Садырдын фанаттары жана пропагандистери кимдер?

Албетте, коомдун калың катмары. А калың катмар бизде кимдер? Сөзсүз түрдө билими жука, түшүнүгү тайкы, маданияты жетилбеген караламан көпчүлүк. Бул карандай чындык! Муну жымсалдап айтуунун, сыпайы айтуунун да жолун таппадым. Андыктан “ала кушту атынан ата” накылын айланып өтө алчудай эмесмин.

Алардын билимдери жука, түшүнүктөрү тайкы, маданияты төмөн экенин соцтармактардагы комментарийлеринен, постторунан, көз караштарынан баамдоого болот. Оркоюп көрүнүп турат баары. Эки сүйлөмдү улап жаза алышпайт. Катасы кыжыйт. Бирок акыл үйрөтүүгө баары маш.

Өткөн жылдын октябрындагы тополоң-тоз төңкөрүш өткөндөн берки аралыкта Садыр Жапаровду колдогондордун буусу кантип чыгууда: башкаларды оозго алгыс сөздөр менен ашатуу, коркутуп-үркүтүү, каргап-шилөө, жарлык жабыштыруу ж.б... ж.б... ыкмалар менен! Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан садырчылардын билим деңгээлин, маданиятын, түшүнүктөрүн аныктоого анчалык ашынган акылдын деле кереги жок. Тек гана беш айдан берки аны жактагандардын соцтармактарда калтырган комментарийлери, лексикондору эле алардын бейнесин кашкайта ачып турат. Алар коомдун кайсы катмарынан чыкканынан кабар берет.

Маселен, сынчыл ой жөндөмү бар бирөө-жарымы Садыр Жапаровдун катачылыктарын сөз кылды дегиче – бүттү. Аарынын уюгуна кол салган киши биякта калат. Төө басты! Мал айдап жүргөн койчумандын да оозуна келбеген сөздөр тешилген каптагы буудайдай чубурат: “Эшексиң, чочкосуң, гейсиң, батышчылсың, бузукусуң, кото...суң, к...сүң, артыңан итерип салам, с...гип таштайм!”

Айтор, алкынган ажаандын баары Садырдын сабырсыз фанаттары! Ой, макул, колдогула! Дегеле силердин үмүт, тилегиңер акталсын дейличи ылайым. Бирок кантип акталат?! Ойлондуңарбы?.. Азыр Садыр Жапаровдун курчоосун карагыла, кимдер толтура?! “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларында жүрүп Атамбаев менен Жээнбековдун түбүнө жеткендер! Анан калса Бакиевдин баягы эле батальонунда жүргөн шылуундар, Раим Матраимовдун кланындагы уурулар, коррупционерлер! Ушулар качан караламан калктын үмүт, тилегин актаган заманды көрдүк?! Чекебизди жылыткан кимиси болду эле?..

Муну үчүн эч кандай көрөрман Маамыт болуштун кереги жок. Бир тараптуу ой жүгүртүүдөн кутулган эле сынчыл ой жөндөм керек.

Эми тайкы түшүнүктөрдү кеп кылалы. Коом тааным, дүйнө таанымга келсек: Батыш өлкөлөрүнөн кайсы гана өнүккөн өлкөлөр өрнөк албады, билимге каныкпады, тажырыйба үйрөнбөдү? Өнүккөн Чыгыш өлкөлөрүнүн мамлекет башкаруучуларынын дээрлик көпчүлүгү Европадан билим алып, Европанын бийлик башкаруудагы мамлекет түзүмүнө таянган үчүн дүркүрөп өнүккөнүн кыргыз урпагынын аң-акылына качан жеткирер экенбиз?!

Ушул эле “кыргызды кырылыштырып” акыйнек айтыштырган, буусун чыгарган, шилекейин чачыраттырган социалдык түйүндөрдүн башаты кайдан келди? Батыштан. Демек, Батышты жек көрсөң, анын Фейсбук, Твиттер, Телеграммасын эмнеге колдонуп отурасың? Ошол 21-кылымдын виртуалдык жашоосунда жашап атырбыз баарыбыз. Ансыз күн жок.

Батышты ашата сөгөт кыргыз. Батышты ыплас санайт, жийиркенет, а өзү тыңыраак туалет курабы кыргызың? Кокту-колотко чуркайт. Бок кечип келет. Жийиркенбейт буга. Сүйлөсө, Батышты басып жыгылат. Мунун баары эмнеден? Албетте, Россиянын маалымат сели кыргыздын мээсин тумандатып келгенинен. Кыргыздын мээсиндеги туманды тарата турган интеллигенция да жок бизде. Анан эркечи жок малдай, ээрчигенибиз эле Россия!

Кремлдин зулум саясаты канча кылымдан бери бизге окшогон бечел элдерди эзип келбеди? Муну түшүнгүсү жок садырчылар! Тескерисинче, Россиянын пропагандасына уугуп калган көбү Борбор Азиянын чындык чырагына айланган “Азаттыкты” жеберине жеткире сөгөт. “Азаттыктын” журналисттери иликтөөгө алган мамлекеттин былыктарын чагылдырган; Раимге окшогон кылымдын кылмышкери эл ырыскысына кол салганын жарыялап чыгышса да, ууруларга, коррупционерлерге чаң жугузгулары жок! Муну бир Американын шпиондорунун гана бузукулугу деп санагандарды билимсиз, түркөй дебегенде эмне дешибиз керек?!

Алардын түшүнүктөрү алигиче СССРдин КГБ адистеринен ашса ашып түшөр, асти кем калбайт. Союз доорундагы Батышты жек көргөзгөн саясатты улантып, Садыр Жапаровдун иркектештери да Батышты эң ыплас коом катары сыпаттап, аны калың массанын мээсине кадап келатканы да эмнени туюнтат?! Албетте, Садыр Жапаровдун да дүйнө тааным, коом тааным, саясый билими чукактыгын туюнткан индикатор десек болот! С.Жапаров өзү да билимден, маданияттан оолак болгон үчүн, колдоочуларынын, кошоматчыларынын пейил-куюн майдай жактырган Президент болуп чыга келди. Болбосо ориентирин оңдоп, курсун туура тандайт эле го...

Анын прогрессчил күчтөр менен чоң ажырым жаратып алганынын башкы себеби ушунда! Жеке басар бийлик орнотом деген киши Батышты жек көрсөтөр саясатын пропагандисттеринин оозу менен айттырып, прогрессчилдердин жаагын пропагандисттер жап кылган күнгө туш келдик.

О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз