Индира Куралбекова: Аранжы элге ажодон айтсын

Ушул жаңы жылда Таласка бардым. Анан айтылуу Чыңгыз чыккан Кара-Буурада кудам турат. Кызын келин кылып алганбыз. Ал киши байланышып, кудача тамак астырып койдум, бу илгертен элибиз куда-сөөктөн кабар алып турчу эле деп калды. Улуу киши айтып аткандан кийин деп, кеч болуп караңгы күүгүм аралаш кирип бардым.

Дастаркон жайылып, кара казан буркан-шаркан. Жаш болсом да баштай көрүп, Куда улуу киши менен сүйлөшүп олтургандай салабаттуу кептерин айтып олтурду. Кобурашып олтуруп бир айткан окуясы жүрөктө чоң таасир калтырды. «Анда жаш элем. Жаңыдан колхозго башкарма болуп дайындалдым. Алдымда УАЗ деген кызматтык унаам бар. Күндө эле кабылдамада төрт-беш киши козусун союп, чепкен, тебетейин көтөрүп келип, жумуштарын бүтүрүп кетет. Сугат сууларын текшерейин деп айылдарга чыгып, күндө конок, арак, сый-урматтан кол бошобой калды. Бу бийлик деген кургурдун даамын эл өзү сездирет тура. Мүнөзүмдүн өзгөрүп кеткенин өзүм да байкадым. Мансап күтүп калганым элге дароо сезилди. Күндөрдүн биринде өзүм курактуу жаш балдар менен турсам, атам ат минип өтүп бараткан экен. Бизди көрүп, аттан түшүп баары менен учурашты. Мен көпкө ойлонуп, анан үйгө барганда: «Ата, аксакал кишисиз. Аттан түшпөй эле койсоңуз, өздөрү барып учурашмак да», – дедим. Атам көпкө ойлуу карап олтуруп, анан мындай деди. «Уулум, сен мыкты болгонуңда, мен топтолгон элдин астында ат үстүндө баш ийкеп салам берет элем. Сен мынтип мансапка манчыркап, кичи пейилдиктен тайып, калыстыгы жок башкарма болуп турганыңда, калк арасында кадырым кетип, башымды жерге салып жүрбөймүнбү» – деди.

Жаанын жебеси далымды тешип өтүп, жүрөккө сайылгандай эле ыргып турдум. Көрсө, кызмат деп жүрүп эчак элден кабар албай, колунда бары менен катышып, жогуна көңүл бурбай, колхоз техникасын каалагандай калчап, атүгүл сөгүнчөөк, ырайымсыз да болуп кеткенимди дароо сездим. Көзүмө жаш айланып, атаман кечирим сурадым. Анан көптөн кийин каргылданган үнү менен атам мага карап: «Уулум! Бийлик, кызмат деген келип кетчү нерсе. Бийлигиң барда да, жок болсо да ушул эл сенин улуу байлыгың. Эртең колуңдан бак тайып ачка калсаң, дал ушул эл бири нанын, бири унун, бири майын көтөрүп келип сенден кабар алат. Эртең ичээр сууң түгөнүп, бул дүйнөдөн өтсөң ушул эл байкуш жайыңды казып, ит эле, акмак эле дебей жаназаңды окуп, баарылап сени табытка салып мүрзөгө көтөрүп барып жерге беришет. Дайым журтуңа кызмат кыл. Жетим-жесирдин жанынан кыя өтпө. Жолдон карыя көрсөң, калтырбай жүр. Бул күндөрүң да өтөт. Мен малды карап келейин», – деп, эски маасысын кыйчылдатып эшике чыгып кетти” – дейт.

Бүгүн биз эң бир маанилүү күндө турабыз.

Эгемен өлкөнү татыктуу башкарып, элге кызмат кылам деген эр азаматты тандоо вазыйпасын аткарабыз. Ар жолу шайлоо өтүп, Президент келгенде үмүттөр тигил Майлы-Суудагы апа айтмакчы, лампочкадай жаркырап жанып, келечекке чо-оң үмүттөрдү артабыз, жакшылык күтөбүз. Анан тигил кудамдай болуп мансап күтүп, элди ыйлатып, калыстыктан тая баштаганда шагыбыз сынып, үмүттөр суу сепкендей жалп этип кейип калабыз. Бул ирээт билими жок болсо да көкүрөгүндө көрөңгөсү, боорукерлиги, намысы, калыстыгы эл дегенде ичкен ашын жерге койгон эрдиги бар азамат келсин. Журт башындагы азаматыбыз мыкты болсо, биз дагы бөтөн элдин астында ат үстүндө салам берербиз. Үмүттөр талкаланып, шагыбыз сынбасын. Ар бир ханды аңга түрткөн, оокаты ошону менен өткөн кошоматчылар, арзыматчылар бул ирээт алыс болсоңорчу.

Таңкы саат 05:30 болду. Ойлонуп олтуруп жаздым. Багыбызга атанын тарбиясын көргөн, элдин башын жер каратпаган эр азамат келсин. Элибизди жараткан өзү колдосун!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз