Эсенгул Жапаров: Балким Кудай өзү да Кудай эмес

  • 06.04.2021
  • 3935

Кыргыз адабиятында өз мөөрүн басып кеткен Дүйшөн Жапаровдун кара чечекей уулу Эсенгулдун ырлары бул. Өзү сүрөтчү. А бул тырмак алды жазгандарынан экен. Буга дейре атасы Дүйшөндүн кол жазмаларын ирээтке салып, терип-жыйнап келди. Аларды улам четинен жарыялап да келебиз. Анан эле “Мен да бир-эки ыр жаздым, карап көрбөйсүзбү. Окшошуптурбу?” деп калды.

Кыргыз чоң иш кылса да “жөн эле жасап койдум” дегениндей, Эсенгул да “мен жөн эле кээде жазып көрөйүнчү деп...” – өз ырларын жолдогон экен. Пикирибизди билдирдик өзүнө... Там-туң кадамы дурус экенин айттык. Арийне, окурман журтунан өткөн сынчы жок. Андыктан, окурмандар таразасына салалы дедик...

*     *     *

Көмүр жок. Үй суук. Эшикте март,
Кара булут каптаган көңүлдө дарт.
Жаз кечигип жүдөтүп, санааркатып,
Жараатталган жүрөктөн кетелек карт.

Көктү жапкан сур булут үшкүрүнүп,
Быйылкы жаз атамды жоктогондой.
Жазды кошо жетелеп кеткен өңдүү,
Жаздын дагы жүрөгү токтогондой.

Куштар учпай канаттары кайрылып,
Калтаарышып чагылгандын үнүнөн.
Булут келип үстүбүздөн үңкүйүп,
Асман өчүп ажыраптыр Күнүнөн.

Көздөгөнүң көөдөнүңө арзыбай,
Көңүл калуу кездер болот тагдырдан.
Кайгынын да жолун тороп алдыдан
Кубанычтуу күндөр күтөр ар кырдан.

Жаштык улам барат менден үзүлүп,
Кетип жатат акырындан жылмышып.
Жардам кылчы кудуреттүү, Теңирим,
Жарда турам кулачудай тырмышып.

*     *     *

Кейитип, тынчтык бузган кездерге,
Кээде сезим жанын сабап буюгат.
Жакыныңдын жаман ишин көргөндө,
Жакшы адамдар калбай калган туюлат.

Асман менен кучакташып алп тоолор,
Ай алдында миң кылымды карыткан.
Айткылачы аба, суулар, талаалар,
Аман чыкчу жолдор барбы жарыктан.

Бакыт келсе, кайгы болор артынан,
Кайгыны да коштоп жүрөр кубаныч.
Өмүрдү да өлүм коштойт андыктан,
Өлбөй калчу сапар берчи, сураныч.

*     *     *

Амансыңбы Салам сага, "Отуз жаш",
Шайдоот күлүк бир орунга отурбас.
Келдим сага балалыкка кош айтып,
Өткөн жылдар кайра бизге жолукпас.

Байкадыңбы мезгил суудай шардыгын,
Бул жарыкта жашоо кыска тардыгын.
Келдим сага кулап түшүп оңдонуп,
Убакытка уттурганда баардыгын.

Бир топ айлар азоо кетип алкынып,
Тизгини бош күндөр өтүп камчылап.
Келдим сага көңүл ооруп алсырап,
Түрткү таппай жашаганга жакшылап.

Бул өмүрдү мезгил менен чектебей,
Баш катырып өзүмдү өзүм кектебей,
Келдим сага кайра баштан аттанып,
Жашайлы деп мындан ары кеч дебей.

Тартуу кылган табияттын жолунда,
Бир түйшүктү артып алып моюнга.
Самап жүргөн кыялдарга жеталбай,
Эңсөөлөрдү катып келем коюнга.

Сулуу көрдүм карегинде от жанган,
Адашып адатымча жетпей калгам.
Кетирген кемчиликти эптей албай,
Кусалык көкүрөктөн кетпей калган.

Бул өмүрдүн жашап бүтүп сүйүүсүн,
Бараткансыйм оолак болуп кеткендей.
Жылдан жылга албуут сезим түгөнүп,
Чектеп койгон маарасына жеткендей.

Табышмактуу түркүн жомок жер бети,
Эки жаштын сүйүүсүнөн башталган.
Жан саларда жан алгычка табыштап,
Өмүр болсо өлүм менен ашталган.

Бар болгону бардыгы жалган эмес,
Жалган деле баарынан жаман эмес.
Кең керемет дүйнөнү ойлоп тапкан,
Балким Кудай өзү да Кудай эмес.

*     *     *

Башын тиреп асманга,
Баштап алган баарысын.
Батыштан шамал кубалап,
Булуттар жапкан далысын.

Төбөсү тоңуп кар баскан,
Төшүндө булут калкыган.
Туур кылып аскаңды,
Туйгундай алга талпынам.

Жолдор болгон тайгалак,
Жоолор келип талкалап.
Тосуп турган ошондо
Тоолор бизди калкалап.

Кут даарытып жер бетин,
Куштар конуп чуулаган.
Жашыл көйнөк жамынып,
Жаз жыттанган улагаң.

Ал мезгил кетти эскирип,
Алмашып жашоо жазгырып.
Адаштырган калкыңды
Агымдар келди азгырып.

Шамыңды үйлөп үргүлөп,
Шамал сылайт ыргалып.
Шыбыр чыгат муң эзген,
Шоокум болуп ырдалып.

Туңгуюк болуп келечек,
Тушалып турат тушуңда.
Караңгылык каптаган,
Куткаргын элди ушунда.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз