О`Шакир: Зулумдуктун артындагы тагдырлар...

Мен бүгүн Эгемен өлкөнүн жараны катары кабыргам кайышып кеп кылар маселе – 29 жыл мурда, 1992-жылы Кыргызстанда негизделген “Сапат” билим берүү мекемеси туурасында. Аталган окуу жайы андан бериге канатын жайып, дүйнөлүк атаандаштыкка жарамдуу миңдеген улан-кыздарыбыздын ыйык уясына айланды. Ушул тапта бул мекеме курамында 16 лицей, бир жогорку окуу жайы (Эл аралык “Ала Тоо” университети), бир эл аралык жана үч толук эмес жалпы билим берүү мектебинен канчалаган идиректүү жаштарыбыз билим алууда!

Улут жана мамлекет үчүн билимден өткөн кандай дөөлөт, кандай приоритет болушу мүмкүн? Билими жок коомдун төрт аяктуу макулуктан эмне айырмасы бар анда? Саламаттыгы бекем, алты саны аман-соо коом деле илим-билимге жетпесе, андай коомдун келечеги бүдөмүк.

90-жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагы ансыз да кыйраканы чыгып, соңку жаш муундар арасында караңгы, түркөй чалыш жаштар бой сунуп чыга келишти. Алардын адеп-аклак ориентирин да көрүп атабыз: чач үрпөйтө турган жосундуу жолго түшкөндөрү арбыды андайлардын. Себеби мамлекет карамагындагы мектептердин дээрлик көпчүлүгү 30 жылдан бери жаштарга сапаттуу билим берүүгө чамасы жетпеди. Билим менен катар моралдык сапаттардан жайдак калып барат коом.

Мектебинен тартып жогорку окуу жайлардын босогосун аттаган жаштардын көбү коррупциялык көрүнүштөр менен мамыр-жумур аралашып, алар үчүн пара берип билим алуу кадыресе турмуштук нормага айланды. Арийне, уядан эмнени көрсө, учканда ошону алган карга-кузгунга айланышты түмөндөгөн жаш муундун өкүлдөрү. Алар үчүн паракорчулук алакасы өөн көрүнбөй да калды!

Келечек муунду түз жолго салууга чама-чаркыбыз чак үчүн түмөн сандуу түркөй, караңгылардын аскери өсүп чыкты. Сырттан, башкалардын көмөгүсүз өз алдыбызча билим дөөлөтүн курууга билек түрүнбөдүк. Дагы жакшы: 1992-жылы Түркиянын көмөгү менен мурдагы аталышы “Себат”, азыркы аталышы “Сапат” билим берүү мекемеси негизделип калган экен, ушул аталган окуу жайдан канатын күүлөп учуп чыккан жаштардын дээрлик басымдуу бөлүгү бүгүн кыргыз коомун алдыга сүйрөп чыккан локомотивге айланды. Аталган окуу жайдын миңдеген бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Алардын билими жеке өздөрүнүн бакубаттуу тагдыры үчүн гана эмес, жалпы өлкө тагдырына да шарапатын тийгизген чоң күч, чоң тирекке айланды бүгүн. Кезинде дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнөн билим алып, иш тажырыйба топтоп келгендеринин алды бүгүн Кыргызстандын баардык кесип, баардык тармактарын ирдентип, ийгилик артынан ийгилик, жаратмандыктын артынан жаратмандык арттырууда.

Эң башкысы – демократиялык баалуулуктар менен катар ислам дөөлөтүн исламга жамынган фанатизмдик тескөөдөн тышкары таасирде өстүрүү багытын көздөгөн Фетхуллах Гүлендин мураскорлук улуу агартуучулук миссиясын тетири максатка буруу саясаты тамырлап баратканында кеп. Аныгында, Түркиянын расмий бийлигинин зулумдугу күчөп, Режеп Тайып Эрдоган менен анын саясый оппоненти Фетхуллах Гүлендин ортосундагы ыйкы-тыйкы ырбаганы – биздин өлкөнүн ички ишине таасир эткен бороон-чапкынга айланды да калды.

Бир жагынан Кыргызстандын алсыз бийлиги да жаргылчак ортосунда турган кези. Анын себеби эле экономикалык көзкарандылыгыбыз! Ошол көзкарандылыктын кесепетинен “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган окуу жайдын Президенти Орхан Инандынын дайын дарексиз жок болуп кетиши – өлкөбүздүн Эгемендик энчисине эбегейсиз чоң сокку болуп тургандан улам, ушул жерден эгемендиктин баркы-баасына учкай токтоло кетким бар.

Эгемен эл, Эгемен өлкө, Эгемен мамлекет болуу деген эмне? Бул жөн эле ооз толтура айта берчү кеппи? Эге+Мен! Ооба! Агер, өздүгүңө ээ болгуң келеби, бурадар! Анда Эге+Мен элбиз дейли! Эге+Мен өлкөбүз дейли! Эге+Мен Мамлекетпиз дейли дүйнөгө! Ал эми дүүлүк дегенибиз – эмоция түшүнүгү. Отуз жылдан бери эмоция, эйфория менен эгемендүүлүккө жеттик деп көңдөй көкүрөгүбүздү дүңкүлдөтүп келдик көбүбүз! Бирок али эркин Эгемендикке жеткенибизден чоң шегим бар...

Мындан арыга көчүбүздү түзөйлү десек, ооз уучуна, тил учуна келген кебибизди да түзөсөк кантет? Эгемендүүлүк дебей, Эгемендик десек – кайсынысы дурус угулат экен кулагыңызга?..

Мендигибизге ээ болгонго не жетсин. Андыктан Эге+Мен дегенибиз акыл аңыбызга терең сиңип, түпкүрдөгү түшүнүгүбүздү ойготууга чоң себепкер болуп жүрбөсүн мүмкүн? Арийне, эне тилибизди калыптоодо да сөз баккан, ой баккан тилчи, жазуучу, акын, философ, тарыхчыларыбыздын саны да беш манжабызга жетпей жатпайбы! Болбосо отуз жылдан бери ар бирибиз үчүн ыйык жана төл түшүнүккө айланат эле го ЭгеМендик! Тек, сөз ылгабастардын кайталоосунан улам эгемендүүлүк деген түшүнүк жалпыбыздын кулагыбызга сиңе берип, эгемендүүлүк дегенди тоту куштай кайталап жүрүшөт көбү.

Эмнеге отуз жылдан бери Эгемендик түшүнүгү ар бирибиз үчүн ыйык төл сезимибизге айлана албай келет? Тек гана ооз учубуздагы кеп болуп, жүрөк түпкүрүбүздөн Эгемендигибизди качан аңдайбыз? Эгемен, бул – куру түшүнүк эмес. Биз аны көкүрөгүбүз менен туюп, жүрөк-жүлүнүбүздөн аярлай билгенде гана эгемендигибиз түптөлөт.

Өз байрагын, өз дөөлөтүн, өз намысын, өз эркиндигин, өз ариетин, өзүнүн ар бир жаранын, өз баалуулуктарын коргоо деп түшүнөм Эгемендикти. Бул шыбага байтактуу тарых жолубузда далай мерте буюрбаптыр. Далай мерте улут катары жок болуу коркунучу тооруп келиптир элибизди...

Эми даа бир жагыбыздан расмий Кремль, бир жагыбыздан расмий Анкара Кыргызстандын эгемендик баалуулугуна үстөмдүк көрсөткөн саясатын улам күчөтүп баштаганы эмнеге ар-намысыбызды козгобойт?! Эмнеге Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инандынын дайын-дарексиз жок болуп кетишинен кабарыбыз жок олтурабыз?! Ал бир көчөдө колоктоп жүргөн көптүн бири эмес эле.

Кыргызстан дүйнө коомчулугуна өз алдынча эгемен өлкө экенин жар салган жылдан тарта биз жогоруда кеп кылган “Сапат” билим берүү мекемесинин тамыр, бутагы жайылып, дүйнөлүк атаандаштыкта үзөңгү кагышка жарамдуу жаштарыбыздын уясын талкалоочу Түркиянын зулум саясатына Кыргыз бийлиги эмнеге татыктуу жооп бере албай олтурат?!

Болуптур, Орхан Инанды ушул бойдон табылбай калганына үн катпай отуруп берели, а мындай зулумдуктун экинчи этабы кандай уланышы мүмкүн?.. Албетте, Гүленчилер уюгу эларалык диний экстремисттер уюму деген жарлыктар күчөйт. Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесин түп орду менен жок кылуу саясаты тымызын жүргүзүлөт. Демек, аталган окуу жайдан билим алып чыккан жаштардын кадрлык потенциалын пайдалангандын ордуна, алардын тагдыры да саясый куугунтукка кабылышы толук ыктымал. Муну көздөгөн расмий Анкара Садыр Жапаровдун бийлигин чүлүктөн жетеленген өгүздөй башкарганын каалайсызбы, азиз окурман!

Учурда “Сапат” билим борборундагы мугалимдердин 95 % кыргызстандык агартуучулар экени белгилүү. Ал эми бул окуу жайды негиздегендердин бири Орхан Инандыны мен өз жеринин бийлигинен куугунтук көрүп, адилетсиздикке кабылган Алмамбет баатыр деп түшүнөм! Кайран Алмамбет теги кытай болсо да Манаска ак дилинен, ак ниетинен кызмат кылган сымал, Орхан бей деле түмөн миң сан кыргыз урпагы үчүн билим очогун куруп, андан илим-билимдүү жаштарыбыз суурулуп чыкканы – Кыргызстанга сыймыкпы, Түркияга сыймыкпы?!

Албетте, Түркия Орхан Инандыны “ФЕТӨ/FETO (Тайып Эрдоган бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) кылмыштуу уюмуна мүчө катары издөөдө жүргөн” суук тумшук көрсөтөрү турган иш. Ал өзүнүн саясый атаандаштарын аёосуз жок кылмайын жаны жай албасы белгилүү. Бирок ошондой болсо да “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” накылын унутпоого тийишпиз!

Учурдагы Садыр Жапаровдун бийлиги экономикалык көзкарандылыктан чыга албаган саясат менен Түркия бийлигине жагынуучулук катары Орхан Инанды боюнча так кесе жооп бере албай турганы да кейиштүү. Ошол эле учурда Кыргызстандын күч органдарынын шалаакылыгы болбосо Орхан Инандынын дайын-дареги деле эбак белгилүү болуп калмак...

Сыягы, бул окуя деле кезинде Азиз Батукаевдин чуусуна окшоп, азырынча бас-бас саясат менен тынып калышы мүмкүн. Бирок акыр аягы Кыргыз бийлигинде да алмашуу болбой койбойт, ошондо Орхан Инандынын жоголуп кетишине себепкер адамдар мыйзам алдында жоопко тартылып калуусун Президент Садыр Жапаров эске албаган күндө да, бул окуяга тиешелүү күч органдарынын кесиптик жоопкерчилиги мыйзамсыздыкка жол бербөөсү тийиш!

А эң кокую – Кыргызстан Түркия бийлигине жагынуу амалы үчүн Орхан Инандыны оропой тепкендей саясат жүргүзүп, Түркиядан чоң колдоо издей турган болсо, С.Жапаровдун бийлиги геосаясый жактан андан да чоң колдоолордон кол үзүп алуу коркунучун турат! Себеби сырттан келер эс-акылдуу инвесторлор Орхан бейдин опурталдуу окуяга кабылуусунан улам Кыргызстанды кежигемдин чуңкуру көрсүн деген чочулоолорду күчөтөт. Эч бир демократиялык багытты беттеген өлкөлөр Кыргызстан менен алака жүргүзүүгө кол сунбайт!

Ансыз да Садыр Жапаровдун соңку расмий иш сапарларынын курсуна көңүл буруп көрөлүчү. Негедир авторитардык жеке бийлик эгелерине ыктаган Кыргызстандын ажосу эң биринчи иш сапарын Казакстандан баштады. Андан соң Орусияга бир эмес эки жолу каттады. Анан эле Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Тажикстанга барганы да чоң күдүк ойлорду жаратат. А дүйнө коомчулугу бул аталган өлкөлөрдүн жетекчилерин диктатор катары тааныйт, зулум бийлик эгелери катары билет. Көбүнүн өсүү жолу кашаң, эли жакыр, жумушсуздук, кылмыштуулук күч, саясаты сойку, экономикасы чурку болуп турган мезгилде Садыр Жапаров эмнеге өңчөй жеке бийлик режимин орноткон өлкө жетекчилеринин колун кысууга ашыгууда?! Эмнеге аларга ат тезегин кургатпай каттоо жолун тандады?! Жеке бийликти кантип бекемдөө үчүн тажрыйба үйрөнүүгө барганыбы же?! Түшүнбөйсүң!

Же эмне, Кыргызстан үчүн демократия принцибин тутунган дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү эшигин ачкыс болгондогусубу бул?! Кептин тузу дагы калды шекилдүү. Дагы сөз кылат окшойбуз алдыда...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз