Өз тагдырын өзү жасаган эрен - II

  • 08.10.2023
  • 4888

Рубен Давид Гонсалес Гальего. Испания элдеринин Коммунисттик партиясынын баш катчысынын небереси. Жазуучу жана журналист. Москвада туулган. Рубен Гальего майып төрөлгөн, диагнозу - балдардын церебралдык шал оорусу. Таятасы КПСС БКга кайрылып, майып төрөлгөн небересин тындым кылууну өтүнөт. Бирок Кремлде убагы келгенде Игнасио Галлегону буйладан тартып туруу үчүн макул дешип, Рубенди аман сакташат. Ал эми апасына уулуң чарчап калды деп айтылат. Тагдырдын буйругу экен, Рубен Гальего апасы менен 33 жылдан кийин табышат.

Маектин башы>>>>>

- Мен эмгектеп жыла алчумун. Бул эң башкысы. Бул эң, эң башкысы, Амирбек. Сен эмгектеп жыла аласыңбы же эмгектеп жыла албайсыңбы, бул чек ара. Абдан маанилүү чек ара. Биз майып адамдын колу жок экенин көрсөк, аны бечара деп аяйбыз. Бирок чек ара аерден өтпөйт. Бир колуң жок жашоо мүмкүн, эки колуң жок жашоо мүмкүн, эгерде бутуң менен жыла алсаң. Буттарың менен бардык ишти жасоо мүмкүн. Эгер мен биртике алсызыраак болсом, жашай алмак эмесмин. Эгер мен бир аз күчтүүрөөк болсом, аябай жакшы жашамакмын. А мен кантип тирүү калдым? Мен эмгектеп жыла алчумун. Бул биринчиси. Экинчиден, кандай гана социумда болбосун, кишинин орду эки кол жана эки бут менен гана аныкталбайт. Албетте, кишинин башы менен аныкталат.

- Сага баарынан да башың көп жардам берди деп ойлогом...

- Ооба, башым жардам бермек... Бирок сени муздак суудан чыгарып, полго жаткырганда (бизди февраль айында муздак сууда жуундурушчу), сен сойлоп жылып кетсең, тулку боюң аракеттенип жатып, жаманбы-жакшыбы, ысыйсың, жашап кеткенге мүмкүнчүлүгүң болот. Сен боортоктоп жыла албасаң, бүттү, өлүшүң мүмкүн.

Эгер сен менин экинчи китебимди окучу болсоң, анда Миша деген каарман бар. Миша амал-айла менен аны өз адамдары жуунтканга жетишет. Антпесе өлүп тынмак. Себеби, сени нянялар жуунтуп-киринтсе, алар сениваннадан чыгарып, полго таштап коюшат. Сен андан ары өзүң боортоктоп кетесиң. Бизди киринтүү үчүн няняларга ар бир киринтилген балага кошумча дагы 60 тыйын төлөнгөн. Ошондуктан нянялар жан талашып, көбүрөк баланы жуунтканга далбас урушкан. Ошого бизди муздак сууга бир бышып чыгарып, дене боюбузду жууп-жуубастан чала-була чайкап, полго коё салышчу. Биз өзүбүз эмгектеп, жатаканага жөнөйбүз. Ооба, балдар үйүндө мен такай оорудум, бирок деним сак болгонум үчүн аман калдым. Ырас, менин деним соо болгон үчүн, мага өлбөй жашап кетүү менталдык жактан жеңил болгон.

- Тарбиячылар менен мугалимдердин айтышынча, сен балдар үйүндөгү китептердин бирин калтырбай кайра-кайра окуп чыккан экенсиң. Сага кайсы китеп күчтүү таасир этти? Тагыраак айтканда, жашоодо жардамдашты? Жек Лондондун “Мартин Иден” романы эмеспи?

- Жок. Мага ал кезде Мартин Иден акылы жок кеңкелестей, а китеп – кишини зериктирме, кызыксыздай көрүнгөн. Бүгүн антип эсептебеймин. Мен “Мартин Иден” романын окуганда бала экенмин. Мага америкалык жазуучунун “Өмүр кызык” (орусча аталашы “Любовь к жизни”) аңгемеси жакчу. Себеби, алтын издеген баш каарман боортоктоп жылат, мен да боортоктоп жылам. Мен боорум менен жылып баратып, ичимден “Мен Биллинин сөөктөрүн шимибеймин” деп айтчумун. Бул менин портретим эле. Мага Жек Лондон жакчу. “Өмүр кызык” - мен окуган чыгармалардын эң улуусу. Ал эми ошол кездеги Рубенсти түшүнүү үчүн азыр “Мартин Иденди” окуу керек, албетте.

- Рубен, эң сүйүктүү үч китебиңди жана жазуучуңду атачы?

- Андай болбойт да, андай болбойт да.

- Макулмун. Менин да жакшы көргөн китептерим үчтөн алда канча көп. Бирок сен аракет кылып көр?

- Жек Лондондун “Өмүр кызык” аңгемеси, Даниель Кизанын “Элжернонго арналган гүлдөрү” (илимий-фантастикалык аңгеме орус тилинде “Цветы для Элжернона” деп аталат) жана Ганс Кристиан Андерсондун “Өңү серт балапан өрдөгү” (орус тилинде “Гадкий утенок”).

- Астрид Лингрендин Чатырдагы Карлсон (Карлсон, который живет на крыше) чыгармасычы?

- “Чатырда жашаган Карлсон”? Мен бул китеп менен окуганды үйрөнгөнмүн. Ал өзүнчө кызык окуя. Мен анда беш жашта болчумун. Геньканын жанына сойлоп барып: “Генька, мени окуганды үйрөтчү?”- деп сурандым. Ал мага: “Сен бөбөксүң! Сага эрте!” – деп айтты. “Тигинде китеп турбайбы,” - деп анын жанындагы китепти сөөмөйүм менен көрсөттүм. “Бул китеп дал сен үчүн. Келе, биринчи тамганы оку,” – деди. Мен “А” дедим, экинчи тамга дегенде “с” дедим... Акырында Астрид Линдгрен болду. Бул өмүрүмдө окуган биринчи сөзүм менин. Ошондо мен орус тили кандай татаал, аны окуганды үйрөнүү кандай кыйын деп ойлодум. Б.а., Астрид Линдгрен – биринчи жолу окуган сөзүм. Ошого Астрад Лингрид деген сөздү жаттап алып, кийин башка сөздөрдү окуганды үйрөндүм. Ошентип, “Чатырда жашаган Карлсон” мен өз өмүрүмдө окуган алгачкы китеп болуп калды. Ырас, мен да Кичинекей Карлсон мага келүүсүн кааладым. Менин экинчи китебимди окусаң, эмнеге Карлсон келбегенин билесиң. Себеби, чет өлкөдө жашачу ал. Менин китебимде “Аларда ракетасы бар эмеспи. Ал учуп бараткан, аны атып түшүрүшкөн” деп айтылат. Алар кимдер экени түшүнүктүү да? Ушул тамаша мага Карлсондун келбегени жөнүндө.

- Рубен, сенин балдар үйүндөгү досуң Саша абдан эрки күчтүү инсан. Сашанын апасы да турмушта чанда кездешчү айкөл аял. Сен азыр да алар менен кабарлашып турасыңбы?

- Шүгүр, аял жана Саша азыр тирүү. Аял баспай калып, жакында аны операция кылышты. Азыр эч кимдин жардамсыз өзү басат. Жашы сексенде. Сашаны карайт, кам көрөт. Ал өлө албайт, себеби Саша бар, Саша да өлө албайт, себеби Ал бар. Бул абдан кайраттуу аял. Ал менин тарыхымды укканда “Акмак! Акмак!” деп зарлады. Мени бала кылып, асырап алгысы келди. Ал мурдакы Ленинград шаарынын Волхов райондук соода бөлүмүн жетектечү. А мен Испания коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсүнүн небереси элем. Мени бала кылып, багып алуусуна эмне үчүн уруксат беришпеди? Сен анын себебин билесиңби? Райондун деңгээли жана Борбордук комитеттин деңгээли. Тараптардын даражасы тең болбогону үчүн уруксат беришпеди. Партноменклатурадагы адамдардын баары иерархиянын кулдары эле. Иерархия! Ал элитадан же нарктуу үй-бүлөдөн, а мен кара тамандардан элем. Мен балдар үйүндө жүргөндө Игнасио Гальегону телевизордон көрсөтүшкөндө, “Тиги сенин чоң атаңбы?” деп сурашчу менден. “Менин чоң атам болсо, мен буерде көк сорпо ичип отурмак эмесмин”,- деп жооп берчү элем. Балдар мени шылдыңдап күлүшчү.

Гальего, саяк, чоочун, жолоочу

- Сен ал кезде таятаң ким экенин билчүсүңбү?

- Жок, кайдан билейин!? Гальего – бул фамилия эмес. Деген себебим, менин апам Аргентинада болгондо, андан “Сенин текатың ким?” деп сурашат. “Гальего” деп айтса, “Түшүнүктүү, баары гальего. Сенин фамилияң ким?” деп кайра такып сурашат.

Аргентинада “гальего” деп, саяк адамды айтышат. Гальего, демек, чоочун, жолоочулап келген кимдир-бирөө. Анткени, Галициядан көп адамдар Аргентинага эмиграцияга келген. Ошондуктан, “гальего” дегендин дагы бир мааниси – келгин, чоочун же Галициянын тургуну.

Менин Испанияга келгенимди гезиттер жазышканда, Рубен Давид Гальего деп жазышты. Мунусу таң каларлык иш болду. Ушинтип испаниялык адам менин аты-жөнүмдү Максим Горький, Демьян Бедный дегендей окуйт. Ал эми Рубен деген ысым көп улуттурда жолугат жана Испанияда - Хосе, Англияда - Жон, Орусияда - Иван, Германияда - Фриц деген ысымдардай эле кеңири жайылган. Мен ушундай жол менен элге таанылдым. Бул тамашаны испан тилдүү элдер гана түшүнүшөт.

- Китепте Сашадан башка Сергей, Генка, Хамид да өтө кыйын уландар. Балдар үйүндө жүүнү бош балдар да бар беле? Эгер болсо, эмнеге алар жөнүндө жазган жоксуң?

- Мен жеңиш жөнүндө гана жазам. Жеңиш жөнүндө. Дайыма жеңиш жөнүндө. Мен сага мындай деп айтат элем: Миша каза болгондон кийин ашканага бара баштаганымда, өмүрүмдөгү эң коркунучтуу нерсени көрдүм. Карылар үйүндөгү ашканада ал жердеги элдин баары тамактанчу жана согуш ардагерлеринде сөөк алганга укуктары бар эле. Шорпо бышырганда эти жок сөөк калат эмеспи. Көкүрөгүндө орден жана медалдары тагылган ардагерлер сөөк алуу үчүн ашкананын дарчасына жулунушчу. Сөөктөр жана эти жок жиликтер иттерге берилгенин сен билет эмессиңби?

- Ооба.

- Бир да кыргыз эти жок сөөктү кажыбайт да. Жек Лондондун “Жашоо кумары” деген аңгемесиндеги каармандын “Мен Биллинин сөөгүн кажыбаймын” дегени эсиңде болсо керек? Бул ошого окшогон окуя. Согуш ардагерлери жанагы сөөктөрдү талашып, кандай мушташканын, аларга сөөктөрдү кантип беришкенин өз көзүм менен көрдүм. Ардагерлерге мындай мамиле жасашса, мага кандай мамиле кылышы керек эле? Мына ошондуктан жеңиш жөнүндө гана жазам. Мен адамдар кантип жыгылганын көргөм, бирок анын эч кимге кызыгы жок. Жыгылуу, жеңил жыгылуу мүмкүн, бирок мен жеңиш жөнүндө гана жаздым.

- Рубен, жогорку суроону эмне үчүн бердим, билесиңби? Себеби, романдагы каармандарың кайталангыс адамдар.

- Ал түшүнүктүү. Мен алардын образын мозаикадай чогултканмын. Жакшы образ жаратканмын.

- Эрки жок, кайратсыз адамдар тууралуу жазчу болсоң, аларды кандай кылып көрсөтмөксүң?

- Жок, жок! Андай каармандар сага кызыксыз болмок. Андай китеп эч кимди кызыктырмак да эмес, окулмак да эмес.

Мен! Эмнеге мен?

- Сен китепте “Мен” деген ат атоочу өтө көп колдоносуң? Эмне үчүн?

- Мектепте немис тил мугалими бар эле. Ал жөнүндө “Белое на черном” китебинде мен жазгам. Баары аны артынан шылдыңдап күлүшчү. Мен сага айтпадым беле, бизди балдар үйүндө кадыресе мектепке жумушка алынбаган мугалимдер окутушканын. Алар кандайдыр бир жүйөлөрдөн улам совет өкмөтүн жек көрүшкөн жана ал үчүн түрмөдө отуруп чыгышкан тагдыры түркүн адамдар эле. Ал сабак учурунда канча мертебе “мен” деген сөздү колдонорун өзүбүзчө боолгогонго аракет кылар элек. Ал бир мертебе “мен” деп кырк жолу айтты. Ага бул тууралуу айтсак: “Балдар, силер элдин баары “биз” деп сүйлөгөн мамлекетте жашайсыңар. Мен жок дегенде бир жолу “мен” деп айткан адамды көрүүнү каалайм,” - деп жооп берди. Анын ошондо айткан береги сөзү дале жадымда. Себеби, “биз” деп айтканың эч нерсени билгизбейт. Эгер “биз” деп айтсаң, конкреттүү эч кимди айтпайсың. Ошондуктан “мен” деп жазуудамын.

- Кээ учурда бейтарап, нейтрал болуу да эч нерсени билгизбейт...

- Ооба! Бул жолду ким оңдойт? Биз! Мына, шаардагы жолдун абалын карачы!

- Баса, совет түзүлүшүнө сенин мамилең кандай?

- Сен таң каласың. Жакшы. Абдан жакшы. Чын айтамын. Анткени, мени эмес, буту жок адамдарды алсак, совет заманында аларды кайсы бир кесипке даярдаган атайын техникумдар болгон. Алсак, андай техникумда телевизор оңдогонду үйрөтчү. Бул кесипке ээ болсоң, ачка калбайт элең. Согуштан кийин майып балдар көп болгондуктан, аларды кайсы кесипке окутсак деп ойлонушкан. Аларды техникумда окутушуп, эмгекке даярдашкан. Буту жок балага учакты кантип мингенди окутпайсың. Андай баланы тиричиликке керектүү электрониканы, микросхемаларды оңдогонду үйрөтөсүң да. Же бухалтердик кесипти окутушкан. Техникумду бүткөн соң, сенин кесибиң бар болот. Окуунун баары бекер. Азыр сураштырсам, Орусияда андай техникумдар калбаптыр. Жок. Экинчи жактан алганда, мен совет заманында балдар үйүнө туш келдим. Азыр мен психоневрологиялык интернатта (кыскача, ПНИ) жатмакмын. Бүгүнкү Орусияда баспагандарды ПНИге жаткырышат. ПНИде сени окутпайт, ПНИде китеп жок. Китебиң жок жашың отузга толот. ПНИде сага же жазганды, же окуганды эч ким үйрөтпөйт. Азыркы абал ушундай.

Мен Советтер Союзун балдар үйүнөн чыккандан кийин алгач көргөнүмдө “Бул кандай сонун өлкө! - деп ойлодум. - Дүкөндөрдө нан толтура, томаттагы килька бар, күн караманын майы бар, картөшкө бар. Аларга, акмактарга дагы эмне керек?” Ошондо мага: “Сен баарын эле мактайсың. Деги сен кайдан түштүң?” – деп айтышты. “Коммунизмден келдим,” – дедим мен. Балдар үйүндө баары бекер болчу да. Бул эми тамаша сөз. Жалпылап айтканда, албетте, советтик системада мага жакшы болду. Анткени, бүгүн мурдакыдан жакшы деп ойлобойм. Мен сага минтип айтам. Кайсы коомдо ата-энесиз, колу-буту шал адам мен сыяктуу жашап кетет? Бул абдан татаал суроо. Бул философиялык суроо. Бул капитализм менен социализмдин эң жогорку суроосу. Мен сыяктуу адамдар бар, алар маал-маал төрөлөт. Мен жолдуу экенмин. Эгерде сага: “Сен тирүү болууң үчүн, сага жакшы, жакшы тамактарды беришет. Бирок сен китеп дегенди көрбөйсүң. Сен эмнени тандайсың?” – деп айтышса, сен эмнени тандамаксың?

- Билбейм... Балким, китепти тандамакмын...

- Сен түшүнөсүң да... Мени жакшы тамактандырышса, мен семиз болмокмун. Дурус. Балдар үйүндө элдин баары мага жардамдашып, мен үчүн баарын жасашсын дейли... Андай шартта өскөн Рубен азыр сени менен аңгемелешип отурган Рубендей болмок эмес. Арийне, мен Советтер Союзун сырттан баалай алам. Түз айтканда, бул такыр иштебеген система.

- Белое на черном романына 2003-жылы Орусиядагы кадыр-барктуу Русский Букер адабий сыйылыгы ыйгарылды. Орус жазуучусу Юз Алешовский сенин чыгармаң тууралуу “романдагы катаал чындык коомго таасир этүү жагынан Варлаам Шаламовдун “Колыма аңгемелерине” тең келет” деп жазды. Бүгүнгө чейин роман жыйырмадан көп тилге которулду. Сен ушундай ийгилик болот деп ойлодуң беле? Романга болгон мындай кызыгуу эмнеге байланыштуу деп ойлойсуң?

- Мындай ийгиликти күтпөгөм. Китептей китеп болот деп ойлогом. Себеби, сен китеп жазып, китебиң жарык көрсө, сени өлтүрүүгө болбосун мен билчүмүн. Орусияда ушундай эле. Сенин китебиң чыкса, сени өлтүрүү мүмкүн эмес, анткени, сен белгилүүсүң. Тамам. Мен чет өлкөгө барып, капитализмде жашап калганымда жанагы эреже ушуерде да иштейт деп ойлогон элем. Капитализмде жазган китебим коомго кереги жок адамдардын тагдыры жөнүндө эң катуу чаңырган китеп болуп чыга келди. Көрсө, алардын абалы бардык эле өлкөлөрдө бирдей экен. Кийин түрдүү өлкөлөргө барганымда, мага “Сен биз тууралуу жазыптырсың” деп айтышты. Италияда - Италия жөнүндө жазыпсың, Германияда - Германия жөнүндө жазыпсың деп айтышты. Белгилүү жазуучу болуп калгандан кийин, мен дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн кат алчу болдум. Менин айткан сөзүмө ишенесиңби: бардык жакта жагдай окшош.

Жорж Оруэллдин кечиккен китеби

- Сен майыптардын абалын айтып жатасыңбы же элдин абалынбы?

- Мен “майып” (инвалид) жакшы сөз деп эсептейм. Майып деген сөздү эмес, майыптарга болгон мамилени өзгөртүү зарыл. Түшүнөсүңбү, азыр “чал” деп айтканга болбойт. Бирок карылар үйлөрүндөгү абал ит ыйлагандай. Мейли, “чал” деген сөз болсун, мейли, “Чал жана деңиз” аттуу аңгеме да болсун. Хемингуэй береги аңгемедеги чалга боору ооруп, ага өз тилектеши тейде мамиле кылат. Эмне, сөздү алмаштырабызбы же реалдуулукту? Балдар үйүндө дени соо адамдар өлбөй тирүү калышты. Көпчүлүк өлкөлөрдөгү майыптар өздөрүн бүтүндөй эле менин китебимдеги каармандарым менен окшоштурушту. Эмне, сөздү алмаштырабызбы же реалдуулукту?

2003-жылы Жорж Оруэллдин “Менин бактылуу балалыгым” деген китеби жарык көргөн. Бул китепти мурда туугандары чыгартпай жүргөн. Сен аны окугандырсың. Сен өзү Оруэлл ким экенин билесиңби?

- Билбегендечи, албетте, билемин. Алтургай кылым башында Оруэллдин “Скотный двор” чыгармасын кыргызчага котороюн дегем. Бирок “Менин бактылуу балалыгымды окуган” эмесмин.

- Менин китебим басылгандан кийин, англиялыктар Оруэллдин “Менин бактылуу балалыгымын” аргасыздан чыгарышты. Ал өз китебинде Англиянын билим берүү системасын өлтүрө жиликтейт, болгонун болгондой сүрөттөп берет. Сен “Битлз” группасын билесиң го. Алар да Лондондун Оруэлл жазган балдар үйүнө үзбөй акча которуп, жардамдашып турушкан. Мына ошол балдар үйү 2006-жылы жабылган. Журналисттер жабылуу себебин билүү үчүн балдар үйүнө барышып, анын чоо-жайын изилдеп жүрүп, Англиядагы бардык балдар үйлөрүнүн арткы короосунун четинде мазар бар экенин жана каза болгон балдар ошол мазарга көмүлгөнүн аныкташат. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары кандай сезим менен жашаганын көз алдыңа элестетип көрчү эми. Оруэллдин береги чыгармасын окучу болсоң, маселенин маңызын түшүнөсүң. Менин китебим жарык көргөндөн кийин англис прессасы “Мындай китепти англиялык да жаза алмак. Бирок аны бир гана орустар жарыялай алмак” деп жазды. Ошол окуядан кийин менин китебимде жазылган көйгөйлөр бардык өлкөлөргө мүнөздүү экени айкын болду. 2006-жылы да эч кимге керексиз балдар бар эле. Менин китебим Орусия гана жөнүндө деп ойлобоо керек. Маселенин учугу мен теманы терең казгандыгымда. Кудукту терең казсаң, жердин астындагы бардык өзөндөрдүн сууларына жетесиң. Менин китебимди Вьетнамда үч жолу кайра басышты. Артык адамдар бар учурда, коомго керексиз адамдар бар учурда, өкүнүчкө карай, “Белое на черном” түбөлүктүү адабият бойдон кала берет. Сен мазмуну терең чыгарма жаратсаң, ал түбөлүккө калат. Мен андай болушун каалабайт элем. Тилекке каршы, азыр абал ушундай.

- Сен 2005-жылы экинчи китебиңди (“Сижу на берегу”), ал эми 2018-жылы үчүнчү китебиңди (“Вечный гость”) бүткөрдүң. Мен жээкте отурам романың 2019-жылы Европанын шахмат союзунун Алтын пешка сыйлыгына татыды. Экинчи чыгармаң чыгары менен испан тилине которулган экен. Ушул романыңдын окурмандар арасындагы ийгилиги кандай болду?

- Ийгилик чоң эмес. Себеби, эч ким ал китеп жөнүндө сүйлөгөндү каалабайт. Себеби, мендей жазуучуну өлтүргүсү келишет. Б.а., биринчи китеп дурус болсун дейли. Экинчи китепти жабуу керек. Себеби, непада экинчи китеп ийгиликтүү болсо, ал абдан эле таасирлүү жазуучуга айланат. Ушинтип, мен обол экинчи китепти жазып, андан соң биринчи китепти жазууну каалаганымды баары түшүнүштү. Эгер мен алгач экинчи китепти жазсам, анда биринчи китеп чыкмак эмес. Мен алгач биринчи китепти жаздым, ал жакшы кетти. Мен экинчи китеп жакшы кетпесин билип туруп жаздым, бирок ал китеп бар, эч жакка жоголбойт. Экинчи китепти баштан аяк окуп чыгуу үчүн абдан билимдүү болуу керек. Европада элдин баары билимдүү. Бирок мен окуган китептерди Европада билимдүүлөрдүн баары окубаптыр. Менден Италияда бир мертебе сурап жатышпайбы: “Сизге Европа коомунан изоляцияда жашап, жазуучу болуу оор болгон жокпу?”. Мен аларга: “Маселенин түйүнү эмнеде экенин билесиздерби? Менде окуу үчүн жүз жыл мурда чыккан гана китептер бар эле. Көз алдыңызга элестетиңизчи, өмүр бою жүз жылдык шарап ичип жүргөн адамды, “- дедим. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды сен түшүндүң да.

- Сен балдар үйүндө арак ичкенсиң да, ичпедим дегенде даамын татып көргөнсүң да. Азыр спирттик ичкиликтер менен мамилең кандай?

- Азыр ичкилик ичкен кызыксыз. Иче албаймын. Сен менин үйүмө келсең, экөөбүз ичебиз.

- Шарап ичебизби же аракпы?

- Эмне кааласаң. Китепти окусаң, эсиңде болсо керек. Саша: “Апа, арак алып кел,” - дейт. Апасы: “Сен Жаңы жылда арак ичкен жок элең,” - деп айтат. “Жаңы жыл ар жыл сайын болот. А Рубенди алты жыл көрбөдүм”, -деп жооп берет Саша апасына. Дегиниси, мен арак ичпесем, акылымдан айнымакмын. Бирок бул жөнүндө эч ким ачык айтпайт, албетте.

- Арак сага балдар үйүндө жардамдаштыбы же андан кийинби?

- Мен балдар үйүндө арак дегенди оозума албадым. Арак – балдар үйүндө социалдык карым-катнаш, тез байланыш түзүү. Орусия килейген өлкө. Сен поездде баратып, кимдир-бирөөнү жолуктурасың. Ошол боюнча аны менен башка жолукпайсың.

- Сенин жазганыңа караганда, балдар үйүндө сени менен бирге тарбияланган жана окуган балдардын арасынан математиктер, физиктер, биологдор чыгыптыр. Балким, акындар да чыгышы мүмкүн болчу деп жазасың сен романда. Сен ысымдарын атабаган балдар окумуштуу болуштубу же мыкты адис болуштубу?

- Алар - мыкты адистер. Окумуштуу демекчи... Италияда адамдар аңгемелешүү пинг понг сыяктуу ылдам жүргөнүн жакшы көрүшөт. Мен да аңгемелешүү тез болгонун жакшы көрөм. Менден: “Сиз бала чагыңызда эмнеге жетсем деп ниет кылдыңыз эле?”– деп сурашты бир жолугушууда. “Менин эки кабатуу үйүм, аялым, балдарым болсо, жумушка барсам деп тилегем.” Алар мени карап: “Сен эмне? Дагы бир Стивен Хокинг болмок,” - дешти. Алардын түшүнүгүндө акын - Хокингден чоң инсан. Италияда ушинтип түшүнүшөт.

- Ошондойбу?

- Ооба! Меникиндей интеллекти бар адам нормалдуу коомдо жашачу болсо, андан дагы бир Стивен Хокинг чыкмак жана ал узак жашамак. Бирок меникиндей жагдайда, асыресе, эч жакка чакырылбаган адамдан акын чыгары шексиз. Мени эч бир коомго киргизишкен жок. Мен интеллекти нормалдуу адаммын. Мендей адам акын болмок. Сиз аны столго чогуу отур деп чакырбайсыз, себеби ал сырттан караган адамга кандай көрүнгөнүңүздү сиздин бетиңизге айтмак. Эч ким өз ыктыяры менен жазуучулукка барбайт. Менин бул сөзүмө макул дегин. Бардык жактан куулган, элден бөлүнгөн чыныгы жазуучулардын эч кимге кереги жок. Ушундай жагдайда жанагы адам акынга айланат. Же андай адам сырттан караганда ийгиликтүүдөй көрүнүшү ыктымал, а иш жүзүндө ал өзүн ийгиликтүү деп эсептебейт, анын бүт жан дүйнөсү бактысыз.

- Сен 2002-2007-жылдары журналист ирети өтө активдүү иштеп, бир топ макалаларды жазган экенсиң. Кийин жазбай калыптырсың. Себеби эмне?

- Мени макала жазгын деп Наум Ним (жазуучу, журналист, педагог) сурады жана макала жазамбы деген суроо мен үчүн да кызык болду. Мурда эч качан жасап көрбөгөн ишти жасоонун өзү кызыктуу эмеспи. Мен түрдүү темаларга көңүл бурган бир нече макала жаздым. Ал макалаларга бүгүн дагы шилтеме жасап жүрүшөт. Бүгүн макала жазып бер деп менден эч ким сурабайт. Ошон үчүн макала жазбайм.

Мадрид, Фрайбург, Нью-Йорк, Ашкелон

- Рубен, сен 2001-жылы тагаларыңдын мекени Испанияга барып бир аз убакыт жашап, анан Германияга көчүп кетипсиң. Германиядан соң, катуу эңсеп жүргөн жайың АКШга жер которуп, ал жакта 2014-жылга чейин турупсуң. Акыр аягында жашоо үчүн Израилдин Ашкелон шаарын тандап алыпсың. Эмне үчүн?

- Тексте эмне деп жазылганы сенин эсиңдеби? Мен АКШда жашоону каалаган эмесмин. Мен АКШда өзүмө автоназия жасатууну каалагам. Сен санап өткөн өлкөлөр тууралуу дүңүнөн айтып берейин. Мени кууп чыгышты, себеби эч ким мени каалабады. Ашыкча көп билген жана ашыкча көп жобураган адамды эч ким жактырбайт, каалабайт. Анын үстүнө бардык эле өлкөлөрдө майыптар тууралуу ээн-эркин сүйлөй берген болбойт. Мен бул жагынан ылайыктуу адам эмесмин. Азыр мен картайдым. Элдин баары оозуна келгенди сүйлөйт. Эгерде мага кайсы бир басылма макала жазууну буйруса, улгайган адамдарга кайсы өлкөдө ким кандай мамиле жасаганын ийне жибине чейин жазып беремин. Мен жазган макалалардын кызыктуу бирөөсү жөнүндө сага айтып берейин азыр. Мен испан гезиттердин биринен мени макала жазып туруу үчүн кызматка аласасыңарбы деп сурасам, алабыз дешти. Мага гезитин спорттук колонкасына макала жазууну буйрушту. Мунусу мага катуу тийди. Бул жаман идея эле, анткени жазуучу менен араздашуу өтө жаман жөрөлгө. Ал макаланын маңызы мындай. Саясатчылар спортко кийлигишпөөсү керек, саясатчылар деги эле эч нерсеге кийлигишпөөгө тийиш. Мен интернетке кирип, 40 мүнөттө футбол эмне экенин, анын эрежесин, футболисттер топту кай тарапка тебиш керек экенин билдим. Анан 40 мүнөттө макаланы жазып салдым. Апам макаланы бир саатта испанчага которуп бүттү, гезиттин редакторлору макаланы жарым саат оңдошту. Макала өз мөөнөтүндө “Орус жылмаюсу” деген ат менен чыкты. Ал эми гезиттин биринчи бетинде Испаниянын президенти болууну каалаган саясатчынын сүрөтү басылган. Ал саясатчы, т.а., премьер-министр ошол күнү футболго барган экен. Менин жанагы гезиттеги карьерам ошону менен бүттү. Абдан жакшы макала эле. Макаланын маанисин элдин баары эле түшүнбөдү. Жыйынтыгында, Рубен футбол жөнүндөгү биринчи макаласы аркылуу Испаниянын премьер-министри менен араздашып калды. Мен футбол жөнүндө күн сайын жаза алам дедим, бирок мага: “Кереги жок. Боз улан, бизде цензура,”- деп айтышты. Ушинтип цензурадан өткөн жокмун.

- Испаниянын кайсы шаарында жашадың?

- Мадридде. Мени өлкөдөн айдап чыгышты. Себеби, “Сен Испаниянын карылар үйүнө жөнөтүлөсүң”, - деп мага эскертишти. Испаниянын карылар үйүндө менин майып арабамды оңдогонго акча беришпейт. Непада майып арабам сынып калса, мен майып арабам жок өлүп калмакмын. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Ошондуктан, биз ылдам чогулуп, Германияга жүрүп кеттик. Мен немис тилин мыктылап үйрөндүм, бүттү, эми эч жакка кетпейм деп ойлодум... Бешене экен, мага Фрайбург шаарынан Америкага кетүүгө туура келди... Анан Израилге көчүү керек болду.

- СенБелое на черном романында жазганыңа караганда, ДЦП менен ооруган адамдарга АКШда жакшы мамиле жасашат экен. Андай майыптарга Израилде мамиле кандай?

- Израил кичинекей өлкө. Америкада бардык нерсе сен ДЦП менен ооруганыңа же ДЦП менен оорубаганыңа байланыштуу эмес, маселе сенде акчаң бар же жок экенине байланыштуу. Аз да болсо айырмасын түшүндүң да. Израилде бир кыйла дурус. Мисалы, мен азыр келерки майып арабамды кайдан алам деп ойлонбойм. Анткени, кичинекей өлкөдө жашоо оңтойлуу. Абдан билимдүү өлкө, абдан кичинекей өлкө.

- Бирок кырдаал бир кыйла коогалуу эмеспи...

- Жок. Алда канча тынч. Маселе башкада. Израилде бир жаран бейажал өлсө, ал жөнүндө кээ бир гезиттер бир нече күн жазышат. Москвада же Нью-Йоркто кимдир бирөөнү өлтүрүп кетсе, ал жөнүндө гезиттер ар күнү жазышабы? Эгер жазчу болсо, гезит гезит болбой калбайбы!? Эгер киши колдуу болуп өлгөндөр тууралуу жазышчу болсо, гезиттин бардык беттери өлгөн кишилердин аты-жөнүнө толуп кетмек. Биз жашаган шаарда абдан эле коопсуз. Мен сага чындыкты айтуудамын.

- Израилде сага майып арабасы бар машине берилиптир. Бул өкмөттүн жардамыбы?

- Ооба, ооба. Албетте, майыптарга өкмөт тарабынан жардам берилет. Израиль абдан гумандуу мамлекет. Сага мындай бир нерсени айтайын. Германияда өз үйүндө же батиринде жашаган жаранга, ушу тапта (2021-жылдын март айында) медайым же эпчи бир күндө 9 мүнөткө эле келет. Израилде мен жалгыз өзүм жашачу болсом, менден тынбай кабар алышып, атүгүл мага жардамдашып, тейлеп турушмак. Анан мен жаш экенимди да унутпагын. Израилде жаш деген түшүнүк 40 жаш менен чектелбейт, дээрлик 70 жашка чейинкилер жаш деп саналат.

Ч. Айтматовдун Каранары - эркиндиктин символу

- Рубен, сен кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын окугансыңбы?

- Мен Чыңгыз Айтматовдун китептерин окугам. Ал абдан жакшы жазуучу. Атүгүл мен Ч. Айтматовду көптөгөн орус жазуучуларына салыштырганда жакшы көрөм. “Кылым карытар бир күн” романындагы эркиндикти сүйгөн төө - Каранар эч жадымдан өчпөйт. Бул атан төө менин символдорумдун бири. Ал дайыма үйдөн ай талаага качат. Ээсине “Кел, сага түйшүк кылбай бычып салалы”,- деп сунуш айтышканда, Эдигей жок деп, макул болбойт. Ушул төө, Каранар, меники болгонун азыр да каалайм. Каранар кишиге жалаң чыгаша алып келчү образ. Бирок ал эркин жашайт. Менин байкашымча, Эдигей эркин дүйнөдө туулуп, айдың талааны көргөн адам. Ал эркиндик эмне экенин түшүнөт. Ушул себептүү Айтматовдун Каранары мага аябай жагат, ал Жек Лондондун Ак азуусу сыяктуу эле эркиндиктин символу. Чыңгыз Айтматовдун Каранары Жек Лондондун Ак азуусунун деңгээлиндеги окшош образдар.

- Сага Чыңгыз Айтматов жазуучу катары дагы эмнеси менен кызыктуу?

- Менимче, Советтер Союзунун ар бир республикасында жазуучулар бар экенин айтуу үчүн кызыктуу деп ойлойм. Мисалы, союздук республикалардын жазуучуларына Москвадагы жазуучуларга караганда чындыкты көп айтканга мүмкүндүк берилген. Москвадан алыста чындыкты көбүрөк сүйлөөгө мүмкүн болгон. Чыңгыз Айтматов мага ушунусу менен жаккан.

- Бирок андай укугун бардык эле жазуучулар пайдаланган эмес...

- Түшүнүктүү да... Кыргызстанда экинчи, үчүнчү жазуучу менен эмне кылышканы. Бир жазуучуга уруксат берилген. Мен, мисалы, Юрий Рытхэу менен салыштырат элем. Жакшы жазуучу, жалгыз. Москвадан жалгыз гана жазуучуга уруксат болгон. Мына, ошол жазуучу. Эгерде уруксат берилсе, сени өлтүрүп коюшпайт. Эгерде өлтүрүшпөсө, демек чындыкты жазганга уруксат беришти. Мына эркиндик ушундай.

- Акыркы суроо. Кишинин максаты жана пландары өмүр бою өзгөрүп турат. Келечекте сенин кандай пландарың бар?

- Эч кандай! Көп адамдар болочокку пландарын айткандан коркушат, а мен коркпоймун. Мен өзүмдүн эң мыкты деген эмгектеримди жасадым. “Эң жакшы китебим жазыла элек” дешет кээ бирөөлөр. Бул – келесоолук. Мен өз өмүрүмдөгү эң ажайып иштерди жасадым. Азыркы менин планым - мындан ары жашоо, бүттү. Башка эч кандай планым жок. Менин кызым аутист. Мен кызым жана үй-бүлөм менен дагы узак жылдар жашаганды тилеймин.

- Сен балдар үйүндө тилек кылган мүдөө-максатыма жеттим деп айта аласыңбы?

- Мен балдар үйүндө эңсеген максатымдан да көп нерсеге жеттим. Бир кыйла көп. Амирбек, кыялымда жетпейм деп ойлогон нерсе да ишке ашты. Мен Сенкевичти көрдүм. Сен Сенкевичти билесиңби?

- Юрий Сенкевичпи?

- Юрий Сенкевич. Мен Ю. Сенкевич мухиттер аркылуу Норвегияга сүзүп барган салды көрдүм. “Атлантика аркылуу “Pa” менен“ деген китепти окуган чагымда, мухит аркылуу сал менен сүзгөн адамдарды жана ошол салды көрсөм деп тилеген болчумун. Мен өз адамдарым аркылуу Сенкевич менен таанышкым келгенин айтып жиберген элем. Мен белгилүү жазуучу болгонумдан кийин, Сенкевичтин киногруппасы мага абдан мээримдүү кат жолдошуп, анын китебин белекке беришти. “Эгерде Юрий биз менен болгондо, ал да ушу китепти белек кылмак,” - деп айтышты. Нукура достук маанайда жазылган кат. Ошондо тиги салды өз көзүм менен көрдүм. Ага дейре сал менен мухит аркылуу сүзгөн адамдарды акылынан айныган немелер деп ойлогом. Азыр мен аларды такыр эле акылынан айныгандар деп айта алам. Көз алдыңа жалгыз кишилик төрт керебетти, анын бетинде жука жайылган саманды элестетчи. Алар ошол сал менен мухитти сүзүп өтүшкөн. Мен ушул реликти көрдүм. Мен Швецияда Васа музейинде болдум.

Балдарга китеп окутуунун айласы

- Миллиондогон адамдарга салыштырганда оор жагдайда өлбөй жашоо тажрыйбасы бар адамдын пикирин билүү ким үчүн да болсо кызыктуу го. Сен, Рубен, өз досторуңа кайсы китептерди окууну сунуш этмексиң?

- “Рубен, балдарга кайсы китептерди окуталы? Сен бизге кеңеш берчи?”- дешип, мага көп эле кайрылышат. Мен: “Жакшы китептерди колуңуздан келишинче көп чогултуп, шкафка салып, эшигин кулпулап, ачкычын катып коюңуздар. Сиздин балаңыз ачкычты таап, сизге билгизбей шкафты ачып, өзүнө керектүү китепти таап алат. Бирок үйүңүздөгү китептер кадимки мукабалуу кагаз китептер болсун,” – деп айтам. Эмне үчүн? Биз мектепте адабияттан эмдөө алганбыз. Сага адабий чыгарманы учкай түшүндүргөндө, сен эмдөө аласың жана эрезеге жеткенде, көркөм адабият окубайсың. Көркөм адабиятты университеттин филология факультетинен башка жерде окутпайт. Дагы бир жакшы кеңешим бар. Көп адамдар балдарыбыз китеп окубайт деп даттанышат. Бала кичинекей чагында, ага китепти сен өзүң окуп берүүң керек. Ал окуганды үйрөнгөндөн кийин да ага китеп окуп бергениңди токтотпо. Эч качан сен өзүң окуй аласың деп айтпа. Сен ата-эне кезиңде, балаңа китепти окуп бере аласың. Балаң беш жашта экенде, балаң он жашта экенинде... Сен жетимиш же сексен жашка чыкканыңда, балаң кырк же элүү жашта болот. Сен картайдың, мына ошондо небереңе: “Мага мына бул китепти окуп берчи, айланайын,” - деп айтсаң болот. Ошондо неберелериңдин эч бирөөсү сага китеп окуп бергенден баш тартпайт. Эгер өзүңдү жакшы атамын деп билсең, балдарың же неберелериң менен чогуу китеп окуганды эч качан токтотпо. Эгер “Cен окуй аласың, өзүң оку” дечү болсоң, балдарың же неберелериң көп нерсени жоготушат, маанилүү нерселерди көз жаздымында калтырышат. Ушундай акылмандык бар.

 Мага Вьетнамдан адамдар атайын келишкен, мен эч жакка барбадым. Сөз төркүнүн азыр түшүндүрөм. Жюль Верн жаш кезинде саякат кылсам деп көп кыялданган. Ал саякат кылам деп, үйүнөн качып кетет. Аны кармап алып, сабап салышат. Жюль Верн китеп жаза баштаган кезде, дүйнөдөгү бардык саякатчылар аны менен жолугушууга келишкен. Мен ушу тапта Жюль Верн сыяктуу адамдар дүйнөн ар кайсы бурчунда кандай жашаганын билем. Мен саякаттадым, адамдар да мага саякат куруп келишет.

- Перудан да келиштиби?

- Жок. Мен Мадридде жашап жүрүп, Латын Американын дээрлик бардык өлкөлөрүнөн келген эмигранттарды көрдүм. Алар менен көп баарлаштым. Адам менен сүйлөшө билүү – баа жеткис сыйлык. Сен сүйлөшүп жатып, киши кандай жашаганын билесиң. Алар сени менен купуя сырларын жана турмуштук тажрыйбаларын бөлүшөт. Латын Америка өлкөлөрүндө сен жазуучу болсоң, сени абдан акылдуу деп эсептешет. Чындыгында, андай эмес, бирок көп адамдар ушундай деп ойлошот. Ошондуктан, алар сени менен сыр жашырбай, чын дилден сүйлөшөт.

- Сенин окурмандарыңдын эң кызыктуу жана эң күтүүсүз суроолору эсиңдеби?

- Мен андай суроолорду издейм, күтөм. Мен өтө көп жашадым, мен өтө көп суроо бердим, мага да суроо көп берилди. Мага кандай кызыктуу суроо берилди. Бир ирет Италияда лекция окуп жатсам, бир эркек ордунан туруп: “Арабада уулум отурат. Ал не жазганды, не окуганды билбейт. Ал бизди тааныбайт. Ал сизге окшош эмес. Мен эмне кылуум керек?”- деп сурады. Мен тиги адамга: “Сизде тамак-ашыңыз бар эмеспи. Балаңызга тамактын эң мыктысын бериңиз. Сизде музыкаңыз бар. Ага эң мыкты музыканы уктуруңуз. Сизде шараптарыңыз бар, ага даамы эң мыкты шарап бериңиз. Ага эң мыкты дегениңиздин баарын бериңиз. Себеби, мага кайсы бир нерсе берилбесе, - кылмыш эмес. Анткени мен өзүм барып, тартып алам. Мен өзүмдү өзүм коргой алам. Ал эми сиздин уулуңуз тейдеги адамдар өзүн өзү коргой алышпайт,”- деп жооп бердим. Азыр сенин сурооңо жооп берген соң, кимдир-бирөө менден өтө улгайган адам менен эмне кылуу керек деп сураса, жанагы эле жоопту угат. Карыяга сизде бар нерсенин эң жакшысын бериңиз.

Мен азыр орто курактагы абдан жалгыз адаммын. Мен узак жашаймын. Менде баары жакшы болот. Кандай болбосун адамдык нарк-насилиңди сактап жашооң керек. Менин бүт тулку боюм ооруйт. Сен азыр мени менен сүйлөшүп отуруп, менин кайсы жерим ооруп жатканын көрбөйсүң да. Сен менин каадаактап отурганымды көрүүдөсүң. Анан мындай нерсе бар. Адам китепти окушу мүмкүн. Ал мени менен таанышууну каалашы ыктымал. Андай учурлар болгон. Ошон үчүн узак жашоо керек. Жазуучу негизинен узак жашоосу абзел.

- Чоң рахмат! Узак жаша!

Амирбек АЗАМ уулу

Гейтесберг шаары, АКШ

2021-жыл, апрель айы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз