Абдывахап Нурбаев демилгелеген салттуу конкурстун 3-айлампасы

Улан-кыздар үчүн байге фонду 100 000 сомдук конкурс!

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси, демөөрчүлүгү менен «РухЭш» сайты быйыл үчүнчү жолу республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн өз эне тилинде көркөм ой толгоо жөндөмүн, аң-сезимин арттырып, тили жатык, ою жетик келечек муунду тарбиялоо.  

Конкурстун шарты:

Дилбаяндын темасы: «Жарандык милдет – Өлкөнү сүйүү»

Катышуучулардын эмгегин, шык-дареметин болушунча калыс баалоо максатында сынак эки баскыч менен өткөрүлөт.

1-баскычы

2021-жылдын январь айынан баштап, 2021-жылдын 15-мартына чейин жүрөт. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Байланыш тел:. 0770355507

Дилбаян жазууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

1. Компьютерде жазылышы шарт.

2. 12-кегль менен эки беттен ашпоого тийиш.

3. Ө, ң, ү тамгалары жок дилбаяндар кабыл алынбайт!!!

4. Дилбаянда катышуучунун аты-жөнү, жашаган жери (облусу, району, айылы), мектеби, классы жана байланыш телефону толук көрсөтүлүшү керек.

Эскертүү: кол жазмалар, эки беттен ашык жазылган, ө, ң, ү тамгалары жок, аты-жөнү, дайын-дареги толук жазылбаган дилбаяндар оңдоого кайра кайтарылат!

Дилбаян жазууда төмөнкү талаптар сакталган эмгектерге артыкчылык берилет:

1. Өлкөбүздөгү абалга негиздүү, жүйөлүү баяндама берип, алардын себептери чечмеленсе жана өзгөчө идея, өсүү жолу көрсөтүлсө;

2. Жарандык милдетти аткаруу, Мекенди сүйүү кандай иштер менен коштолушу, ырасталышы керектигине өз жашоосунан мисал келтире алса;  

3. Дилбаян жазууда көркөм ой чабыт, идеялык мазмунуна көңүл бурулса;

4. Орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык жана синтаксистик сабаттуулукка баа берилет.

Мына ушул талаптарга жооп берген дилбаян авторлору конкурстун 2-баскычына көтөрүлөт.

2-баскычы кандай шартта, кайсы мөөнөттө өтөрү 1-баскычынын жыйынтыгынан кийин жарыяланат.

Даяр тексттерден көчүрүлгөнү, эже-агайлары, ата-энелери же жакындары жардам бергени далилденген учурда андай дилбаяндар сынактан четтетилет.

Калыс баалоонун дагы бир кепилдиги үчүн, калыстар тобунда кимдер болору конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин жашыруун сакталат. Мурунку сынактагыдай эле, калыстарга дилбаян ээлеринин аты-жөнү көрсөтүлбөй, номерлер менен гана жиберилет.

Калыстар тобунун курамы жогорку компетенттүү, билим тармагында мол тажрыйбага ээ илимпоздордон түзүлөт.

Аталган конкурстун жеңүүчүлөрү окуу жылдын соңуна карата (2021-жыл) аныкталат жана ар бир жеңүүчүнүн аты-жөнү жарыяланат. Жеңүүчүлөр ЖК депутаты Абдывахап Нурбаевдин өз колунан байге алат.

Эмесе, урматтуу келечек ээлери, калемиңерге ийгилик каалайбыз!

Окшош материалдар

Комментарийлер (12)

  • - Акжолбаева Айтурган

    10-класс

  • - Бугубаева Айгерим

    Конкурсунуздар мыкты!

  • - Шаршенбаева рабия

    .

  • - Адилбек кызы Акылай

    Сөзсүз катышып көрөбүз

  • - Дуйшобек кызы Айпери

    Ийгилик каалайм!

  • - Омурова Уулжана

    Катышып, аракет кылып коробуз.

  • - Сагынбекова Аяна

    Катышып көрөм. Кудайым буюрса

  • - БЕРДИБАЕВА ЭРКАЙЫМ 9-класс .

    Катышып аракет кылып көрөм .Кудай буйурса ийгилике жетишем

  • - БЕРДИБАЕВА ЭРКАЙЫМ 9-класс .

    Катышып аракет кылып көрөм .Кудай буюрса ийгиликке жетишем

  • - Токталиева Мадина 6-класс

    Катышабыз буйруса

  • - Долосбекова Элла

    Мен катыштым жообун кутуп атам

  • - Кайыркул Карыпбекова

    Жыйынтыгы качан чыгат

Комментарий калтырыңыз