Тайпадагы талаш: 21-кылымдын кыргыз адабияты боюнча «Казына» тобундагы талкуу

О`Шакир: Жаңы конкурска билек түрүнгүлө!

Жолдош Турдубаев: Бул конкурстар ушинтип улантыла бергени абдан жакшы. Эми буга чейинкилерде алынган сабактарды эске алып, кетирилген каталарды кайталабашка аракет кылуу керек. Мисалы, котормо боюнча соӊку конкурстун жыйынтыгын чыгарганда Айсулуу (Көкөева) туура белгилегендей, бир нече тексттин автору/котормочусу бир эле киши болгон учурларды калыстарга айтып коюш керек. Андан тышкары мурунку конкурстарда жеӊгендерди эс алдыруу да зарыл экен, башка авторлорго жол берип. Жеӊүүчүлөр кийинкисине сөзсүз жакшы текст менен катышсын, бирок байге албасын.

О`Шакир: Адабият базарын кайра кайната баштайлы. Өткөн жылды баарыбыз көрдүк: ковид баардык тармакты жүдөттү. Адабий сын боюнча конкурс уюштурууга чамам келбеди, болбосо 21-кылымдын адабияты боюнча конкурстук чыгармаларды талашка салсам дедим эле. Бирок ушул жылы былтыркы чыгармаларды сынга ала турган дагы бир конкурс уюштурууга демөөрчү издейм.

Эми фейсбукта жарыяланган чыгармаларды талдап баштай бериңиздер. Эл ошентип көркөм текстке кызыга баштайт...

Жолдош Турдубаев: Утпай калдым деп таарынган айрым авторлордун жазган-сызгандарын да талкууга алса болот.

О`Шакир: Айтор, Жоке, адабиятты жамааттык мамиле менен жолго койсок дейм. Ал эми уюштуруу жагына болгон аракетти жумшай беребиз. Мага да башка жардамчылар табылып баштады.

Абдысамат Сарала: Кимдер кабыл алат, катышчу чыгармаларды? Чыгармалар аябай көп келет эмеспи. Ушул тандоо учурларында мүчүлүштүктөр кетип жүрбөсүн.

О`Шакир: Кимдер кабыл алмак эле, мен кабыл алам, калыстар тагдырыңарды чечет.

Абдысамат Сарала: Ошол жалгыз эле Сиз кабыл албай, жок дегенде үч киши кабыл алышы керек ко. Субъективдүүлуктү минималдаштырып.

О`Шакир: Мен аларга айлыкты кайдан таап берем? Же сен макул болсоң, караш... азыр бекер иштей турган күч жок, баарынын тирлиги бар. Болбосо сунушуң болсо айт. Талабың албетте жакшы... Мен да текст карашайын деген киши чыкса кана, аттиң)))

Абдысамат Сарала: Тилеке каршы чама чаркым жетпейт го жумушум менен. Сунуш гана эле. Балким ушул жердеги агай, эжелердин мүмкүнчүлүгү бардыр.

Жолдош Турдубаев: Абдысамат, байкашымча, Олжобай анча-мынча колго илинген тексттерди тегиз эле илип жатат окшойт. Айрыкча 1 000 сомдон салым кошуп, сунуш кылгандардын жазгандары жалпы тизмеге кошулбай калбайт ко. Автор мыкты деп ойлогон текстин жиберет, Олжобай сайтка номурлап илип коёт, анан калыстар карап, тандайт. Ушундай болгону туура эле го, кандай дейсиңер?

О`Шакир: Кыргыз бирин-бири сураштыра келгенде тууган чыгат. Анын сыңары мындай конкурстар тааныш-билиштен оолак болсун үчүн купуялыктан өтөрү жок. Буга чейин канча конкурстар өттү, калыстарга ишарат берген учурум боло элек. Билмексен киши болуп гана жыйынтыгын күтөм. Агер Абдысамат айткандай 2-3 кишиге да каратсам, ич ара бири-бирин сүрүштүрө келип, балээ чыкпайбы. Кыргыз өзү жең ичинен иш кылганга кыйын, таланты ашынып кетет))).

Абдысамат Сарала: Ошол жалгыз эле сиз кабыл албай, жок дегенде үч киши кабыл алышы керек ко... Баарыбыз субъективдүүбүз да. Объективдүү бирөө гана - Кудай, Алла-Таала.

Айсулуу Көкөева: Башка сыйлыктардан байгеге жетип, бир гана “РухЭштен” байге албагансың го.

Абдысамат Сарала: Байгеге умтулбайм. Катышпайм дагы балким. Эми балким точуна катышпайттырмын.

О`Шакир: Туугандар, менин оюмча мурдагы байге уткандар катышпасын дегендер болуп жатат. Бирок биз дүйнөгө кенен карап көрөлүчү. Аталышы: “21-кылымдын кыргыз адабияты” деп аталып жатпайбы. Маселен, “Оскар” сыйлыгы же “Нобель” сыйлыгы болобу, же спортто деле тажрыйбаны карагылачы. Бир жолу  утса деле кайра ута берет. Анан эми үчүн бизде адабиятта чектөө болушу керек? Стереотиптүү ой-жүгүртүү болуп жатат... 5-10 жылдан кийин 21-кылымдын 3-4 жолку жеңүүчүсү десе жаманбы? Тескерисинче, 2-3 жолу байге алгандарга байгеден кийин сыйлык уюштурганга деле кудуретибиз жетет.

Абдысамат Сарала: Чектөө болсо туура эмес. Жыл сайын эң мыкты чыгарма жазса, жыл сайын ала бериши керек. Калыстык болбой калат аны бөлүп койсо.

О`Шакир: Талкууга салалы. Талдагыла. Кайсынысы оң болот? Чектөө деп жүрүп – бул тоталитардык, авторитардык режимдей болуп калбайбы. Андыктан адабият эркин болушу керек. Алганы ала берсин. Андан асман жерге түшүп кетпейт. Кенен эле карай берели дүйнөгө. Кыргыздар тар ойлонобуз, ичибиз да тар. Кийинки конкурста утабы – ута берсин. Атаандаштыкты ошо да күчөтөт. Качанкыга чейин баланча эле ала берет деп чыкканы болор. Кыргыз адабияты 60-70-жылдар гүлдөгөн убагы деген эталондук түшүнүктөр бар го. Ошондой эле кийин адабий иликтөөдө, тарыхта 21-кылымдын жеңүүчүлөрү, 3 жолу, 4 жолу жеңген деген болуп калат. Бул системалуу калыптандырууга керек. Конкурс жыйынтыкталганда айтканыңарды башында туура көрдүм эле, анан ойлонуп жүрүп, кандай кылсам деп ушул бүтүмгө келдим. Мүмкүн мындан да башка мыкты сунушуңар болор.

Абдысамат Сарала: Мисалы Усейин Болтту жөө күлүктөр турниринен четтетип салгандай болуп калат да. Сен былтыр уткансың деп. Конкурс болгондон кийин чектөө туура эмес болуп калат. Эгер орден, медаль, премия болгондо балким жыл сайын ар башкага берип турган туурадыр. Эгер маңдайыбызга ушундай бир укмуш автор жаралып калса, анда ал чыгармаларын жыл сайын тапшырып, жыл сайын ала берсин.

О`Шакир: Ооба. Дүйнөлүк шахмат мелдешинде кандай болсо, адабиятта да ошондой салттар калыптасак жаманбы?

Жолдош Турдубаев: Олжобай, сын боюнча конкурска ушул макаланы жазганда, андан мурунку башка конкурста байге алганым үчүн ушунусунда утпай калсам деле эч капа болбойм деген элем. Менимче, удаа келген эки конкурстун биринчисинде уткандар экинчисин кызытып бериш үчүн эле катышып, бирок 3-орундан өйдөсүн албаганы туура болмок, ынсап кылып. Үчүнчүсүндө башкалар менен бирдей негизде катышып, утса, байгесин ала берсин. Конкурс улам жаӊы ысымдарды таап чыгып, сүрөгөнгө да керек деп ойлойм.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstaaam_poet_women/29664891.html?fbclid=IwAR2qH3vLZbbSRHGHVg68mq3WF9Ef2LwQCKPOjrr5b5cybczdb1EI8-ZJxcs

Анан дээрлик дайым мыкты чыгармалары менен катышкандарга атайын сыйлыкты эстелик кубок менен кошо ыйгарса болот.

Абдысамат Сарала: Эми быйыл 2-айлампа эле. Эгер ушинтип эле 5 жыл бир автор ута берсе ошондо аларды акырын "Замандын мыкты авторлору" деген медаль, сыйлык берип, узатып андан ары конкурсту аларсыз улантып кете берсе болот.

Айсулуу Көкөева: Менин оюмча “РухЭш” Кыргызстанда бюрократиялык баскычы жок сыйлык берип жаткан соң, башка андай сыйлыктар болбогон соң биринчи орунду алган киши акча албай катышышы керек. Эгерде мурдагысында экинчи же үчүнчү орунду алып калса, анда уюштуруучулар анын биринчи орун алуусуна шарт түзгөнү оң. Кийинки муундардын теориялык, жазган жана турмуштук тажрыйбасы аз болгону үчүн - алар жылдап байгеге илинбей кала беришет. Анан Олжобайга жаман да. Баягылар калыстар тобунда... баягы киши эле жеңди. Коррупция бар деп. Анда калыстар тобун алмаштыр. Анан алардын чечимине чыда, Олжобай.

Жолдош Турдубаев: Калыстар тобу ансыз деле алмаштырылып турушу зарыл.

Айсулуу Көкөева: Алар деле баягыларды тандашаарына ишенем.

Жолдош Турдубаев: Бирок жалпы ишти жылдырууну ойлосок, конкурсту кыйла ийкемдүү жобо менен уюштуруш керек деп ойлойм.

Абдысамат Сарала: Канча киши нааразы болбосун, калыстыктан анча-мынча жаза кетсе да конкурс жыл сайын болушу керек. Калыстар курамы алмашып турса, жеңүүчүлөр да алмашат. Табиттер ар кандай. Эми бул спорттук таймаш эмес – фото финиш чече тургандай. Бул чыгармалар. Адамдар. Калыстар да робот эмес. Эми балким бир автор эки жолу, көп болсо үч жолу утаттыр. Андан ары башка авторлор келет деп ойлойм. Мен дагы катышпай турам, башка авторлорго фора берип. Былтыр уткан, быйыл катышпайт деген жобо болсо, 3, 4 жылдан кийин даана боткосу чыгып калышы мүмкүн конкурстун. Ошондо даана талаштар пайда болот. Анан 5, 6 жылда аябай эле ортозаар чыгармалар байге алып калат.

Бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Бул жерде авторлор катышкан жок. Бул жерде чыгармалар катышат конкурска. Чыгармалар бааланат. Бир чыгарма жыл сайын катыша албайт. Автор катыша алат!

Айсулуу Көкөева: Сен да бир нерсени түшүнүшүң керек. Ошо чыгарманын артында ошол тажрыйба, ошол билим, ошол почерк турат.

О`Шакир: Биз жаңы  маданиятты калыптайлы десек чектөө кылбай, 3 же 5 жолу байгеге жеткен авторго атайын сыйлык уюштуралы.  Бир автор кайсы баскычын утуп алса  деле жеңүүчү деп табыла берсин.  Калыстар курамы сөзсүз алмашат. Мурдагылар катышпайт. 21-кылымдын адабияты менен катар сын макалалардын да конкурсу жүрөт. Анын да шапкасын 21-кылымдын адабияты дейм. Ага да 5-10 жылда жыйынтык кылып турсак. Муну да ырааттуу кылып турсак.  Калыстар курамынан башка адабий сынчылар дагы сын пикирлерди, рецензияларды жазсын. Тандап, мыктыларын жыйнак кылсак да жакшы.

Айсулуу Көкөева: Бул жолу мурдагы калыстар тобунун мүчөлөрү өзүлөрү сөзсүз чыгармалары менен катышат деп кой. Кандай кыйын экенин көрөлү де.

О`Шакир: Айрым демократиялык институттар калыптанып калды го бизде. Ошол сыяктуу эле адабий институттар калыптанса. Ырааттуу иш кыла берсек – 21-кылымдын адабияты деп.  Көп уткан автор көрүнүп калат. Адабиятта  спекуляция кылып жүргөндөр ансыз деле толтура. Үркөрдөй топ болсо деле мейли. Ошолордун арасында деле атаандаштык жүрүп турсун, күчөсүн. Байгесин мен 200 миң сом деп атам.  Поэзия менен прозага бөлүнөт. Андан  башка өнөктөштөрдү тапканга аракет кылам.  3 же 5 жыл катары менен сыйлык алган лауреаттарды кандайдыр бир сыйлык менен сыйлоону ойлонуштурам. 

Чыныбай Турсунбеков менен былтыр аябай сүйлөшкөнбүз.  Ал дагы түз эфирге чыгып,  андан чыгып баарлашканбыз. Саясатка канчалаган миллиондорду жумшадыңыз, бирок башыңыздан ылдый жугунду куйгандан башка акыбети кайттыбы... Андан көрө адабият менен агарып-көгөрдүңүз эле, адабиятты караңыз дегем. Сонун сунуш, сонун идея деген. Ушуну ишке ашырабыз деп турганда ковид менен ооруп, бул дүйнөдөн кетип калды. Ошондо кабыргам катуу кайышты. Бирок мен деле келечегибизди табабыз деп ойлойм.

Тайир Аширбай: Канча киши нааразы болбосун, калыстыктан анча-мынча жаза кетсе да конкурс боло берсин... Эстон акыны Вийви Луйк кезинде Юхан Смуул атындагы адабий сыйлыкты төрт жолу алган экен. Мыкты болсо, жыл сайын катышып, жеңүүчү болсун.

Олжобай, демөөрчүлөр белдүү болсо, акчага кошуп, төш белгисин (медалын) деле берсең болчудай.

Айсулуу Көкөева: Ии Кудай ай. Мен эмне деп жатам... Кыргызстанда байгеси жакшы конкурс аз. Жазуучуларга өзүн тарбиялоочу аянтча дегиңкиси аз. Ошону үчүн дегеним.

Тайир Аширбай: Конкурстарды уюштурууда өнөктөш, кызматташ тараптардын чыкканы жакшы. Жазуучулар союзу, ЖОЖдордун филология факультеттери менен биргеликте иш жүргүзсөк деген сунушум бар (Аларга деле кээде иш-чаралар керек болуп калат). Коомдук фонддор дегендер бар...

Карапайым айылдык мугалим иретинде бир нерсени айтсам дейм. Тигил же бул датага арнап, конкурс өткөрсөк болобу? Маселен, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына карата кароо-сынак. Баланчанын 100 жылдыгына карата...

Садык Алакан: 1. Зайырбек Ажыматов атындагы АДАБИЙ сыйлыкка ЧЫГАРМАЛАРДЫН ТҮШПӨЙ ЖАТКАНДЫГЫ өтө кооптонтту. Демек, биз бул багыттагы ишибизди тез арада жандандырышыбыз керек. Сыйлык тууралуу маалыматты эл арасына ЖАМГЫРДАЙ ЖААДЫРЫШЫБЫЗ керек. (Азыр өз баракчама - эки жарым миңге жакын кишиси бар баракчама - жарыялап койдум...) Кайра-кайра жарыялап турушубуз керек.

2. Адабий сыйлыкты БИР АДАМЫДЫН БИР НЕЧЕ ЖОЛУ УТУШУНАН эч бир чочулабашыбыз керек. Бул жерде чыгармалар жарышка түшүп жатат. Тажрыйба ж.б.лар тараза ташын басып кетет дегендей ойдон коркпошубуз керек. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына Чыкебиз ҮЧ ЖОЛУ ээ болгонун унутпасак. Катышкан сайын байгени утуп турган талант чыкса СҮЙҮНҮШҮБҮЗ керек.

3. Айтмакчы, Сыйлыктын туу башын алгандарга деле кийин МАЗАКТАП БЕРИЛЧҮ сыйлыктарды ыйгарышкан. Мунун классикалык үлгүсү улуу калемгер Габриэль ГАРСИА МАРКЕСТИН чыгармачылыгы))).

Азамат Омош: Эмне үчүн жакшы жазса кайра-кайра алса болбосун? Болгону бул жерде кептин баары кабыл алчуларда жана калыстар тобунда. Мисалы, 30 жашка чейинкилердин бир сынагында Абдысаматтын бир ырын кошпой койгонсуңар. Ал эми биринчини алган ыр жакшы деле эмес эле. Тескерисинче, эптеп эле кызыктыруучу сыйлыкка илээштирилгендердин ичинде мыкты ырлар бар эле. (Былтыркы сынак боюнча атайлап эле айтпай өтүүнү туура таптым.) Негизи, Залкарбектин сөзүндө жан бар. Калыстарды окурмандар арасынан (ар бир чыгармага рецензия, сын жазганына карап) тандап, окурмандар үчүн (активдүү катышкан) байге корун көбөйтсө кандай болот эле?

Мисалы, калыстарга берилчү гонорарды окурман журтуна берип. Ошондо ар биринин (сын айткан, мактаган) ою объективдүү болмок. Процесс да жандуу болмок. Ал эми жыйынтыкты атайын балдарды эсептеп турган эки адам шайлап койсо, ошолор таблица түзүп, эсептеп турмак. Ал эми жыйынтыкты - упайларды атайын эсептеп турган эки адам шайлап койсо...

Муну менен биз (албетте, Олжоке) сынакты ачык-айкын өткөргөнгө шарт түзүп берет элек. Окурмандар арасында андай кыйындар жок дээрсиздер, бүт адабияттын мыкчыгерлери Фейсбукта отурушат.

О`Шакир: Мисалы, калыстарга берилчү гонорарды окурман журтуна берип... Ошондо ар бир калыстарга гонорар берилиш керек. Ал эми сен айткандай активдүү окурмандарга былтыр бердим го... дагы байге кошсом болот аларга. Калыстардын чечиминен тышкары сын-пикир жазгандарды бу жолу дагы көбүрөк санда байге-сыйга ыраазы кылсак жарашат. Упайды эсептей тургандарды арабыздан шайлайлы анда. Жакшы сунуш.

Калыстарга гонорар берилиш керек. Ал эми сен айткандай активдүү окурмандарды да куру кол калтырбоонун жолун издештирип көрөйүн: өнөктөштөр менен кеңешип...

Азамат Омош: Ошо калыстар деген категорияны алып салсак кандай болот деген ойду айтып жатам, агай. Ошол гонорарды бул жакка койсок, ошол эле адамдар калыстык кылып бере алат да. За то, ачык-айкын, кээде каршы пикирлер менен. Ошо калыстар деген категорияны алып салсак кандай болот деген ойду айтып...

О`Шакир: Вау! Тоже идея!

Айсулуу Көкөева: Азамат, сен Абдысамат экөөң байгеге акча таап, конкурс уюштуруп көргүлөчү. Сезип жатам. Мыкты болот. 5 жүз миң таап туруп. Абдысамат айына 15 миң доллар табат. Анын колунан келет.

Азамат Омош: )))) Анан эле ушинтесиз да. 500 миң тапканда мен баарына наушник алат элем😄

О`Шакир: Эй чын эле, калыстар курамын түзүп баш оорутпай, аларга берер гонорарды пикир жазгандарга таратсак, сынчылар жаралат өзү эле. Эксперимент кылалычы ушуну.

Садык Алакан: Туура ошентиш керек.

О`Шакир: 21-кылымдын адабияты жаңыча жол, жаңы ыкмаларды табышы керек ушинтип. Кыргыз илимий ачылыш кылып таң калтыра албай атканда, адабий журт Азамат айткан не стандартный методду көрөлү.

Тайир Аширбай:  Чыгармаларга баа берүүнүн эң оңой жолу -- көптөгөн талаш-тартыштарды, кайсы пикирлерди арбын жараткандыгында! Өткөн жылдагы конкурста бир автордун эмгегине жүздөн ашык комментарий, кайчы пикирлер  жазылды (эгерде жаңылбасам).

Айсулуу Көкөева: Чыгарма өзү табышмак, калыстык да табиттен. Табит дайыма өзгөчө болот. Ошону үчүн нааразычылык дайыма болот. А бирок жөн отурганча ар нерсе кыла бериш керек тирүүлүктө.

О`Шакир: Кыргыз илимий ачылыш кылып таң калтыра албай атканда, адабий журт Азамат айткан сунушту турмушка ашырып, бир балээнин ичинен чыгып көрөлү...

Абдысамат Сарала: Муну Залкар айтты. Мен ошону гана кайталап айтып койдум.

Азамат Омош: Албетте, ичинде айтчу ою бар чыгарма болсо, Үмүт эже, Садык агай баш болгон аалымдарыбыз деле кыйгап өтпөй, оюн жазат экен, көрдүк ко.

Садык Алакан: "Кызыл чеке болгонго чейин барышат экен го",- деп койсоң толук болмок.😅😅

Азамат Омош: Болгону коммент менен лайкты эсептеп калбай, ар бир айтылган пикирди (аргументтүү) эсептеп турган эсепчи жалдаса деле болчудай.

Ал эми "Пикир жазып кой" деп суранган авторлорду уяткарып туруу да керек.

Бул эми Залкарбек Назарматов  экөөбүздүн оюбуз, чечимди кабыл алчу сиздер)))

 Ошондо окурман журту да (башынан окуп келаткан албетте) кайсы чыгарма эмнеси үчүн биринчиликти алганын билмек беле дейм да.

О`Шакир: Экөөңдүн сунуш сонун болду. Кабыл алдым. Эми турмушка колдонуп көрөлү.

Азамат Омош: Чоң ыракмат, агай!

Амирбек Азам уулу: Жаңы жылыңыздар менен, тилинен сөзү төгүлгөн чечен журт, акын журт, жазуучу журт! Сыйлыкка байланыштуу талкууну азыр баштан аяк окуп чыктым. Кызуусунда оюмду ортого салайын, сиздер менен бөлүшүп. Маркум Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлык поэзия жанрында жашка чейинкилерге берилет. Жыл сайын мыкты ыр же поэма жазып, жыл сайын лауреат же сыйлыкка эгедер чыкчу акын сейрек эле болсо керек. Анткени лауреаттын стили, ой жүгүртүү өзгөчөлүгү, эстетикасы, пунктуациясы, ыр түзүү ыкмасын кунт коюп окуган адам байкайт, атүгүл жазбай таанычу болот. Калыстар тобуна О"Шакир эски чобурун минип, баякы аскиясын улам кайталап айткан билерман-чилистендерди топтобойт да. Өзү да жазбадыбы, алмашып турат мүчөлөрү деп. Ошого лауреат акын-жазуучуларга талап өсөт. Мисалы, Б.Акунин, П. Коэльо, О. Памук, атүгүл А.Пушкин, А.Чехов, Л.Толстой, У.Шекспир ж.б жыл бою кайра-кайра окугандан тажайт киши. Бара-бара ылгап окуйсуз, анан кызыктуу көргөн жерин, сюжетин окуйсуз, кийин зарыл жерин, акыр соңунда сиздин философия, табитиңизге ылайыктуу жерин кайталачу болосуз. Анан дүйнөгө жаңы көз менен караган, жаңы ойлор, сыпаттамалар менен жазган авторду таап, ага жетелене баштайсыз...

Акын, жазуучулар же болом дегендер да өсөт, изденет. Мисалы, учурунда А. Вознесенский, И. Бродский аң-сезимди, табитти кандай өзгөрттү, бүгүн алардын жолоюн улантып, алар чыккан кырга жабышып, бирок сапаттык жактан олутуу өзгөртүү жасай албай жаткан мыкты калемгерлер бар. Алардын бири – Вероника Полозкова. Англис, чех тилдүүлөрдү айтпай эле турайын. Жашоого жаңы конструкциядан, жаңы призмадан карап, кызыктуу турмуштук, философиялык ырларды жазууда. Ушундан келип, сынакка катышуучуларга лауреат деген чектөө болбош керек. Бул атаандаштыкты чектөө болот деп ойлойм. Калыстар авторун эмес, чыгарманы тандайт да. Былтыркы конкурста А. Муратовдун аңгемелерин ким билди? Же башка авторлорду? О`Шакир туура багытта баратат, азыр ага колдон келген жардамыбызды, сөзүбүздү аябайлы! Төш белги жагы. Мен бул сунушту колдобойт элем. Бүгүн бул өтө жайылды. Үч же беш жолу сыйлыктуу орунга илинген авторлорго кайталангыс бир бюст (автордук) ыйгаруу керек деп ойлойм, ал кийин Кыргыз адабиятынын музейинен орун алат. Сынчыларга калем акы төлөп жаздыруу сонун жөрөлгө. Сынчылар чыгармага, талантуу жазуучуларга, жаңы авторлорго, китептерге кызыгууну арттырат. Бул салтты АКШ, Британия, Чехиянын олуттуу да, катардагы да массмедиасы жигердүү улантууда. Бизде журналисттер жалаң саясат тууралуу жазып, сүйлөп, азыр адабият жөнүндө семичке чаккандай, М. Синельников же Дмитрий Быковдун бучкагына тең келгендер ТВде жок.

Азамат Омош: Сынчыларга гонорар төлөө жагын кош колдоп колдойбуз. Ачып берчү да, калың элдин кызыгуусун ойготчу да сынчылар да. Бул боюнча Олжобай агай иш баштап, иши көбөйүп кеткенде каралбай калды окшойт. Ушул жерден бирөөнү менеджер кылып, ал ишиң өткөрүп берип, кайра ишин жандантса да жакшы болмок. (Бекер эмес, автор менен сынчынын тапканы үчүн процентке отургузуп...

Ризван Исмаилова: Арыбаңыздар, урматтуу улуу-кичүү "Казыначылар!" Өмүрдүн жаңы барагынын, жаңы мезгилинин башталышы баарыңыздар үчүн ак жолтой болсун. Жеке оюмду айтып койсом... Окурман журтун кызыктыруу үчүн ар кандай сыйлыктарды уюштурса болот. Бирок чыгарманы баалаган, талдаган, калыс пикир айткандардын маселеси орундуу.

Окурман журтун кызыктыруу үчүн ар кандай сыйлыктарды уюштурса болот. Бирок чыгарманы баалаган, талдаган, калыс пикир айткандардын маселеси орундуу. Адабияттын, сындын классикалык формасы толук калыптануусу да, белгилери, усулдары бар улуттук адабиятта. Аны пайдаланбаса, Олжобайдын сайты базарга айланат. Башкы максат, адабий көрөңгөсү барлардан адабий талдоочу, сынчыларды таап, жардам берүү, өстүрүү. Ал эми чыгарма өз баасын өзү айтат эгер чыныгы кесипкөй, калыс адабият талдоочулардын колуна түшсө... классикалык формасы толук калыптанбаса да...

(О`Шакирдин “Кыргыз илимий ачылыш кылып таң калтыра албай атканда... дегенине Ризван Исмаиловадан жооп).

Илимий ачылыш же адабияттагы жаңы тенденциянын (агым, усул, эксперимент ж.б.) жаралышын күтүү кыялкечтиктин бир түрү. Анын аздыр-көптүр формалары акын-жазуучулардын айрыкча жаштардын чыгармаларынан "жылт" этип байкалып калат. Айып этпеңиздер, оболу адабиятты соодага айлантуудан сакташ керек. Атайын сайттагы чыгармаларга эле эмес, ФБ ыр-пырларга да анализ жа алып турса, жазгандар ойлонот. Биз жапатырмак чыгармаларга пикир жазып жатабызбы? Биздеги эң орчундуу маселе ушул. Бул окурмандардагы табит менен тандоо, сынчыл мамилеге жол ачат. Аудиторияны, окурман журтун жана адабиятка ынтызаар катмарды кеңейтүү зарыл.

Амирбек Азам уулуна Ризван Исмаилованын жообу: Амирбек мырза, сиздин айтканыңыз жөндүү, аргументтүү, бирок биз улуттук адабият окулбай, акын-жазуучулар бийликтин, көр оокаттын жетегинде калган мезгилде жашап жатабыз... Реалдуулук менен эсептешүүгө аргасызбыз. Чейрек кылымда жоготкондорубузду тикелеп, 21-кылымдагы кыргыз адабиятынын жаратмандарын таап алсак, ошол да  чоң утуш деп эсептейм. Бирөөдөн үйрөнгөн, суктанган жакшы, эгер өзүң жаратпасаң, теңтайлаша албасаң андан өткөн шор жок. Олжобайдын аракети өтө күч, натыйжасы да жаман эмес, аны колдон, буттан алып, көтөргөндөр аз болуп жатпайбы... Ошон үчүн аймагын, катмарын, окурмандарын жана кесипкөй адистерин көбөйтүшү керек.

Азамат Омош: Бу конкурс боюнча менде бир сунуш бар. Ушул жерде Үмүт эже Култаева баш болуп бир топ адабиятчылар бар. Келгиле, бир топ түзүп, конкурска келген чыгармаларга редакторлук кылууну колго алсак. Мисалы, 1000 сом эмес, 1500 сом төлөсүн автор. 500 сомун редакторлук кылган адамга берели. Кандай дейсиздер? Ооба, 500 сом аз, бирок чыгармалардын көркү кыйла ачылмакпы дейм да. Жалгыз Олжобай агай баарын караганга жетишпейт да. Ошого "переживайтетиптер" оркоюп көрүнүп калып жатпайбы?

О`Шакир: Пандемия учуру, элде акча жок ко дейм... И то 1 000 сомду акча болгондо которобуз дегендер көп. Былтыр кээси ошол бойдон жым... Пандемия учуру болгон үчүн мен да алардан акча доолабадым кайра. 5-7 киши төлөбөгөн бойдон калды.

Абдыкерим Муратов: “РухЭш” сайтынын, андан мурдагы “Айтыш” корунун “Калемгер” бирикмесинин, деги эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ж.б.у.с. сыйлыктардын баарынын тегерегинде эле талаш-тартыш, анын ичинде сыйлык берүүнүн чен-өлчөмдөрү туура эмес болуп калды, калыстар калыстыгынан тайды деген кеп-сөздөр айтылып да, жазылып да келет. Дагы да айтыла берет, жазыла берет. Анткени биз кам сүт ичкен пендебиз: чын эле адашабыз; “кол ийрисине тартып ийет”; бирине жаккан чыгарма башкага жакпай калат. Бул эми өйдөтөн караганда. Ага карабай сыйлыктар жарыялана берет, сыйлыктарды ала беришет, ар кандай кеп ээрчий берет. Мына, “Жыл мыктыларын” карап көрүңүз: чын эле мыктыларбы? Эми өз сыйлыгыбызга келели. Өткөн жылы прозадан Абдыкерим Муратов, Сүйүн Курманова, Аскар Ражабалиев, поэзиядан Алтынай Темирова, Салтанат Орозобекова, Динара Бейшеналиева 1-3-орундардын соорунгерлери болду. Эми ушуларды кийинки конкурстарга катыштырбоо тууралуу да пикир айткандар бар. Эгер ошондой кылып бир жылда алтыдан авторду “критке” чаап отурсак, он жылда алтымыш авторду “жок кылабыз”. Андан ким утат? Экинчиси, быйылкы конкурста да ушул алты автор сыйлыктарды бөктөрүп кетсе, алардын деңгээлине жете турган авторлор чыкпаса, анда адабиятыбыздын “өлгөнү”, “эртеңинин жоктугу”, кийинки чыгармалар булардын чыгармаларынан өйдө турушу керек. Адабияттагы атаандаштык деген ушунда.

Орустарда “Куприн кыйынбы, Бунин кыйынбы” деген талаш болгон, көрсө, экөө тең керек экен, экөө тең кыйын экен, бири толтура албаганды экинчиси толтурат экен. Окурман ошондой караш керек. Конкурс – бул жарыш, ага көп адам катышканы менен жеңүүчүлөр аз болот. Муну мен жеңүүчү болуп калганым үчүн эле айтып атканым жок. Дагы бир нерсе – төлөм (взнос) маселеси. Бул эми аргасы жоктун иши деңизчи. Биз дале советтик гонорардан ооз тийип калганбыз. Анан аны (взносту) улам көтөрүп отуруу, анын ичинде менеджерге дейсиңерби, редакторго дейсиңерби – кошумча төлөгүлө дегенибиз болбостур, ансыз да конкурсанттар эптеп эле жанын багып аткандар экен. Эгер жазгандарын китеп кылып чыгарабыз десе – бажалыста, редакторго, корректорго барышсын. Ал эми конкурска келип түшкөн чыгарма редакцияланбаса – автор өзүнөн көрсүн: биринчиси – сайтка уюштуруучулар коё койбойт; эгер коюлуп калса анда төлөмүнө күйөт – калыстар окуп-окубай туруп эле ыргытып салат. Негизгиси, мен “РухЭш” сайты жүргүзүп жаткан конкурстун улам эл арасында кадыры артып баратканына ыраазы болуп келем.

Жолдош Турдубаев: Абдыкерим агай, негизинен туура айттыӊыз. Бирок анча-мынча тактай кетели.

1. «Жыл мыктыларынын» 99 пайызы наамын сатып алып жатышат, а бул жактагы конкурста, тескерисинче, акчалай байге алышат.

2. «РухЭштин» конкурсунда кол ийрисине тартышы өтө кыйын, анткени тандалган тексттер кимдики экенин билбей, калыстар курамында дагы кимдер бар экенин билбей эле баа бердик.

3. Бир конкурста уткандар кийинкисинде эс алып, үчүнчүсүнөн баштап кайра байгеге ат салышсын деген сунушту мен айттым эле, азыр да ошол оюмдан кайта элекмин. Себеби, «21-кылымдагы кыргыз адабияты” конкурсуна былтыр келип түшкөн чыгармаларды баалаганда, калыстар ар кайсы тексттерди такыр карама-каршы баалаган учурлар да болду. Мисалы, “Каар огу” деген чыгарманы Амирбек байке эӊ мыкты десе, биз жактырбадык. Тескерисинче, мен жактырганды башкалар жаратпай коюшу да ыктымал эле. Кээде бири-биринен анча деле айырмаланбаган эки-үч тексттин бирин 2- же 3-орунга чыгарган учурлар да болду.

Мисалы, №116 жана №107 ыр топтомдору окурмандардын жогору баасына арзыптыр, муну мен конкурстун жыйынтыгы жарыялангандан кийин билдим. Бир аз шашпай окуган болсом, ушул экөөнүн бирин экинчи же үчүнчү орунга сүрөп көрмөк экенмин деп өкүнүп калдым.

https://www.azattyk.org/a/turdubaev-adabiyat-syn-blog/30742800.html?fbclid=IwAR299-PAtFK-i6Fntk00rx9QUg-dH7SsO5pxNAgXig1y4xzT0vpqbgNgsNo

О`Шакир: Өтө адилет кеп, Абдыкерим байке! Өзүңүз билесиз го: биз "Айтыш" фондунун алдында "Калемгер" клубун түзүп конкурстарды уюштурдук. Анда деле нааразылыктар жааган. Төкмөлөр таймашында деле жылына чыр... Дүйнө атаандаштыгында да ошол. Андыктан өйдө-ылдый кептер кандай болсо да жамырай берет. А биз ишибизди кылдырата бергенден өтөрү жок.

Айсулуу Көкөева: Биринчи орун алгандар башка конкурс уюштурсун. Экинчи, үчүнчү орундарды алган катышсын дейм.

О`Шакир: Катыша бергиле. Адабий процесс токтобосун. Кийин бизден күчтүү муун келет, биздин катачылыктар аларга сабак болот. Ондогон, жүздөгөн жылдык тажрыйбадан улам жолго коюлушу керек улуу иштер. Адабият өз жолун издөөгө тийиш, уюштуруу тажрыйбасын мен да жылдан жылга өздөштүрөм. Эволюция жолундагы шарт түзүү маанилүү бизге. Адабий ишмердүүлүк эмне экенин өзүбүз түшүнө элек калкпыз биз. Иш кылгандан, иш баштагандан коркуп отура бербейли. Саясатчыларыбыз мамлекеттик түзүмдү аныктай албай аткандай эле, биз да адабий өрнөктөрдү баштай албай жатып тытышпайлы. Эволюциялык өнүгүүнү тандайлы.

Жолдош Турдубаев: Олжобай, бул жерде эч ким тытышкан жок. Оюбузду ортого салдык, болгону.

О`Шакир: Чыныгы адабий өрнөктү жаратаар катмар болуп берүүгө жарайлы. Эгемендик жылдарынан бери адабият-маданият, билим жааты ыраатуу жолго коюлбай келатканы баарыңарга дайын. Анан ушул жерде ядро түзө албай, 1-кадам, 2-кадам, 3-кадам дегенди шилтебей жатып эле көңүл кайт болбойлу.

Тытышпай дегеним, күчөтүп айтып алдым. Тек, ишти ийлей берели, конкурстук тажрыйба баарыбызда эле жетишсиз азырынча. Мен тек уюштуруу жагына гана чамам жетип, кээде жылт эткен ой болсо сиздер менен бөлүшөт экемин. Тек гана чектөө кылганды токтотолучу. Адабий эркиндик болсун, авторлор канча жолу байге алса алсын, 3-4-5 жолу байге алгандарына кийин кайсы бир аталыштагы сыйлыгыбызды кармата салалы...

Жогоруда Абдыкерим байкенин пикири менин пикириме төп келип туру. Мен да өткөндөгү байге тапшыруудан кийин калыстардын пикирин көпкө толготтум, анткенде стратегиябызга доо кетчүдөй. Саналуу авторлорду четтетип салганда, анык кокуй ошол. Профессионал адабияттын өкүлдөрүн процесске тарткандын ордуна, байге алдың болду деп чектеп койбой, аларга атаандаштык түзгөн маанилүү го дейм.

Азыр мен Залкарбек менен Азаматтын сунушун мээмде бышыра албай жүрөм, айтылган идеянын механизмдерин табышыбыз керек. Калыстар аркылуу эмес, башкача жол менен жеңүүчүлөрдү аныктоону ойлонуштурганыбыз оң. Өткөндө ким-бирөөсү айтып атпайбы, адабият деген спорт эмес деп, бирок дүйнөлүк спорт мелдештеринин чемпиондорду аныктоо механизми эмнеге адабиятта болбошу керек. Бокс өнөрүндө түрдүүчө версиялар бар го, биздин адабий конкурстардын жеңүүчүлөрү 3-4-5 жолудан байге алгандан кийин, так ошол жеңүүчү авторлор арасында башка тепкичтеги конкурс уюштурсак неге болбосун, андыктан азырынча 1-айлампа гана болду, кийинки айлампада да Абдыкерим байке жеңсин, 3-айлампада да жеңип калар болсо, анык кашкайган күлүк болгон соң, мындай авторлорго башка критерий, башка талапты койгон бөлөк конкурс уюштурарбыз. Кандай дейсиңер?

Абдысамат Сарала: Компетенттүү калыстардан өтөөрү жок ко дем. Предметти мыкты түшүнгөн адам гана объективдүүлүккө жакын баанын ээси боло алат. Болбосо, мага добуш берип коюңуздар дегендер башталат. Көпчүлүктүн баасы ар дайым эле акыйкат эмес, экинчи жагынан. Народный жазуучулар болот, модернист жазуучулар болот. Бирок бири экинчисинен жакшы дегенге болбойт.

О`Шакир: Так ушул маселе чатак. Туура маселе мунуң. Ошол мага добуш берип кой дегендер кууратат. Андыктан механизмдерин табыш керек. Окурмандар арасында мыкты талдоого алгандарынын пикирлери албетте, эске алынып, алардын пикиринен сырткары адабий эксперттер тобун түзүп, ошолордун чечиминин негизинде жеңүүчүлөрдү аныктоо оңбу деген да ой, ошолордун чечиминин негизинде жеңүүчүлөрдү аныктоо оңбу деп да ойлойм.

Шабдан Сулайманов: Ушул пикириң эле туура го.

Азамат Омош: Биз болгону жалаң окурман журту эле эмес, адабиятчылар дагы аралашып, талдоо, сындоо, баалоо ачык болсун деген эле ойду айтканбыз. Эмнеге мисалы ошол эле эксперт мындайча отуруп талдаганга убакыт табат дагы, эл менен чогуу аралашып талкуулаганга убактысы жок болуп калат? Же эмне, аудитория туура эмеспи? Же алардын деңгээли эмеспи? Эгер жалпы талдоону дебат десек, дебатка аралашпай, эмне алар?

Алчу гонорарын эл алдында улам ысыгында талдап берип деле ала берсин деген эле ой болчу. Эмне, окурмандардын арасында адабиятчылар жокпу? Же эмне, аудитория туура эмеспи? Же алардын деңгээли эмеспи?

О`Шакир: Туура доомат. Профессионалдар да аралашса жөнөкөй окурмандардын сүймөнчүгүнө айланмак. Мисалы мына Түкөм, илимдин кандидаты. Ар бир чыгармага пикирин билдирип турса болбойбу.

Абдысамат Омош: Түкөмдү калыстарга кошсо болот да. Окурмандар андай, мындай деген курулай шылтоо. Ошол кыйындарды талкууга тарта албаган бизде күнөө.

О`Шакир: Адатта дин өкүлдөрүн чала молдо дейбиз го. Ошондой эле чалалык адабият, маданият, саясатыбызда толтура. Жалпы кыргыз коомчулугу улут катары чийки бойдон келебиз. Баарыбыз чалабыз! Илимде да чалалар, медицинада, айтор, сөз көп...

Улуттук масштабга өсүп жетиле элек калкпыз!!! А адабият эмне болуп калыптыр. Андыктан эл эмне десе дей берсин, биз адабият казанын кайната берели, тамызгыбызды өчүрбөй.

Абдысамат Сарала: Окурмандардын сүймөнчүгүнө  ээ боло алуу бул чоң жетишкендик чынында. Элдик жазуучулар болот элде. Мисалы Шайлообек Дүйшеев. Эл сүйөт, эл жакшы көрөт, элге түшүнүктүү жазат. Атайын жөнөкөйлөтүп жазбайт, болгону стили ушундай, тили жатык. Бирок ошону менен бирге көркөмдүгү  кенен, жалпы адабият үчүн да маанилүү. Экинчи жээкте Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков сыяктуу жазуучулар. Экинчилерин биринчилерден кем деп айта албайт элем. Ушул жагынан карасак, мыкты калыстар гана туурага жакын баа бере алчудай. Бирок топ окурмандын баасы да маанилүү.

О`Шакир: Дагы кимдерди сунуштайсыңар калыстарга? Кокуй, бул боюнча сунушту жеке куржунума жазгыла)))

Тайир Аширбай: Быйыл Сүйүнбай Эралиевдин 100, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракелерин белгилөөнүн алдында турабыз. Шондуктан быйылкы кароо-сынактарда ошол залкарлардын ысымдары менен байланыштырсак болобу?

Шабдан Сулайманов: Чыгарманы мааракеге байлаган болбойт, Тайир аке.

О`Шакир: Ооба, булардын чыгармачыл бейнесин ачып берер эмгектердин конкурсу эмес да.

Тайир Аширбай: Чыгармалар ар түрдүү темаларда боло берсин, жеңүүчүлөргө жогорудагы залкарлардын ысымындагы дипломдорду тапшыралы.

Жолдош Турдубаев: Мен быйыл калыстык жумуштан эс алайын деп турам, буюрса. Башкаларды тартыш керек.

Айсулуу Көкөева: Байке-эжекелер, адабиятчы катары илим жактаган бирок "тирүү" адабиятка салым кошпой жүргөндөр кимдер? Санасаңыздар?

О`Шакир: Келгиле, өзүн профессионал адабияттын өкүлүмүн деп чыйт түкүрүп, керсейип басып жүргөндөрдүн кулк-мүнөзүн сындырып, адабият адистерин карапайым окурмандар менен катар пикир жазууга үндөйлү. Антпесек бийлик тобундагылар караламан калк менен иши жок сыяктуу, адабият өкүлдөрү деле элден четтеп калбасын үчүн, аларды адабий процесске тарталы.

Жолдош Турдубаев: ЖАКтан тизмесин ал, толуп жатат)))

Айсулуу Көкөева: Арасында өзү текст жаза албагандар чыгып да калышы мүмкүн го ыя? Өзүбүзгө өзүбүз уят болобуз го анда.

Жолдош Турдубаев: Диссертацияӊызды же монографияӊызды окуп көрөйүн десеӊ, көбү качат)))

Айсулуу Көкөева: Апеей, анда паланча качты, түкүнчө ынабай койду деп чыгарып салабызбы?

Жолдош Турдубаев: Анткени халтурасы толтура.

Амирбек Азам уулу: Мен эл аралык адабий сыйлыктарды  карай турган болсок андан да көрөбүз, ошол ар кандай пикирлерди айткан да адамдар да. Себеби көркөм табит ар башка болот. Убагында мыкты деген чыгарма кийин мыкты деген чыгарма болбой деле калат окшойт. Эл аралык сыйлыктар, анын ичинде Нобель сыйлыгы боюнча ар кыл пикирлер айтылып жүрөт. Бул талкууда, мен түшүнгөндөн О`Шакирди жана анын сыйылыкты уюштуруудагы эмгегин эч ким сындабады. Мындан да жакшы болсун деген гана тилек. О`Шакир зор иш кылууда, акчасын да таап, уюштуруп да. 1-сыйылык/орун/, 2-сыйылык калыстардын баасы гана. Окурман журт Гарри Потерди, а адабий чөйрө М. Шолоховду тандашы мүмкүн. Ошол эле учурда сыйылык авторду элдин сүймөнчүгүнө айлантты же айланат деген да туура эмес. Анткени, калыстардын тандоосуна коомдогу же ошо учурдагы адабий жагдай да таасири этиши этимал. Чехияда Ярослав Сейферт деген акын бар, Нобель сыйылыгын алган 1980-жж болсо керек. Бүгүн анча-мынча китеп окуган чехтер аны билишпейт. Бирок сыйлыктан куру жалак Божена Немцова, Милан Кундера, Богумил Грабаль. Карел, Чапек сыяктуу дөө-шаалар алда канча популярдуу. Айтууга аргасызмын, бизде да андайлар бир топ, көзү тирүүсүндө мамсыйылыктарды көп алган. артындагы мурасы "узкий круг адабиятчыларга" гана белгилүү. Эстелиги Эркиндик бульварында тургандар да бар. А чоң сыйылыгы жок Мукай, Жусуп, К. Жантөшев, Мидин, Райкан, Байдылда, ж.б. калемгерлердин мурасы картайбайт деп ойлойм. Орустарда жана Батышта поэзия, проза боюнча сыйылыктар толтура. Анын катарында эл аралык сыйылыктар. Андай сыйлыктарды соңку жылдары биздин калем кармаган жазуучу, акындарыбыздын арасынан да алгандар бар. Алардын кээ бирлерин "РухЭш", "Ала-Тоо", "Биздин адабият" сайттарына такай башбаккандар да билишпейт. Ал сыйылыктар бирок адабиятты ташбыйкаттоо боюнча жакышыбы, жаманбы, өз фунциясын аткарышууда.

Буга байланыштуу бир мисал. Игорь Померанцев деген орус акыны бар. Эстет да. Батыш поэзиясын мыкты билет. Англис, шотланд, немис, украин, француз (?) тилдеринде окуйт, сүйлөйт, ырларды окуйт. Ал киши бир нече жылы Вяземский атындагы сыйлыктын тунгуч лауреаты болгон. Лауреаттык наам менен кошо парча халат кийген, берилген. Ошондо адабияттан жакшы кабарлар орустар менен сүйлөшүп, бул сыйылык ушунча эле маанилүүбү деген суроого жооп издегем. Көрсө, И. Померанцевге сыйлык адабий аристократизм үчүн берилиптир. Азыр жаңылбасам, Орусияда 300, балким 350 адабий сыйлык бар. Журнал, китепкана, фонд ж.б. тарабынан берилет. Бизде адабият салаасында сыйылык он чакты болот ко. Ар бир сыйлык берчү уюмдун (мекеме...) өз критерий болот.

Деген менен алардын арасында эки-үч, балким беш эң кадыр-барктуусу болору сөзсүз. Арийне, кесипкөй адабиятчы, жазуучу, акындар чөйрөсүндө да ырасмий, өкмөттүк сыйлыктардан көрө ушундай сыйлыктарды жогору баалагандар болору шексиз. АКШда китепканалар ассоциациясы тарабынан мыкты китеп үчүн берилген сыйылык - бул окурман журттун табитине багытталган, негизделген сыйлык. Андай китептин мукабасына лауреат китеп деген мөөр басылат. Коммерциялык ийгиликке жол. Ошого О"Шакир быйыл да конкурсту мыкты деңгээлде өткөрүүсүнө тилектеш бололу. Ал эми доктор же и.к. илимий даражасы бар, бирок бир сын же илимий макала жазбагандар совет заманында да толтура болгон. Ошого бул проблемага баш ооруткандын кажети жок деп ойлойм.

Садык Алакан: Эң сонун пикир... “РухЭштин” конкурсунда байгелүү орунду алган чыгармаларды чакан китепче кылып туруп, "лауреат китеп" (балким, башкачарак) деп атап, калың массага жеткирүү жолун да пландаштырсак - каржысын тапсак. Айтмакчы, КАЛЫСТАР ТОБУН ЖАШТАРДАН ТҮЗӨЛҮЧҮ. Сураныч.

О`Шакир: Жакшы пикирлер жааптыр! Адабий салтты жаратуу биздей топтор аркылуу гана жолго коюлушу керек. Уюштуруучу катары менде деле бай тажрыйба жок, аны мен башынан бери айтып келем. Бирок тажрыйба топтоонун бир жолу ушул: биз конкурстарды ырааттуу уюштурган сайын жылдан жылга өсүш болот. Калыстар курамы менен адабий эксперттерди да өзүбүз тарбиялашыбыз керек. Процесс үзгүлтүксүз жүрө берсе эле баарыбыз ансамбль болуп, жалпы улуттук адабиятты этаптык баскычка көтөрө берет элек. Тек гана чыгармачылык атаандаштыкты объективдүү жүргүзүү үчүн ушундай талкуулар сөзсүз керек. Ансыз кемчиликтерибизди түзөй албайбыз. "Айтыш" фонддун алдында "Калемгер" клубу негизделгенде да үч адабий конкурс уюшулган, бирок анда да системалык өнүгүү болбой, кийин токтоп калган ишибиз. Андыктан эми да жаңылыштык кетиргенден коркпой, коомдо ачык-айкын иш жүргүзө берели. Кемчиликтерибизди деле коомчулук алдында ачык жарыялайлы, коом катары, улут катары калыптануу процесси бизде али жүрө элек...

Эл менен адабий чөйрөнүн тыгыз байланышын түзөлү десек, элди көркөм адабиятка кынык алдырып, карапайым окурмандардын пикирине да профессионал адабиятчылар толуктоо кошуп, чыгарма талдоонун өрнөгүн көргөзсөк, элде көркөм табит ойгонот. Адабият базары ошондо кайнайт.

... Ооба, быйыл калыстарды жашартат окшойбуз.

Азамат Омош: Адабиятка ар учурда суроо-талап болгон. Бизде (кыргыздарда) керек болсо калама нан жеген токсонунчу-нөлүнчү жылдарда да болду бул талап. Муну жашырганда эмне, Жанызак жакшы пайдаланып кетти. Ал эми азыр болсо, шүгүр, элдин курсагы ток, болгону суроо-талапты туура баамдоо кажет окшойт. Бүгүн авторлор заманбап "Каныбекти" жазыш керек. Анткени мотивацияга суроо-талап күч.

Кыргызчага эң көп которулуп жаткан китептер да бирин-бири кайталаган мотивация берүүчү, кантип баюу керек деген китептер. Эң көп сатылгандар да ошолор. Демек, ушундай багытта жазылган көркөм чыгарманы да эл жакшы кабыл алат.

Бул боюнча да тынып-тынчыбаган Олжоке бир иш баштап, кайра таштап койду. Олжоке, сиз функцияңызды бөлүшпөсөңүз болбой калды😄😄😄😄. Бишкектегилер (Залкар, Абдысамат) Олжоке айткан ЖИАдагылардын бирин кармап, ийгилигинин сырын повесть кылып жазсаңар да сонун өтмөк.

О`Шакир: Ооба, Залкарга айтсам көңүлсүгөн эмес былтыр. @Абдысамат Сарала кандай дээр экен. Н.Капаров иштеп атат бул боюнча.

Азамат Омош: Оо, анда сонун. Шедевр жазылат экен. Мага да бир тигүү цехин иштеткен досум прототип болуп берем деп, тарыхымы айтып берем деп, кийин айнып кетти.

Залкарбек: Бул чыгарма "бульвардык романбы" же көркөм чыгарма боло алабы? http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1339/konkurska-halat-2

Азамат  Омош: Бул жалганизм. Бирок таттуу жалганизм. Ошого редактор керек экен дедим. Бирок көпчүлүккө жагып жатат. Адамдагы бир сезимди, боор оору сезимин козгой алат экен. Бул эми менин оюм.

Залкарбек Назарматов: Амирбек агай айткандай «окурмандарга Гарри Поттер жагат. Адабиятчыларга болсо "Тынч Дон" жагат» эмеспи.))

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз