Марк Твен: Калаверастагы секирген атактуу ташбака

  • 03.07.2021
  • 3085

АҢГЕМЕ

Досторумдун бирөөсү, эски досу Леонидас В. Смайл жөнүндө маалымат алуу үчүн Калаверас шаарындагы Ангелс аймагында жашаган карыган Симон Вилерге жолугушум керектигин суранды. Бул аңгеме досумдун суранычын аткаргандыгымдын натыйжасында жазылды.

Симон Вилерди Ангелстеги тарпы кеткен көмүр кампасында уйку соо арасында таптым. Семиз, башында чачы жок таз адам экен. Нурлуу жүзүндө мээрим төгүлүп турат.

Ал ойгонгондо “Күнүңүз куунак болсун” деп саламдашты. Ага досумдун менден Ангелс аймагындагы Леонидас В. Смайл атындагы бир досун издешимди суранганын айттым. Эгер бул киши тууралуу мааалымат бере алса абдан ыраазы болорумду кошумчаладым.

Симон Вилер олтургучун түздөп, мени бир бурчка олтургузуп билгенин айта баштады.

Күлбөй, бир дагы жолу каштарын кыймылдатпай, түгөнбөчүдөй сезилген бул аңгемеси чындыкты айтып жаткандай эле. Аңгемесин өзү каалагандай айтып бериши үчүн суроо бербедим, бир да жолу оюн бөлгөнүм жок. Бул Симон Вилердин мага айтып берген аңгемеси:

– Леонидас В... Ммм... Ле... мейли... 1849-жылдын кышы же 1850-жылдын жаз мезгилинде бул жерде Жим Смайл ысмында бирөө жашачу. Бардык жагынан алганда апенди чалыш кызык адам эле. Ар бир иштен пайда көргөндү жактырчу. Эгерде акча табууга аракет кылган бирөөнү көрсө дароо мелдеш өткөрө салчу. Эгерде ит урушун көрсө, андан акча табууну ойлочу. Эгерде мышык урушун көрсө, талашка түшүп, ал жерден да пайда көргөнгө аракет кылчу. Эгерде короз урушу болуп жатканын көрсө жеңишке жетүү үчүн акчасын коротчу. Эгерде дарактын үстүндө эки куш турса кайсынысы биринчи учат деп мелдеш уюштуруп, андан да акча табууга аракет кылчу. Ал дайыма жеңишке ээ болчу. Анткени абдан олжолуу неме эле. Оголе теңдеши жок олжо буюрчу ага... Бул жердеги балдардын баары Смайлды тааныйт жана баары сага ал тууралуу айтып бере алышат. Ал өзү тууралуу башкалардын оюн укпайт, баарынан мурда акча табууну гана ойлойт. Мен азыркы күнгө чейин эч жерден мындай кызык адамды көргөн эмесмин. Бир жолу Парсон Валкердин аялы ооруп калды. Анын оорусунун дабасы жоктой эле. Күндөрдүн биринде таңга жуук Смайл Парсондун үйүнө келди. Парсондон жубайынын абалын сурады. “Жаратканга шүгүр, дагы да жакшы болуп калды” деди. Смайл ойлонбостон “ммм ошондойбу, оорусунун дабасы жок, айыкпайт. Бул үчүн мелдешемин” дей салды.

Смайлдын кичинекей ити бар эле. Бул итти көргөндө оюңа уруулук жасоо үчүн ыңгайын күтүп турганын элестетесиң. Бирок акча тууралуу кеп козголсо, такыр башкача ит боло калчу. Аны ит урушка салганда башка ит оңго, солго тиштегилеп жатканда, күтүлбөгөн жерден ал иттин арткы буттарын тиштеп, иттин ээси ит урушту токтотконго чейин коё берчү эмес. Смайл бул ити менен көп пайда тапты. Анын шаштысын кетирип, үрөйүн учурган ит табылганга чейин. Кандайча дейсизби? Анткени бут иттин арткы буттары жок эле. Буттарын машина тебелеп кетиптир. Бул ит урушу бир гана жолу болду жана буттары жок ит жеңди. Смайлдын иттери буту жок итти көрүп таң калгандыктан жеңишке жетүү үчүн аракет да кылган жок. Ал иттин арткы буттарын тиштегенге аракет кылганда майып ит экендигин байкап Смайлга жалооруй тиктеди. Ал дароо ит уруш болгон жерден алыстап барып жерге жатты жана ошол жерде жан берди. Абдан зээндүү жакшы ит эле, өлбөгөндө көптөгөн наамдарды алмак. Ал иттин акыркы урушун жана ал уруш кантип жыйынтыкталганын эстеген сайын кайгырамын.

Смайлдын тыйын чычкандары, тооктору, мышыктары ушуга окшош жандыктарынын баарысы бар эле. Ал бир күнү ташбака кармап келди. Ал ташбаканы тарбиялай турганын айтты. Үч ай бою үйүнүн артындагы бакчадан башка жакка барбай, ташбаканы бийик секирүүгө үйрөттү. Андан башка бир дагы иш кылган жок. Ташбаканы тарбиялоо иши ийгиликтүү болду.

Ал ташбаканын артына акырын урганда бака абада бийлей баштаганын, андан соң мышык сыяктуу төрт буттап жата калганын көрдүк. Смайл ташбакага чымындарды кармаганды үйрөттү. Бака болсо чымындардан башка курт-кумурскаларды кармаганды үйрөндү.

Смайл ташбаканын жалгыз эңсөөсү билим алуу экендигин жана ал алган билими аркылуу каалаган нерсесин жасай алаарын айткандан жадачу эмес. Мен дагы ага ишенчүмүн. Себебиби? Анткени дал ушул учурда Данл Вебстерди көрдүм. Данл Вебстер ташбаканын ысымы эле. “Чымындар, Данл чымындар” делгенде көз ачып жумганга чейин ташбака дароо чымынды кармачу. Андан соң жерге жата калып арткы буттары менен башынын оң капталын тырмай баштачу.

Абдан таланттуу болгонуна карабай абдан ыраңы суук, сүйкүмсүз баканы эч жерден көрбөсөң керек. Ал башка таш бакаларга караганда алда канча узак, бийик секирчү. Смайл абдан сыймыктанчу. Ар бир сейилдеп чыкканында алдынан чыккандын баарына мактанып, “эң мыкты ташбака” экенин айткандан тажачу эмес. Күндөрдүн биринде жанына жат адам келди. Смайлдын жанындагы кутуга көзү түштү.

– Бул кутуда эмне бар? –деди.

– Ташбака, – деди Смайл.

Жат адам кутуну колуна алып ташбакага өтө кылдаттык менен карай баштады.

 – Чын. Ташбака экен. Бул эмне ишке жарайт? – деди.

Смайл кубанычтуу, бийик үн менен:

– Калаверастагы бардык таш бакалардан эң бийик секирет! – деди.

– Адам кутуга дагы бир жолу үңүлүп, мен бул ташбаканын башка бакалардан эч айырмасын көргөн жокмун, – деп кутуну Смайлга берди.

– Мүмкүн көрбөй жатасың, – деди Смайл. – Ташбакалар тууралуу билишиң, билбешиң да мүмкүн. Мейли, Калаверастагы бардык бакалардын ичинен эң жакшы секиргенине карата сени менен 40 долларга мелдешели, – деди.

Мындан улам адам бир мүнөт ойлонгон соң,

– Макул, мен бул жерде жат адаммын, ташбакам да жок. Бакам болгондо мелдешмекмин, – деди.

Смайл жылмайды.

– Бул көйгөй эмес. Эгерде кутумду бир мүнөт кармап турсаң сага бир ташбака кармап келейин.

Мындан улам адам кутуну жана 40 долларын колуна кармап күтө баштады.

Ал кутуну тиктеген сайын терең ойго чөмүлдү. Оюна бир нерсе келди. Ташбаканы кутудан чыгарды. Оозуна кичинекей куштарды кармоо үчүн колдонулган жем менен толтурду. Андан соң ташбаканы жерге койду.

Дал ушул учурда Смайл келди. Кармап келген таш баканы адамга берди.

– Аны Данлдын жанына кой, башта дегенде баштайбыз.

Андан соң:

– Бир, эки, үч... башта, – деп команда берилгенде жаңы алынып келинген ташбака секире баштады.

Самйлдын ташбакасы ордунан жылган жок. Турган жерине жабышып калгандай абалда эле. Смайл бул күтүлбөгөн абалга абдан таң калып жинденди. Ал көйгөйдүн эмнеде экенин түшүнө алган жок.

Жат адам мелдештен уткан акчасын алып чыгып баратты. Эшиктен чыгарында артына бир жолу бурулуп:

– Мен бул ташбаканын башка бакалардан эч кандай айырмасын көргөн жокмун, – деди.

Смайл көпкө чейин ташбакасына эмне болгонун ойлонуп өзүнчө сүйлөнүп жатты. “Оо, Жараткан, бул таш баканын эмнеси бар? Буга эмне болду?”

Эч кандай көйгөй оюна келбеген соң Данлды кармады. Ташбаканы терс кармаганда оозунан жемдер чачыла баштады. Дал ошондо Смайл абдан каарданды. Бакасын жерге коюп, адамдын артынан кубалап чыкты, бирок кеч калган эле. Адам артына карабай узап кеткен.

Аңгеме бүткөндө Симон Вилерге бирөө чакырып жатканын айтышты. Ал сыртка чыгып кетти. Күтүп турушумду айтты. Бирок Жим Смайл тууралуу да, Леонидас В Смайл жөнүндө да так маалымат ала албастыгыма көзүм жеткендиктен кетүүгө бел байладым. Кетип жатканымда алдыман чыккан Вилер мырза жаңы аңгемесин баштады:

– Бул Смайлдын куйругу жок, бир көздүү ую бар эле...

Менин убактым тар болгондугуна байланыштуу жана бул уй аңгемесине кызыгуум артпагандыктан уккум келбегенин айтып, ал жерден алыстадым.

Аягы.

Кошумча кеп: Калаверас аймагындагы Ангелс кампы Марк Твендин 1865-жылы жазган “Калаварастын секирген атактуу ташбакасы” аттуу аңгемесиндеги окуялар өткөн жер болгондуктан Калифорниянын эң белгилүү алтынга айланган аймагы болуп калган.

Англисчеден которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз