Казак эл жомогу: Чабалекейдин куйругу эмнеге эки ачакей болуп калган

  • 03.06.2021
  • 3430

Илгери-илгери дүйнө жүзүн Айдахар деген коркунучтуу жылан башкарчу экен. Эки жүздүү чиркей ага кызмат кылат.

Жылан чиркейди өзүнө чакырып:

- Дүйнө жүзүн кыдырып учуп, болгон кыбыраган жандыктын канын татып, кимдики даамду экенин кайтып келип айтасың. Кимди көргөзсөң ошону жеп турам, - деди.

Кожоюндун тапшырмасын аткарып, кайтып келатканда алдынан чабалекей кезикти.

- Каяктан учуп келатасың?- деди.

- Менин кожоюнумдун буйругу менен дүйнө жүзүн кыдырып, кимдин каны даамдуу экенин аныктап келатам,- деди чиркей.

- Анан… эмнени билдиң?

- Баарынан да, адамдын каны таттуу болорун билдим, - деп чыйылдады чиркей.

Чабалекей:

- Жыланга чындыкты айтып, адам баласын курутпагын. Алар боорукер жандар.

- Жок, айтышым керек!- деди чиркей.

Чабалекей кайрадан:

- Суранам сенден, адамга зыян келтирбе, алар мага дос.

Чиркей:

- Жок, айтам!

Чиркей Айдахарга учуп келди. Жанында чабалекей чымын куюн болуп коштоп жүрдү.

- Кана, көргөн-билгениңден кеп сал! Бир сөзүң калп болгондон корккунуң!- деди жылан.

- Менин укуктуу кожоюнум, эч нерсени жашырбай, болгон чындыкты айтам. Эң таттуу жана даамду кан бул а…

Адамдыкы, деп айтканга үлгүрбөдү. Ошол маалда чабалекей учкан октой жетип келип, чиркейдин тилин учтуу курч тумшугу менен жулуп кетти.

Чиркей жыландын алдында алдастап, жан талашып, урунуп-беринип:

- З-з-з… З-з-з… З-з-з... - дегенден башка эч нерсе айта албай калды.

- Айдахар, чиркейдин эмне деп айткысы келгенин мен билем, ал эң таттуу кан жыландыкы дегиси келген, - деди акырын чабалекей.

Жылан чабалекейге каарданып,куйругу менен жерди чаап, оозун чоң ачып асманга көтөрүлө берип, чабалекейди аймап, сугунгусу келди. Чабалекей тез учкан жагынан эч бир канаттууну астына салбайт эмеспи. Тездик менен бирде ары, бирде бери учуп жыланга жем болбой жанын сактап калды. Айдахар болгону куйругун чала тиштеп, ортосундагы бир нече талды жулганга гана үлгүрүп, жерге кулап, башы ташка тийип өлдү. Ошол себептен чабалекейдин куйругу эки ачакей болуп калган деп айтып келишет жана адамдар ал канаттууну абдан жакшы көрүшөт.

Которгон Айтбүбү ОРУНБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз