Эрте курактагы балага китепти кантип тандашты билесизби?

  • 24.02.2021
  • 3543

Мурдагы макалада жаңы төрөлгөн баштап балага китеп окуу мектепте жакшы окушуна себеп болооруна токтолгом. Ал макаладан кийин окурмандардан ар кандай ой-пикирлер айтылды. Бирок мени эң көп “китеп окууну түшүндүк, бирок конкретно кайсы китепти окуганды сунуштайсын?” деген суроо ойлонтурду. Себеби, бул нерсе башыман өттү. Ошондуктан бул макалада  мектепке чейин балага кандай китепти тандап окуу керектигине жана кантип окуу жөнүндө сөз болмокчу. Ар кимдин ар кандай дүйнөлүк(диний) көз карашы болгондуктан китеп аттарын так атабоону чечтим.

Эмне окуш керек?

Чон уулум төрөлөөрдө кыргызча китептерди көрсөм эле сатып ала берчүмүн. Алган китептерим жаңы төрөлгөн балама ылайык эмес кийинчерээк аңдадым. Балам чоңойгуча дагы көп барго деп аларды тууган-туушкандарга белек кылып жибергем. Андан бери 5 жылдын жүзү болду. Чон уулум 4,5 жаш, кичинеси 2,5 жашта. Китеп секторун бираз билгендиктен, 5 жыл аралыгында кыргызчага которулган китептер көбөйдү. Америкалык авторлордун чыгармалары кыргызчага которулуп келүүдө. Түркчө китептер да кыргызчага которулуп сатылып жатат. Типографияларда  балдарга арналган китептер көп басылып жатканын көрүү кубантырат. Китеп дүкөндөрдүн текчелеринде балдарга арналган китептер(орусча көбүрөөк) турган болсо демек сатылууда деп түшүнүү керек. Сатылбаган китеп текчеде турбайт эмеспи. Мектепке чейин курактагы балдарга кыргызча китептердин саны жетиштүү деңгээлде болбошу мүмкүн. Бирок жылыш бар. Анан кыргызча болбосо да боло берет деген ата-энелер болушу мүмкүн. Ошондуктан китеп барбы жокпу дегенден көрө кандай китеп, кантип тандаш керек деген суроого жооп издейли.

Биринчи китептин сыры!

Балаңызга китеп тандаганда биринчи критерий, китептин балаңыздын жашы жана деңгээлине ылайыктыгын караңыз. 1 жаштагы балага 5 жашар баланын денгээлиндеги китепти алып албаңыз. Ал деле жаман эмес. Бирок азыркы учурга керектүүсүн алганыңыз оң.  Сыйкырдуу  курактагы (0-36 ай) балага сүрөтү көп, тексти экинчи планда калган китеп оң. Бирок андай кийинки периоддо (36-66 ай курак) тескерисинче т.а текст көбүрөөк, сүрөт экинчи планда болуш керек. Бул куракта сүрөттүн(визуалдык) ордун текст (аңгеме, жомоктор)  алат. Ошондуктан сыйкырдуу куракта эч тексти жок деле китеп боло берет. Балаңызга сүрөттү көрсөтүп, диалог түрүндө китеп окуңуз. Биринчи 6 ай үчүн тандалган китеп калын картондон болгону оң, себеби ал китеп акыр аягында баланын оозуна бараарын унутпаңыз. Кыжалат болбоңуз, балаңыз китеп жеген (тыткан) бала болсун. Алгачкы китептин ак-кара болгону ыңгайлуу деп айтылат. Себеби, 0-6 ай курактагы балада түстөрдү айырмалоо(алгысы) жөндөмү жок болот экен.

Жакшы китеп суроо суратат!

Айлар өткөн сайын баланын өнүгүү деңгээлине жараша жана баланын көнүл буруу потенциялына карап башка китептерге өтүңүз. Бул учурда да китептин бетинде сүрөт менен 2-3 сүйлөмдү ашпаган тексттер керек. Суроо сураттырбаган китеп (өзгөчө алгачкы 3 жыл үчүн) жакшы китеп саналбайт. Жакшы бир китеп сиз менен балаңыз ортосунда суроолор аркылуу диалог курууга себепчи. Китеп аркылуу балаңызга сүйүүңүздү билдирип, сезимдерди бөлүшөсүз.

Баланын фантазиясын өнүктүргөн китеп!

Балаңыз 3 жашты өткөндөн кийин окуяларды жомоктоштуруу, аңгемелештирүү  маанилүү. Бир беттен кийинки бетке уланган аңгемелер, жомоктор бул курак үчүн идеал. Бул жагынан баланын фантазиясын(кыялдануусун) арттырган (өөрчүткөн) жомоктор тандалып окулат.Мындайча айтканда, баланы космоско учурган китеп. Сыйкырдуу курактагы (0-36 ай) балдар үчүн китеп аз болушу мүмкүн, бирок 3-6 жаштагы балдар үчүн китеп кеңири табасыз. Бир нерсени эске алып коюу керек. Бул куракта турмуштун баардык сабагын берүүдөн алыс китептерди тандаңыз.

Турмуш сабагын берген китеп начар китеп!

Китеп тандап атканда балдарга турмуш сабагын үйрөткөн китептен алыс болуңуз. Негизги максат, китептеги аңгеменин соңунда месседж берүү же турмуш сабагын үйрөнүү эмес, шаңдуу, ырахат алганча, жагымдуу убакыт өткөргөнчө баланын сөз байлыгын кеңейтүү. Шашпай туруңуз, убак сааты келгенде балаңыз үйрөнүшү керек болгон “турмуш сабактарын” ансыз деле үйрөнөт. Бир канча жылдан кийин болсо окуй турган китебин өзү тандап калат. Бирок ага чейин китепти сүйүп, достошушу керек! Мектепке чейинки курактагы балага эң жакшы “сабак” бала менен китептер аркылуу жагымдуу убакыт өткөрүү. Китеп менен өмүр бою уланчу мамилеге фундамент даярдаңыз. Аягы месседж же турмуштан сабак менен бүтчү китеп  баланын китеп окуу арзусун жок кылышы мүмкүн. Жомок же аңгеменин аягы ачык типтеги суроо менен бүтүп, баланын өз алдынча ойлонуусуна түртүшү керек. Түшүнүктүү болдубу билбейм. Аңгеме же жомок, турмуштан сабак алуу эмес, баланы кыялданууга(фантазиясын өөрчүтүүгө) түртүшү керек.

Китеп окуп жатканда китепке эмес, балага караңыз.

Нью-Йорк университетинен Dr. Gigliana Melzi мындай дейт: “Китеп окуу эмоцианалдык иш. Жаңы төрөлгөн бала эмне окуганыңызды, эмне сүйлөгөнүңүздү түшүнбөшү мүмкүн. Бирок  балаңыз сиз менен эмоцианалдуу байланышып жатканыңызды байкайт. Китеп окуу эмоционалдуу байланыш курууда маанилүү. Китеп окуганды китеп окудум деш үчүн эле аткарып жатсаңыз же балага карабай эле китеп окуп жаткан болсоңуз, туура эмес кылып жатасыз демек. Балага китеп окуп жатканда диалогго таянган китеп окуу(dialogic reading) керек. Бул мындай, сүйүү менен, үнүңүздү жакшы чыгарып, бир ритм менен окуу. Китеп окуп жатканда китепке эмес, балага карап окууга шартталган метод. Ансыз деле ичинде аз текст болгон(0-36 ай үчүн) китептер жөнүндө сөз. Текст жок, бирок ар бетте диалог боло турчу толтура материал бар. Бул диалог кээде сүрөткө карап чыгарылчу калтыс( калаты) үн менен башталса, кээде ритм менен. Бала чоңойгон сайын, аңгемеге  улай суроолорго өтүп кетет. Максат, жөн эле монолог түрүндө китеп окуп коюу эмес, бала менен диалог куруу.

Канча минута китеп окуш керек?

Өзгөчө жаңы төрөлгөн бала менен китеп окуу кыска болот. Алгачкы айларда бир канча минута менен чектелгени оң.  Биринчи жылдын аягында 5 минут же максимум 10 минут китеп окуу. Бала чоңойгондо китеп окугусу келгенин билдирип, ишарат кылат. Бул жерде ар бир баланын кызыгуусуна байланыштуу экенин эреже катары кабыл алыш керек. Кээ бир баланын кунт коюп угуусу(концентрациясы) 15 минут, кээ бири 5 минутага жетпей тажап кетиши мүмкүн. Мындай айтканда ар бир баланын уникалдуулугун унутпай,өзгөчө экенин эске алып, ошого жараша иш кылыш керек. Сизге да, мага да ийгилик!

Булак: Bugupress.kg

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз