Чыңгыз Айтматов: Интеллектуалдык шериктештик өркүндөп атат (архивден)

  • 25.06.2021
  • 3957

(2-макала)

2001-жылы 14-майда Ататүрктүн 120 жылдыгына карата Бишкекте – «Манас» университетинде өткөн эл аралык «Ата Түрк жана парламентаризм» деген жыйында Ч.Айтматов мындай деп айтты: «Мен сыртта жүрөм, бул жолу он-он беш күнгө келдим эле, ушунун арасында түрк фактору кайра-кайра өзүн билдирип атат: кечээ жакында эле «ДА», же «Авразия диалогу» деген журнал презентациясын өткөрдү, анда да жакындаганбыз, Евразияны интеллектуалдук жагынан ээлейбизби, келечегибиз кандай болот, глобализация процессиндеги канчалык чамабыз бар – мына ошону сүйлөштүк. Ошол чама, ошол күч, ошол келечек силерде. Андыктан силердин бүгүнкү топтолуп отурганыңар, анан ушундай акылман кишилердин чыгып сүйлөгөнүн өз көңүлүңөргө уютуп, кабыл алып турганыңар бул сөзсүз зарыл, керектүү нерсе. Мына ушул менен эле катар айтайын дегеним – түрк элинин Орто Азия калктарынын ортосундагы ишмердик, мындайча айтканда, интеллектуалдык шериктештиги өркүндөп атат. Кечээ жакында «Себатта» болдук. Бул кыргыз-түрк лицейи. Аерден абдан көңүлүм толуп, абдан кубанып келдим. Жаш балдар ушунчалык билим алып, бир нече тил үйрөнүп, кандай сонун илимдерди билип, ошол жерге конкурс аркылуу өтүп жатыптыр. Мисалы ошол «Себатта» үч миң окуучу бар экен, а конкурсу элүү миң окуучудан тандап алгандар экен, сөзсүз бул өзүбүздү өзүбүз көрсөтө турган балдарыбыз. Ошол сыяктуу ушундай лицейлердин Орто Азияда бир нечеси бар экен, жалпысы 40 миң жаш балдар-кыздарыбыз түрк лицейлеринде окуп жатышат. Ушунун өзү биздин жакындыгыбыз, зарылчылыгыбыз канчалык экенин айтып турбайбы...»

«Себат» лицейлери Айтматовдун 80 жылдыгын жыл башынан бери эле белгилеп келе жатат. Мурда «Балалыгым» деген китебин эки тилде – түрк жана кыргыз тилдеринде чыгарып окуучуларга таратып берсе, быйыл жылнаама чыгарды. Окуучулар арасында айтматовдук темада көркөм окуу, дилбаян конкурстары, китеп көргөзмөсү, мугалимдер үчүн илимий-практикалык конференция өтүү белгиленген.

Жазуучу Бишкекке келсе да, Европада болсо да «Себаттын» президенти Орхан Инанды мырза менен кабарлашып, телефон менен сүйлөшүп турчу…

Чыңгыз Айтматов: «Руханий дүйнөмдү тарбиялаган Айымкан деген өзүмдүн чоң энем болчу»

Ч.Айтматовдун «Себат» билим берүү мекемесинин Бишкектеги кыргыз-түрк уландар лицейиндеги жолугушууда сүйлөгөн сөзү. Бул маектешүү жазуучунун түрк тилиндеги «Балалыгым» деген китебинин чыккандыгына байланыштуу болуп өттү.

- «Өмүрдө бул чанда-чанда боло турган окуя – өз атыңды өзүнө наам койгон мектепке кадыр-сый менен келип, жаштардын алдында, мугалимдердин алдында чыгып сүйлөө. Андыктан мен ушуга өзүмчө абдан ой жүгүртүп, ойлоп атам – мага тагдырым ушуну буйруган экен деп. Ушундай жаштардын арасында болуу кандайдыр бир символ катарында силердин тарбияңарга, окууңарга аз болсо да көмөк болуп калса дейм. Дайыма мен силерди сурап жүрөм, Орхан бей (Кыргызстандагы «Себат» билим берүү мекемесинин президенти – М.А.) менен телефондошом, жыйналыштарда жолугабыз, мектеп кандай, эмне болуп жатат, окуучулар кантип атат деп абдан сураймын. Анткени бул мектептин иши мен үчүн тегин эмес. Ушул жердин иши канчалык илгери болсо, билим-илимди жаштар азыркы шартка, талапка ылайык алса, мен ошончолук кубанып, өзүмдү ушул мектеп менен бекер байланышкан эмес экенмин деп ойлоймун. Азыркы заманда, албетте, билим алыш деген оңой эмес, өзүңөр билесиңер, учурдагы глобализация заманында билим-илим алып жаткан жаштарга талап абдан өстү, азыркы талапка жооп бериш оңой эмес. Мейли Европада болсун, мейли Америкада болсун, башка жакта болсун, ошол жактарга барып, илим-билимиңди ошолор менен тең көрсөтүп турсаң ошонун өзү чоң олжо. Ошонун өзү өзүбүздү өзүбүз актагандык. Руханий олжону алыш үчүн билимге абдан аракет кылыш керек. Мен балдарыма, кыздарыма айтар элем – силер мага неберелерим катары аксакалдык, аталык тилегим, пикирим катары ушул мүмкүнчүлүктү, ушул шартты уттурбагыла дээр элем. Ушул шанс силерге атайын берилген.

Мына шаардын ылдыйкы четинде ушул мектепти атайын жасап, куруп, иштетип жаткан ушул биздин түрк агайындарга өзгөчө чоң ырахмат. Ушунчалык ушул ишке берилип, ушунчалык жардам берип атканыңарды биз баалабай койбойбуз. Андыктан качан болбосун, кайда болбосун биздин ушул мектептин атын чыгарыш үчүн аракет кылып, информация болобу, башка болобу, баарын айтып турам.

Анын эми азыр өзүңөр айтып калдыңар, дүйнөнүн ар кандай тилдеринде китептери чыгып атат дедиңер, алардын ичинен бир канчасы силердин музейиңерде да турат.

Жакында дагы бир жакшы окуя болду, силерге айта кетейин, менин чыгармачылыгым адабиятка гана эмес, кандайдыр бир даражада музыкага да оошуп кетип жатат. Нью-Йоркто Менхэттен залында 1–2-мартта чоң презентация өттү. Маңкурттун энесинин ыйын, азап-тозогун сүрөттөгөн музыкалык бир чоң көрсөтүү болду. Найман эненин боздогон үнү ошол жерде жаңырды. Эмне үчүн дегенде силер миф, легенда дегенди окуп-билип аткан чыгарсыңар, алар элдин эсинде, тарыхында, маданиятында калган зат. Ошол Найман эне маңкурт баласын талаадан тапканда, ошондо айткан арыз-арман, трагедиясынын бардыгы азыр мынакей, бир кездерде качанкы кылымдарда бир кичинекей талаада боздоп аткан эненин үнү азыр Нью-Йорктун борборунан угулду. Эми жакында информациясы чыгат, музыкасын жазган аял киши экен, дирижёру болсо корец, ал да музыкада атактуу адамдардан. Карабайсыңарбы, ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү өнөрдөгү адамдар кошулуп, ушул мынабул казак жеринде качандыр бир кезде болгон окуяны – Найман ананын боздогон арман ырларын ошентип берип атат. Эки жолу чоң концерт болуптур.

Муну айтып атканым – силер мага ушунчалык ишеним берип атасыңар, жазуучу катары, коомдук ишмер катары. Эми мен дагы ошончолук аракет кылып атам. Анткени мен гуманист катары, бул жагынан кудайга да ишенем дегендей, бардык жандилим менен, акниетим менен, чын ыкласым менен гуманизм идеяларына кызмат кылам. Ошол идеялар жанагыдай болуп өз ордун таап жатат.

Мына, менин кийинки жылдары чыгармачылыгыма, руханий жандүйнөмө өзгөчө таасир тийгизип, өзгөчө жардам берип аткан түрк агайындардын маданияты, прессасы, китеп басчуулары. Алардын ичинде «ДА» деген журналы. Ал дүйнөдө жалгыз, өзгөчө журнал. Түрк жана орус тилинде чыккан басылма. Бизге болсо өзүңөр билесиңер, орус тили жапжакын. Кыргыз тили бизге кандай жакын, кандай зарыл, кандай кымбат болсо, орус тили да ошондой, анткени тарыхтын өзүнүн жасалгасы, шарты ошондой. Замандар өзгөрүлүп, түрк маданиятынын кубаты менен ушундай мектептер курулуп, сабактар окутулуп, эми түрк тилин да билесиңер, анан англис тили, өзүбүздүн кыргыз тилин да унутпадыңар, орус тили – ошентип төрт тилди өздөштүрүп атасыңар, ошого мүмкүнчүлүк алдыңар. Демек силерге бул жагынан шарт абдан жакшы түзүлгөн, ушуну пайдалангыла...

Бүгүн болсо Орхан бей мени каалагандарга түрк тилинде чыккан китебиңизге автограф жазып бериң деп мында алып келди. Бул болсо менин бала кезим жөнүндөгү китеп. Ошонун бетачары болуп жатат. Мына биздин дагы бир кезде силердей жаш бала кезибиз болгон. Бул китеп немис тилинен которулду, анткени кыргызчасы да жок, орусчасы да жок. Кандайча дейсиңер? Анткени мен Германияда көп жүргөм. Көп жолугушуулар болот. Ушул сыяктуу аудиторияларда. Анан ошондо менин котормочум бар Фредрих Хетцер деген. Дайым менин жанымда жүрөт, мен анын жанында жүрөм. Мына ошентип жанашып отуруп, мен эмнени айтсам, ошону немис тилине которуп турат. Көп сүйлөшөбүз, сырдашпыз. Анан ошол менден сурайт: «Кана, бала кезиң кандай болду, ал кандай болду эле, мунусу кандай болду эле» дей берет да эми. Мен жооп бере берипмин, ал анын баарын магнитофонго жазып жүрө бериптир. Жазып алып, кийин аны кагазга түшүрүп, мага көрсөтөт. Ошону өзү немис тилине которуп, китеп кылып чыгарган. «Кыргызстандагы балалык» деген ат менен. Немис тилинде. Буерде түркчөсү «Айтматов. Балалыгым» деп турат.

Эми бала кезди эстебеген ким бар дейсиңер? Кийин-кийин билесиңер, балалык адамдын канчалык эң бактылуу, эң бир гүзөл, көркөмдүү күндөрү, жылдары ошол жакта экенин. Менин ушерде айтаарым Фридирих Хицерди абдан кызыктырганы ушул адабий жолума таасир эткен, руханий дүйнөмдү тарбиялаган Айымкан деген өзүмдүн чоң энемдин болгондугу. Таластын Шекер айлынын үстүндөгү тоолордо жайкысын жайлачубуз. Ошол чоң энем, Бишкек анда Фрунзе деп аталчу, ушерден өзү келип алып кетер эле, адегенде поезд менен Олуя-Ата-Жамбылга чейин барчубуз да, анан атчан тоону көздөй жөнөчүбүз. Балдар менен ойноп жай бою жайлоодо жүрөбүз. Анан менин чоң энемдин бир артыкчылыгы, бир касиети бар эле – чебер жомокчу болчу, түгөнбөгөн жомоктору болор эле. Анан мага жомок эле айтып бере берер эле. Түгөнчү эмес. Мени ошентип жомокко үйрөтүп койду. Мен кийин чоң энеме айтчу элем, колу бошосо эле жомок айт дечүүмүн. «Бу сен кандай маңызсың, кандай жомокко тойбойсуң» дечү. Кээде айтчу, кээде жадаганынан «коё турчу, уктап алайын» деп калчу. Мен ага да чыдабайм, беш-алты жашар баламын. Бир аздан кийин эле ойготуп, «кана, кандай түш көрдүң, айт» деп кыйнаймын. Анан «ой, менин көзүм жаңы эле илинбедиби, ишенбейсиңби, коё тур эмесе, сен мынабул жерде ойной тур, мен кошуналардыкына барып, анын түшүн карызга алам да, анан сага айтып берем» дейт. Мен ошого ишенчүүмүн, чынеле барып карызга жомок алат экен деп күтүп турчумун. Көрсө ошол жакка барып келгенче бир нерсени ойлоп таап, анан мага айтып берчү тура. Маймыл жөнүндө, күчүк жөнүндө, ит жөнүндө, адамдардын аркандай турмушу жөнүндө жомокторду чыгарып айтып бере берчү. Бир күнү да адаттагыдай эле ушинттик, энем «коё тур, кошунага барып келейин» деп чыгып кетти. Ана күтөм, мына күтөм, жок. Анан кийин чыдабай кеттим, чуркап бардым, чуркап барып эшикти шарт ачып мындай карасам, чай ичип отуруптур, анан мен ошончолук ачууланган экемин, «апа, сен мага карызга түш сурап алмакка келбедиң беле, мен болсо баятан бери күтүп отурам» десем, уялып, үйдүн ээси болсо таң калып, «капырай, түштү да карызга алат бекен, мурун карызга ун алчу элек, туз алчу элек, эми карызга түш берчү болдукпу» деп айткан эле...

Мына ушулардын баары ушул китепчеде бар.

Мен кийинки кезде айтып жүрөм, ал кезде радио, телевидение, андай-мындай дегендер жок, ошондо менин чоң энем мага телевизор болчу. Ал гана эмес айтып берген жомогун кайра мага «эми сен айт, мен сага айттым, сен мага айт» дейт. Айтсам, «аа, дурус айттың, бул жерин туура айттың, бул жерин кошуп койдуң» дечү. Көрсө мен үчүн өзүнчө бир тренинг болуп атыптыр да. Ошентип, жаш кезимден, арбагы ыраазы болсун, ушул киши мени көркөм сөзгө, жомокко ынта койдуруп өстүрдү.

Мен ойлойм – жомок деген бул өзү үлкөн бир сюжет. Башталышы бар, чокусу бар, аягы бар. Роман дале ошол да, кандай гана жазсаң бир нерседен башташ керек, бир нерсеге жеткириш керек, анан окуяны бир нерсе менен чечиш керек. Жомок да ошондой, сюжети болот.

Мына ошондой абалда ошол жактан келген бул китеп. Сүрөттөрү бар. Энемдин, атамдын фотолору. Бирок бир гана арманым – ушул китептеги сүрөттөрдүн арасында Айымкан чоң энемдин сүрөтү жок. Сүрөтү болор эле. Согуш жылдарында ушул эсимде бар, топ кишинин арасында турган, өзү акылман, мыкты адам эле, анан кийин туугандарыбыздын бирөө ушуну мен чоңойтот элем дедиби, эмне кылам деди, айтор, алып кетти, ошо менен өзү да жок, сүрөт да жок. Демек ушул китепте балалык кез унутулбай, балалыктан келген таасир дайым кошо жүрө турган жагдай-шарт болгон.

Андыктан ким макул болсо, ошолорго автограф, кыргызча айтканда, колтамга жазып берейин».

Жазуучу колтамгасын коёр алдынан дагы бир топ конкреттүү суроолорго өз жообун берди

- Сиздин китебиңиз адегенде немис, анан түрк тилинде чыгыптыр, эми кыргызча да басылабы?

- Эми муну жайынча бир отуруп, өзүм жазып чыксам болот. Котормочуга берүүгө дале мүмкүн. Котормочу немис тилинен которсо да болот, түркчөдөн которсо андан бешбетер. Бирок өзүм бирааз иштесем болор эле. Эми ага убакыт аз. Мына силердин жаш кезиңер, ден соолугуңар жакшы. Муну да кийин түшүнөсүңөр, ден соолук деген адамдын эң зарыл нерсеси, күндөлүк турмушта ошончолук турмуштун өйдө-төмөнүн ачып бере турган абал ошол. Ал эми ден соолугу начар киши өзүңөр билесиңер, айрым бир бактысыз кишилер инвалид болот, турмуштун азап-тозогун көрөт, муну айтып атканым жаш келгенде ден соолук кыйнай берет, аны караш керек экен, доктурга көрүнүш керек экен, дары алыш керек экен, ушунун баарына убакыт керек. Анан канча коомдук иш, күндөлүк иш, кызмат да бар, ошондойлордон бир аз кыйналып турганым. Ошон үчүн убакыт болсо дейм. Эгер убакыт болсо дагы көп-көп нерселерди жазууга шартым бар. Дагы күчүм жетет эле. Азыр мына канчалык тарых укумуштуу көп темаларды берип атат, ошолордун бардыгын жазууга абдан шыгым бар да. Шарты келсе кыргызчалатып туруп да чыгарабыз.

- Сиздин «Жамийлаңызды» Луи Арагон качандыр бир кезде «дүйнөдө махабат тууралуу эң сонун баян» деген эмес беле, Сиз ошол пикирге макулсузбу?

- Кантип макул болбой коёюн. Луи Арагон бул – улуу ысым. Сүйүү темасы деги эле көркөм өнөрдүн магистралдык темасы. Жалпы эле турмуштун башкы маңызы. Силер да ошол жашка келип калдыңар. Анын баарын түшүнөсүңөр, көрүп-билесиңер. Мен дагы мындай нерсени башымдан өткөргөм. Өзүмдүн махабат тууралуу ойлорумду өзүмчө топтоп «Жамийланын» сюжети аркылуу айтууга аракет кылгам. Ал чыгарма адегенде кыргызча жазылган, анан орусчага, орусчадан французчага которулуп, ошондон кийин жанагындай чоң баага арзып отурбайбы. Ошондон бери бул китеп кайда чыкпасын, анын ичинде Францияда чыкса да китептин башына Луи Арагондун жанагы сөзү эпиграф катары берилет. Бул – Арагондун пикири. Ал өз пикир-оюн жерге таштабаса керек. Мен болсо ага таазим гана кылам.

- Сиздин балалыгыңыз документалдык негизде автобиографиялык чыгарма катары жазылыптыр, эми калган өмүр баяныңыз тууралуу көркөм чыгарма жазуу ниетиңиз барбы?

- Абдан сонун болор эле, эгер ошого шарт болсо, убакыт болсо. Жетишсем. Албетте, бир топ жазуучулар ошентип өз өмүр баянын жазышкан. Бул меники – балалык кез. Балким, аманчылык, тынччылык болсо өз өмүрүмө кайрылам. Эми айрым кишилер болот, өз өмүр баянын жазат, а мага болсо өзүм ойлоп чыгарган сюжетим кызыктуу. Менин өмүрүм башкалар үчүн кызыктуу болобу, болбойбу, аны мен айта албайм.

- Алгачкы китебиңизди колго алганда кандай сезимде болгон элеңиз?

- Алгачкы китебим «Бетме бет» деген эле. Бирок анда мындай болчу да: ал заманда журнал деген маанилүү эле, Советтер Союзунда орус тилинде чыккан бир топ журналдар боло турган. Андан тышкары союздук республикаларда өз тилибизде чыккан адабий журналдар бар эле. Адабий журналдан орун алып басылып чыккан чыгарма кабыл алынган сыяктуу болчу. Андыктан ошондогу журналдарга, айталык, «Новый мир», «Звезда», «Октярбь» ж.б. журналдарга чыкса, анда Твардовский «Новый мир» журналында редактор, ал кезде буга чоң маани берилчү, маданияттын чоң көрүнүшү эле. Азыр эми ал журналдардын мааниси кетти. Алардын көбүн аласыңарбы-албайсыңарбы, журналдардын көбү рекламага айланды. Китептер болсо өзүнчө гана басмалардан чыгат. Мен биринчи китебим качан чыкканын бөлүп айта албайм, бирок журналга биринчи жолу «Бетме бет» чыкканда мен үчүн, албетте, чоң окуя болгон. «Бетме бетти» окудуңар бекен, окубадыңар бекен, ал жерде качкын менен анын аялы Сейденин тагдыры, эми анын баарын айтып бере албайсың, көркөм чыгарманы айтпай, окуш гана керек. Окуп, жандилиң менен ошого кошулушуп, берилсең, ошончолук көп табылга болот. Андыктан менин ошол биринчи «Бетме бет» дегеним «Новый мир» деген журналга чыкканда албетте, мен үчүн чоң окуя болду, ошол мени шыктантып, багыттап кетти.

- Чыңгыз Төрөкулович, Сиз бир нече сыйлыктардын ээсисиз, орден-медалдарыңыз бар. Сиз ошол сый-ургалдарыңыздын баарынан сая кечип, жөнөкөй бир инсан бойдон кала алар белеңиз?

- Эмне үчүн маселе ушундайча коюлуп, ушундай сый-ургалдардан баш тартышым керек эле?

- Сиз үчүн эмне маанилүү дегеним да? Даңкпы? Башкабы?

- Даңкты мен өзүм жараткан жокмун. Ал бир нерселерге байланыштуу өзү келет. Мисалы, мага китептеримдин популярдуулугуна байланыштуу келди го дейм. Коомдук иштериме байланыштуу, ар кыл жыйындарда сүйлөгөнүмө карашты. Мунун баары даңктын өзү үчүн өзү келбеди. Чыгармачылыктын кубанычы үчүн келди. Даңк келсе, демек, ал таналуудан жаралат. Таналуу коомдон, замандаштардан, мамлекеттен болот. Наам берүү, орден-медаль берүү бир кадимкидей эле нерселер. Эгер нормалдуу мамиле кылсак, бул эчкимге дале тоскоол болбойт. Мунун баарынан кечүү, монахка айлануу, кайсыдыр бир үңкүргө барып ойлонбой отуруп алуу бул мага ылайык келбейт. Өз замандаштарына кызмат кылган адамдын гана жашоо-турмушу толук болот.

- Сиздин Дүйшөнүңүз менен азыркы мугалимдерди салыштырууга болобу?

- Салыштыруу кыйын. Ал кез революциянын убагы. Революция дегенди түшүнөсүңөр – баарын оодаруу, баарын жаңыртуу, эскинин баарын кабылдабай, жаңыга гана умтулуп турган кез. Анан мектептер жаңыдан гана түзүлүп турган убак. Ал мугалимдин тагдыры башкача. Биринчи из салган киши. Азыркы мугалимдик чоң өнөр, профессия. Ар бир мугалим керектүү, замандаш, алар билим-илим берип атат. Андыктан салыштырыш кыйыныраак.

Даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ

2011-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз