Харуки Мураками: Отуз эки жаштагы Day tripper[1]

  • 18.06.2021
  • 2989

АҢГЕМЕ

Мен, отуз экидемин, кыз болсо он сегизде. Ой токтотуп айырмасын эстей калсаң, көзүң караңгылай түшөт.

Мен болгону отуз экидемин, кыз болсо эчак эле он сегизге чыккан...  Мына, эми башка кеп.

Биз экөөбүз доспуз деп айтсак жарашат. Ашык-кеми жок.

Мен үйлөнгөнмүн, аялым бар, анын болсо - алты жигити бар. Жигиттери  менен ал жөн күндөрү жолугушуп турат, мени менен айына бир жолу – жекшемби күнү. Калган жекшемби күндөрү үйүндө телевизор тиктеп олтурат. Ал телевизор тиктеп отурганда – тюленге окшошуп кетет. Ошондой жакшынакай дегеним да.

Ал кыз 1963-жылы – президент Кеннедини[2] атып кеткен жылы төрөлгөн. А мен ошол жылы биринчи жолу кыздарга жолукканы барган окшойм. Ошол жылы кайсы ыр мода болду эле?  Клифф  Ричардын “Жайкы каникулу”  болсо керек.

Эми айырмасы канча...

Эмнеси болсо да ошол жыл,  кыз төрөлгөн жыл болчу.

Арийне,  1953-жылы төрөлгөн кыз менен мамилелеш болом деп ал кезде үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Азыр деле таң калам. Айдын аркы бетинде отуруп тамеки тарткандай сезилип.

Досторумдун арасында жаш кыздар зериктирип жиберет деген көз караш калыптанып калган. Ошого карабастан көпчүлүгү жаш кыздар менен жолугуп эле жүрөт. Зериктирбеген кыздарды табышты дейсиңби?  Балээниби. Кептин баары ошол зериккенде  болуп жатпайбы. Алар кандайдыр бир татаал оюн жүргүзүп жатышат – зеригүүгө чөмүлүп,  аны кыздарга бир тамчы да тийгизбей,  чакалап баштан аяк куюнуп, ошондон ыракат алышат ко.

Дегинкиси, мен ошондой ойлойм.

Чынында эле он кыздын тогузу – акылдары жок, зериктирме эле  бирдемелер. Арийне, аны өздөрү сезишпейт. Жаш, сулуу, жаңы нерселерди өздөштүргөнгө умтулушат... “Зеригүү деген эмне? Анын бизге тиешеси жок” деп ойлошот да алар.

О-хо-хо.

Мен кыздарды күнөөлөгөн жерим жок. Аларды жаман деле көрбөйм. Тескерисинче, мен аларды жакшы көрөм. Алар менин жаш курагымды – жаңыдан бой тиреп келаткан мезгилди элестетет. Ал болсо... кандай десем... сонун мезгил болчу.

*     *     *

- Уксаң! Сен кайрадан он сегизде болуп калганды каалар белең? – дейт ал мага.

- Жок эй. Каалабайм, - дейм мен.

Ал түшүнбөйт окшойт.

- Каалабайсыңбы? Чын элеби?

- Каалабайм.

- А эмне үчүн?

- Мага ансыз деле жакшы.

Ал чыканактарын столго коюп, алакандары менен жаактарын тиреп, кашыкты шыңгыратып, кофесин ойлуу аралаштырып олтурат.

- Ишенбей турам.

- А сен ишен.

- Жаш болгон сонунбу?

- Ошондой го.

- Анда эмне, мага ансыз деле жакшы дейсиң?

- Бир жолу баштан өттү. Ошол мага жетет.

- А мага жетпейт.

- Сен болгону он сегиздесиң.

- Хм-м.

Мен официантты чакырып, дагы пиво алып келишин өтүнөм. Жамгыр жаап жатат. Терезеден Иокогама порту көрүнөт.

- Сен он сегизде экениңде, эмне жөнүндө кыялданчу элең?

- Кыздар менен жатканды.

- Дагы?

- Ошол.

Ал кыткылыктап, пивосун ууртайт.

- Анан эмне, кыялың ишке ашчу беле?

- Ар кандай. Албетте, көбүн эсе ишке ашпай калчу.

- Канчасы менен жатып чыктың?

- Билбейм. Санаган жокмун.

- Койчу?

- Каалаган эмесмин.

- Мен эркек болсом санамакмын. Жакшы да, ыраспы?

*     *     *

Кээде  башыма кайрадан он сегизде болуп калсамчы деген ой келет. Анда биринчи кезекте эмне кылар элем?  Элестете да албайм. Балким татынакай отуз эки жаштагы аял менен жолугушуп жүрмөкмүн? Сонун болмок да.

Мен андан сурамакмын:

- Сен качандыр бир убакта, он сегиз жаштагы мезгилиңе баргың келеби?

- Хм-м.  Жок. Баргым келбейт ко дейт ал муңайым  жылмайып.

- Чын элеби?

- Чын.

- Койчу, - деп таң калам. - Баары эле жаштык кез сонун деп айтып жүрүшпөйбү.

- Туура айтышат.

- А сен эмнеге баргың келбейт?

- Жашың азыркы меникиндей болгондо билесиң.

Мына азыр отуз экидемин: жумасына бир жолу чуркап койгонго убакыт табылбайт – жалкоолук, курсак болсо чоңоюп эле баратат. Он сегиз жашка кайра баралбайсың. Айла жок.

Эртең менен чуркап келип, бир банка жашылча согун ичем, креслого отуруп битлиздердин “Day tripper” пластинкасын коём.

- Da-а-аy tripper...

Ушул ырды угуп жатып, мен өзүмдү поездин вагонунда бараткандай сезем. Терезеде телеграф столбалары, станциялар, тоннелдер, көпүрөлөр зыпылдап, уй, ат, заводдордун трубалары, дагы толуп жаткан нерселер... көзгө илешпей учуп өтүп жатат. Кайда барбагын -ушундай эле сүрөт. Мурда пейзаждар кызыктуурак болсо керек.

Коңшу креслодогу жүргүнчүлөр гана ар башка. Бул жолу креслодо он сегиз жаштагы кыз отурат. Менин ордум терезенин түбүндө, аныкы – кире бериште.

- Кааласаңыз орун алмашып алалы? - мен сунуш кылам.

- Рахмат, абдан жакшы адам экенсиз.

“Жакшы адамдын бул жерде тиешеси деле жок,- дейм ичимден улутунуп. - Жөн эле мен зериккенге көнгөн адаммын”.

Отуз эки жаштагы day tripper, телеграф столбаларын санагандан тажаган, ордун таба албай тынчы кеткен бир адам.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ


[1] Жон Леннон, Пол Маккартниге таандык “Экскурсант” деген ыр (1965) – сапардагы адам.

[2] Жон Кеннеди - АКШнын 35-президенти. 22.11.63-ж. Даллас шаарында атып өлтүрүлгөн. Ким атканы ушул күнгө чейин талаш жаратып келет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз