Кош болуңуз, кыргыз маданиятынын патриархы

  • 26.04.2021
  • 2987

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду  Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси,  кыргыз маданиятынын патриархы, даңазалуу инсан Бексултан Жакиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу  жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын билдирет.

Бексултан Жакиевдин  көзү өтсө да  “Атанын тагдыры”  пьесасы баш болгон  ондогон  чыгармалары, публицистикалык макалалары, ой-толгоолору кыргыз адабияты менен маданиятынын казынасын толтуруп, кылымдан кылымга баалуу мурас катары жашай берери айныгыс чындык.

Бексултан агабыздын  улуу “Манас”эпосун жайылтуудагы, даңазалоодогу  калемгер катары да, мекенчил инсан катары да сиңирген эмгеги  ат көтөргүс экени баарыбызга белгилүү. Биздин Фонд демилгелеген  “Сүрөттүү Манас” инновациялык  багыттагы китептин  текстин даярдап бериңиз деген биздин сунушка да жок дебей, кабыл алып  бул улуу  эпостун  кысылган вариантын  чоң машакат эмгек менен  жазып берди. Кыска-нуска сөздөрдүн үстүндө талбай көп иштеди.  Аталган китеп үчүн калем акысын алуунун ордуна  “Мен “Манастын” китебин жаратууда акча алып байыбай эле койдум, ар бир кыргыз Манасты таанып, туу тутса, менин акым ошол!” деп айтканыңыз эсибизде.  “Сүрөттүү Манас”  сиз менен Фонддун  тыгыз кызматташып, биргеликте чыгарган мыкты  китеби болду.

Бексултан агай бүгүнкү көйгөйү көп  опурталдуу заманда  интеллигенциянын  үнү  угулбай калганына  абдан  зээни кейип,  намыстанып жүрдү. Ден соолугунан улам  көп  маселелерге өз убагында  нускалуу кебин айта албай калганына жаны жанчылды. Ушундайда  Б.Жакиевге окшогон кыраакы, калыс  инсандарыбыздын үнү абдан маанилүү эле да.  Бирок  ал акыркы жылдары коомдогу жүрөк өйүгөн көйгөйлөргө өзүнүн  оюн, пикирин үзбөй айтып,   кайсы маселе болбосун  позициясын ачык билдиргенге үлгүрдү.   

Бексултан агайдын өзү өлсө да сөзү өлбөйт. Сиз миңдеген окурмандарыңыздын жүрөгүндө түбөлүккө кала бересиз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз