Калык Ибраимов: Тагдыр эмне тамашабы-оюнбу?

  • 17.03.2021
  • 2890

КУУ ТУРМУШ

Турмушта боло бербейт,
Баары эле ойдогудай.
Ал сага тойкана эмес,
Күн  сайын тойлогудай.

Жашоодо болот баары:
Жамандык, жакшылык да.
Башыӊдан көп иш өтөт,
Жашчылык, масчылыкта.

Көбөсүӊ бир учурда,
Кутурган дөбөт болуп.
Чөгөсүӊ анан кайра,
Какшыган чөөт болуп.

Түгөӊгүр бу турмушуӊ,
Түгөӊгүс түк сыяктуу.
Түбү жок түбөлүктө
Бир көргөн түш сыяктуу...

ЖАШОО ТҮЙШҮГҮ

Өтөр-кетер өмүр чиркин барында,
Карый элек күүлүү-күчтүү чагыӊда,
Күлүп-жайнап жашаганга не жетсин –
Жаркылдаган жарыӊ болуп жаныӊда.

Бирок жашоо сени койбой жайыӊа,
Шай оодарып, сынап турса дайыма,
Айлаӊ барбы, андан кантип качасыӊ?
Башка түшсө чыдайсыӊ да  баарына.

Ошон үчүн көп санаага алдырбай,
Кур убара убайым жеп кайгырбай,
Жашоо үчүн кара жанды карч уруп,
Атырылып жүрүү керек айгырдай.

ТАГДЫР

“Тагдыр” деген эмне экенин биле албай –
жүрөм дале ыйлабай же күлө албай.
Ойлой берип анын оомал-төкмөлүн,
баш оорутам өзүмө-өзүм сыя албай.

Бу дүйнөдө туулмак бар, өлмөк бар,
турмуш башка нени салса көрмөк бар.
Анын баарын таар сыӊар токуган,
Тагдыр деген табышмактуу өрмөк бар.

Ал өрмөктү согот дешет Мойралар,
жибин ийрип ийик менен колго алар.
Анан тактап ар адамдын тагдырын,
аттандырып коёт дешет жолго алар.

Мен билбейм, жолум кандай согулду,
Тагдыр эмне тамашабы-оюнбу?
Же болбосо Жараткандан жазылган
как чокуга согулуучу союлбу?..

Албетте, тагдыр татаал – танбайм.
Мен каякта кандай алда калбайын –
жүрөгүмдө жүрөт окшойт өлгөнчө,
жообу жок ушул суроо ар дайым...

ГОЛЛИВУД

Аерде көп сулуулар, супермендер –
жылдыздар, виртуоздор, виртуалдар.
Аларды көкөлөтүп даӊкташ үчүн,
аткарылат ар кандай ритуалдар.

Алардын эӊ ардуусу – Оскар, доллар.
А бирок ага жетүү – абдан кыйын.
Ак уруп алам десеӊ ал сыйларды,      
абийириӊ ачып салып – аттангыныӊ.

Айлангын наркоманга, маньякка –
гейлерге, гейшаларга, гангстерге.
Кошуп ал бул ааламда эмне болсо,
бир гана – жалгыз келбе, жалгыз келбе.

Тишин чак ар өнөрдүн, бар өнөрдүн –
баатыр бол, бок жүрөк бол, каскадёр бол.
Орундап ой-максатыӊ шондо гана,
сага жаайт миӊ миллион акча-доллар.

Адамзат жинди болуп кетелекте
ойлонуп бир айласын табыш керек.
Голливуд-Голиафты жеӊиш үчүн,
бу күндө бизге да бир Давид керек...

ЖАН ДҮЙНӨ ЖАНА САН ДҮЙНӨ

Жан дүйнөӊдө бар экенин сан дүйнө,
Көп учурда билбей жүрүп өтөсүӊ.
Эгер билсе убагында, анда адам -
Өтөр эле өмүрүнүн өтөсүн.

Өз ичинин өзөгүнө үӊүлсө,
Көрмөк адам көп ааламды ажайып:
Планета, жылдыздарды, ай, күндү...
Бирок көрбөйт көп учурда кашайып.

Агер адам өз ичине кире алса,
Жан-дилинин көп сырларын туя алмак.
Эмнеликтен өзүн таанып-биле албай,
Жүргөнүнө чындап шондо уялмак.

Ошон үчүн эӊ оболу аӊдай бил -
Жан-дүйнөӊдү, өзүӊдөгү ааламды.
Шондо гана чындап таанып-билесиӊ,
Жашоо эмне, ким экенин – Адамды.

КОНФУЦИЙ

Агер мени түшүнбөсө адамдар,
Мен аларга капа деле болбоймун.
Эмне үчүн деп сурайм да өзүмдөн,
Өзөлөнүп өзүмдү-өзүм оӊдоймун.

Эӊ жаманы: мен түшүнбөй аларды –
Адаштырсам ар кайсыга дайны жок.
Баарынан да бул жашоодо мен үчүн,
Андан өткөн касиреттүү кайгы жок.

Ар адамдын миӊ кубулган жүзү бар.
Бар  адамга көп адамдар жашынган.
Ошолорду өрттөш керек жок кылып,
Алар жаман душмандан да, касыӊдан.

Ошондуктан жан аябай катаал бол.
Өзүӊдү өзүӊ калакайлап нетесиӊ?
Шондо гана ич дүйнөӊдү аруулап,
Көздөп жүргөн максатыӊа жетесиӊ.

СУРОО-ЖООП

Бул жашоодо купуя көп, суроо көп:
Билинбеген, көрүнбөгөн көзгө көп.
Суроолорго  тапкан сайын жоопту,
Суроолор да улам кайра өзгөрөт.

Адамзаты өмүр бою изденет,
Түгөнбөгөн суроолордун ичинде.
Өзүн өзү, дүйнө таануу түйшүгү –
Мээ талытат түнүндө да түшүндө.

Аӊ учурган суроо-жооп күрөшү,
Адам барда түбөлүккө уланат.
А болбосо жашоо күнү аяктап,
Адамзаттын дүнүйөсү куланат.

АДАМДАРГА ЭМНЕ БОЛГОН?..

Адамзат качан аӊдайт өз өксүгүн,
Жаӊырып жан-дүйнөсү өзгөрөбү?
Жооп жок бул суроого азыр деле,
Белгисиз андай күндү көз көрөрү...

Адамда кемчилик көп айта берсе:
Бар анда ичи тарлык, көрө албастык,
Кемсинүү, араздашуу, атаандашуу,
Ортодо жакшылыкты бөлө албастык.

Бирөөлөр Нарцисс сыӊар өлө-тала,
Баарынан өйдө сезип өзүн сүйөт.
Текебер мүнөз күтөт каадаланып,
Теӊсинбей өзгөлөрдү артка сүрөт.

Канчасы акылынан айныгандар.
А көбү - элестетет зомбилерди.
Чукулап бара жатса смартфонду,
Карабайт алды жакты: аӊды, дөӊдү.

Урунат темир жолдо поюздарга,
Же сүзөт машиналар көчө толгон.
Чөмүлүп океандай виртуалга,
Капырай, адамдарга эмне болгон?..

БАКЫТ

Ким айталат бул жашоодо адамга
Бакыт деген кандай болуп келерин.
Ал өзү эмне, качан капыс жолугат?
Биле албайсыӊ анын ачык себебин.

Көбү айтат бакыт деген закым деп.
Жетпейсиӊ дейт кууп аны арыштап.
Ал азгырык улам алга умсунтуп,
Кача берет кууган сайын алыстап.

А мен айтам: көпчүлүктөй күйүгүп,
Чуркабасаӊ аял-байлык артынан.
Бакыт дагы ошого окшош, ошондо –
Куусаӊ болбой, өзү келет артыӊан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз