Акылмандыгы менен таң кылган индеецтердин алты санаты

  • 02.06.2021
  • 4139

Билим тууралуу

Билимге эмес, акылмандуулукка умтул. Билим – бул өткөн чак. Акылмандык – келечек.

Окумуштуулардын айтымында: биз окуп жана изилдеп жаткан нерсенин бардыгы – биздин мээбиздин нейрондук байланыштар азыгы. Биз фактылар менен сандарды унутуп коюшубуз мүмкүн. Билим эскирет, ал эми ойлоо жөндөмдүүлүгүбүз – эч качан. Акылмандык – бул керек учурда туура чечим кабыл ала билүү. Же шартка жараша унчукпай коюу.

Жер тууралуу

Жериңди сүй. Ал сага ата-энеңден калган мурас эмес. Ал балдарың үчүн алган карыз.

Бул жерде сөз экология жөнүндө болуп жатканы шексиз. Бирок “жер” деген сөздүн ордуна мурдагы муундардан бизге калган кен байлыктарды, капитал жана кыймылсыз мүлктөрдү койсо болот. Жапондор мындай дешет: “Эгерде мурдагы муун иштесе, ал эми азыркы муун эс алса, демек неберелерибиз ачка калат”. Эгерде болгон нерселерди чачып жок кылсак, болочок тукумдарыбызга эмне калат, анда биз эмне үчүн жашадык?

Үйлөнүү тууралуу

Үйлөнөрдө эки көзүңдү чоң ачып кара, үйлөнгөндөн кийин бир көзүң жумулуу болсун.

Индеецтердин салты боюнча үйлөнгөн жаштар бир жыл сыноо катары жашашат. Бир жылдан кийин бактылуу боло алышпаса ажырашып башкага үйлөнүүгө укук берилет. Бул өмүр бою бактысыз үй-бүлөдө жашоодон сактайт. Бир жагынан караганда сонун жөрөлгө. Экинчи жагынан – өмүр бою бирөөнү да тандай албай, түгөйүн издеп жүрүп өтүшү мүмкүн.

Берешендик жөнүндө

Бир жолу “алың” дегениң – эки жолу “берем” дегенден жакшы.

Индеецтер берген адам менен сураган адамдын абалын так жана даана айтыптыр. Бирөөдөн сурап барган адам кысылып, уялып араң барат. Ал эми бирөө менен бир нерсе бөлүшсөң же ажаат ачсаң, өзүңө кубаныч тартуулайсың.

Акылсыздык жана тажырыйба жөнүндө

Ак адам индеецти бир жолу алдап кетсе – ак адам күнөөлүү.

Ак адам индеецти экинчи жолу алдаса – индеец күнөөлүү.

Бир эле жерден эки жолу ката кетириш – күнөө. Бир эле жерден эки жолу чалынып жыгылуу – келесоолук. Эгерде адамды мамлекет, башчы, жакындары алдаса жана бардыгына алар күнөлүү болушса – анда ойлонуп көрүш керек.

Кедейчилик жөнүндө

Биз ууру кылбайбыз, ошондуктан кедейбиз.

Бир жакшы сөз бар: “Эгер акылдуу болсоң, эмне үчүн кедейсиң”. Индеецтер туура айтышат – биздин кедейлигибиз ууру кылбай туура жүргөнүбүздөн улам келип чыгат. Өзүбүзгө тиешеси жок нерсени алганга батынбайбыз. Бул жакшы касиет. Пара алып, уурулукка баргыча кедей болсоң да таза жана эркин жүргөн жакшы.

Сизге индеецтердин санаттары жактыбы?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз