Сапалкан Арипов: Кыргыздын улуу сүрөтчүсү

ЖАКҮЛ КОЖАХМЕТОВГО 100 жыл

Кыргыздын чыгаан кыл чеберлеринин бири Жакүл Кожакметовго быйыл 100 жыл толот. Ал кыргыз сүрөтчүлөрүн ичинен алгачкы профессионалдык билим алган кыл чебер. 1921-жылы Орто Алышта төрөлгөн.

1946–1947-жылдары Самарканддагы көркөм өнөр окуу жайынын живопись-педагогика бөлүмүндө окуган. Айтылуу П.Беньковдон таалим алган. 1947-жылы азыркы Санкт-Петербург (мурунку Ленинград) шаарындагы И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура көркөм өнөр институтунда билим алып аны 1953-жылы бүтүрүп чыккан. Ал РСФСРдин Эл сүрөтчүсү, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, советтик живописчи жана педагог, искусство таануу илиминин доктору, профессор, СССР Көркөм сүрөт Академиясынын академиги Михаил Иванович Авиловдун өнөрканасынан таалим алган.

М.Авилов көп фигуралуу композиция куруунун дасыккан чебери, тарыхый полотнолорду жаратуунун устаты болгон. Авиловдун “Куликов талаасындагы Пересвет менен Челубейдин сайышы” картинасы(1943) үчүн 1946-ж. (Мамлекеттик) Сталиндик сыйлык алган. Жакүл тарыхый картиналарды жазуу, көп адамдар катышкан композиция түзүүнү академик Авиловдон үйрөнгөн. Табият тартуулаган тубаса талант.

Шык-жөндөм. Жакулдү бул багытта өтө чебер сүрөтчү экенин айгинеледи. Ошондон улам, ал 1956–1957-жылдары Гапар Айтиев менен биргелешип кыргыз сүрөт өнөрүндө шедеврге айланган “Акындар” аттуу группалык зор полотнону жаратышты. Мында кыргыз музыканттары, акындары менен композиторлору, т.а., искусствонун каймактары тартылган. Авторлор ар бир каармандын жүзү көрүүчүгө даана көрүнгөндөй кылып, ар бир образга таандык кыймылдарды ачып берүүгө аракеттенишкен. Андан сырткары, бардык каармандар өз ара бири-бири менен ички түзүм жагынан да, психологиялык жагынан да байланышып тургандай композиция жаратуу керек эле. Авторлордун бири -- дасыккан устат, экинчиси, -- Санкт-Петербургду бүтүрүп келип, кайрат-күчү ташып турган кыл чебер эле.

Акыры авторлор көздөгөн максаттарына жетишти. Анткени, ал жерде тартылгандардын ар биринин жүзү, баары элдик ырчы Алымкул Үсөнбаевдин ырына кулак төшөп угуп жаткан кездери. Ыр обологондон оболоп, бөлмөнүн ичин өзүнчө бир маанайга сугарылган. Баарын уй мүйүз тарттыра композиция куруу принциби чыгарманы карап турган көрүүчүгө чыгарманын жалпы маңызын түшүнүүгө, элдик искусство менен профессионалдык искусствонун биримдигин жана органикалык байланышын берүүгө көмөк көрсөтөт. Чыгарма топтук портреттин бардык талаптарына жооп берет. Чыныгы турмуш -- залкарлардын баарлашуусу айкын ачылган. Мындай композиция курууга Жакүл кантип жетишкен?... Мен бул суроонун үстүндө көпкө ойлонгом.

1983-84-жылдардын күз айлары болуш керек. Азыр эсимде жок. Акыры Бишкектин Киев көчөсүндө сүрөтчүлөр жашаган үйгө бардым. Ал жерде жалаң кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн корифейлери жашоочу. С.М.Акылбеков, Алтымыш Усубалиев, Ж.Кожакметов, алардан саал кичүү Д.Н.Флекман ж.б. Мен барганда Д.Н.Флекман гана тирүү. Калганынын көзү өткөн кез эле. Жакүл агайдын байбичеси Зоя эже чайын берди. Көпкө баарлаштык. Акыры келген максатымды айттым. Ошондо залдагы шифонеринин үстүндөгү орологон таңгак кагазды көрсөтүп “Алып түшчү?” - деди. Айтканын жасадым. Көрсө, анын ичи толо эскиздер экен. Карандаш менен тартылганы бар. Тушь менен жазылганы канча. Бир топ зарисовкалар. Эскиздер эскирип калган. Кай биринин өңдөрү өчкөн. Арасынан тегерек кылып чийилгени да кездешти. Топтошкон адамдар. Жартысы бар, жартысы жок.

Ангыча бир топ адам чиймеленген картонго тартылган ишти көпкө карап калгамын го? Зоя эже жаныма келип “Агайыңдын дипломдук ишинин эскизи. Ленинграддагы..”,-- деп басып кетти. Жакул агайдын дипломдук иши “Колхоз башкармалыгынын жыйыны” деген жазуу жүрөт. Кыргызчага которулганда ушундай композициянын аталышы. Көп фигуралуу. Демек, Жакүл Кожахметов Репинде жүргөндөн тартып эле көп фигуралуу композиция тартканга колу машыккан экен деп түшүндүм. Анын үстүнө устаты академик Авилов да көп фигуралуу композиция жаратуунун чебери болуп жатпайбы? Агайдын дипломдук ишинин эскизи көп талаштын башын ачты.... Бул, биринчи жүйөө. Экинчиси, академик Авиловдон алган таалим, сабактын жыйынтыгы.

Акыры группалык портреттердин шедеври -- “АКЫНДАР”. Жалпы композиция. Түстөрдү бере билүү чеберчилиги. Жалпы маанай. Дубал бетиндеги тоо булбулу Токтогул Сатылганов менен Октябрь революциясынын жарчысы Максим Горькийлердин портреттери. Ваза. Шкаф. Бардык деталдар дыкат иштелген. “Акындар” картинасындагылар кимдер? Комуз шаңшыткан Алымкул Үсөнбаев. Мурутун сылаган Калык Акиев. Таягын кармап ойлуу Карамолдо Орозов. Ак калпакчан Саякбай Каралаев. Диванда отурушкан ак таңдай акын Осмонкул Бөлөбалаев менен атактуу Мыскал Өмүрканова. Саал артта кыл кыягын кармаган Саид Бекмуратов. Ичигин столго арта салып комузунун тээгин күүлөп жаткан Ыбрай Туманов. Анын арт жагында башын бир аз кыйшайткан – Чалагыз Иманкулов. Капталында – Аалы Токомбаев менен Гапар Айтиев. Тебетейчен – Муса Баетов. Шкафка жөлөнгөн – Муратбек Рыскулов. Алдыга обдулган – Токторалы Шабданбаев. Галстукчан – Абдылас Малдыбаев. Мына, биздин каармандар – кыргыз искусствосунун каймактары. Он беш Залкар. Жакүл менен Гапар Айтиев бир жыл бул картинанын үстүндө иштеп, акыры 1957-жылдын жаз айларында Кыргыз Сүрөтчүлөрүнүн жазгы көргөзмөсүндө Эмен багындагы көркөм сүрөт музейинде көрүүчүлөргө тартууланган.

Зор полотного канчалаган эскиздер тартылды. Картина жаралып жатканда дээрлик көбүнүн көзү өтүп кеткен. Архивдик материалдар, анын үстүнө кыргыз байкуш эзели сүрөткө түшпөйт. Акындар менен ырчылардын тууган-туушкандарынан сураштырып, үй-бүлөсүнө барып. Акыры уккандары менен сүрөттөгөндөрдү кураштыруу не деген мээнетти талап кылат? Жакүл мунун баарын муюбай жасаган. Бул жерде он беш адам болсо анын ондон ашууну Жакүлдүкү?.. Жакүл Кожахметов сюжеттик картиналарды жаратуунун чебери болгон. Ленинграддан алган академиялык жолдон четтеп кеткен эмес. Тескерисинча, академизмди уланткан. Академизм каякта эле? Ал Жакүлдүн чыгармаларынын түстүк чечмеленишинин мүнөздөрүндө жана композициялык курулуштарында ачык байкалат.

Анын чыгармаларынын туу чокусу -- “Акындар” менен “М.В.Фрунзенин отрядында” (1958). Кийин Ж.Кожахметов бул картиналарынын деңгээлинчелик чыгарма жарата албады, бирок өтө чеберчилик менен жазылган пейзаждар менен портреттик этюддарды, мазмуну терең тематикалык эскиздерди бизге мурас катары калтырып кетти.

1968-ж. Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестине таасирленип “Биринчилер” деген картина жараткан. Мында автор жазуучунун чыгармасынын алкагынан чыга алган эмес деп айтышат. Кандай айткан күндө да Ж.Кожахметов этюддук иштерге көп көңүл бөлүү менен негизги максаты сюжеттүү-тематикалык композицияларды түзүү болгон. Ал тарабынан кыргыз элинин жашоо-турмушун баяндаган тарыхый жана сюжеттүү картиналар жаралган. Жакүл ар бир чыгарма жаратаарды алдында көп материал топтоп туруп, анан картинасын жазган. Өзүнө талапты катуу коё билген кыл чебер. Маселен, “М.В.Фрунзенин отрядында” (1958) картинасы. Буга канчалаган эскиздерди жазды. Андан кийин гана барып зор картинаны жазууга киришкен. Картина көп фигуралуу. Айылда М.Фрунзенин отрядына ыктыярдуу кыргыз уландарын топтоп жаткан кез. Алыста асман тиреген кыргыз тоолору. Ат кармаган кызыл аскер. Уулуна насаат айтып жаткан топучан карыя. Агасынын куруна жармашкан бала. Жолдошуна муңдуу карап, колуна наристесин кармаган келин. Бүкчүйгөн кары кемпир. Жашоо турмуштун бир үзүмү көз алдыга тартылат.

Жакүл ошол кездеги маанайды ачык, таасирдүү жаза билген. Күндүн жарыгы боёктордун ыргагы менен жуурулушуп кетет. Чыгарма поэтикалык ыргакты пайда кылат. Жакүл түстөрдү кылдат ирээттештирген же кынаптаган десек да болот. Каармандардын кыймылы, түстөрдүн берилиши эркин иштелген. Жакүл ар кыл жанрда мээнеттенди. Пейзаж, портреттерди да жазды. Анын “Жумуштан кайтып келүү”. 1952. “Чак түш”. 1960. Х.М.198х158. “Пржевальскиге жакын жерде”. 1960. к.м,24х35. “Ачык күн”. 1967. К.м.32х46. “Сүзүп кетер алдында”. 1967. к.м. 30х49. Этюд. Гурзуф. 1968. х.м.,31х45. “Биринчилер”. 1968.Х.м.175х160. “Улан”.1972. к.м.40х59. “Пенсионер”. 1974. Х.м.99х 79.5. Кыскасы, Кыргызстандын кайсы жерине барбасын чакан этюддарды жазып келе турган. Плэнерде такай иштеп, лекция окуп, көркөм сүрөттүн татаал табиятын студенттерге үйрөткөн. Д.Кожахметовдун баш-аягы, Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде автордун 25ке жакын чоң-кичине картиналары сакталып турат.

Дагы бир эске сала кетүүчү жагдай, Жакүл агайдын байбичеси Зоя эже мага Кожахметовдун өздүк делосу, иш кагаздары менен да тааныштырган. Өздүк делосундагы өмүр баянында “Я - сын Манапа деген саптарды окугам. Көрсө, Жакүл Байтик Баатырдын чүрпөлөрү болот экен. Байтиктен жети уул Байсал, Сулайманкул, Абдыраман, Ташмат, Аман, Осмонаалы, Сыдык. Экинчи уулу Сулайманкулдан Кожахмат менен Кожоарип. Кожакматтан Жакүл. Жакүлдөн Жамал Кожахметов деген сүрөтчү уулу бар. Ал бир топ көркөм тасмаларды коюуга катышып сүрөтчүлүк иштерди аркалап келүүдө. “Курманжан Датка” көркөм тасмасынын сүрөтчү-коюучусу болгон. Экинчи уулу Абдель Кожакметов.

Байтиктин неберелеринин бири Молдахматтан кыргыз театрынын алгачкы сүрөтчүсү Асанбек Молдахматов. Анын уулу КР маданиятына эмгек синирген ишмер, сүрөтчү-монументалист Жылдыз Молдохматов менен кызы искусство таануучу Айна Молдахматова.

Жакүл Кожахметовдун 100 жылдыгы биздин көркөм өнөр ышкыбоздору үчүн зор окуя. Ал сабак берген С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынан канчалаган сүрөтчүлөр Жакүл устаттын колунан таалим-тарбия алышты. Анын окуучулары Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүлөрү С.Чокморов, А.Осмонов, Б.Жалиев, Сапар Төрөбеков жана башкалар -- атагы таш жарган кыл чеберлер...

Учурдан пайдаланып, Жакүл Кожахметовдун мына быйыл 100 жылдыгына карата ал жашаган Киев көчөсүндөгү “Сүрөтчүлөр Үйү” деп аталган үйгө ЭСТЕЛИК ТАКТАЧА орнотулушу зарыл. Ж.Кожахметов мамлекет тарабынан жарты баракча менен да сыйланган эмес. Ал атак-даңкты, темир-тезекти, кызыл баракты мамлекет берип койсо экен дегендерден эмес эле. Анын үстүнө “алтынды дат баспайт” дегендей, чыныгы талантты көптөр көрө алышпайт. Буга ошо жанында жүргөндөр каскак болот. “Акындарды” тарткандан кийин Жакүл көптөрдүн көзүн кызарткан. Буга ошо кездеги КР Сүрөтчүлөр Союзунун Башкармалыгынын зор салымы бар. Мамлекеттик сый-ургалдан учурунда ЖАКҮЛДҮ куру жалак калтырсак да, эми жүз жылдыгында Алакандай ТАКТАЙЧАНЫ аяйлыбы?

Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. “Каармандыгы үчүн”, “Кёнисбергди алгандыгы үчүн”, “ 1941–1945-ж.ж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган. Жакүл агай өмүр бою Киев көчөсүндөгү үйдүн 3-кабатындагы өнөрканасында даңазалуу эмгектерин жараткан. Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин алтын фондусундагы чыгармалардын баары ушул жерде жазылган. Ал өнөркана азыр бек турат. Үй 1960-жылы курулуп, 1961-жылы сүрөтчүлөр көчүп киришкен. Алгач кыргыз сүрөтчүлөрүнө 12 үй, 12 өнөркана берилген. Негизи бул туура чечим эле. Анткени, ар бир кыл чебердин жашоосу үчүн үй, чыгармачылыгына өнөркана берилген. Үйдүн биринчи-экинчи кабаттарында кыл чеберлер жашап, үчүнчүсү бүт бойдон өнөркана. 1990-жылдары каардуу капитализм башталганда айрымдар үйлөрүн менчиктештирип, өнөрканаларын сатып жиберишкен. Ыраматылык Зоя эже Жакүлдүн өнөрканасын менчиктештире албай калды. Сүрөтчүлөр Союзу Жакүл Кожахметовдун өнөрканасын башка сүрөтчүгө берип койсо, анысы 2010-жылы сатып жиберген.

Азыр ал чет өлкөдө жашайт. Бул жерде Жакүл Кожахметов, Алтымыш Усубалиев, Сабырбек Акылбеков, Күлчоро Керимбеков, Давид Флекман, Виктор Жуков, Кубанычбек Аманкожоев, Аким Сгибневдер жашаган. Баары кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирген адамдар. Үй толугу менен архитектуралык эстеликтердин катарына кирет. Азыр бул үйдө Алтымыш Усубалиевдин уулу менен Жакүл Кожахметовдун небереси Сүйүтай Кожакметова (жолдошу Дмитрий Рузмикин), Абдел Кожахметовдун кызы жашайт, үч баланын энеси. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сабиджан Бабаджанов, Асанкул Байгазиев (былтыр кайтып кетти), Жыргал Матубраимов, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Талант Өгөбаевдер Киев көчөсүндөгү ушул үйдө эмгектенишет.

“Сүрөтчүлөр Үйүнүн” азыркы кебетесинен жүрөк түшөт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эски, даңазалуу тарыхы бар үйлөрдү көздүн карегиндей сакташат. Мамлекеттин камкордугуна бөлөнөт. Туристтер келип көргөн тарыхый сый жерге айлантышат. Мисалы, жапондор Киотодогу ГИОН кварталын кандай сакташат? Аларды кой, кошуна азербайжандар Бакудагы Ичери Шекерди барктап, баалап жатышат ко?

Баса, Бишкектин көрүнүктүү архитектурасына айланган Терентьевдин үйү не болду? Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана спорт министрлиги мындай баалуу үйдү сактап калышы зарыл. Ырас, бизнесмендер асман тиреген көп кабаттуу үйлөрдү сала беришет. А бирок биздин тарыхты камтыган архитектуралык эстеликтерге айланган мындай жерлер сакталып калышы зарыл. Тарыхың өлсө – улут болгонуңдан, мамлекет болгонуңдан не пайда?..

КР УИАнын кызматкери

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз