Роза Айтматова: Чыңгыз Айтматов катышкан ачык сабак

  • 02.10.2023
  • 6834

Бүгүн – 10-июнь улуу жазуучубуздун көзү өткөн күн...

Агамдын дүйнөдөн өткөнүнө ушу күнгө чейин ишене албайм. Баягыдай эле чет өлкөдө жашап жатат, кадимкисиндей тез-тез Кыргызстанга келет да мага телефон чалып:

– Мен келип калдым. Кандай ал-жайың, бала-чакаң, биздин шекерлик туугандар аман-эсен жатышабы? – деп сурайт деп күтө берем.

Бүгүн менин агам менен акыркы жолу сүйлөшкөнүм эсиме түшүп жатат. Ал 2008-жылдын 12-майы, о дүйнө кетерине 28 күн калганда (2008-ж. 10-июнунда дүйнө салып кетти) эле.  Сүйлөшүү телефон аркылуу болду.

– Мен Алматыдан чалып жатам, эртең Москвага учам, андан соң он алтысында Казан шаарына барам. Ал жерде апамдын ата-бабалары түптөгөн Мячкара деген айылга барып, бир жагынан өткөндөрдү эскерип, зыярат кылып келейин дедим эле, экинчи жыгынан киночулар ал айылды тартат элек деп бара жатышат, - деди.

Ал маанайы көтөрүңкү, ишенимдүү үн менен сүйлөп, бара жаткан сапарынын программасына ыраазы болгондой сезилди мага.

– Роза, бирок сенден бир өтүнүчүм бар, - деди ал.

– Ооба, мен угуп жатам.

– Бул кандайча болуп кеткенин билбейм, бирок он алтысында Казанда болушум керектигин унутуп, мен бир мектептин директоруна анын окуучулары менен жолугушууга келем деп убада берип коюптурмун (ошол жылы анын 80 жылдыгы белгиленип, Айтматов жылы деп жарыяланып, андай жолугушуулар өтө көп эле жана алардын баарына жетише албай жаткан. Бирок окуучу балдар агам үчүн өзгөчө категориядагы окурмандар эле). Ал Нижне-Аларчинская деген мектеп, илгерки “толчоктун” жанында (“Толчок” - бул илгери шаардын чет-жакасындагы базар эле. Ал базарда кишилердин саны ушунча көп болгондуктан адамдар түртүшүп жүрүшчү. Ошондуктан ал базарды эл арасында “толчок” - түртүлүш деп коюшар эле). Эми сен түшүнүп жатасың, мен бул сапарымды кийинкиге калтыра албайм. А мектепте болсо балдар күтөт. Сенден сураныч, менин ордума ошол мектепке барып кой, сен ал балдардын суроолоруна жооп бере аласың деп ишенем, – деди.

– Мейли кабатыр болбоңуз, ал жолугушууга мен барып келем. Албетте, сиздин Казанда болушуңуз маанилүү.

Чыңгыз Төрөкулович директордун аты-жөнүн, телефондорун айтып берди. Мен аларды телефон китепчеме жазып алдым, азыр мен ошол жазып алгандарымды карап, агам мага акыркы жолу эмне дегенин эскерип жатам. Таң калыштуусу, агам анын ордуна ошол балдарга жолугуп келчи деп тапшырма бергенден баштап, мен мындай жолугушууларга үзгүлтүксүз, дайыма барып анын чыгармачылыгын терең баамдаган окурмандары, күйөрмандары менен жолугуп, агамдын өмүрү, ишмердиги жана биздин үй-бүлөнүн тагдыры жөнүндө айтып бере турган болдум. Мага агам, ошондогу бир жолугушууга гана эмес, андан кийин дагы, анын көзү өткөн соң көп жылдарга тапшырма берип кеткендей болуп сезилет. Эң негизгиси, мен дагы ал кишиге окшоп чакырууларга жок деп айталбайм. Сыягы, бул биздин айтматовдук жалпы мүнөзүбүз окшойт – балдарга карата жоопкерчилик.

Жакында агамдын түшкөн акыркы сүрөттөрү менин колума тийди. Алар Астана шаарында,  2008-жылдын 24-мартында тартылган сүрөттөр экен. Астанада “Кут билим” деген жекшемби күнү (воскресная) иштей турган мектеп бар, ал Гали Орманов атындагы №7 мектебинин астында уюштурулган. Бул Казакстандагы кыргыз диаспорасынын балдары үчүн атайын ачылган мектеп. Чыңгыз Төрөкулович ошол мектепте өткөрүлгөн ачык сабакка катышып, кыргыз балдар менен жолуккан экен (окуучу балдар менен акыркы жолугушуусу). Ачык сабактын темасы “Манас – кыргыз эл эпосу”,“Көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы”.

Тагдыр экен, бул окуя жөнүндө мен жакында эле мындан эки-үч күн мурун билдим. Мен ошол ачык сабакты өткөргөн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Саякбаева Турар Сайпидиновна менен таанышып калып, бир гана ачык сабак жөнүндө маалымат албай, буга кошумча дагы башка сүрөттөрдү да алдым. Ачык сабак балдар үчүн да, жазуучу үчүн да абдан кызыктуу өтүптүр. Ал сүрөттөрдөн деле көрүнүп турат. Аягында Чыңгыз Төрөкулович чет өлкөдө жашаган балдарга өз эне тилин, адабиятын окутуп жаткан биздин мекендештерибизге терең ыраазычылыгын билдирген экен. Биздин мамлекетибиздин келечегин ойлоп, келечек муундарга туура багыт берип иштеген мекендештери менен сыймыктанган экен. Агам, балдар биздин келечегибиз деген идеяны дайыма биринчи орунга койчу эле.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз