Рюноске Акутагава: Сыйкырдын керемети

  • 13.04.2021
  • 4673

НОВЕЛЛА

Жамгырлуу күздүн кечи эле. Мени алып бараткан Рикша Оморинин тик дөңсөөлөрү менен бирде өйдөгө чыкса, бирде ылдыйга түшүп чуркап баратты. Акырында ал бамбуктарга жашынган европалык типте салынган кичинекей үйдүн жанына жетип токтоду. Боёгу эбак өчкөн тар подъездде илинип турган жаңы фарфор тактайда мындай деген жазуулар бар эле: “Индиец Матирам Мисра”.

Азыр, балким Мисра-Кун ким экендигин көбүңөр билсеңер керек. Теги Калькуттадан болгон патриот Мисра-Кун Индиянын эркиндиги үчүн жан аябай күрөшкөн адам болгон. Ошол эле учурда ал сыйкыр өнөрүнүн улуу чебери болуп, бул өнөрдү ал белгилүү брахман Хассан-хандын жетекчилиги астында үйрөнгөн.

Бул окуяга чейин бир ай мурун менин бир таанышым Мисра-Кун менен тааныштырды. Биз анда ар түркүн саясый маселелер боюнча талашып-тартыштык, бирок мен буга чейин ал өзүнүн сыйкыр тажрыйбаларын кантип жасай тургандыгын бир да жолу көрө элек болчумун. Ошондуктан, мен ага бүгүн кечинде өзүнүн сыйкыр кереметинен көрсөтүшүн суранып, алдын ала кат жибердим да рикшаны алып, Мисра-Кун жашаган кунары суз Омори чөлкөмүнө жөнөп калдым.

 Мөндүрлөп жааган жамгыр алдында туруп, чырактын күңүрт жарыгында эптеп фамилия жазылган тактайдын алдындагы досканы таап, коңгуроону бастым. Дарбаза дароо кыйч этти. Эшиктен Мисра-Кундун кызматкери пекене бойлуу, жапон кемпир башбакты.

- Мырза Мисра-Кун үйдө бекен?

- Ананчы, келиңиз! Ал сизди эбактан бери күтүп олтурат.

Кемпир ушундай кубанычтуу сөздөрү менен мени кире бериш бөлмөдөн Мисра-Кундун бөлмөсүнө баштап баратты.

- Кутмандуу кечиңиз менен! Ушундай жамгырда келгениңиз үчүн сизге чоң рахмат!

Балбылдаган чоң көздөрү бар, кара тору, жумшак муруттуу Мисра-Кун үстөл үстүндө турган керосин лампанын билигин чоңойтуп атып, мени шаңдуу тосуп алды.

- Жогуңуз, чындыгында сиздин өнөрүңүздүн кереметтерин көрүү үчүн ар кандай аба ырайында келүүгө даярмын. Жамгыр эмне болуп калыптыр!

Мен үстөлгө олтуруп, керосин лампасы күңүрт жарык кылып турган караңгы бөлмөнү карай баштадым.

Европа стилиндеги жупуну көрүнүш. Орто ченде чоң үстөл, дубалга такай тыкан китеп шкафы коюлган, терезенин түбүндө дагы бир үстөлчө...

Дагы биз үчүн эки отургуч, болгон буюм ушул. Үстөлдөр да, отургучтар да эскилиги жетип бүткөн. А түгүл чекелери кызыл гүлдөр менен саймаланып кооздолгон көркөм дасторкон да эскирип бүткөндүктөн, негиздери оюла баштаптыр.

Саламдашуубуз да аяктады. Бир азга бамбук өрөөнүндөгү чаба жааган жамгыр үнүн тыңшап олтуруп калдым. Көп өтпөй карыган кызматчы кемпир пайда болуп, бизге бир чыныдан көк чай берди.

Мисра-Кун сигарага толгон кутучаны ачып, мага сунду:

- Суранам, сигара алыңыз!

- Алкыш айтам!

Мен каадаланып олтурбастан, сигарадан тандап алдым да, күйгүзүп атып, мындай дедим:

- Сизге колдоо көрсөткөн дух жин деп аталса керек ээ? Айтыңызчы, азыр мен көрө турган сыйкырдын кереметтери ошонун жардамы менен болобу?

Мисра-Кун да сигарын күйгүзүп, кытмыр жылмайып, жыпар жыттуу чылымдын түтүнүн буркуратты.

- Жиндерге жүздөгөн жылдар мурун ишенишкен, айталы, “Миң бир түн” жомогунун доорунда. Менин Хассан-хандан үйрөнгөн сыйкыр өнөрүм - көз боёмочулук эмес. Муну кааласаңыз сиз да жасай аласыз. Бул илимдин сөзү менен айтканда, бар болгону гипноз. Карасаңыз! Колуңузду мындай кылсаңыз жетиштүү...

Мисра-Кун колун өйдө көтөрүп, менин көз алдымда абада кандайдыр үч бурчтукка окшогон бирдемени чийгендей болду да эңкейип, үстөлгө жабылып турган дасторкондун четиндеги кызыл гүлдү үзүп алды. Таң калган жаным, эрксизден отургучумду үстөлгө жакын жылдырып, гүлдү көңүл коюп карай баштадым. Шектенүүгө мүмкүн эмес эле: гүл азыр эле дасторкондун четин кооздоп турган сайма эле. Бирок Мисра-Кун гүлдү менин мурдума жакын алып келгенде мускустун жытын эстеткен жыпар жыт бур этти.

Таң калганымдан анымды жашыра албай, кыйкырып жибердим. Жылмаюусун токтотпогон Мисра-Кун гүлдү капысынан үстөл үстүнө түшүрүп жибергендей болду. Гүл үстөл үстүнө тийип-тийбей жатып, кайрадан дасторкондун четиндеги саймага айланды. Бул гүлдү үзүп алуубу? Эми эр болсоң анын бир бүчүрүн кыймылдатып көр!

- Эмне дейсиз? Чындыкка окшобойт бекен? Эми мына бул лампага караңыз.

Ушул сөздөрү менен Мисра-Кун үстөлдө турган лампаны акырын жылдырып койду. Ошол замат эмнеден экени белгисиз, лампа катуу айлана баштады, болгондо да лампанын айнеги айланып жатты. Адегенде мен чочуп кеттим, азыр өрт чыгып кетпесин деген ойдон жүрөгүм какпай калгандай болду. Бул убакта Мисра-Кун шашпай чай ичип олтурду. Коркконум азыраак тарай баштаганда лампа кантип барган сайын катуу айлана баштаганын көз албай карай баштадым.

Бул чындыгында эле укмуш кооз, таңкаларлык көрүнүш эле! Лампанын абажуру тынбай айлангандан шамал болуп жатты, а лампанын саргыч оту бир калыптан жазып койсо!

Ошончолук катуу айлануудан улам мага лампа бир орунда эле тургандай сезиле баштады. Көз ирмем - анан мен түшүндүм: ал кадимкидей эле ордунда турат. Лампанын айнеги да эчтеке болбоптур.

- Сиз таң калып атасызбы? А бул деген балдардын оюнундай болгон неме да! Бирок эгер кааласаңыз мен сизге дагы бирдеме көрсөтөм.

Мисра-Кун артка бурулуп, китеп шкафын карады. Андан кийин ага колун тийгизип, ким бирөөгө кол жаңсагандай болду. Капыстан шкафта ирети менен тизилип турган китептер биринин артынан бири үстөлгө учуп түшө баштады.Алар абада жайдын күнү учушкан жарганаттардай болуп, мукабасы чоң ачылып, учуп жүрүштү. Күтүлбөгөн окядан улам сигараны тишиме кыстарган бойдон катып калдым. Китептер лампанын күңүрт жарыгында эркин айланып учуп келип, үстөл үстүнө кыраатын бузбастан тоодой болуп үйүлүп тизилип калышты. Андан соң алар дал ошол калыбын бузбастан кайрадан учуп, шкафтагы өз ордуларына жайгашып бүтүштү.

Эң кызыгы алдыда эле! Жука мукабалуу бир китеп абада канат бүткөндөй жайылып, шыпка жете учуп барды да, анан барактарын шуудуратып бир аз айланып жүргөндөн кийин тездик менен менин тиземе келип түштү. “Эмне болуп кетти?” - деген ой менен анын тышын карадым. Бул мен бир жума мурун Мисра-Кунга окуп чыгыңыз деп берген жаңы француз романы эле.

- Ыраазылык билдирүү менен кайтарып берүүгө уруксат этиңиз, -жылмайганынан жазбаган Мисра-Кун ийилип койду.

Бардык китептер кайра шкафка учуп, тизилип калууга үлгүрүштү. Мен кудум уйкудан ойгонгондой болуп, бир азга сөз да айта албадым. Капыстан Мисра-Кундун айтканы эсиме түштү: “Эгер кааласаңыз муну сиз да жасай аласыз”.

- Ооба, сиз тууралуу таң каларлык көп сөздөрдү уккамын. Ошондой болсо да айтып коюшум керек, сиздин сыйкыр өнөрүңүз мен күткөндөн ашып түштү. Бирок сиз айттыңыз го, муну мен да үйрөнсөм болот деп. Сиз, албетте, тамашаладыңыз да?

- Ишендире айта алам, жок! Муну баары эле кыйынчылыксыз үйрөнө алышат. Бир гана...

Жүзүмө тигиле караган Мисра-Кун капысынан олуттуу мүнөзгө өттү.

- Өз кызыкчылыгын ойлобогон адам гана! Эгер сиз чындап эле Хассан-хандын өнөрүн үйрөнөм десеңиз, сизге адегенде өзүңүздүн текеберлигиңизди жеңип чыгууга туура келет. Буга күчүңүз жетеби?

- Ошондой го деп үмүт кылам, - деп жооп бердим. Бирок оюмда кандайдыр ишенимсиздикти сезип, мындай деп кошумчалоого шаштым: - Менин устатым болууга макул болсоңуз болгону!

Мисра-Кундун жүзү ишенбеген калыбынан жазбады. Бирок кежирленүү ыңгайыз болорун ойлодубу, айтор, кең пейилдик менен менин устатым болууга макулдугун берди.

- Не демекчимин, сизди окутууга даярмын. Жөнөкөй илим, бирок дароо эле үйрөнүп алуу мүмкүн эмес, буга убакыт керек. Бүгүн меникинде жатып кетиңиз.

- О, мен сизге чексиз ыраазымын!

Сыйкыр өнөрүн үйрөнөм деген ойдон катуу толкунданып, кайра-кайра ырахматымды айта бердим. Бирок Мисра-Кун эчтеме укпагандай болуп, үстөлдөн жай турду да, кемпирди чакырды:

- Чоң эне! Чоң эне! Мейман бүгүн биздикинде конуп калат. Ага жай даярдаңыз.

Жүрөгүм катуулап сого баштады. Сигаранын күлүн түшүрүүнү унутуп, эрксизден башымды өйдө көтөрдүм да Мисра-Кундун лампа жарыгы жарытып турган меймандос жүзүнө тигиле карадым.

*      *      *

Мисра-Кундун өнөрүн үйрөнө баштаганымдан бери бир ай өттү. Дал ошондогудай жамгырлуу кечте Гиндза көчөсүндөгү клубдардын бөлмөлөрүнүн биринде оту алоологон мештин жанында досторум менен аңгемелешип отурдум.

Кантсе да бул Токио экениненби, айтор эсепсиз машиналар менен экипаждарга чаба жааган жамгырдын доошу бамбуктуу Оморидегидей кайгылуу угулбады. Анан калса, бөлмөнүн ичи да көңүлдүү эле. Электр чырагынын жарыгы, тери менен тышталган креслолор, жаркыраган паркет - мунун баары Мисра-Кундун мына-мына көрүмчү чыга калчудай болгон түнт бөлмөсүнө окшош эмес эле... Чылымдарыбызды түтөткөн биз ат жарышы жана мергенчилик туурасында сүйлөшүп отурдук. Тааныштарымдын бири чылымдын калдыгын очокко ыргытып, мага бурулду.

- Сизди кийинки убакта сыйкырчылык тажрыйбалары менен алектенип жүрөт дешет. Балким, бизге ошонуңуздан бирдеме көрсөтөрсүз?

- Анын эмнеси бар экен? - деген мен улуу сыйкырчыдай креслого чалкалай отуруп атып, ишенимдүү сүйлөдүм.

- Анда каалаганыңызды көрсөтүңүз. Бирок кадимки фокустардан айырмасы болгондой болсун, - деген досумду баары колдошуп, отургучтарын мага жакын жылдырыша, мени күтүп калышты.

Мен шашпай ордумдан турдум.

- Жакшылап карагыла. Сыйкыр өнөрү эч кандай айла-амалды талап кылбайт.

Ушуну айтып, мен көйнөгүмдүн жеңдерин түрүп, күйүп жаткан оттон бир нече кызарган көмүрлөрдү алаканыма толтуруп алып чыктым. Бирок жадакалса болбогон ушул трюк да көрүүчүлөрдүн эсин чыгарды. Күйүп калуудан чочулашкан алар эрксизден артка жыла беришти. Мен болсо шашпай гана алаканымдагы көмүрлөр кантип күйүп жатканын бир азга көрсөтүп турдум да, анан аларды паркетке чачып жибердим. Капыстан сырттагы жамгырдын үнүн басып, полго оор тамчылар тарсылдап түшө баштап, жалындаган көмүрлөр менин колумдан учуп чыгышып, алтын теңгелерге айланып, полго жаай башташты.  Тааныштарым түш көрүп жаткандай болушту. Алар атүгүл кол чабууну да унутуп калышты. Жеңүүчүнүн таттуу жылмаюусу менен ордума отурдум.

- Уккулачы, булар чындап эле алтын теңгелерби? - беш мүнөттөн кийин таң калган бир таанышым суроо берди.

- Албетте. Ишенбесеңер колуңарга алып көргүлө.

Кимдин эле күйгүсү келсин! Ошентсе да алардын бири полдон алтын теңгени алып көрдү:

- Чыныгы алтын теңге экен! Эй, официант, шыпыргыңды апкелип, мынабу теңгелерди жыйна. Официант буйрукту аткарып, полдогу теңгелерди жыйнап, үстөлгө төктү. Тааныштарым үйүлүп калышты.

- Ого, биерде эки жүз миң иендей бар экен!

- Жок, жок андан көп. Үстөлдүн бышыктыгы ырас болду, болбосо көтөрө алмак эмес.

- Сөз жок, эң сонун өнөрдү үйрөнүпсүз. Көз ирмемде көмүрдү алтынга айлантуу...

- Мындай болсо, бир жума өтпөй Иваски же Мицуидей архимиллионер болуп чыга келесиз.

Көрүүчүлөр биринен бири өтүп, менин өнөрүмө суктанып атышты, мен креслого жөлөнө чылымымды түтөттүм.

- О, жок, эгерде мен бир эле жолу сыйкыр өнөрүн ачкөздүк максатта колдонсом, экинчи жолу эчтеме чыкпай калышы мүмкүн. Мынабу теңгелерди да... эгер көрүп бүтсөңөр аларды азыр эле отко кайра ыргытам.

Муну уккан тааныштарым сүйлөшүп алышкансып, каршы боло башташты.

- Ушунча байлыкты кайра көмүргө айлантуу барып турган аңкоолук, - дешти алар.

Бирок мен сөзүмдөн кайтпадым: теңгелерди Мисра-Кунга убада кылгандай кайра отко ыргытам. Бирок алардын ичинен бирөөсү, айтып жүрүшкөндөй эң митаамы мурдунан күлүп, мындай деди:

- Сиз буларды көмүргө айлантууну каалайсыз. А биз каалабайбыз. Минтип отурсак талашыбыз эч бүтпөйт. Мен мындай сунуш киргизем: биз менен карта ойноңуз! Бул теңгелер сиздики болсун. Утуп чыксаңыз - аларды эмне кылсаңыз өз эркиңиз. А эгер биз жеңсек, анда алтындар бүтүндөй биздики болот. Ошентип биздин талаш адилет чечилет!...

Мен баш чайкадым. Мени ынандыруу оңойго турбады. Ошондо менин таанышым ого бетер заардуу жылмайып, бир мага, бир тигилерге карады:

- Сиз теңгелерди бизге бергиңиз келбей атат. Дагы сыйкыр өнөрүн үйрөнүү үчүн өзүмдөгү ачкөздүк сезимди жеңип чыктым дейсиз! Сиздин эр жүрөк чечимиңиз шек туудурат, ушундай эмеспи!

- Ишениңиз. Мен сиздерден теңгелерди аяганымдан кайра отко ыргытам деген жерим жок...

Ар кимибиз өзүбүздүкүн жактап атып, акыры мени жарга такашты. Макул болууга туура келди. Албетте, баары катуу кубанышты. Кайдан-жайдан карта таап келишип, бурчтагы карта ойнолчу үстөлгө жыйналышты.

- Кана эмесе! Кана, тезирээк!

Адегенде оюнду көңүлсүнбөй баштадым. Демейде картадан жолум болбойт. Бирок негедир ушул кечте укмуштуудай жолум болуп атты. Он мүнөт өтпөй дүйнөнүн баарын унутуп, кумар оюнуна берилип кеттим. Шериктерим албетте, бул оюнду менин алтындарымды ээлеп калуу үчүн уюштурушту. Менден утула баштаган сайын алар акылдан адашкансып, кубарган жүздөрү менен мага каршы катуу чабуулга түштү. Алардын бардык аракети текке кете берди! Мен өзүмдө канча алтын болсо, дагы ошончону утуп алдым. Ошондо баягы кесепеттүү таанышым катуу ызаланып, алдыма картасын жайды:

- Мына, карта алып чыгыңыз. Мен болгон дүйнөмдү сайдым. Жерлерим, жылкы-уйларым, автомобиль баарын, баарын калтырбай! А сиз бүт алтыныңызды сайыңыз - мурункусун да, кийинкисин да! Албайсызбы!

Ушул көз ирмемде менде ачкөздүк сезими дүрт этти. Эгер азыр балээ басып утулуп калсам, анда ага өзүмдүкү аз келгенсип, утуп алган алтынымды да беришим керек экен да? Бирок эгер утуп алсам, анда таанышымдын бүт байлыгы дароо менин колума өтөт. Ушундайда жардамга келбеген сыйкырдын кимге кереги бар!

Ушинтип ойлогон жаным өзүмдү кармай албай, жашыруун сыйкырымды колдондум да, макул болгон түр көрсөттүм:

- Мен макулмун. Картаны сиз биринчи алып чыгыңыз!

- Тогуздук.

- Король! - шаңдуу унчугуп, картамды өлөрчө кубарган каршылашыма көрсөттүм.

Бирок ошол эле көз ирмемде о, шумдук! - картадагы король тирүү сымал таажылуу башын көтөрүп, картадан белине чейин суурулуп чыкты. Колундагы кылычын көтөргөн ал каардуу жылмайды:

- Чоң эне! Чоң эне! Конок үйүнө кайтат экен. Ага жай даярдоонун кереги жок, - деген тааныш үн жаңырды.

Ошол замат эмнеден экендиги белгисиз сырттагы жамгыр Оморинин бамбуктуу токоюна катуулап жаай баштады. Мен капыстан өзүмө келдим. Айланама карадым. Мурункудай эле Мисра-Кундун каршысында отурам, ал болсо керосин чырактын жарыгында, дал картадагы королдой жылмайып турат.

Колумдагы чылымдын күлү да түшө элек экен. Мага бир ай өткөндөй сезилди, а мен чынында бар болгону эки-үч мүнөткө созулган түш көрдүм. Бирок ушул кыска убакыт ичинде экөөбүз тең Хассан-хандын сыйкыр өнөрүнүн сырларын үйрөнүүгө татыксыз адам экенибизди түшүндүк.

Уялганымдан башымды төмөн салып, үн катпадым.

- Менден сыйкыр өнөрүн үйрөнүүдөн мурда адам өзүн тарбиялашы керек. Бирок жадагалса ушул жападан-жалгыз шарт да сизге оордук кылды, - деп өкүнгөн түр менен мени жумшак жемелеген Мисра-Кун чекелери кызыл гүл менен саймаланган дасторкон жабылган эски үстөлгө колун койду.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз