Жаныбек Маданбек: Кем кылса да тагдырым эки колду...

  • 16.04.2021
  • 4105

*     *     *

Жараткан өлчөп-бычкан тирдигимди,
Жарыктан сурасаңар кимдигимди –
«Жаны бек болсо экен» деп “барс жылы”,
Жаз энем кескен экен киндигимди.  

Эңсесем да чоңоюп-чочоюуну,
Эп көрбөймүн какайып-кокоюуну.
Эрте туулуп кеч калган мен Жаныбек,
Элим – кыргыз, уруум – бугу. Токой уулу.  

Бак сынап, бутка калем мен кармаймын,
Басынып бул турмуштан кем калбаймын.
Баласы болуп калам бешинчи урпак,
Бармагы жок, баатыр жотом эр Балбайдын.  

Кем кылса да тагдырым эки колду,
Келе жатам айра таанып тетир-оңду.
Керек болсо көрсөтүп бераламын,
Келечекке бутумдагы дипиломду!  

ТИЛ ТУУРАЛУУ ДИЛ КАЙРЫК

Тилим сактап, кылым аттап келдим мен.
Тилсиз, дилсиз бак-таалайы элдин кем.
Тили – комуз, ыры – «Манас», салты – ыйбаа...
Тирүү улут – ак калпагым мен кийген.  

Тибим  кыргыз, түрүм  киши тил менен.
Тилим – ырыс, тирек күтөм, тирденем.
Түш көрсөм да, түшүркөсөм, чочусам
Түшүнүктүү өз тилимде сүйлөнөм.  

Эне тилдин эмнелигин сезбесең,
Эли бөтөн барчы башка жерге сен.
Айта албай же уга албай ыр-жомок,
Ачына албай аш ичесиң тердесең...  

Отурасың бары-жогун жатыркап,
Оозуң ашка жетсе дагы ачыркап.
Ойлоруңду жорголото албайсың,
Орто жолдо калган аттай ташыркап.  

Тил дегениң – теңтайлашчу элдигиң,
Тирмел жашап тың сүйлөөчү эрдигиң.
Тирчиликте аксак-чолок болгондон,
Тим эле шор – тил кесилген кемдигиң.  

Адам болуп төрөлдүмбү, төрөлдүм.
Ак тилектин бешигине бөлөндүм.
Алдейлеген эне тилди унутуп,
Арсыз болуп келбейт менин жөн өлгүм.  

Аны унутсам тангандыгым тегимен.
Айрылганым, чангандыгым элимен.
Кангычакты сыр бөлүшүп сыйлашып,
Кантип чыгам жат төрүндө жеримен?  

Эне тилим – дил кубатым, мүрөгүм.
Эс-уятым, эркин соккон жүрөгүм.
Сенин тунук, ыйык эпос дайраңан,
Сезимимди суу ичирип жүрөмүн.  

Кыргыз тилим – түп белгиси генимдин.
Кызык, кымбат, күч бирдиги элимдин.
Кырааты ыр, ырааты сыр, ызаты сый билгенге
Кыргыз болсоң кызыгына берилгин.  

Эне тили,  Манас тили кыргыздын.
Элесиндей Токтогулдун... Чыңгыздын.
Эпос жаттап, жомок угуп, ыр окуп,
Эли-жерди жүрөгүмө сыйгыздым!

2004-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз