Дүйшөн Жапаров: Мен өзүмдүн тагдырымды жек көрөм

  • 10.05.2021
  • 5155

*     *     *

Батаар күн. Кызыл асман.
Балбылдап ысып асман,
Жалында чыгар эле
Жанардай кызыл аскаң.
Колуна чака кармап
Коңшунун кызы баскан.

Коктуда булак эле,
Короодо улак эле.
Келечек жомок эле,
Керемет курак эле.

Жай толгон убак эле,
Жапсарда булак эле.
Короодо бышкырынган
Кой, эчки, улак эле.
Ошо кеч келе берет
Оюма улам эле.

*     *     *

Ойлобостон бүгүнкүдөн ар жагын,
Чын сырымды ырга айлантып арнадым.
Күлүп коюп кыйгач басып кетесиң,
Күндөн-күнгө күчөп барат арманым.

Ырдар элем ырчы болуп жез таңдай,
Ырдаганга ышкы жанган кез кандай.
Бирок сен да күйсөң эмне сүйүүмө –
Тариэлге ашык болгон Нестандай.

Мажнун шордуу Лайли кызды сүйгөндөй,
Сүйдүм сени уккан киши күлгөндөй.
Айла канча койгонуңа ызамын,
Жүрөк тилин тыңшаганды үйрөнбөй.

*     *     *

Келген жоксуң жамандыкта кол сунуп,
Кеткен жоксуң үйгө келип олтуруп.
Оомат алып келип сага отуз жаш,
Куттуу күндөр кучагыңда мол туруп.

Ай алмашып жайдын ордун күз алды,
Жанга баткан жалгыздыгым күч алды.
Жашырынып кирип келип билгизбей,
Жакынымдын жакшы сөзүн бүт алды.

Сенсиз эле толуп жаткан кайгым бар,
Сен да жандан кетпей калып калгың бар.
Көптү дешсе кепке келбей кээ бири,
Дейди болду дешчү болду айрымдар.

*     *     *

Жашоо - деңиз жарга урунуп толкуган,
Бөксө жерин ырлар жазып толтурам.
Эрмек болуп эски чыгыш түнүнө,
Өзүңө арнап ырлар жазып олтурам.

Сүрдөп жүрдүм, сүйүп жүрдүм жашырын,
Сүйлөп жүрдүм кандай аяр, акырын...
Кошунаңа болуп алдың колукту,
Кош бол эми колдон учкан асылым.

Жашап келгем жаралганга өкүнбөй,
Жакшы үмүттү көкүрөктөн өчүрбөй.
Карап көрсөм канча сонун күн өткөн,
Жарым саат жалыныңа көшүлбөй.

Барды сыйлап, жокко чөкпөй кымындай,
Балдай таттуу Байдылданын ырындай.
Кайра келбес канча сонун күн өткөн,
Жарым саат жалыныңа жылынбай.

Айла канча саргаярмын, азармын,
Азгырылып күнүмдүккө жашаармын.
Жараланган жалгыз жүрөк дартынан
Жашым менен далай ырлар жазармын.

Жашоо - деңиз жарга урунуп толкуган,
Бөксө жерин ырлар жазып толтурам.
Эрмек болуп эски чыгыш түнүнө,
Өзүңө арнап ырлар жазып олтурам.

*     *     *

Элбашы айыптаса,
Эч кимге арызданба:
Аттырат замбирекке,
Чаптырат барысканга,
Чактырат ажыдаарга,
Каптырат арыстанга.

*     *     *

ГҮЛНАРГА

Бир жерликпиз - карындашым,
Бирге иштейбиз - жанымдасың.
Арабыз ушундай бир,
Аруу сезим жалындасын!

Тартынуу да, ыйба болсун,
Тамаша да, сыйда болсун.
Күн алдында жашообузда
Күлкү болсун ый да болсун.
Кулак кагыш төмөнкүлөр,
Кулагыңа сырга болсун.

Толгон айдай толушуңду,
Торгой таңшык добушуңду.
Тандап туруп арнаарыңды
Таап алгын конушуңду.
Тилейм сенин мендей болбой,
Бактылуураак болушуңду.

ТОКТОГУЛ

Татаал ашуу, таш, тикендүү жолдордон,
Жөө айдалып тамандары чор болгон.
Кыйын күнгө аргасыздан басынган -
Кайран эл ай, залкарлары кор болгон.

Бул кылымдын карап башкы учуна,
Акын көрөм араң турган бутуна.
Кимдин гана колу барды урганга -
Азыр дагы дилим сынат ушуга.

Кандай гана катуу болуп тагдыры,
Кол кайрылып байлоодо өткөн жаштыгы.
Алты жылда болуп ак чач абышка,
Көз жашындай салааланып акты ыры.

Атын атап азыр аны эскерип,
Тургузалы деп жатабыз эстелик.
Бизден ары жүрүүсү үчүн түбөлүк,
Далай муун, кылымдарга кез келип.

Жерге катат баатырынын денесин,
Урпагынын карегине элесин.
Кайда барса ала жүрөт арбагын,
Өлтүргүсү келбейт эч бир эл өзүн.

*     *     *

Өмүрдүн да бир келер жазы бардай,
Өткөрбөй күнүн бекер жазып албай.
Тойбоду курсагыма кул болсом да,
Атсаңар даяр мына жазы маңдай.

Карачы каруу бүтүп, канат талды,
Казынам - кайран чактар каракталды.
Бир тууган, дос, үй бүлө, ыр да муздап,
Бир гана менден суубай арак калды.

Ушинтип башталбай же аякталбай,
Китептей эч ким ачып баракталбай.
Калганга кандай себеп болсо дагы,
Ичерге калбаса экен арак калбай.

*     *     *

Чымын жанды чыркыратып таарыган,
Чындыгы жок тагдырыма таарынам.
Өз эркиңе бийлигиңден ажырап,
Өлбөй жүрүү кыйын окшойт баарынан.

Мейли эмес да кантип анан тек көнөм,
Мен өзүмдүн тагдырымды жек көрөм.
Өтө катуу бузулганда көңүлүм,
Өзүмдү өзүм өлтүрүүнү эп көрөм.

ЧЕЧ-ДӨБӨ

Кара-Койун, Ат-Башы куйушунда,
Канчалаган кылым бар турушуңда.
Туу кырыңда боз тайлак боздоп турат,
Намаз шамда, азыр да угушумда.

Томсоросуң жаныңда жолдошуң жок.
Токойуңда жойлогон жолборсуң жок.
Асманыңда айланбай алп кара куш,
Алты баштуу ажыдаар - колдоочуң жок.

Кошой Коргон... каптаган каңгайлардан,
Канча жолу дайралар канга айланган.
Канча заман калдайып туруп азыр,
Көптүгүнөн туяктын чаңга айланган.

Мен да минтип оюм жок тереңирээк,
Боюм жапыс далым жок кененирек.
Коргонунун жугунан көзүң өтөт,
Кошой Дөөнүн арбагы келеби деп.

*     *     *

Көрүп турдум көздөрүңдү, жүзүңдү,
Көп ажырап көнгөндүгүм үчүнбү.
Кош дегениң өх дегендей угулду,
Колдорубуз бир-биринен үзүлдү.

Айтпайм анда ыйладың деп ичиңден,
Аягам деп турпатыңды кичирген.
Мага таштап кеткениңди эмнени,
Карап калдым карга түшкөн изиңден.

*     *     *

Ал кезде ырлар күндө, күндө жазылчу,
Күнүм өтпөйт бекен дегем же сенсиз.
Азыр менде сыр жок сенден жашырчу -
Жашап келем качкын өңдүү мекенсиз.

*     *     *

Айдан айга жетип, ашпаса,
Айлыгыңдан пайда жок экен.
Балдарыңа түшсө түйшүгү,
Байлыгыңдан пайда жок экен.

Уучтаган ушул дүйнөнү,
Улуктарга айла жок экен.
Уктабастан таңды күттүргөн,
Узун түндөр кайда жок экен.

Кайда дары, даба жаратка,
Качкым келет ошол тарапка.
Жер жутмай же жетмей деңизге,
Мейли жылжы, мейли шар акпа.

Көк көйнөгүн желге көлбүтүп,
Көздөрүңдө жаткан көлдү үзүп.
Алаксытат тирлик өзүнө,
Аңдып жатат балким көр күтүп.

Бирок мезгил тынбай алга агып,
Биз ошого ойноп, алданып.
Ээсиз таштап үйдү барабыз,
Эптеп чүргөй салган салда агып.
13.07.1989

*     *     *

Жолуңду эрте баштагын,
Жогуңду изде, жатпагын.
Жомогум ушул угуп ал,
Жолумду асты баспагын.

Куру эмес уучуң, жугу бар,
Керекти өзүң жулуп ал.
Уугум сага айтамын,
Уулум мыктап угуп ал.

Кечигип жолго чыгуу бар,
Керексиз жерде тынуу бар.
Керегем сага айтамын,
Келиним мыктап угуп ал.

Ит болбо көздү караган,
Ирденсе өздү талаган.
Жүзүнөн жердин көчсөң да,
Жүрөгүң калсын канаган.

Көч кетти, көзүм жаштадым,
Көп калдым, кайсы шашканым.
Мен айтаар жомок мына ушул,
Мен баскан жолду баспагын.

Калаарың болсун артыңда,
Кадырың болсун калкыңда.
Ак бата алуу деген бар,
Ак калпак кыргыз салтында.
25.07.1989

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз