Архивден: Чыңгыз Айтматов «Себат» билим берүү мекемесинде (1-макала)

Ч.Айтматов бул жолку өтө чукул келишинде, ушунчалык убактысы тар болгондугуна карабай кыргыз-түрк лицейлеринин «Себат» мекемесинин Бишкектеги уландар лицейинде болду.

Жазуучуну Түркиядан келген «ДА» («Диалог Евразия») журналынын редколлегия мүчөлөрү – журналдын иш башкаруучусу жана координатору Эркам Туфан Айтав, башкы редактору Мустафа Армаган, белгилүү азербайжан кино ишмери, азыр Стамбулдагы Мимар Синан атындагы университеттин профессору болуп иштеп жүргөн Тофик Исмаилов, түрк кинорежиссёру Халит Рефиг, түрк акыны Атаола Бахрамоглу ж.б. маданияттын таанымал кишилери коштоп жүрдү.

Бул делегацияны «Себат» мекемесинин президенти Азиз Гүржан, Башкы директору Южель Бозкурт, Бишкек уландар лицейинин директору Ихсан Палта, мугалимдер-тарбиячылар, ата-энелердин өкүлдөрү, айрым окуучулар тосуп алып, адегенде мектептин китепканасына баштап киришти. Ал жерде жазуучу өзүнүн чыгармачылыгына арналган көргөзмө менен таанышты, андан кийин мультимедия кабинеттерин көрүп, интернет системасы менен абдан кызыгып, кайра-кайра суроо берип, ыраазы боло жолугушуу үчүн залга келди. Жазуучуну кыргыз-түрк лицейлеринде окутуунун төрт тилде жүргүзүп жаткандыгы, англис тилиндеги окуулуктары өзгөчө кубандырды. Ырасында эле бул азыркы татаал дүйнөдө ала-тоолук балдардын заман менен тең арыштап, дүйнөлүк интеграцияга кирип бараткандыгынын бир көрүнүшү эмеспи. 

«Себатка» кызыгуу

«Себат» лицейлерине элдин кызыгып жаткандыгы да ошол дүйнөлүк стандарттагы билим бергендиги. Ал жерде балдар төрт тилде эркин сүйлөп гана калбай, физика, химия, биология, математика сыяктуу сабактарды планетадагы эң мыкты окуу жайлары колдонгон китептерди колдонуп, англис тилинде окушат, демек алар дүйнөнүн менменсинген университтерине абитуриент болууга жарайт. Компьютердин болсо ар кандай опперацияларын жакшы өздөштүрүп чыгышат. Быйыл бул лицейлерге бөлүнгөн бардык 750 орунга 52 500 улан-кыздан (бир гана 6-классты бүтүрүп аткандардын кабыл алынарын эстеңиз) арыз түшкөндүгү, демек бир орунга 70 окуучунун тапшырып жаткандыгы эле анын зоболосунун канчалык өсүп жаткандыгынын, ала-тоолуктардын билим үчүн канчалык аракет кылып жаткандыгынын ачык далили эмеспи.

Чыңгыз Айтматов: «Ушунчалык билгичтик менен уюштурдуңар, силер улуу мугалимсиңер».

Залдагы кечеде уландар лицейинин балдарынын түрк жана кыргыз гимндерин аткарганын,  «Манас» боюнча театр көрсөтүүсүн, «Айчүрөк» кыздар лицейинин комузчулар ансамблинин күүлөрүн угуп, көргөн соң:

- Ушул кечеге катышып отургандардын ичинде менден аксакалыңар жоктур, - деп сөз баштады гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов, - лицейиңер жөнүндө угуп жүргөм, билип жүргөм, не деген лицей болду экен деп кызыгып жүргөм, бирок мен көбүнчө сыртта, эл аралык майданда болуп, убактым көбүнчө ошол жакка жумшалып жатат. Мына мен бүгүн керемет менен кездешип, өзүмдүн абдан бактылуу инсан экенимди сезип жатам. Мына бул жерге чыккан, көңүлү таза, ниети таза, ак ниет жаш балдар, кыздар өздөрүнүн сезимин, билимин, илимин ушунчалык далилдеп атпайбы. Демек, азыркы заманда, демократияга кетип баратканда, Батыш менен Чыгыш жарышып кетип баратканда жаңы мезгилдин, күндүн мазмунун, формасын издеп тапкан экенсиңер. Демек, бул кыргыз-түрк лицейи иш жүзүндө, практикада азыркы жаңы муун жаштарды кандай багытта өстүрүп, тарбиялоо керектигин далилдеп жаткан жокпу? Бул жаштарыбыз сөзсүз түрдө көп нерсени билип, көп нерсени өздөштүрүп жатат. Бул жерде мен сураштырсам, программасын караштырсам, ар кайсыл бүгүнкү күн, келечек үчүн актуалдуу болгон илим-билимдин баарына багытталган экен силердин окууңар. Ушул лицейди ар тараптап азыркы заманага баптап, өнө турган, өнүгө турган, тарбиялай турган жолго салган мугалимдериңерге, энелериңерге, агаларыңарга мен аксакал башым менен башымды ийип, силерге – ушул баарыңарга чоң ийгиликтерди тилеп атам.

Кечээ күнү абдан олуттуу жыйын болду. «ДА» деген журнал чыгып атат, орус жана түрк тилинде, биз ошол журналдын мааниси, келечеги жөнүндө кеңири пикир алмашып, өзүбүздүн азыр жаңы заманда канчалык ортоктугубузду, кызматташтыгыбызды сездик, билдик. Кечээги ошол топланды, жыйын, ал өзү бир чоң окуя, а азыркы жаштарыбыз мына бүгүн ушул заманды чагылткан күзгү катары көрүнүп турат. Андыктан баарыңарга, өзгөчө жаштарга, жаштарды окутуп аткан мугалимдерге, силерге – жетекчилерге, ушул лицей интеллектуалдык жактан канчалык керек экендиги, зарылдыгы ушул жерде көрүнүп турат. Бул чоң кубаныч, буга көңүлүм ток. Ушуларды көрүп туруп келечек бизге, тагдыр бизге көңүл бурат деп турам. Түрк маданияты менен кыргыз маданияты баш кошуп, бирге иштешип жаткандыгынын көрүнүшү кубандырбай койбойт. Ушуну барктаган, ушуну идея катары ойлоп чыгарган жана иш жүзүндө ушуну аткарып аткандарга чоң ыраазычылыгымды айтам. Колумдан келсе жакында мына биздин мамлекетибиздин он жылдыгы белгиленет, ошого карата макалалар жазам го деген оюм бар, ошондо бүгүнкү көргөнүмдү, ойлогонумду билдирем го деген тилектемин.

Жазуучу Абдыкерим Муратов Айтматов менен...

Жазуучуну жашыткан Алтынбек

Оштогу «Сема» кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Алтынбек Исмаилов жазуучуга арналган акроырын окуган соң Айтматовдун «Делбирим» повестинин негизинде жазылган өзүнүн сочинение-поэмасын окуп атты. Жазуучу улам башын ийкеп, тигил сахнадагы жигитти колдоп аткан, жигит улам кызып Ильяздын армандуу тарыхын ырга салып аткан, «Күндү тосуп, кылактаган булуттай, кубанычым сезилгенсип куруктай, колго тийген коңгуроолуу куш кетип, кала бердим, тилден калган дудуктай» деп бүтүп басар менен Чыңгыз агай көзүнө жаш тегеренип, Алтынбекти кучактап, беттен сүйүп, эркелетип, батасын ыроолоду.

А.Исмаилов Өзгөндүн Көлдүк айлынан келип, Оштогу кыргыз-түрк лицейинде окуп жатат. Ырлар жыйнаган даярдап койду. Алардын бир тобу Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган. Китеп кылып чыгарсам дейт.

«Себатта» мындай таланттар бир топ. Анткени аларга ошондой багыт берилет. Талантың бар болсо, ага бул жерде суу куюлуп, азып берилип бапестелет...

Абдыкерим МУРАТОВ

«Zaman Кыргызстан», 2001-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз