Конкурска: Ата (№3)

АҢГЕМЕ

Кыш дале күчүндө.  Күн чыкыроон тартып,  чилде кирип келген маал.  Кычыраган кышта “келин алабыз” деп колу-коңшуга сүйүнчүлөп айткан Жайна,  өткөнкү заманда совхоздун белдүү чабаны болуп жүргөн кемпир-чалдын келини.  Эрте менен келиндин ый аралаш уңулдаган үнүн угуп,  алгач эч ким деле маани берген жок.  “А баягы Мыкыбай ичип алган окшойт келин алганын жууп.  Уулу сүйлөшкөн кызын качырып келип,  ошого ызы-чуу болуп атышса керек,  азыр барып кабар алабыз да... ”- дегендер короолорунан бир  баш багып,  кайра кирип кетишкен.  

Келин келет экен десе кулак түрүп отурган эмелер Жайнанын үнү катуулаганда бирден-экиден эшикке чыгып,  анан бирин-бири чакырып: “Жүргүлөчү,  кабар алалычы? Эмне эле болуп атышат?” –деп үн чыгып аткан үйгө кирип барышты. Кирип барышса “келин алабыз” деп кечээ эле сүйүнүп жүргөн, кыркка чыгып-чыгалек, жылдыздуу өңүнө субагай бою жарашкан Жайна ызалуу ыйлап атыптыр: “Келинди кантип ушул үйгө апкелебиз?! Куда-сөөк имне дейт?!.. Өмүр бою көзүң ачылбай ичип,  сулдуюп жатып,  ичкенден башканы билбей жүрүп үй-жайды оңдой албадык!..”

Уңулдаган аялынын үнүн укмак турсун, өзүнүн өлүү-тирүүсүн билбей,  али астана аттай элек келинин түнү менен жууп чыгып,  эрте менен бирөөлөр жүктөп келген Мыкынын аксаргыл келишимдүү жүзү уйкуда мемиреп,   дүйнө бейкапар жерде жаткан эле.

 Мыкынын азан чакырып койгон аты Мыктыбек.  Ал чындап эле мыкты жигит.  Кумурскага да зыяны жок,  боорукер,  алпейим,  ушунчалык адамгерчиликтүү жигиттин бир эле айыбы – ичет.  Анын ичкенин айылдаштары,  айылдын аттуу-баштуулары,  ал эмес арактын атасын,  акесин тааныткан алкаштар деле эрөөн-төрөн алышчу эмес.  Кимиси,  каерде  ичип алганын көрбөсүн: “Мыкыбай, жүрү кеттик...”- деп үйүнө жеткирип коюшат. Алтургай,  “балакет ичкирлердин” кимиси болбосун суукта калып калбасын,  үшүп калбасын,  талаада калбасын деп,  өздөрүнө кайыл,  элден башта бири-бирине дайындап: “Мыкыны ала кет,  кетсең”, - деп турушат.  Бу жигит ушунчалык элдин сүймөнчүгү: керек болсо кызылдай акча санап,  бир сомду ары-бери өткөрө койбогон дүкөнчүлөр да ага берген  карызын кээде кечип коюшат.  Мык жутуп алгансып, көзү чекчейип зымырайган,  колунан эзели бир тыйын чыкпаган,  түгөттүн түгөтү деген Сөлкөбай сараң бир жылдык карызын кечип койгондо эл тан берип,  “бу Мыкыбайдын бирдемеси бар,  Кудай бешенесин ысык жаратып койгон экен” дешти.  Айтмакчы, Сөлкөбай өз атын өзү деле унутуп калган,  биринчи дүкөн ачып байыгында чычалап жүрүп,  кийин Кадыраалы аты унутулуп,  Сөлкөбай же Сөкө дегенге өзү да  биротоло көндү.

Мыкынын аялы да элге сүймөнчүк келин.  Кабагым-кашым дебей талаанын да, үйдүн да жумушун дикилдеп жүгүрүп жасап,  тогуз баланы убуртуп-чубуртуп төрөп,  жайындасы жайлоого чыга калып,  келип-кетип турган  кайнежелери менен кайнагасын ийилип сыйлап турган,  элге-журтка алым-келимдүү,  кайната-кайненесине да өйдө карап сүйлөбөгөн кол бала кичүү келин Жайнагүлдү айылдын эли жакшы көрөт.  Аялын ала качып келгенине жыйырма жыл өтсө деле экөөнүн ары кетип, бери кетип ыйкы-тыйкы болгонун эл билбейт. Кээде эле айда-жылда  бир ушинтип ыз-быз болуп калышчу.

 Үйгө кирип келген эл бир саамга унчукпай туруп калышты.   Жайнагүл  улам аккан жашын кыйшайып кеткен жоолугунун учу менен аарчып, ызасына чыдабай туталанып алган.  Балдарынын баары катар отурушат, күнөөлүүдөй бозоруп, чоңураактары кичинекей үчөөнү алдына алып алышкан. Бөбөктөрүн апасынын ачуу ызасынан сактап калчудан бетер бооруна бекем кысып алышыптыр, кичинекейлер да ызы-чуудан коркконго ага-эжелеринин көкүрөгүнө башын катып, алайган көздөрүн ала качып карашат. Бешиктегиси  да ыйлабай момоороп жатат. Жерде жаткан Мыкыбайды атасы канатына калкалап алчудан бетер үстүн чапаны менен жаап,  башына тебетейин жаздай койду.  Жайна ансайын өпкө-өпкөсүнө батпай элге карап ыйлап кирди:

- Карасаңыздар,  тактайы жок үйдү келин көрсө эмне дейт аа?!.. Мына атам менен энем  үйдүн босогосун аттап келгенимде ушул боюнча бизге өткөрүп беришти эле... Жыйырма  жылдан бери оңолгон жокпуз... үүү... Куда-сөөк имне дейт эми? Бу тактайланбаган ийиндей үйдө кызыбыз кантип жашайт дебейби? Үү-ү...

Жарданып караган эл эмне демек? Ооба, бул үй айылдагы жарды үйлөрдүн бири болчу: эки бөлмөсүнүн тең тактайы жок,  терезелери да илгерки боюнча кичине бир кабат үй кышындасы ортодогу темир меш менен ысыйт.  Көң каланган темир мештин үстүндө казан боркулдап,  чай кайнап,  куркулдайдын уясындай жупуну эки бөлмө алдемедей жылуу дагы,  таза дагы эле. Үйдүн маңдайындагы сөөрүсү бар күркөдөй кичине үйдү  “ашкана” дешет.  Мыктыбек аялы менен ошол ашканада турат.  Бир капталында чакан сөөрүдө жабанда жүк жыйылып,  аркасында Жайнанын эскирип кеткен көшөгөсү илинген,  жүктүн алдында жер төшөктөр салынуу.  Ылдый жагында бурчта очок, анан идиш-аяк салган текче менен кыштан жасалган кылдыраган зым коюлган ток печке бар.  Союз бузулганда ушундай зым коюлган кыш печкелер элдин ажатын ачкан. Тогуз балалуу үйдүн тиргилиги күркөдөй эки  бөлмө менен ашканада өтүүдө.  

Бирок бул үйдү эгерим бирөө жарды деп деле ойлобоптур.  Эл ушу жупуну,  таптаза үйгө келгенди жакшы көрүшөт.  Жайындасы жайлоого чыгып,  курут,  майын жасап, кышындасы бозо салып сата койгон чыйрак Жайнагүлдүн дасмалы качан болбосун жайнап турат.  Эки уйдун сүтү менен балдарын актан да өксүтпөй,  талаада иштеп картошка айдап аны да сатып,  салат-палатын да кеңири жасап алган келин кабагым-кашым дечү эмес.  Кол иши да жөндүү.  Дегеле тыпылдап,  чыйрак келин баарына үлгүрөт. Мыкыбай экөө тең ким келбесин күлүп-жайнап,  колунда барын алдына жайнатып  тосуп алышат.  Үйдөн кишинин аягы үзүлбөйт.

Кемпир-чал өмүр бою тоодо совхоздун малын багышты.  Тээ тоонун башындагы мал сарайы менен үйүнөн союз бузулган маалда пенсияга чыгып көчүп келишкен.   Убагында ак көңүл киши ана тактай койдурам, мына тактай койдурам дегиче,  беш кызы менен улуу баласы биринин артынан бири бой жетип,  аларды шаарда окутам деп,  кыздарын күйөөгө берип,  эки уулун үйлөгүчө тоодо мал багып жүрүп,  кыштоодогу салган эки бөлмө үй каралабай калган болчу.  Окубай калганы эле ушу кенжеси Мыкыбай болду,  армиядан келип эле үйлөнгөн.  Анын үстүнө ал кезде элдин пейили ток экен.  Болгонуна топук кылып жашап көнүшкөн экен, бирөө-жарым деле үйүңдү оңдоп ал дебептир.  Союз бузулганда кийин менчигинде калган бир топ малын,  жылкысын жылкыдай,  топозун топоздой,  уйларын уйдай,  коюн койдой чоң уулу,  кыздары үй алса, же үй салса, же банкрот болсо сатып берип атып калбай калган эле.   

 Жайнанын кайненеси чыйрак киши эле,  неберелерин этегине салып “алдейдеп” же аркасына көтөрүп,  жөжүрөтүп ээрчитип багып жүрүп,  былтыр өтүп кетти.  Тырмалаңдаган чыйрак келиндин колу эртели-кеч бошобогон үчүн,  балдарга көз болуп багып берген дагы,  Мыкыбайды аркасынан түшүп караган дагы чал-кемпир болду. Кайненеси барда балдарынан камтама болбой, кыштоо менен жайлоонун ортосунда жүгүрүп тиргилик кылып жүрүп, эми энесинин жогу билинип жүдөгөн Жайна,  кээде жетимсиреп  ыйлап алат.  Азыр а киши тирүү болгондо билинбейт эле.  Сандыгын аңтарып-теңтерип,  неберелерине кагылып-согулган чыканактай кемпир “балам,  сен анте кой,  мен мынтейин” деп,  барды-жокту билгизбей,  Мыкынын ичкени да билинбей, үйү толуп турат эле.  Эми сандыгы калып,  сакадай алтын кайненеси жок.  Жайна күйөөсүнүн ичкенинен да,  ошо чыканактай энесинин жоктугуна ичи ачышып,  андан бешбетер ызаланды.

Кемпири өтүп кеткенден бери келини чоңураак балдары менен жайлоого чыгып,  жыл бою мал карап,  жер чаап,  картошка тигип жүргөндө өзү жалгыз жөжүрөгөн бала-бакырага баш-көз болуп,  анан калса Мыкысын карап атып жүдөп кеткен бечара кайнатасын карап бир ыйлайт,  тактайы жок эки бөлмө үйүн карап бир ыйлайт,  келин келет десе да ичип алып жаткан күйөөсүн карап бир ыйлайт... ыйлаганда да заманасы куурулуп ыйлайт... Келе турган келини жакшы жердин кызы экен, бардар жердин кызы экен.  Окууга өз күчү менен өтүп алган тун уулу шаштырып туруп албадыбы.  Эми он тогузга чыккан бала: “Кызды сүйөм, ата,  апа. Үйлөнөм. Ал баарына макул. Шартыбызды айттым”, - десе,  ата-эне кургур эмне дей алмак? Кайнатасы, күйөөсү,  балдары болуп толкунданып, жетине албай сүйүнүп атышкан.  Баласы бүгүн кызды качырып келмек,  болбосо ата-энеси болуп койгон жерине беш-он күндө беребиз деп атышыптыр.  

  Жайнанын ызасына күнөөлүүдөн бешбетер унчукпаган кайнатасы бечара бөжөңдөп,  жерде жаткан баласынын  башын жөлөп эч кимге деле көңүл бурбай:

  - Садагаң кетейиним,  дагы ичип алган турбайсыңбы... келин алам деп сүйүнгөн окшойсуң аа,  дадагаң кетейиним? Болбосо ичпейт элең,  ичпей эле жүрбөдүң беле,  каралдым? Бир жакшына эле жүргөн балам... сүйүнүп кеткен окшойт?.. - Көздөрүн күнөөлүүдөн бешбетер кирген элден алакачкан карыя,  баласын актап: - Балам ошо такыр ичпей калды эле да... такыр... ичпей эле жүргөн... ичкени деле эсимде жок?.. Жайнаң, үй да табылат балам, мынабу жаманым экөөңөр ушундай ак сарайда жашайсың дейсиң! Биртке сабыр кылып турчу, балам? Жаманыма тил тийгизбей турчу,  каралдым? Энеси да ээсине кетип калып... жаманым энесин эстеп ичип алган окшойт аа?.. - Карыянын уулу үчүн актанып,  бөйпөңдөп,  баласына айланып-тегеренип турганын көргөндөрдүн зээни кейиди белем...   Катын-калач  жашын сүртүп,  бышактап алышты:

- Бала да бала... балаң түшкүр десе... “карга баласын аппагым”дейт... Анан эмне кылсын ата?..

- Ушу бала деп... ата-эне эмне гана болбойбуз,  иий... баланы боор этиңен жаратып коёт экен да…

  Бир саамга катын-калач бышактап, эркектер бозоруп,  баары эндирей калган экен, бир маалда жарданып тургандарды бир карап,  үйдүн ичин бир караган Дөкү  бак этти:

- Имне жалдырап карап турасыңар аа?! Келин келет деп атса баарыңар жалдырайсыңар да?! Бар ары,  катының катындын, эркегиң эркектин ишин кыл! Кудалар келип калса жакшына тосолу! Кудасы бай болмоктон ары кан болбойбу! Өзүм сүйлөшөм,  алдына өзүм  барам аяш атам менен кошо! Коңшу айылдан көрүп-билип жүргөн эле кишилер экен.  Жакшы эмелер аялы экөө тең.  Жакшылыгы чын болсо үйүңө карабайт,  Жайна, токтот ыйыңды ары,  обу жоктонбой! Үйдүн ичиндеги кишилерди карайт акылы бар кишилер.  Той күнү,  жаан-жакшылык күнү ыйлайсың да тим койсо,  аяш уулуму кошо капа кылып?! Акылыңа кел,  эсиңди жый ары!

Болпойгон эки жашар инисин кучактап отурган аксаргыл аяш уулуна карап Дөкү буйрук бере сүйлөдү:

  - Тур,  уулум! Бар, алып келчү кызыңды шаардан алып келе бер! Күндүзү,  азыр жөнөгүлө! Эрте жазда алып келбесеңер жол тайгак.  Жөнө, балам! Ушу айыл туруп,  бир сени үйлөндүрө албасак элеби...

Аяш атасынын сөзүн уккан бала шарт ордунан туруп эшикке жөнөдү.  Жайна да тып басылды.  Болду,  ушу менен сөз бүттү.  Дөкүнүн сөзүн эгерим эч ким эки кылган эмес.  Себеби дөөдөй эменин акыл-парасаты да көлөмүндөй эле.  Ошон үчүн элге баш-көз болуп жүрөт.  Дөө атыгып жүрүп, Дөкүгө айланып кеткен Бирназардын сөзүн уккандар алды-алдынан тарап,  короонун ичи бака-шака түшүп, тойго камылга көрүп башташты.  Азыр ушу кимиси болсо да Мыкынын үйүн өзү оңдоп койгонго даяр эле. Бул үйдөгүлөрдү элдин баары сыйлайт.  Элдин жону жука болуп атпайбы... Союз тарагандан бери он беш жылдай өтүп,  талаалап кеткени кетип,  айылда калганы бары-жогун билгизбей оокат кылып,  эл арып-тозуп, эми бирткеден ирдене баштаган жылдар болчу.  Калаалап, талаалап кеткен балдары “бутуна турдум” десе да бечара эл ишенбей заарканып турган кез.  Анткени “бутуна турду” дегени кайра “банкрот болуптур”,  же “күрөөгө акча  алыптыр” деп, бечара эл эгерим укпаган сөздөргө кулагы көнүп,  бирок жүрөгү үшүп калган кез.  

Кемпир-чалдын өздөрүнүн деле уул-кыздары чыйрак.  Бирок жанагы соода дегенин бири эптесе,  бири эптей албай,  оокатын жөндөп кеткени банкрот болгонуна жардам берип,  алды эми оокатын тыңдап келаткан болчу.  Анын үстүнө “чыккан кыз чийден тышкары”. Беш кызынын оокаты бөлөк болгону менен алардын балдарын карап жүрүп энеси,  карындаштарын бутуна тургузам деп жүрүп улуу баласы да өзү айткандай “карып кетти”.  Болбосо эң кичүүсу Мыкыга үй салып берсек,  апам барда бала бактырып,  бала басырык кылдык,  эми жок дегенде атам барда үйдү оңдоп берсек экен дегенде эки көзү төрт бечара кыздары дале эл катары тиргилик менен алышып  келатышат.

Дөкү менен эки жигит Мыкыны көтөрүп,  ашкана үйгө алып барып жаткырышты.  Төртөө  бармактайынан дос.  Атасы баягыдай эле күйпөлөктөп айланып-тегеренип,  уулуна бирде кордо ичирип, бир туруп ысык чай ууртатып,   оозу-башын аарчып, уйкусун буздурбай сак-сактап отурду.  Эртең кудалардын алдына баргыча өзүнө келтириш керек.  

Жаш келиндин оозуна май оозантып,  ак жоолук салып жүгүнтүп,  кемпир-кесек баш болуп бата берип,  көшөгө тартып отургузушту.  Эми кудалардын алдына түшүп ынандырып,  анан жеңелери келип нике кыйылса эле болгону. Мыктыбектин үйү бака-шака түшүп жатып калды.  Көпчүлүк бозоруп турган  кезде той болот десе баары сүйүнүп,  колунан келгенин жасап,  тапкан-ташыганын Жайнага бергени берди.  Бир сыйра эт тартылып,  шорпо ичилип,  бата  кылып,  эл түн ортосунда тарап кетишти.  Той эртең болот.  Кудалардын алдына түшүп келишсин.  Мыкыбай эртеңкиге чейин өзүнө келсин деп күтүп атышат баары, болбосо ушу турган бир сааттык айылга бая эле жетип барышмак.  Баятан уулун Дөкүлөр айтып дайындаган атаны ушул айылдагы күйөө баласы үйүнө алып кетти,  эртең менен алып келем деп.  Бүгүн кечке чарчаган үйдөгүлөр да тегиз уйкуга кетишти.  Жаны тынбай эртеңки тойго камылга көрүп жүргөн баягы эле Жайна аркы үйүндө каттама бышырууда.  Берки ашканада аяштары Мыкысын уйкусун “кайтарганча”,  аксакалдын не бар, не жок деп,  өзүнө атап жүргөн, бирок жакшылыкка - небересинин тоюна буюрган жылкысынын этин бышырып,   чучук каптаганга киришкен эле.

  Дөкү бир маалда эшик-эликтеги эл тынчтанып,  кыштын узун түнү таң атаарга  жакындап  калганда,  ылжып келип,  дүйнө бейкапар уктап жаткан досун жаңсап көрсөтүп,  корулдап койду:

 - А дейбиз, бу дейбиз... Канеткен менен Мыкыбай баарыбыздан миң эсе бактылуу. Ушу турушунда бактылуу.  Аяш атамдай кишинин баласы болуп калганы үчүн бактылуу. Жайнаң экөө өтө бактылуу экен...  Аяш атам менен аяш энемдей ата-эне баарынын эле бешенесине жазыла бербе-ейт...

  - Ооба... аны бир айтасаңбы, эки айтасыңбы,  бактылуусу бактылуу... - Комузун баятан бери акырын чертип отурган Шербек улутунуп алды.  Бою чакан,  сары неме үшкүргөндө ансайын кичирейип кеткенсиди. - Бактылуусу бактылуу,  Дөкө, туура айттың.  Мени айтсаң мени...  Айжан экөөбүздү айтсаң...

Дөкү менен Кулуке суроолу карап калышты, Шербекте баары эле жакшыдай эле го?

- Эмине карайсыңар жалдырап?! Буда баары жакшы дейсиңер го ээ? Элдин баары ошентип ойлойт... А биз... Айжаным бечара - Күлчү, мен бечара - Отунчу! Анткени деген...  бутубузга туралбай сөлдүрөп жүрөбүз. Бутуна турган  берки төртөөнү атам менен апам кожо колдогондой тосуп алышып,  бечара бизди жок дегенде бир маал сөзү менен чокуп турбаса эсеп эмес... - Шербек эчкирип жиберчүдөй болуп барып... көздөрү каканактап, бир маалда чындап эле ыйлап жиберди: - Силерге айтам да,  достор... кимге арманымы айтам?.. Тээ баягыда банкрот болуп келгенден бери бизде күн жок... эптеп жер алып үй салып албадым беле? Азыр жок дегенде башпаанегибиз бар деп сүйүнөм... “Токочтуу бала сүйгүнчүктүү” деген туура экен...  Байыган аке-үкөлөрүм келсе...  үкөлөрүм төрдө... мени колун жаңсап: “От жага кой! Бол, тез! Аялың казан аса койсун! Болгула эми!”- деп апам менен атам зиркилдеп турса... заманам тарып кетет... киши катары көрүшпөйт, кыскасы... - Үнү кардыккан Шербек комузун жанына коюп,  көзүн жүз аарчысы менен аарчып алды да сөзүн улады. - Бир сындырым нан тамагыман өтпөй калды! Балдарымын кичинеси басып эле алса кетебиз деп жүрүп,  кырктан аштык... Тиги шаарда көчө шыпырып болсо да балдарымы  багам,  кетем да келбейм дейм... эми кайда бармак элем? Же калаасына көнбөсөм же соода дегени колуман келбесе... Эптеп ушу жерде эч кимге оордугуму салбай оокат кылганыма шүгүр дейм. Бирок... баарынан өткөн кордук-кара чечекей ата-энең адам ордуна көрбөй басынтканы экен... Куу тумшук болуп он жылдан бери жашап атабыз. Дегеле Айжан экөөбүздү адам катары көрбөй коюшту атамдар... Ушудан көрө тентип өлөйүн деп,  кайра күндө уу ичсем да балдарым үчүн чыдайын деп чечтим... Кайда барам анан?..

 Дөкү менен Кулуке тунжурап отуруп калышты, Шербектин ата-энеси айылдын түзүк эле кишилери эле. Көрсө... ээх... Заман эмне болуп баратат?.. Бу заманда балдарын да колунда бар,  колунда жок деп бөлүп,  тандап мамиле жасап калган тура ата-эне дегениң деле... түбүң түшкүр дүнүйө... Баятан унчупай отурган Кулукенин каратору жүзү сурданып кетти.

 - Сени го ата-энең эми кагып атышыптыр... сен эле дейсиңби, дос? Бизди болсо атабыз өмүрү бир жакшы сөз айтып башыбыздан сылаган жок... өмүрү... зиркилдеп,  көздөрү канталап,  качан болсо урганга даяр болуп турат эле... Бечара апам бизди калкалап жүрүп карып-арып кетти... Ошо да атабы... эннеңдики?!. Бир жолу мээримин көрсөм деп жалдырап жүрдүк айтканын эки кылбай... анткен сайын урат эле.  Ата болуп ошентип кордогондон көрө,  ошентип ата болгондон көрө... көргө эле эрте кирип кетсе гана?!. -Кулуке каргылданып,  жашыган көзүн бир сүртүп алып сөзүн улады: - Менчи,  достор,  ант ичип ата болгом, балдарыма катуу сүйлөбөйм деп ант ичкем ата болордо...  Балдарыма Кудайга шүгүр Назкемин да тилин тийгизбей келатам... Анан чын эле Дөкүбай айткандай Мыктыбек менен Жайнаңдын бактысы тоодой да!.. Айланып-тегеренген атанын маңдайында бир күн жашабай биз деле өтүп баратабыз.. ээхх... Эл көзүнө ата-бала болгон болуп... Эртең атамын көзү өтсө өкүрүп турам да... өлгөнүнө эмес... атамын мээримине зармын дагы деле... мээримин эми өзү менен ала кетет мерез атам... Мерез экенин билбеген бечара түркөй атам карып... түркөй атамын мээримине зар болгон алты бир туугуным болуп биз карыппыз... Кайсы бирин айтайын...

Үчөө саамга унчукпай отуруп калышты.  Көкүрөгүнөн бугу чыкканда адам дегениңин алы качып,  шайы кетип,  өзү менен өзү калат эмеспи үшкүрүнүп...  Дөкү Мыкыны бир карап алып колдурады:

 - Анан дагы Мыкы жакшы дейбиз... Жайна жакшы дейбиз... ким болсо деле жакшы болот да ата-энеси ушинтип турса...  же жокпу? Ошондой да-а...

  Дөкүнү Мыкы үчөө билет, суук көздү көрүп,  суук сөздү болушунча угуп,  ата-энеси ажырашып кеткенден кийин чоң энесинин колунда чоңоюп, зөөкүр ичкич агасынын кордугун көп көргөн... ал акмак күн алыс бекитип,  беш жашар Дөкүнүн оозуна арак куйчу,  “ичесиң” деп кыстап... какап-чакаса ура турган.  Ошентип бала жетиге чыккыча тамагы күйүп токмок жеп жүрдү... Таятасы менен таенеси  ал-күчтөн тайган энесинин алдына барып,  ушул айылга алып баса бергиче көрбөгөн күндү көрдү.  Баарына чыдаган жигит ошо кордукту эстегенде жанын коёрго жер таппай калчу.  Азыр бир татым ичпейт... ыйласа кээде үшу турган досторуна айтып ыйлап алат эле... Эркектер да ыйлайт...

Эрте менен эшиктен кобураган үндөрдү угуп,  “аяш атам келатат,  кудаларга жөнөйлү” деп,  күлүп коюп маңдайында тамашалышып отурган бактылуу Мыктыбекти караган үчөө:  дагдайган Дөкү от калап, Шербек комузун бурап, тамагын жасап таңшып,  Кулуке ага кошулуп,  той шааниси менен карыяны тосуп алышты.  Карыя кирип келип, адатынча баласына,  аяш уулдарына айланып,  кагылып-согулуп алды.  Анан соолугуп,  жуунуп-таранып отурган уулуна жадырап карап,  көңүлү ачылды.

... Үчөөнүн сөзүн ал түнү бир Жайнаң уккан эле.  Мыкыбайын ойготуп,  аяштарын ичкери үйгө чогуу чакырып,  той алды дасторкон жайып,  бышкан жылкынын эти менен чучуктан ооз тийгенче деп,  ысык боорсогун төгүп,  каттамасын коюп,  чайга чакырганы барып, алардын сөздөрү бир кабат айнеги менен жука каалгасы бар ашканадан угулуп аткан.  Аяштарынын аялуу сырларына аргасыз күбө болгон келиндин эсинен кетпей калды.  Каалганын сыртында нестейип турган келин үйүнө кирип кетип,  качан Шербек комузун чертип,  таңшып  ырдап,  Мыкыны тамашалап ойготуп атканда, төрт достун кыраан-каткы күлкүсү чыкканда күлүп-жайнап чайга чакырганы кайра кирип барды.

  Жылдар өтүп,  Мыктыбек менен Жайнаңдын тогуз баласы тең тың чыгып,  айылда,  шаарда заңгыраган үйлөрдүн ээси болушту. Кайнатасы эбак өтүп кеткен.  Ал кишиден кийин Мыктыбек да көп узабай  ээсине кете берди.  Балдары заңгыраган үйлөрүндө апасын күтүп алышат,  айылда тамы да эки кабат.  

А бирок Жайнагүл илгерки тактайы жок эски үйдү,  ашканасын  эстеп көп ыйлайт... Ал кезде аяштары айткан бактысын баалаган эмес экен.  Азыр да бактылуу дечи... Бирок... бала-бакырасына айланып-тегеренген кайната-кайненеси,  күлүп коюп жүрө берген Мыктыбеги менен эски үйдө,  жетер-жетпес оокат өткөрүп жүргөн,   бактылуу күндөрүн сагынат.  Азыр жанында ичсе деле жан шериги жанында болсо эмне?..  Мыктыбеги балдарынын бир жакшылыгын көрбөй кеткенине ичи ачышат.  Кабат-кабат ак сарайдай үйлөрдө жашаган балдары бар.  Бирок... кагылып-согулуп, айланып-тегеренип жалынып турчу кайната-кайненеси жок... Ким эмне десе күлүп эле койчу мүнөзү жумшак Мыктыбеги жок...  Эми үч аяшы менен, алардын аялдары менен кээде отуруп,  өткөн-кеткенди эскерип, сырдашып,  ичин бөксөртүп алганына шүгүр деп калган...

Илгеркиден бузулбай бир гана эски тандыры калды. Балдарына айтып атып буздурбай алып калган.  Кээде эч ким жокто эскилиги жеткен тандырдын жанына барып,  илгерки бактылуу күндөрүн эстеп,  баягыда өксүгөн Дөкү,  Шербек,  Кулукедей болуп ыйлап алмай адаты бар.

Көрсө ата-эненин, анан жан шеригинин мээрими  башка тура...

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Токтомаматова Айкөкүл Маматкеримовна

    Өтө сонун чыгарма,калемиңиз курчуй берсин

Комментарий калтырыңыз