Бейшенбек БЕКЕШОВ: Кыргызды кайра бутуна тургуз!

  • 04.04.2021
  • 2655

Илгери тартаар башка кем болуп,
Иш билги кары-жашка кем болуп,
Илкиди калкым илинчээк таппай
Ичинен чыккан итке жем болуп.

Ириди калкым ит аалы сымал
Ичинен чыккан итке жем болуп.
 

Түнөрбө, боорум, түпкү атаң Манас,
Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз!
Тургузбайт эч ким, өзүң тур, боорум,
Кыргызды кайра бутуна тургуз!

Жакшыны жалгаар башка кем болуп,
Жакшына кары-жашка кем болуп,
Жабыкты калкым жайытын таппай
Жумурдан чыккан жутка жем болуп.

Жалчыбай калкым жабыркап турат
Жатындан чыккан жатка жем болуп.

Чайналба, боорум, чаалыкпайт Манас,
Чачылган сайын ачынган кыргыз!
Чакырбайт эч ким, өзүң кел, боорум,
Кыргызды кайра бутуна тургуз!

Карага караан башка кем болуп,
Каадалуу кары-жашка кем болуп,
Каржалды калкым кайратын таппай
Карындан чыккан ачка жем болуп.

Камыкты калкым кан уюп ичке
Канынан чыкккан каска жем болуп.

Кысынба, боорум, кубарың Манас,
Кырылган сайын тирилген кыргыз!
Кыйнабайт эч ким, өзүң чеч, боорум,
Кыргызды кайра бутуна тургуз!

Өйдөгө тартаар башка кем болуп,
Өрнөктүү кары-жашка кем болуп,
Өксүдү калкым өңүтүн таппай
Өзөктөн чыккан өрткө жем болуп.

Өбөктөп калкым бөксөрүп барат
Өзүнөн чыккан өчкө жем болуп.

Жыгылба, боорум, жыгылбайт Манас,
Жыгылган сайын күчөгөн кыргыз!
Абыке, Көбөш, Көзкаман көрсөң
Тамырын кыркып, кылып кой тургус!

Абыке, Көбөш, Көзкаман көптү
Көтөрүп уруп, кылып кой тургус!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз