жарым саатта барам, – деп жооп берип коюп, ишин аягына чыгарууга ашыкты.

Жаныш жарым сааттан кийин Бакир Осмонович экөөсү евро үлгүдө жасалгаланып, төрүнө Кыргыз Республикасынын символикалары илинген кең кабинетте сүйлөшүп олтурушту.

–  Балам, сага аз мезгилде эле баламдай эле ишенип калдым, туура кабыл аласың деп ойлойм. Бүткүл мамлекетибизге келген оор кырдаалдан биздин районду тапкычтык менен алып чыгып кетүүгө түздөн-түз жардамың тийди, азаматсың. Эми, сендей заманбап көз карашта ой жүгүрткөн жаштар бардык жерде аба менен суудай керек болууда. Маалкатпай эле түз айтайын, сага райондук жаштар кеңешинин төрагалыгын сунуш кылам. Орун басарларым менен сүйлөштүм, түшүндүрүп айтсам алар да макул болушту. Экөөбүз мындан ары да насип кылганча бирге иштешели, райондук мамлекеттик администрациянын жаштар иштери боюнча саясатын жүргүзүп, элге пайдаңды мындан ары да тийгиз. – деди түз эле.

Жаныш Бакир Осмоновичтин сунушуна негедир жылмайды. Бакир Осмонович анын жылмайганын карап туруп – Менин сунушум жакты го, сыягы, – деп ойлоду.

– Зор ишеним көрсөткөнүңүзгө рахмат. Мен кабинетте үстөл кучактап олтурганды жактырбайм, андай төрт дубалга камалган кызматты аткарууга каалоом жок, – деди Жаныш тетирисинче, Бакир Осмоновичти таңгалтып. – Студент кезде интернеттен АКШдан, Түркиядан жана Индиядан тааныштарды таап, Амазон сайты аркылуу англис тилдүү аудиторияга электрондук бир нече кызыктуу китептерди жасап сатыкка койгон элек. Мен айылга келе берген соң, китептерибизди 5 миллиондон ашык адам окуптур. Жакында ал китептерибизди Европадагы абройлуу басмакана бир нече миң долларга сатып алууга кызыкдар болуп, сунуш бериптир. Бул тууралуу мага америкалык досум бүгүн электрондук почтадан сүйүнчүлөп кат жазыптыр, китепти сатууга жана ал басмакана менен андан ары кызматташууга макулдугумду сурап. Буга кошо эле, дагы электрондук китеп жасоо боюнча дагы бир топ идеяларын айтып, мындан ары иштешели дептир. Ошондуктан, мындан ары мен өзүм кызыккан ишим менен, хоббим менен алектенгим келет.

– Йе, кызык бала экенсиң го, – деди район акими Жаныштын айткан сөздөрүнүн көпчүлүгүнө түшүнө бербесе да бир чети таңгала, бир чети бир аз кабатырлана – сенин айткандарың качан жемишин бере баштайт билбейм го, бирок райондук жаштар кеңешинин төрагалык кызматы бүгүн-эртең колуңа тиет. Коомчулук менен тыгыз иштешип, активдүү жаш жетекчи катары тааныласың. Ишти алып кетишиңе өзүм жардам берем. Ал эми, тиги интернеттеги кошумча иштериңди жасай бер, ага тоскоолдук жок. Пайда табат элем деп шаарды көздөй качып жөнөбөй, айылдагы элге да пайдаңарды тийгизгиле. Бүгүн эле кадрлар бөлүмүнө айтып, буйругуңду даярдатам, эртең эрте менен келип ишти баштай бер. Акимиаттан керектүү эмеректерди киргизип, өзүнчө кабинет даярдатып берем, – деди Бакир Осмонович астейдил.

Жаныш район башчысын угуп туруп,  ушунчалык ишеним артып, астейдил жооптуу кызмат сунуштап жаткандан кийин ага болбой эле каршылык көрсөткөнү жарабаган иш экендигин экендигин сезди. Ичинен тобокел деп – Эгер кошумча жекече чыгармачылык иштериме тоскоолдук жаратпаса сиз айткан жумушта иштеп көрөйүн. Сунушуңузга макулмун.  – деди.

 Бакир Осмонович – Бая эле ошентпейт белең, сүйлөштүк анда. Эртеңден баштап жумушка чыга бер – деп, ыраазылыгын билдирди да,  күн сайын эле көрүп жүргөн бул жөнөкөй айылдык жигиттин ичинде не бир изги ойлору жана албан максаттары бар экенине эч бир маани бербегендигин ойлоп, “адамды ишинен бил, ишинен билбесең ичинен бил деген ушул тура” деп Жанышка чын дилден ыраазы боло күлүмсүрөп тиктеп турду.   

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Садык АЛАХАН.

    Окуп чыкты-ы-м... Сипсвежий окуялар тууралуу сипсвежий))))) аңгеме экен. Барпы ата, Анар апа, Жаныш, Байыш, Бакир Осмонович, Райхан эже, медайымдар, дүкөнчү кыз, милиционерлер, коронавирус, Амозон сайты... Албетте, Жаныштай жаштарыбыз болбой койгон жок, тескерисинче, көп эле болушту. Бирок окуя бир аз супсак берилгендей, кургак баяндоонун туткунунда калгандай... Кыйын кырдаалдан жол тапкан жигит жөнүндөгү ОЧЕРК менен кыйын кырдаалдан жол тапкан жигит тууралуу АҢГЕМЕНИН ортосунда калгандай... Авторго келечекте ийгиликтерди каалаймын.

Комментарий калтырыңыз