Ийгиликтин икаясы: Кантип из калтырабыз эй?

  • 08.01.2021
  • 3373

Биз ар кандай шылтоолорду айтканды жакшы көрөбүз. Бирок жашооңдо кандайдыр бир маанилүү жетишкендиктерди жаратуу үчүн сөзсүз эле идеалдуу шарттардын келишин күтпөш керек. Каалооң болсо жетиштүү. Төмөндөгү, биз кайрылып жаткан, андай шарттарды күтпөй эле турмушка из калтырган адамдардын каалоолорун сунуштоону эп көрдүк.

Генри Форд

Генри Форд фермада туулуп-өсүп, инженердин окуусун аяктап, үйүнө кайтып келип өзүнүн биринчи ойлоп табуусун – бензин менен иштеген жем-чөп туурагычын жараткан. Томас Эдисон анын патентин сатып алып, Генрини өз компаниясына ишке орноштурган. Бирок ал басса-турса оюнан элге жеткиликтүү автомобил ойлоп табууну самап, иштен бошонуп кетет.

Генри Форддун биринчи автомобилдик компаниясы тез эле банкрот болот. Экинчисин ал өнөктөштөрү менен бир пикирге келише албай таштап кетет. Үчүнчүсүндө чыгарган продукциялары өтпөйт. Анын ордуна башка киши болгондо, “тойдум байдын кызына” деп колун шилтеп баса бермек, бирок ал тырышып жүрүп дүйнөдөгү эң белгилүү жана ийгиликтүү ишкерлердин бирине айланган.

Соитиро Хонда

Соитиро Хонда жакыр үй-бүлөдө туулган, ошондуктан кол арага жарагандан эле атасына жардам бере баштаган. Соитиро автомобиль оңдоочу жайдын жумушчусунан баштап иштеп, жүрүп-жүрүп ал ишкананын ээси болууга чейин өсүп жеткен. Бирок ишти улантууга акчасы жетишсиз болгондуктан, ал аялынын кымбат баалуу жасалгаларын саткан күндөрү болгон. Бирок ал деле көпкө жеткен эмес. Ал иши таптакыр жүрбөй калганда айылга кеткен.

Ошону менен баары бүткөндөй болгон, бирок Хондо ойлоп табуусун уланта берген. Бир күнү ал аялынын велосипедине керосин менен жүргөн мотор жасап тагат. Ошондо мопед сыяктуу бир нерсе жаралган. Бул аны ийгиликке шыктандырат. Адегенде ошондой мопеддерди жасап сата баштайт, анан аны оңоп-түзөп олтуруп, мотоциклдерди анан барып автомобилдерди чыгара баштаган. Honda компаниясы бүгүнкү күндө гүлдөп өсүп турган эң ири ишканалардын бири.

Майкл Жордан

Жорданды машыктыруучу талантың жок деп мектептин баскетбол боюнча командасына албай койгон экен. Майклды бул токтото алган эмес, ал берилүү менен машыгууларын уланткан. Баскетболистин андан аркы сапары да оңой болгон эмес.

Ал өзү моюнуна алгандай, 9 000 жолу топту сала албай калган, 300төн ашык беттешүүдө анын командасы жеңилүү ызасын тарткан. Бирок дал ошол топтолгон тажырыйба ага чемпион болууга жана дүйнөдөгү баскетбол тарыхындагы эң кымбат бааланган оюнчунун даражасына чейин өсүп жетишине себеп болгон.

«Менин жетиштүү билимим жок».

Константин Циолковский

Циолковский Рязан губернясындагы кичинекей айылда токойчунун үй-бүлөсүндө туулган. Москвага окуйм деп барып университетке өтпөй калат да, өз алдынча билим ала баштайт. Тырышып окуп жүрүп Калуга губернясынын бир окуу жайында арифметика жана география боюнча сабак бергенге жетишет. Дал ошол жерде иштеп жүргөн кезинде учурдагы космонавтиканын теориялык негиздерин түптөгөн. Ал учурда космос тууралуу ойлонмок түгүл, ал жөнүндө кыялдангандар да жокко эсе болгон.

Ал дүйнөдө эң биринчи жолу космоско учуу үчүн ракеталарды пайдаланууну, анын аэродинамикасын жана ракетадинамиканы изилдөөлөргө жол ачып берген. Ушул эч бир жогорку окуу жайын окубай, өз алдынча билимин өркүндөткөн жөнөкөй адам, 20-кылымдын эң көрүнүктүү жана белгилүү окумуштуусуна айланган.

Билл Гейтс

Планетанын эң эле бай адамдарынын бири 20 жашында Гарвард университетинен куулуп чыккан. Бирок бул окуя ошол эле жылы анын Microsoft компаниясын ачышына жолтоо болгон эмес.

Квентин Тарантино

“Оскар” сыйлыгынын эки жолку лауреаты, андан тышкары көп сандаган байгелерди утуп алган белгилүү кинорежиссёр кино академиясынан билим алган эмес, мектепте деле алдыңкы окуучулардан болбоптур. Бирок ал 15 жашында кино театрга ишке орношуп, көп сандаган фильмдерди көрүп, кинону өз кесибине айлантууну максат кылган. Анын максаты ишке кандай ашканын баарыңар көрүп жүргөн чыгарсыздар.

«Менин акчам жок»

Жерар Филипс

Бүгүнкү күнү Philips – базар экономикасындагы лидерлердин бири. Ал сакал алгычтардан баштап заманбап технологияларга жооп берген медициналык жана үй турмушунда колдонулуучу инновациялык жабдыктарды чыгарып келет. Бирок эң башталышында бул компаниянын негиздөөчүсү жана ээси Жерар Филипс аны аз жерден сатып жибере жаздаган.

Жерар лампочкаларды чыгара баштаган, бирок ал зыян гана алып келген. Аны сатып алгысы келген адам аябай арзан баалагандыктан, Жерар жини келип сатуудан айныган. Пайда түшпөсө да ишин токтотпой изденип, кыйын абалдан чыгуунун жолдорун издеген.

Рэй Брэдбери

Дүйнөгө белгилүү “Марс хроникалары” “Фаренгейт боюнча 451-градус” жана “Каакым гүлүнөн жасалган шарап” аттуу чыгармалардын автору колледжден окуу үчүн акчасы жок болгондуктан адистик билим ала алган эмес. Бирок Рэй күнүгө китепканага барып китеп окуп, китепти кандай жазышты өздөштүргөн.

«Мен аябай эле жашмын»

Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт 3 жашында эжеси клавесина деген аспапта ойногонду үйрөнүп жатканын кызыгуу менен тыңшап, ал обонду жаттап алган. 10 жашка чыкканда өзүнүн биринчи симфониясын, 12 жашында эң биринчи ийгиликтүү операсын жазган.

Ингвар Кампрад

IKEA компаниясы жөнүндө бардыгы укса дагы, анын негиздөөчүсүн аз эле адам билет. Ингвар Кампрад шведдердин чет жактагы айылдарынын биринде туулуп өскөн. Жаш кезинен эле соодага жакын болгон: классташтарына майда-барат бир нерселерди сата берчү. Ал өзүнүн биринчи дүкөнүн 1943-жылы ачкан. Ошондо Ингвар болгону 17 жашта эле.

Албетте, ал соода ишканасы азыркыдай эмес эле: анда байпак, канцтоварлар сыяктуу майда-барат  нерселер сатылчу. Инвар 8 жылдан кийин иштебей турган фабриканы сатып алып, анда мебель чыгара баштаган. Элге жеткиликтүү баа жана ыңгайлуу мебель IKEA компаниясын бүткүл дүйнөгө таанытты.

«Кеч болуп калды»

Амансио Ортега

Амансио Ортега 13 жашында кийим саткан дүкөнгө чабарман болуп орношкон. 37 жашында жөнөкөй эле жардамчыга чейин өсүп жеткен. Ошондо ал минтип жүрө берсе болбосун түшүнүп, өзүнүн трикотаж фабрикасын ачкан. Кийимди Ортега аялы экөө тигишкен. 40 жашка чыкканда алар кичинекей дүкөн ачышкан.

Бүгүнкү күнү Ортега бүткүл дүйнө боюнча таралган : Zara, Bershka, Oysho, Pull & Bear, Stradivarius, Massimo Dutti сыяктуу көп сандаган дүкөндөр кожоюну.

Ян Кум

WhatsApp тын негиздөөчүсү АКШга Украинадан кеткен. Адегенде ал бир топ оор турмушту башынан өткөзгөн: тамак-ашка талон алыш үчүн пол жууп иштеген күндөрү болгон. 18 жашында программаларды түзө баштап, Yahoo компаниясына ишке орношот. Өзүнүн негизги долбоору — WhatsAppты  — Ян Кум 32 жашында иштеп чыгып, 37 жашында аны 19 миллиард долларга саткан.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз