Мээрим Сайдилкан: Өзүн-өзү мактагандар көбөйдүк

  • 06.04.2021
  • 3752

*     *     *

Кыргыз аялдары жылдан-жылга өнүгүүгө, билимге умтулган сайын, кыргыз эркектери майдаланып жоголуп барат. Билимдүү, акылы төп, ден соолугу чың аялдан мээси бүтүн урпактар жараларын билишер бекен?!

*     *     *

Эне – башат. Келечекте балдарыбыз таштанды болушун каалабасак, ар бир эне өзүн тарбиялоосу шарт! Таалимдүү эненин жакшы адаты балдарына өтөт.

*     *     *

Тагдыр мени Кыргыз кызы кылды. Бирок мен өзүмдү “кыргыздын патриот кызымын” деп атай албаймын. Менин көптөгөн жердештерим “кыргыз жериндей кооз, жапжашыл мамлекет жок, биз бактылуубуз” дешкенде, аларчалык өлкөмдүн кооздугун көрө албаганыма уяламын. Же бул менин өз мекенимди эч бир өлкөгө салыштырбагандыгымдандыр. Анткени, билимден, технологиядан алда канча алдыга кеткен, жапжашыл кооздукка чулганган өлкөлөрдү көргөнүмдө, аларга өз өлкөмдүн чаң баскан бозомтук өңүн кантип салыштырмакмын?!

*     *     *

Караңгылыктан чыгуу жолун издебесек, дагы 30 жыл уйку сонун арасында жүрө беребиз. Ансыз да  жан дүйнөбүз кирге толуп, жарыкты көрө албай, алдыбыздан чыккандын баары орундуу-орунсуз ырылдаган учурда жашап жатканыбыз жан кейитет.

*     *     *

Бизде баары акылдуу болуп,  бир-бирибизге акыл үйрөтүп, насаат айтып төш каккан менен кайраттуулук, сабырдуулук, сергек акыл жок болгону үчүн күндөн күнгө артка кетүүдөбүз. Акылдуу сөздөрдү иргеп сүйлөгөндү, жазганды үйрөнүп алганыбыздай; мээбиз да  сергек ой соолугуна эгедер болгондо аттиң!

*     *     *

Сүйүүнү айга-күнгө теңебей мактагандар, сүйүүнү жек көргөндөр бар. Бирок таза сүйүү гана адамдын аң-сезимин өстүрүп, ар бир жанды сүйдүрөт. Сүйүүдө араздашуу, талап кылуу, жоопкерчилик артуу болбойт. Жөн гана ал бир жан болгону үчүн сүйөсүң. Аны жүрөгүңдүн түпкүрүндө аяйсың, коргойсуң, сактайсың. Сүйүүнүн көзү сокур дешет. Сокур эмес, сүйүү баалай билген, таза жүрөктүү, аруу көздөр гана кезигет.

*     *     *

Мени көптөн бери “кандай болсом ошондой кабыл алган адамдар барбы тегерегимде”  деген ой кыйнап келет. Мактоо укканымда көздөрүм жашылданып, мукактанып кетемин. Уяламын. Анткен менен биздин коомдо өзүн-өзү мактагандар көбөйдүк!

*     *     *

Адам өлгөндө гана жалгыз калат. Тирүүсүндө “жалгызмын” деген адамдар ойлонбойбу, кыялданбайбы деп каламын. Анткени, мээдеги таттуу кыялдар, сансыз ойлор эч качан жалгыз таштабарына ишенемин.

*     *     *

Өлүмдүн баркын билдирип жашагым келет. Ал үчүн ар күн өзүмдөгү кемчилдиктерди жоюу менен алекмин. Ушунчалык терс, өзүмдөгү талапка жооп бербеген жактарымды билгениңерде – мени көзүмө да, көзүм жокто да “мактагандар” уяласыздар. Адам баарына жылма, сулуу көрүнө берет, бирок бир гана ички абийиринен качып кутула албайт.

*     *     *

Мен качан сүйүүгө кабылганда гана көрбөй туруп сүйүп калдым дегендерге ишендим.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз