Гүлжан Каражанова: Миграция жана аялзат тагдыры

  • 29.04.2021
  • 3642

Аял – эне, аял – жар,аял – кыз. Тирүүлүктүн көчүн улаган дагы аял. “Аялзат тагдыры – Ата журт тагдыры” деген учкул сөз бекеринен айтылбаса керек. Адамзат тарыхында аялзатынын коомдогу орду эне, аял, кыз катары белгиленген. Илим аялзатын өмүр бою изилдеп, бирок бардык сырын ача алган эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон сакталып келет. Ошону менен бирге аялдардын эркектер сыяктуу эле коомдогу укугу дагы иликтөөгө алынган, тынбай көтөрүлүп келаткан темалардын бири. Бирок качан гана аялдар өздөрү, аялдар кыймылдары күрөшө баштагандан тартып, аял укуктары жөнүндөгү маселе курч коюла баштаган жана бул оңойго турбаган.

Аялдар кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Мэри Воллстонекрафт. Ал ошол маалдагы Англиянын бардык катмарындагы аялдардын укуксуз абалын талдап чыгып, “Аялдардын укуктарын коргоо” китебин 1792-жылы жарыкка чыгарган. Ошол эле доорго таандык дагы бир китеп Францияда 1791-жылы жарыяланган жазуучу Олимпия де Гуждун “Аялдардын жана жарандардын укуктарынын декларациясы” деп аталган. Бул жазуучу айымдын көз карашында аялдардын жарандык эркиндикке ээлиги жана мамлекеттин ишин башкарууда жөндөмдүүлүгү эркектен кем эместиги даана айтылган. Бул китеби үчүн авторду өлүм жазасы менен жазалашкан.

Кыргыз элинин көчмөн күнүмдүк тиричилигинде коломто ээси, бала тарбиялоочу катары турмуш-тиричиликтин бардык оор жүгү аялга жүктөлгөн. Деген менен жоокер мүнөз, эркиндикти сүйгөн көчмөн элден даанышман, акылзаада журт энеси, баатыр кыздар бар экени оозеки чыгармаларда, тарыхый жазууларда таасын белгиленген. Каныкейдей акылдуулар, Айчүрөктөй сулуулар, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай баатырлар болгон. “Алай ханышасы” атыккан Курманжан Даткадай эл башчылары, Бурулчадай, Ак Шербеттей өткүр акындардын жолун улаган кыз-келиндердин саны мезгил өткөн сайын арбып барат.

Муну менен өлкөдө аял укугу корголуп, өнүгүп-өсүп кетти дегенге болбостур. Аялдарга карата теңсиздик, зордук-зомбулук, укук бузуулар четтен саналат. Күн алыс күйөөсүнүн ур-токмогунан жапа чеккен, майып болгон, эсине келбей мерт кеткен аялдар, айыл жерлеринде дагы деле аялдардын укугун коргоого багытталган улуттук жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу менен каада-салтка таянган кыз ала качуу дагы деле өкүм сүргөнүн Бурулайдын, Айзаданын тагдыры айгинелеп турат.

Дагы бир олуттуу көйгөй бул – миграциялык агым. Миграция дүйнөлүк процесс. Башканы коюп, Кыргызстандан мисалын алганда, жарандардын өз ара кыймылы өлкө көз карандысыздыгын алган жылдары башталган. 1992-жылдары алгачкы чыгып кетүүлөр бирин-серин көрүнүш катары каралса, улам барган сайын мигранттардын саны өсүп, бүгүнкү күндөгү расмий маалыматтар 800 000ден ашык кыргызстандык сыртта жүргөнүн кабарлайт. Бей расмий маалыматтар боюнча 1 миллиондон ашат.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген отчётундагы акыркы 23 жыл ичинде 328 миң 114 адамдын чек арадан чыгып кеткен. Ошол эле маалда, КР Улуттук статискалык комитетинен алынган маалымат боюнча алардын басымдуу бөлүгү же 86 % мекендеш Россияда. Андан кийинки орунда Казакстан, ал жакта 38 миң кыргызстандык барганы, калганы башка мамлекеттерди тандаган. Ал эми Кыргызстандагы 2016-2017-жылдардагы миграция боюнча бирдиктүү докладдын жумушчу тобунун мүчөсү Александр Коак билдирүү жасап, жылына 50 миңдей кыргызстандык эмгек миграциясына кете турганын айткан. Мунун далили катары Мамлекеттик чек ара кызматынын соңку жылдагы жылдык отчётунда өткөн жылдын 1-январынан декабрь айына чейин өлкө аймагына 1.69.935 адам келген болсо, 1.629.935 адамдын кайра чыгып кеткени билдирилди.

Ушул жылдын жыл башынан 28-февралга чейин 162.750 адам келип, сыртка чыгып кеткендердин саны 206.333 адам экенин көрүүгө болот. Же мамлекеттик чек араны басып өткөн сырттан келүүлөр 413.728 адам, кеткендери 449.724. Деген менен алардын канчасы аял, канчасы эркек адамдар, ал эми жашы жете электер канчаны түзө турганы, алар кандай максатта кетип жатканы, туристерби же кыргызстандыктарбы, конокторбу – азырынча так маалымат жок.

Болгону жыл сайын Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткандар жана атуулдукту алып жаткандар тууралуу гана маалыматтар берилип келет. Бирок өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын 2016-жылдагы отчётунда миграциялык агымга негизинен каруу-күчкө толгон эркек адамдар чыкканы менен бүгүнкү күндө Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын 50 пайыздайын аялдар түзөрү жазылган. Ошол эле маалда, Тажикстан жана Өзбекстандан барган аялдар ал жакта 20 пайыздай экени алардын отчётунда белгиленген.

Эркек адамдар жаратылышынан күчтүү жаралганы, кайсы кылымда, кайсы коомдо, кайсы гана улутта болбосун, аялдарга караганда эркектердин коомдогу ролу жогору бааланып келгенин тарыхтан тааныштыгыбыз бар. Буга байланыштуу эркек үй-бүлөнү кор кылбай багат жана бардык тараптан камсыз кылышы керек деген түшүнүк жашап, аң-сезимге сиңип калган. Ушундай эле көз карашта өлкөдө алгач миграциялык агымдын башатында эркектер турган. Бирок көп өтпөй эле ага аялдар тартылып, тагырагы ата-эне чогуу бизнес жүргүзүүгө өткөн.

Эмгек миграциясы бул жактан товар алып аны Казакстан, Россияга сатуу менен башталган. Бара-бара анын мүнөзү өзгөрүп, жашы жете электен тартып, эңкейген карылар да түрдүү себептер менен сыртка чыга баштады. Айрыкча аялдардын бул жаатта активдешкени байкала баштаганын билдиришет адистер. Жогоруда учкай кеп кылып кеткендей, бүгүнкү күндө эмгек мигранттарынын жарымын аялдар түзөт.

 Аялзаты эмне себептен миграцияга чыгат? Дегеле кыргыз аялдарынын коомдогу ролу кандай? Алардын эркектер ээ болгон мүмкүнчүлүктөрү канчалык? - деген суроолор өлкөдө өткөн ар бир саясий окуялар учурунда талкууланып, декларативдик мүнөздө калып келгени менен соңку мезгилдерде мамлекет гендердик укуктарды, аял менен эркектин коомдогу ордун бирдей кылууга аракет кылып келет. Анын жыйынтыктары бар экенин белгилей кетүү абзел.

Ошол эле маалда, өзгөчө бул иштерге бейөкмөт уюмдардын колдоосу көп. Буга далил; билим жаатындагы аялдар маселелерин көтөрүп чыккан изилдөөлөрдү айтсак болот. Бүгүнкү күндө билимдүү, илимдүү, ал турсун саясатта ордун тапкан аялзаты бар болгону менен саны чектелүү. Аялдардын укугун коргоо жаатындагы өлкөдөгү эл аралык уюмдар менен бирге мамлекеттин тийиштүү органдарынын отчётунда эркектер менен тең укукта болууга кыз-келиндердин табигатынан тартынчаактыгы, үй-бүлөдөгү стереотиптик маданияттын терең калыптанышы жана анын үстөмдүгү, сезимталдыгы тоскоол болуп келет. Буга билимсиздикти кошуп кетүү керектиги алардын отчётунда жазылат.

Мындан улам мурунку заманда чекит коюлган катары каралып келген аялдардын табигаты жөнүндөгү көз караштарды, доор чакырыгынын негизинде кайрадан карап, жаңыча баа, жаңы маани берүүнү учур талап кылып турат. Аялзаты балдарынын бактысы, үйдүн куту, жарынын жөлөгү болуп, уянын бузулушуна жол бербей, табигаттын берген назиктик сыяктуу сырларды өзүнө сиңирип келет. Аялзатынын түйшүгүн түшүнгөн эркек үй-бүлөнү бейкапарсыз багууга, үй-бүлөнүн аска-зоосу, тиреги болууга тийиш. Мындай үй-бүлөдө өскөн балдар, тартиптүү жүрүм-туруму менен айырмаланып, улууга урмат, кичүүгө ызат мамиледе, келечектеги коомдун жакшы инсандарынын катарында болору шексиз.

Албетте, муну менен катар коомубуздагы болуп жаткан жумушсуздуктун, жетишпестиктин, аргасыздыктын айынан ата-энелер, өспүрүм кыз-жигиттер алды жагы Россиянын булуң-бурчуна барса, арты жагы Европаны ашып кетип жатышат. Бул суроолордун тегерегиндеги ой жүгүртүүлөрдүн өзөгүн аял үйдүн куту экени түзөрү шексиз. Бул сөздүн түпкү маанисин алып караганда, аял - эне. Кай жерде жүрбөсүн, эмне менен алек болбосун үй-бүлөнүн токчулугу, үйдө калган балдардын келечеги үчүн кам көрүп жүрөт.

Албетте, азыркынын мисалындагы миграцияда жолдо кезиккен кыйынчылыгын жеңил ой менен жеңем деген кыз-келиндер да кездешпей койбойт. Бирок алардын саны чектелүү. Эмгек миграциясында жүргөн аялдардын жалгыз максаты - алыста калган үй-бүлөсү жана жакындарына камкордук көрүү. Жашы жете элекпи, бойго жеткенби, аялбы же жашы өткөн эжелерби, баары тең кара жумуштун оор-жеңилине карабастан тынымсыз аракетте жүрөт. Эмгегинен баар тапкандарынын саны көп. Аны күн сайын интернетте кайсыл бир өлкөдө ийгиликтерди багыткан аялдар тууралуу жарыяланган маалыматтар айгинелеп турат.

Доорубуздагы акыл технологияларынын алдыга өсүшү, аялдардын коомдогу жана эмгек рыногундагы мамилелерди түп тамырынан өзгөртүп, күч эмгеги эмес, акыл эмгек рыногунунун суроо-талаптары аял менен эркектин ролун теңдештирүүгө бара жатканын эске алуубуз керек. Анын дагы бир мисалын алып карасак, быйылкы жылдын 4–5-март күндөрү Россиянын Екатеринбург шаарында “Миграция жүзү - аял жүзү. Мигрант аялдардын позитивдүү ролу” деген аталыштагы III Эл аралык конференциясында, бүгүнкү күндө мигранттардын 53 пайызы кыз-келиндер экени, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын 31 диаспоралдык уюмдарын аялдар жетектей турганы маалым болду. Демек мындан улам, бүгүнкү күндө Кыргызстанда миграциянын жүзү аялдын жүзү болуп калганын баамдоого болот.

Алар өздөрү да иштеп, бул жакта калган үй-бүлөсүнүн эле эмес, айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүп келишет. Белгилей кетсек, аталган конференция үй-бүлөнүн бакубаттуулугуна, өз Мекенинде, элинде тынчтыкты орнотууга олуттуу салым кошуп жаткан аялдардын позитивдүү ролун көтөрүүгө арналган. Үч жылдан бери өткөрлүп келген иш чарага бул жолу Сочи, Москва, Уфа, Красноярск, Тюмень жана Сургут жана башка шаарлардын диаспоралдык уюмдарынан лидер аялдар, ошондой эле РФ жана КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, КР 6 пилоттук айыл өкмөттөрүнөн башчынын орун басарлары, өкүлдөр жана активисттер катышкан.

Эксперттердин баамында, конференция мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана коомдук диаспоралдык уюмдардын көп маселелер боюнча пикир алмашуусунун натыйжалуу аянтчасына айланып калды. Форумда миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер каралып, талкууга алынып, мамлекеттик органдар, диаспоралдык уюмдар жана жалпы эле миграциялык процесстин катышуучулары үчүн сунуштар жана рекомендациялар иштелип чыгат.

Жогоруда учкай кеп кылып кеткендей, конференцияга Кыргызстандан 6 пилоттук айыл өкмөттөрүнөн башчынын орун басарлары, өкүлдөр жана активисттер катышып, мисалы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.М.Сатыбалдиев, пилоттук долбоордун иш аракеттеринин аркасында аталган айыл өкмөттүн жашоочулары мигрант аялдардын айылды өнүктүрүүгө кошкон салымын жана ролун позитивдүү кабыл ала баштаганын айтып берген. Бул алардын ушул жылдын апрель айында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин активдүү коюусуна да таасирин тийгизгендигин өз сөзүндө белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен Эл аралык миграция уюму, БУУ - Аялдар түзүмү, Эл аралык Эмгек уюму менен биргеликте CDA коомдук уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында, пилоттук айыл-өкмөттөрдүн социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана тынчтыкты куруу максатында, максаттуу жамааттардын активист аялдардын 23 демилгеси колдоого алынды.

Ал эми конференция Россия Федерациясындагы Свердлов областтык кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” коомдук уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун, Эл аралык Миграция Уюмунун (МОМ) жана “Этноконфессионалдык изилдөөлөр, экстремизмдин алдын алуу, терроризмдин идеологиясына каршы туруу Борбору” жана Урал биримдигинин колдоосу менен уюштурулду.

Тынчтык демекчи, аял үй-бүлөнүн социалдык абалын эле жакшыртпастан тынчтыгын сактап турат,- деп эл аралык уюмдардын отчётунда белгиленет. Тынчтык - бул кеңири түшүнүк. Анын кандай гана түрү болбосун конфликттерди чечүүдө аялзатынын орду чоң. Эң жөнөкөйү үйдөгү чыр-чатакты мисалга алганда,  аялдын камкордугу, асылкечтиги, акыл-парасаты, жароокердиги жана мээримдүүлүгүнүн натыйжасында гана коломтонун оту дайыма өчпөй жанат эмеспи. Масштабдуу жаңжалдарда да эки тарапты элдештирүүдө аялдардын ролу маанилүү деп айтылат аялдарды колдоо борборунан өкүлдөр.

Ар кандай тынчтыктын символун туюндурган буюмдары, тамак-аш азыктары менен араздашкандарды ынтымакка чакырып, кыз алып, кыз берип, үзүлгөндү улап келет аялзаты. Буга Баткенде чек арадагы айылды таштап кетпей жалгыз тамда жашап өткөн Урулкай апаны мисалга алган жетиштүү. Урулкай Алымбаева суу чыкпаган, электр жарыгы жоктугунан эл таштап кеткен чек арага чектеш жерди жалгыз кайтарып жүрүп, 2016-жылы көзү өткөн эле. Андай каарман аялдардын саны көп. Күндөп-түндөп талаштуу аймактарда дипломаттардын кызматын аткарган аялзат айымдар экени талашсыз.

Өз мекениндеги бейпил, бакубат турмуштан ким качат, ким эле мусаапыр болуп, башка жерге жашагысы келсин. Бирок тынчыбаган саясат, ага ээрчише келген экономикалык кризис канчалаган кыргызстандык кыз-келиндерди миграциялык агымдын шарына тушуктурду. Кыйынчылыкты жеңе билгендери бүгүнкү күндө жалгыз эле үй-бүлөсүн камкордукка албастан өлкөгө инвестиция салууга жетишти. Ошол эле маалда, бул жакта калган тууган-уругун, бала-чакасын, эли-журтун күйүткө салып, түрдүү кырсыктардан көз жумган кыз-келиндер жок эмес.

2016-жылдын 30–31-январга караган түнү Москва шаарынын түштүк жагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде өрт чыгып, кырсыктан 12 адам каза таап, алардын ичинен 8 кыргызстандык болгону баарыбызга маалым. Жакыны, тууган-урук, мекендештеринен айрылган көпчүлүктүн азасы бүтө электе минтип, ушул эле жылдын 27-августунда Москва шаардынгы Алтуфьево шоссесиндеги басмаканадагы тилсиз жоодон кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы кыргыз коомчулугун кайрадан кайгыга салган. Же басмаканадан чыккан өрттөн 17 кыз-келин набыт кеткен болчу. Ал эми энеси жан багуунун айласын издеп сыртта жүргөндө, баланын тагдыры кимге байланды? Бул чоң суроо дешет адистер. Мисалы Балдар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты кезинде Аида Исмаилова мигранттардын балдарынын саны боюнча база түзүү зарылдыгын парламент жыйынында айтып чыккан эле.

Ал белгилегендей, мындай көрүнүш балдардын зордук-зомбулукка кабылып калуусуна алып келип, аларды ар кандай психологиялык соккуга дуушар кылууда. Өлкө аймагында балдарга болгон мыкаачылык аракеттерге дал ушул мигранттардын балдары кабылып жатат деп билдирген болчу депутат айым. Бул айтылгандар менен КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери кошулуп, бүгүнкү күндө 107 миң бала чоочун үй-бүлөдө калып, мамлекеттин камкордугуна алынган, ошол эле маалда, социалдык жактан кыйын абалда турган балдардын электрондук базасы түзүлүүдө деп билдиришкен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз