Чыңгыз Айтматов: Силер жаңы тарыхты жаратасыңар (архивден)

  • 27.06.2021
  • 3646

(3-макала)

«Себат» билим берүү мекемесинин Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде дагы бир жолугушуу өтө кызыктуу өттү. Жазуучуга окуучулар ар түрдүү суроолорду берди. Аларга жооптордун айрымдарын тезис түрүндө окуп көрөлү:

*     *     *

Турмуш татаал, кээ бир балдардын балалык кези жалаң базарда өтүп жатат, алардын күнүмдүк тиричилиги өтүп атканы менен, руханий жактан жакыр бойдон калышууда.

*     *     *

Ооганстан болуп кетсек, бүттү, Ооганстан эч бир жакшылык көрбөдү, цивилизацияга жетишпеди, ички тар көз караштар менен жашап, бири-бири менен эле согушуп, урушуп жатат. Ал жактагы жаштардын келечеги жокко эсе. Ошон үчүн бизге тынчтык биринчи шарт.

*     *     *

1943-жылы биздин Талас жергесине чечендер келди, анда биз билген эмеспиз, согуш азабынан келген экен деп абдан жардам бердик, кийин өз жерлерине кетти, турмуштарын оңойт дегендин ордуна саясый демилгелерди коюп, өздөрү азап көрдү, башкаларга да көрсөттү, азыр эми баарын түшүнүп, талкаланган чарбаларын кайра тикелөөнүн убарасын тартууда. Тынчтык заман болсо, балдарым, силер жаңы тарыхты жаратасыңар.

*     *     *

Менин биринчи аңгемем – «Газетчик Дзюо» деп аталат, анын башкы каарманы чуркап жүрүп газета саткан япон баласы, ал тынчтык болсун деп ошондой аракет кылат.

*     *     *

Мунай азыр чоң байлык болуп жатат. Адамзат ошондон башка энергия булагын таба алабы, космостон алабы, жылдыздан алабы, Айдын нурунан алабы, мен бул жерде оюма келе калган сөздөрдү гана айтып жатам, иши кылып табыш керек, силер табышыңар зарыл.

*     *     *

Мага кайсыл чыгармаңыз өзгөчө жакын деп көп сурашат. Буга жооп бериш кыйын, ар бирин үмүт менен, мээнет менен жазасың. Мына эми эле чыккан «Тоолор кулаганда» деген китеп бир нече тилде чыкты, эми япончо, кытайча да басылып жатат. «Кассандра энтамгасы» романым боюнча изилдөөчүлөр китеп жазыптыр, «Ч.Айтматов и космическое мышление» деп аталат, жакында мага тапшырды. «Деңиз бойлой жорткон Аладөбөт» да романтикалык, сезимдин чыгармасы, аны да өзүнчө кабыл алышты. Немистер «Бала жана Деңиз» деп которушкан, Э.Хемингуэйдин айтылуу «Чал жана Деңизиндей». Якутиянын драма театры ушул чыгарманын негизинде «Эңсеткен менин көк жээгим» деген спектакль даярдашкан, жыйырма беш жылдан бери репуртуарынан түшпөй коюлуп келе жатат, гастролдоп дүйнөнүн көп жерин кыдырды. Дагы ушул повестти негиздеп Германияда «Бала жана Деңиз» деген опера коюшту.

*     *     *

Быйыл 80 жылдык мааракелер өтсө, буйруса, жаңы чыгармаларды жазуу ниеттерим бар.

Чыңгыз Айтматов жана Ч.Айтматов атындагы лицей

Кийин жазуучу бир нече жолу барып, жолугушууларды өткөрүп жүргөн Бишкектеги уландар лицейине Ч.Айтматовдун ысымы берилди. Бул окуяны жазуучу аябай кубаныч менен тосуп алды, сыймыктанып да жүрдү. Лицейде жазуучунун музейи ачылды.

Акыркы жолугушуу

«Себат» билим берүү мекемеси 6-түрк тили олимпиадасына Кыргызстандын делегаттарын жиберүү салтанаты Улуттук филармонияда өттү. Ага  да Ч.Айтматов чакырылды.

Анда жазуучу сөз алып: «Түрк элдеринин тилдери канчалык бири-бирине жакын, зарыл экендиги бүгүн дагы бир жолу көрүнүп турат. Канча бир кишилер мага келип автограф алып кетти, демек, силер мени билесиңер, Түркияда Ыстамбулда болобу, Анкарада болобу, өз журтумда жүргөндөй сезем. Элазык деген шаарда болдум, андай элди мурда көргөн эмесмин, жакын келишип, бир туугандардай жүрдүк, жаңы парктарын Айтматов атындагы деп менин атымдан аташты. Мен замандардын ар түрдүүсүн көрдүм, бир кезде аралашпай да жүрдүк, азыр кызматташпыз, бир жолдо кетип жатабыз. Ушул олимпиада сыяктууларды токтотпой, балдарыбыз кичинекей кезинин тилдерибизди билишибиз керек. Биз криллицада, силер латынчадасыңар, эми аны да, мунун да билүүбүз зарыл, ошондо балдарыбыздын интеллектуалдык деңгээли көтөрүлөт. Улуттук маданият деген асмандан түшкөн нерсе эмес, өзүбүздүн ички дүйнөбүздөн өсүп чыгат.

Түркия – эң прогрессивдүү, тынч өнүгүп жаткан өлкө, ошону сакташыбыз керек, адамзат мындан кийин мындан да прогрессивдүү жол менен өнүгө берели», - деди.

7-майда да жазуучу өз атын алып жүргөн лицейге келди. «Себат» билим берүү мекемесинин вице-президенти Жафар Топжан жазуучуну жана аны менен кошо келген конокторду лицей жана жазуучунун музейи менен тааныштырып, жалпы эле түркиялык агартуучулардын иштери тууралуу айтып берди.

Анан «Себаттын» тарбиялануучулары кыргызча «Манас-Атанын ак кар, көк музу» очеркинен үзүндүнү кыргызча, «Жамийла» повестинен бир бөлүктү англисче, «Ак кемеден» алынган эпизодду түркчө көркөм окуп беришти. 11-класстын окуучусу Бакытбек Абилов «Эрте келген турналар» повестиндеги элдик таалим-тарбиялоо салттары» деген темада реферат коргоду.

– Өзүбүздүн мектепке келдик, - деген Ч.Айтматов, - ушунча тарбия, билим алганыңар сахнада көрүнүп атат, ар түрдүү тилде үзүндүлөрдү татыктуу аткардыңар, чын эле менин жазган сөздөрүм ушундай беле деп кайра эстеп отурдум, жаштар, окуучулар, кудайдын буйругу экен, «Себаттын» аракети аркылуу азыркы заманга жараша илим-билимге жетип жатасыңар, ошол эле кезде өзүбүздүн башатыбыз ким экендигин да көрсөттүңөр. Биз окуп жүргөндө башка болчу, телевизор, компьютер дегенди билген эмеспиз, силер тилдерди канчалык билсеңер, ошончо бакубат болосуңар… Жаңы замандын куруучулары силер болосуңар, биз болорубузча болдук, заманды курдук, революциясы да болду. Эми болсо өзүбүзчө эгемен мамлекет аталдык, демократия жолуна түштүк, дүйнөлүк агымга кошулуп атабыз, силер үчүн демократия жолун даярдадык, силер ошону пайдалана билгиле. Дүйнөлүк цивилизацияга эптеп-септеп эмес, билимдүүлүк менен кошулушубуз керек. Мектебиңерге менин ысымымды коюп жүрөсүңөр, балдарга, мугалимдерге чын жүрөктөн аксакалдык ыраазычылык билдирем».

Бул Айтматовдун акыркы жолугушуусу экен…

Чыңгыз Айтматов: Түрк мугалимдер менин каармандарыма окшоп кетет[1]

Тоолордун кучагында жайгашкан менин өлкөм – Кыргызстан. Мурдатан берки элибиз жазып, окуса да мунун бири да тарбияга таасирин тийгизген эмес. Балдарды тарбиялоодо, улуулардын нускалуу сөздөрү, табияттын өзү, фольклордук чыгармалар колдонулган. Мында диндин дагы азыноолак салымы бар.

Совет бийлигинин учурунда жалпы билим алуу кыргыз эли үчүн өзгөчөлүккө айланды. Билим менен технологиянын өнүккөнүнө карабастан, ал убактын акыркы жылдарында кандайдыр бир өнүгүү көрүнгөн жок. Мунун негизги себеби катары совет элин дүйнө жүзүндөгү жаңы өнүгүүлөрдөн алыс кармап, батыш менен чыгыштын маданиятын СССР деген чоң системага аралаштырбагандыган көрөм. Дүйнө жүзү башка жол менен өнүгүп жатканда, биз өз жолубузду таппай ортодо калдык. Бул абал тоталитардык-борборлоштурулган жана дүйнөгө каалгаларын жаап салган мамлекеттердин улуу жазда муздардын эригениндей болуп эрип өз-өзүнчө айсбергдерге айланды.

Биздин айсбергге эң алгачкы болуп Түркия Республикасынын өзгөчө билим берүү тармагында иштеген, келечекти ойлонгон, өнүгүүнү самагандардын бизге кол сунгандарын кантип унутабыз? Ошол учурагы Түркиянын президенти маркум Тургут Өзалдын алысты көрө билгендиги үчүн кайра-кайра ийилип таазим кылуубуз керек. Анткени бул киши, Мустафа Кемал Ататүрктүн осуяттарын аткарып, өз атуулдарын ата мекенине таза жүрөк жана ак ниеттери менен жиберүүгө шарт түзүп берген. Мен акыркы жылдарда элчи катары Европада жүрөм, картаң Европадан бир аз колум бошой калганда эле Ата журтум Кыргызстанга жөнөйм. Мекениме келер замат эмне өзгөрүүлөр болду, кандай жаңылыктар бар деп сурайм. Жакшы нерселерди көргөндө, жаңылыктарды укканда абдан кубанам. Алардын бири – кыргыз-түрк лицейлери. Ар барган сайын окуучулардын канчалык деңгээлде сапаттуу билим алып жаткандыктарын көрүп сүйүнөм, лицейди кыдырам, мугалимдер менен баарлашам. Менин лицейлерде жактырган нерсем окуучулар төрт тилде: англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөшөт, кылымдын тили болгон компьютерде да  так иштей алышат. Бул лицейлер демократияга багыт алган кезибизде, батыш менен чыгыштын тең тайлашып алдыга жылган мезгилинде кылым менен күндүн талабына ылайык түрүн издеп таап, жаш муундарыбызга бардык күчүн жумшап иштеп жаткан билим берүүчү мекемелер болуп саналат. Заманбап дүйнө жүзүндө адамзатка кандай билим керек болсо, кайсы билим тармагынын келечеги болсо, адам баласынын тарбиясында кайсы сапаттар биринчи орунда турса, алардын баарын «Себат» билим берүү мекемесинин кыргыз-түрк лицейлеринин мугалимдери, тарбиячылары бере ала тургандыктарын көрдүм. Жаштарыбыз, албетте, көп нерселерди билет жана үйрөнүп жатат. Мен окуу программаларын карап көргөнүмдө, бүгүн менен эртеңкиге керектүү, актуалдуу билим берүүгө багытталганын көрдүм. Бул лицейлерде ар тараптуу заманбап өнүгүүгө багытталган окуу-тарбиясын ишке ашырып жаткан мугалимдерге жана тарбиячыларга аксакал катары башымды ийип таазим кылам. Бул лицейлер кыргыз-түрк-совет билим берүү системасы менен бирге тарыхый жана заманбап педагогиканы бириктирип, дүйнөлүк билим берүү стандарттарын Ала-Тоого алып келип жатышат.

Кыргызстандын билим берүү тармагында дүйнөлүк глобализацияга «Себаттын» лицейлери аркылуу кирип жатканына күбө болуп отурабыз. Бул лицейлердин окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болуп келишүүдө. Мурун мындай жеңиштер аз болор эле. Бул да болсо кыргыз-түрк лицейлеринин ийгилигинин бир үзүмү, Ала-Тоонун боорунда кыз-эркек бардык окуучулардын дүйнөлүк стандарттарда билим алып жатканын тастыктаган далилдердин бири, глобализация деген процесске кирүүнүн ылдамдатылган жолу болуп саналат. «Себат» лицейлеринде азыр үч миңден ашуун окуучу билим алып жатат, окуйм деген окуучулардын да саны абдан көп экен, бир орунга элүү окуучунун тапшырышы да алардын жыл өткөн сайын кадыр-баркынын өскөнүн ырастайт.

Кыргыз-түрк лицейлеринде эмгектенген мугалимдер өз идеалдарына жетүү үчүн канча азап-тозокторду баштарынан өткөрүп, ар түрдүү кыйынчылыктарга моюн бербей жүздөрүнөн жылмаюу кетпей жүргөндөрү менин «Биринчи мугалимимдеги» Дүйшөндү эске салат.  

Кыргыз-түрк лицейлери сыяктуу мекемелер Орто Азиядагы түркий жумурияттарда, Сибирдин түрк тилдүү элдеринин арасында, башкача айтканда, анатолиялык түрктөрдүн Ата журттарында активдүү түрдө иштеп жатат. Муну да мен биздин жакындыгыбыздын, бир туугандыгыбыздын терең тамырын тастыктаган мисалы катары көрөм. Бул мугалимдер «Ак кеме» романымда жоголгон баланы эмес, Ак Азияда жоголгон бир муунду издеп жүрүшөт. «Ак кемеде» жоголгон баланын кай жерде экенин эч ким билбейт. Бирок Ак Азияда жоголгон муун кайсы жерде экенин айта алам. Алар бул лицейлерде.

Чыңгыз Айтматов жана «ДА» («Диалог Авразия») платформасы

Азыркы глобалдашуунун катаал мезгилинде Евразия мейкиндигинде диалог түзүү максатында уюштурулган «ДА» платформасы биринчи күнүнөн тартып эле даңазалуу жазуучу менен иштешип келет. Ал киши платформанын жана анын органы болгон «ДА» журналынын активдүү мүчөсү катары көп иштерди жасап жүрөт. Платформа да жазуучу менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, анын «Ак кеме», «Тоолор кулаганда» деген китептерин түрк тилинде басып чыгарды.

Кыргызстанда «Маданияттар диалогу жана биримдикте жашоо» деген темада эл аралык форум өттү. Форумду «ДА» («Диалог Евразия») платформасы жана Маданият министрлиги уюштурган.  Анда  «ДА» платформасынын ардактуу президенти Чыңгыз Айтматовдун сөзү Орусиянын азыркы Евроазия мейкиндигиндеги ордун ачып берүүгө арналды жана оратор бул маселени тарыхый, философиялык, маданий, геосаясый аспектиден терең ачып берди.

Кийин «Тоолор кулаганда» деген жазуучунун жаңы китебинен бетачарына арналган жолугушуу кечесин да «Диалог Авразия» платформасы уюштурган.

«ВЕФА-борборунун» жыйындар залында өткөн китептин таанытым кечесин Маданият жана маалымат министри, жазуучу-драмачы Султан Раев ачып, Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата ишчараларды аткаруу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп жаткандыгын, андай мааракелик иштер биздин өлкөдөн тартып бүтүн дүйнөгө чейин камтыларын айтты. Министр түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны катары жазуучунун китеби түрк тилинде чыгышы жана биринчи иш-чара катары өтүлүп жатышы терең символикалуу мааниде экендигин белгиледи.

Вице премьер-министр, доктор, профессор Досбол Нур уулу кылымдын залкар жазуучусунун колунан жаралган романдын түрк тилинде Түркияда басып чыгарылышы боордоштордун Айтматовго гана эмес, Кыргызстанга, кыргыз элине кылган таазими экендигине токтолду.

Чыңгыз Айтматовдун бир нече баарлашуулары он эки мамлекетке тараган, түркчө жана орусча чыгуучу «ДА» журналына жарыяланган. Ошол журнал бетинде жарык көргөн түрк акыны Атаола Бахрамуулу жана 24-санындагы журналист Реджеп Эрен менен маектерин биз «Zaman Кыргызстанга» которуп басканбыз.

«ДА» платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (Мустафа Башкурт) жазуучу менен түздөн түз байланышып турду, «ДА Кыргызстан» журналынын Айтматовго арналган атайын саны басылды.

Даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ, 2011-жыл


[1] Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Диалог Евразия» платформасы үчүн даярдаган макаласы

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз