Анаркалый Самарбеков: Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм

  • 12.05.2021
  • 6753

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска

Дарыгерлер

Күчтүү жеңип, алсыздын жанын алып,
оору күчөп от сымал жалынданат,
Жакшы күндү эртеңки тилек кылып,
жашоо үчүн күрөшүп, билек түрүп,
дарыгерлер үмүттүн шамын жагат.

Адам менен бет келип, алын сурап,
Ак кепинге оройт да, алып тынат.
Эли үчүн каруусун казык кылып,
өмүр үчүн канынан азыктанып,
дарыгерлер адамга өмүр сунат.

Куралы жок согуштан кан төгүшөт.
Кылычы жок вирустан жан беришет.
Коюу түндү аралап, жарып кирип,
ак халатын жамынып, жарык берип,
дарыгерлер  адамга кам көрүшөт.

*     *     *

Сөздөрүңдөн шире тамат, бал тамат,
Көздөрүң ах, кетет жанды балталап.
Ширин сөзүң жаз чакырып сезимге,
Токтоп калган жүрөгүмө жан салат.

Көз карашың жүрөкө бүлүк салып,
Сен тарапка ойлорум күлүк минет.
Бактыма сен жаралып калган үчүн,
Агатайың  жайдары, күлүп жүрөт.
Арбалып бир өзүңдү  сүйүп жүрөт.

Башкачасың окшобогон көптөргө,
Сен жарык бол, жүрөк шамы өчкөндө.
Жамгыр сымал мен себелеп өтөйүн,
Сен гүл болчу жаңы ачылган көктөмдө.

Сен кызгалдак назик гүлсүң үлбүрөк,
Желге бийлеп арууланткан  дүйнөнү.
Булбул өңдү күүгө салсаң сүйүүнү
Ыргалышат сезимдердин гүлдөрү.

Секет

Турлөнтүп көзүң жаңылап, секет,
Түйүлгөн чачың жайылат, секет.
Өзүңдү көрбөй ооруган жандар,
Көзүңдү тиктеп айыгат, секет.

Аптабы уруп, жалындап, секет,
Көркүңө кимдер багынат, секет.
Назданып басып, жылмайып күлсөң,
Жаштык кез оттой жагылат, секет.

Жалындап күйүп от болуп, секет,
Жаштык кез турат ок болуп, секет.
Убакыт менен өзгөрөт  анан
Жүргөнүң ошол шок болуп, секет. 
Жылмаюу калат күчүндө билем,
Калганы калат токтолуп, секет.

Бийкеч

Ак көйнөгүң кечки желге желбиреп,
Ай жамалың азаптарды жеңдирет.
Ай нурунда ууртуңдан жылмайып,
Ал ансайын чакырасың келчи деп.

Жандап желди, жаңсап колду акырын,
Жыпар жытың алкымыңда буркурайт.
Баскан сайын күттүрбөстөн шилтеп кол,
Каңшар жарып, мурун көздөй жыт урат.

Улук чачың желге ойноп жайкалып,
Аруу сезим көздөрүңдөн байкалып,
Чокту басып жалын кечип сен үчүн,
Жүрөгүңдө калгым келет жай салып.

Эх…

Эрким жетпей кол сунууга өзүңө,
Капилеттен көздөр калса кезиге.
Кызгануумду жашырамын а бирок
Эх сезимдер, эх жүрөктү эзүүдө.

Сездиң окшойт эстүү жаным, асылым,
Сенде кеткен жаштык сүйүү жалыным.
Кантип карап, кантип чыдап турмакмын,
Сыгылдым да себеби жок жашыдым.

Бактылуусуң бакыт багың көктөптүр,
Бакыт издеп сыяланды көп дептер.
Унутулуп баары бүтмөк бул күндө,
Бирок дале кызганычым өчпөптүр.

Үмүт менен күтөм жакшы күндөрдү,
Унуткансып кетем кээде күлгөндү.
Көрүп анан көңүл кантип соо жүрсүн,
Кол кармашып алар чогу жүргөндү.

Көңүл даабай жакын барбай жаныңа,
Тиктей албай карай албай көзүңө.
Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм,
Калбаганда мен өзүңө кезиге.
Карт сыйрыдың, баарын салып эсиме,
Кайдан келип калдың мага кезиге.

Сагыныч

Бактар көрктүү булбулу бар сайраган,
Жер да көрктүү гүлдөрү бар жайнаган.
Сен алыстап менден узап кеткенде,
Жашыл жазда жан дүйнөмө кар жааган.

Кайып болдуң каарманындай жомоктун,
«Кош» дедиң да карааныңды жоготтум.
Кээ бир күнү жек көрөмүн, билемин,
Кээ биринде келет сага жолуккум.

Туман каптап сен тараптан бозоруп,
Чыйрыгамын ысык демиң жоголуп.
Жан дүйнөмө жаа атышат кантейин,
Жарык болбой күндүн көзү торолуп.

Жан дүйнөмдү тешип өтүп кусалык,
Тамтаңдадым, бут чалыштап ыргалып.
Үмүт кургур үзүлгөнүн билгенде,
Жалгыздыкты жандайм анан күү чалып.

Сагынам да, айла канча карманам,
Сагынычтар сан жагыман кармаган.
Сезимдерге от жандырып кетмекке,
Сен келесиң мени издеп кайрадан.

Сүй же сүйбө

Жолум таппай көп нерседен кечигип,
Жолоочудай  канча жандар кезигип,
Жай турмуштун сыноосуна чыдабай,
Жашырып да, жан жок жерде эзилип.

Сүй же сүйбө эми сенин өз эркиң,
Ойлор курчап олтурамын, көңүл суз,
Бары-жогуң айырмасы билинбейт,
Сүйүп жүрүп ага деле көнүппүз.

Күт же күтпө биз жолукчу жолдордон,
Кечир  мени бара албайм, кымбатым.
Жабырланып  жаңы гана турганда,
Кереги не кайра мени кыйнаштын.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз