Медербек Айтмырзаев: Кыргызстандагы окуялардын геосаясый өңүтү

Өлкөдөгү окуяларга геосаясый тараптан баа берүү маанилүү болуп саналат. Тилекке каршы, бул нукта эксперттер арасында, дегеле коомдо талкуулар жокко эсе. Антпесе, үчүнчү дүйнө өлкөлөрдүн ички саясый абалына ар дайым тышкы күчтөр таасир этип келет. Ушуга байланыштуу, Садыр Жапаровдун Москвага сапарынын астында өлкөдөгү окуялардын геосаясый өңүтүн анализдеп көрүүнү чечтим.

Күндөн күнгө коомдогу ажырым тереңдеп барат. Кыргыз коомунда маалыматтык согуштун ачык өрнөгү жүрүп жатат десем жаңылбайм. Туура эмес же кыйытылган маалыматтык чабуулдар өз жемишин берүүдө. Натыйжада, бири бирине касташкан ар кандай көз караштагы жарандар, топтор пайда болуп жатат. Албетте, пикир плюрализмин ар дайым колдойм, бул демократиялык өлкөнүн эң маанилүү баалуулуктарынын бири. Бирок азыркы тапта мындай ашыкча көп түрдүүлүктүн негативдүү тарабы ортого чыгып жаткандай туюлат.

Бзежинский “Улуу шахматтык доскасында” Евразияны башкарган дүйнөнү башкарат деп жазган. Улуу державалар (АКШ-Кытай-Орусия) ХХI кылымда ушул гипотезаны көздөгөндөй көрүнөт. Глобалдык окуялардын толкуну Ооганстандагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдык чыңалуулар чөлкөмдүн стратегиялык маанисин көтөрдү. Андан соң эл аралык мамиледе Борбор Азияга карата олуттуу аракеттер жасала баштады. Борбор Азия дал ушул дүйнөлүк балансты бир тарапка толук өткөрүп берүүдө чечүүчү регион болгондой сезилет.

Ошондуктан, өлкөдө болуп жаткан окуяларда сөзсүз тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү бар экенин сезе, көрө билиш керекпиз, аны четке кагуу мүмкүн эмес. Мындай тыянакты эл аралык мамилелердеги практика да көргөзүп келет. “Суверендүү” өлкө болгондон бери Кыргызстанда эң таасирдүү тышкы актёрлор Орусия, АКШ-Батыш өлкөлөрү, Кытай жана араб мамлекеттери деп айтсак болот. Кээ бир критерийлерге карата бул катарга Түркия, Иранды да кошсо болчудай, бирок алар жогорку өлкөлөргө карата геосаясый жактан анча таасирдүү көрүнбөйт.

1. Орусия өзүнүн саясый спецификасы себебинен дүйнөдөгү авторитардык режимдерди ар дайым колдоп келет. Ал өзүнүн тегерегинде демократиялык реформаларды же өзү айтып келаткан “дестабилизацияны” каалабайт. Анткени мындай көрүнүштөр Кремлге кооптуу жагдай жаратат жана анын региондогу геосаясый күчүн алсыздатат. Буга кошумча, Навальный жана Беларус, Карабах, Украинадагы кризистер чоң себеп болууда. Ошондуктан Россиянын радикал-консерванттык жолду тандаган Садыр Жапаровду колдоосу белгилүү. Ал Кыргызстанды жоготуу менен биргеликте ансыз да узакташып бараткан Өзбекстан жана Казакстанды колдон чыгаргысы келбейт. Бул себептен да Садыр Жапаровдун Кремлге боло турчу сапарында чоң сүйлөшүүлөр күтүп турат. Балким ушул үчүн да, президентибиз кесиптешине окшоп бункердин аркасында катуу даярданып жаткандыр.

2. Күчтөнүп келаткан Кытай дагы Борбор Азияда лидерликке ачык атаандаша баштаган. Кыргызстан менен Тажикистанды чоң карызга отургузуу менен бирге эки өлкөнүн кен байлыктарына, жерлерине кылдаттык менен көз салууда. Бул жөнүндө эл аралык басылмалар да ачык жаза башташты. Жетимтоо окуясында Кытайдын кызыкчылыгын коргогон (лобби) кыргыз саясатында бир топ фигуралар бар экендиги байкалды. Кытайдын Борбордук Азияда эң көп көздөгөн максаты Улуу Жибек жолу картасын өз көзөмөлүнө алуу жана бул регионго байма-бай таасирин күчөтүү. Москвага барардын астында Садыр Жапаровдун Си Цзинпинь менен телефон сүйлөшүүсү да жөн жерден эместир. Буну Пекин менен Москванын Борбор Азиядагы көзгө көрүнбөгөн тирешүүсү катары сыпаттаса болот. Эгерде кыргыз бийлиги рационалдуу саясат жүргүзсө, “Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан” темир жолу долбоорунан пайда чыгарып алса болот, бирок бул өзүнчө талкуулоочу маселе. Кандай болгон учурда да, Кытайдын тарыхта Синьцязньды (уйгур жерлери) басып алганын жана ал жактагы уйгурлардын азыркы абалын эске алганда, Кытайга байланыштуу кооптончу жагдайлар орундуу.

3. Кийинки актёрлор араб өлкөлөрү. Коомдун диний катмарын колдогон араб мамлекеттери да өз таасирин билдирүүдө. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан диний процесстер тез жүрүп жаткан алдыдагы өлкө болуп саналат. Отуз жылдан бери Кыргызстанда араб фонддорунун негизинде чоңоюп келаткан ар түрдүү диний агымдар бар. Алар азыр саясый амбицияларын билдирип, мамлекеттик башкарууга өтүүнү көздөй башташты. Акыркы конституция долбоорунун тегерегиндеги “светтик” принцип боюнча кызуу талаш-тартыштар диний күчтөрдүн активдешүүсүн көрсөтөт. Экс-Муфтийдин кармалышы, ар тараптуу  позицияда болгон агымдар арасында тирешүү бар экендигин билдирет. Бул өз учурунда өлкөдөгү диний абалды чагылдырат.

4. Бул геополитикалык оюнда эң маанилүү жерди ээлеген АКШ же батышчыл актёрлор деп айталы. Кыргызстанда АКШ тарабынан каржыланган бир катар медиа, бейөкмөттүк уюмдар бар экени жашыруун эмес. Мыйзам түрүндө сырттан каржыланууга тыюу сала албайсың, эркин өлкөдө андай мүмкүн да эмес. Бирок башкалар да өз кызыкчылыгы жок жөн эле утурулай акча бере бербестир. Эки тараптан тең караш керек. Өтө маанилүү нерсе, биз талап кылып жаткан демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги – бул глобалдуу/универсалдуу баалуулуктар экендигин түшүнүүгө тийишпиз. Бул баалуулуктар адамга төрөлгөндөн бери таандык. Америка же Батыш өлкөлөрү менчиктештирип, бизге экспорттогон таризде кабыл албаш керекпиз. Акыркы күндөрү өлкөдө Батыш саясый баалуулуктарын көздөгөн медиалар, кыймылдар жаңыдан жаралууда жана күч алууда. Уюмдашуу демократиялык өлкөнүн жакшы белгиси, бирок бул жалаң эле саясый нукта боло бербеш керек.  

Матраимовдун кармалышында АКШнын расмий билдирүүлөрү дипломатияда суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү болуп саналат. Мындай кадам АКШнын эл аралык эрежелерге карабастан, Кыргызстандын ички иштерине таасир эткиси келгендигин жана региондогу геосаясый амбицияларын ачык көрсөтөт. Мен бул жерде Матраимовду ишин актагандан такыр алысмын, ал мыйзам негизинде жогорку жазасын алыш керек. Кеп өлкө эгемендигинин маанилүүлүгү жөнүндө. АКШнын Югославия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана Ооганстанда кылган иштерине баа берсек, бул нуктагы көз карандылык Кыргызстанга узак перспективде пайда алып келбестигинен маалым берет.

Кеннет Уолтц (Kenneth Waltz 1924-2013, эл аралык мамилелер илимдеринде “неореализм” теориясынын негизги автору) айткандай, чоң мамлекеттер адамдар сыяктуу ар дайым атаандашуу абалында. Бири өнүксө, бири артта калат. 21-кылымдагы дүйнө түзүлүшү ушундай нукта уланат. Кыргызстан ушундай чоң күчтөрдүн атаандашуусунда курмандык өлкөгө айланып калбайбы деген суроо туулат. Азыркы дүйнөдө өлкөлөр арасында түздөн-түз согушуу жок, алар топтор, тарапташтары аркылуу согушуу ыкмасына өтүшкөн (soft power). Ушул сыяктуу топтор азыр өлкөбүздө да пайда болгондой көрүнөт. Мындай сценарий менен Ооганстан, Ирак, Сирия өлкөлөрүндө кейиштүү окуялар коштолгон. Либерализм идеяларын карманган эл аралык эксперттер да Кыргызстанда “афганизм” процесси жүрүп жатканын айтып оболонууда. Алардын айтымында өлкөнүн фундаменти түп тараптан талкаланып, аярлуу коомго айланып калды. Көп жеринде миналар коюлуп калган, алардын ар бири бир күнү жарылып кетиши мүмкүн. Эгерде бул көрүнүш ушундай нукта уланса, домино сыяктуу коңшу өлкөлөргө жайылат. Ошондуктан алар да региондо стабилдүү саясый фундаменти бар Кыргызстанды каалашат.

Бул контексте, илдетке айланган Тажикистан менен чек арадагы талаш-тартыштар да ойлондуруучу өнөкөткө айланды. Кичине тынчып калган чек арадагы маселе ушул күндөрдө кайрадан жанданды. Бул нерселер кокустук болушу мүмкүнбү? Эл аралык окумуштуулар геосаясатта “кокустук” деген түшүнүктүн априори жок экендиги тастыкташат. Ошондуктан өлкөбүздөгү азыркы абалды жалпак тил менен айтканда, ар тараптан “раскачка” кылып жатышат.

Мунай заттын дүйнөлүк индексте түшүүсү менен суу ресурсу зор мааниге ээ болуп баратат. Кыргызстан менен Тажикистан бир гана Борбор Азияда эмес, дүйнөдө суу ресурстарына эң бай өлкөлөрдөн. Мындай бай ресурс дагы тышкы актёрлордун регионго көз артуусуна себеп болбой койбойт. Дүйнөлүк согуштарда суу жерлери ар дайым биринчи максаттардан болуп келгенин унутпайлы. Кошумчалай айтсак, Фергана өрөөнү дагы стратегиялык жактан тарыхый маанигэ ээ.

Борбор Азия чөлкөмүнө америкалык, батыш, орус, кытай изилдөөчүлөрү абдан дыкат баа берүү менен иликтөөлөрдү жүргүзүп келишкен. “Чоң Борбор Азия” деген аймакка кирген Ооганстан, Пакистан, олку-солку абалда болгон Борбор Азия мамлекеттери туш тарабынан, артыкча Орусия, Кытай, Иран, Индия ж.б.у.с. көз арткан өлкөлөрдүн таасири үчүн талашка түшкөн чөлкөм экендигин жазышкан. Алардын изилдөөсүндө диний, этникалык, улуттар аралык чыр-чатактар, энергетика, суу ж.б. проблемалары арбын чөлкөмдүн АКШ жана Европа мамлекеттеринин кийлигишүүсүнөн тышкары болуусу мүмкүн эместигин айтышкан.

Кыргызстандагы окуяларды Беларус, Карабах, Украина жана Орусиянын өзүндөгү окуялар менен байланыштырып кароо маанилүү. Анткени, бул окуялардын геосаясый жактан алып караганда бири бирине байланыштуу жактары көрүнөт. Бул чынжырга кошумча Грузиядагы шайлоолордон кийинки тынчыбай жаткан нааразычылыктарды кошсо болот. Ал жакта 22-февраль күнү премьер-министр Георгий Гахария кызматтан кетти. Учурдагы башаламандыктар жалпылай алганда Орусиянын региондук гегемониясы менен советтик калдыктарды толук жок кылууга багытталганын көрсөтөт. “Суук согушунун” (холодная война) логикалык жыйынтыгы да ушундай сценарийди көздөсө керек.

Ф. Фукуяма, Г. Киссинджер сыяктуу окумуштуулар постсоветтик Борбор Азияга карата АКШ саясатынын негизги багыттары геосаясый кызыкчылык бар экендигин белгилеп келишкен. АКШнын дүйнөгө болгон үстөмдүгүн орнотуу ж.б. амбициясын абдан саясатташтырып, дүйнөлүк тарыхый жүрүмдөрдү салыштыруу ирээтинде жазган белгилүү Америка ойчулдарынын эмгектеринде Борбор Азия мурда СССР колониясы болуп келсе, азыр Орусиянын таасиринен чыга элек чөлкөм экендиги ачыкталган. Ошону менен катар биполярдык система кулагандан кийин АКШнын геосаясый стратегиясы Евразияга ээлик кылуу үчүн күчтүү аракеттерди көрүүдө деген пикирди билгизишкен.

Кыргызстандын аярлуу саясый фундаменти сырткы күчтөрдүн киришине оңой өбөлгө түзөт жана алар мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартышпайт. Мен дүйнөдөн изоляцияга түшүп калган өлкөнүн (Түркмөнстан) такыр тараптары эмесмин. Глобалдуу дүйнөнүн мүчөсү катары сыртка ачык, адам укуктарын биринчи оорунга койгон, эл бийлиги орногон, саясый системасы күчтүү жана туруктуу Кыргызстанды көргүм келет. Бул макалада айтайын дегеним, ар бир нерсеге, окуяларга сынчыл көз караш менен карай билели. Информациялык коомдо жашап жаткан заманда туура маалымат алып, аны талдай алалы. Ошондуктан өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бул коркунучтарды көрө билүү жана аны алдын ала билүү аба менен суудай керек. Биз сыяктуу кичинекей өлкөлөрдө чоң окуялар өзү менен өзү боло бербейт, ар дайым тышкы факторлор бар экендигин унутпайлы. Капиталистик дүйнөдө бир гана адамдар эле бири бири менен атаандашпайт, ошол сыңары өлкөлөр дагы атаандашышат.

Эркиндик, адам укуктары, демократияны колдош үчүн сөзсүз батышчыл болуу кажет эмес. Анын түпкү маңызын билүү, китептер, илимий эмгектер аркылуу изилдей билүү маанилүү. Же мусулман болуу үчүн арабчыл, же башка себептерден улам орусиячыл, кытайчыл, бийликчил-оппозициячыл болбойлу. Баарынан мурда, кайсы позицияда болсок дагы аң-сезимдүү, мекенин сүйгөн, эгемендүүлүктү барктаган жарандардан болуу учурдун талабы. Антпесе Мекенибиздин эгемендүүлүгү кылдын учунда турат.

Медербек АЙТМЫРЗАЕВ, Адам укуктарынын магистри

Учурда Укук жана саясый илимдеринин докторанты, Сегед университети, Венгрия

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз