Каныбек Исаковдун кыргыз билим берүүсүндөгү тарыхый кадамдары

Баш сөз катары

Тарых жолу жана адам тагдыры эч качан жөнөкөй жана түз болбойт. Өйдө-ылдый, кескин бурулуштар болушу мүмкүн, ошондой эле доорду жана адамдарды сындаган көптөгөн “ышкыбоздор” да жок эмес. Бирок өз мезгилинде туура чечим кабыл алып, иш-аракет кыла турган адамдар ар дайым аз. Булар тарыхты жараткан, аларды жаңы доорго алып барган адамдар болушат. Биз төмөндө сөз кылуучу инсан – Исаков Каныбек Абдуваситович бүткүл кыргыз коомчулугуна эртеңки күндүн горизонтунан тышкары карай алган реформатор жетекчи, таланттуу илимпоз жана мыкты инсан катары атпай-журтка таанылды. Бул чакан баяндамабызда ал инсандын жекече сапаттары жана иш-аракеттеринин натыйжасында жасаган ийгиликтеринин учурдагы кыргыз билим берүү системасында тарыхый кадамдар болгондугун ачып берүүгө аракет жасайбыз.

Жаңычыл жетекчи

Каныбек Исаков замандын күрөө тамырын кармаган, көрөгөч, жаңычыл жетекчи. Бул сапат өзүнөн-өзү пайда болбойт. Агайдын “акыл-эс – бычак сыяктуу, улам курчутуп турбасаң мокоп калат. Акылыбызды терең билим алуу менен, изденүү, аракет-мээнет жана астейдил сезимдер менен байытып, арбытып туралы” деген сөзү бар. Агай өзү айткандай өмүр бою окуду, изденди жана мээнеттенди. Дүйнөлүк билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары, тренддери боюнча эмгектер, эл аралык басылмалардагы макалалар менен дайыма таанышып турганын билчүмүн. Чет жакка иш сапарлары менен чыкса көргөн жакшы саамалыктарды өздөштүргөнгө аракет жасады. Агайдын ишмердүүлүгүнө баам салган адам анын жамаатты жаңы иштерге багыттоодо жетекчинин өзүнүн өрнөк үлгүсүнөн өткөн жандуу,  таасирлүү каражат болбойт деген акыйкатты карманганын баамдайт.

Натыйжада ОшМУ агай жетектеген учурда өлкөдөгү ЖОЖдордун арасында айырмаланып, жаңы идеялардын баштоочусу катары чыга алды. Мисалы, университеттин өнүгүү концепциялары, көзкарандысыз аккредитациялардан өтүү, рейтингдерге катышуу, ички жана тышкы академиялык мобилдүүлүк аркылуу дүйнөлүк билим мейкиндигине интеграциялануу, санариптештирүү, жаңы технологияларды колдонуу ж.б. ондогон багыттарда ОшМУ дайыма лидердик позицияда болуп келди.

Каныбек Исаков КР Билим берүү жана илим министри кызматында иштеген бир жылдай мезгилде да бир катар жаңы идеялар жүзөгө ашырылды. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүн өнүктүрүүнүн 2020-2040-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясы иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлдү жана Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. 2020–24-жж. эсептелген “Келечек үчүн билим берүү” долбоору түзүлүп, ишке ашырыла баштады. Билим берүү чөйрөсүнүн бардык деңгээлдерин камтыган бирдиктүү база – Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (БББМС www.emis.edu.gov.kg) жасалды (ИСУО). Санариптик трансформациялоо программасынын алкагында “Келечек мектеби – акылдуу мектеп” модели иштелип чыкты. Билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасын чегерүү автоматташтырылып, электрондук бухгалтерия түзүлдү жана анын натыйжасында 350 млн сом өлкө казынасына үнөмдөлгөн.

Тубаса дипломат жана харизмалуу оратор

Каныбек Исаков адамдар менен чоң-кичине, жаш-кары, профессор-студент дебей сүйлөшкөндү билген. Агайдын “студенттер – өтө кылдат калк жана сергек калк. Алдагандыгыңы да, жооткоткондугуңду да сезип турушат. Ошон үчүн студенттер менен чын дилден ой бөлүшүп, жол көрсөтүшүң керек деген” сөзү бар. Демек агай ким менен болсо да чын дилинен сүйлөшкөн, адамдарды уга билген, улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган инсан болчу. Кайсыл жерде, кандай кызматтарда иштесе да элдик “кеңешип кескен бармак орубайт” деген принципти карманып иштеди. Бул сейрек касиет баарына эле бериле бербейт. Чындыгында, бул биринчи кезекте табигый белек, андан кийин адамдын ар дайым өзүн-өзү өркүндөтүүгө болгон аракетинен калыптанат деп ойлойм.

Жыйындарда, жолугушууларда же сабакта сүйлөгөндө, доклад окуганда агайдын сөзү, үнү аудиторияны эргитип, көңүлүн көтөрүп турчу. Ким менен болбосун аны менен сүйлөшкөн адам дайыма канааттанчу. Кийинки жылдары университеттин жетектөө саясатына бир аз катышкан адам катары мен, Каныбек Исаковичтин бул сапатына көп жолу күбө болдум. Агай жогорку даражалуу коноктор менен болобу же жөнөкөй эле студенттер менен болобу – жолугушууларга, илимий конференцияларга өтө кылдаттык менен даярдангандыгын көрүп-билип жүрдүк.  

Агайдын бул сапаты анын жана ал жетектеген жамаатардын ийгиликтеринин, өнүгүшүнүн кепилдиги болду. Чет элдик өнөктөштөр менен жолукканда аларды муютуп, ынандырып университет үчүн пайдалуу келишимдерди түзүүгө жетише алчу. Каныбек Исаков ОшМУнун ректору катары иштеген 2011–2019-жж. ОшМУга 10 млн доллар өлчөмүндө инвестициялар тартылганы мунун далили. Кытайлык өнөктөштөр менен ОшМУнун Конфуций институтун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө агайдын “бул институтту 1,5 млрд кытай калкы кура албаса, 6 млн кыргызстандык эмес 30 миң жамааты бар ОшМУ өзүбүз курабыз” деп айтканы жана андан кийин кытайлык өнөктөштөр бул структуранын курулушун тез арада колго алгандыгын күбө болгон замандаштарыбыз белгилеп келишет. 

Жетектөөчү өнөктөштөр менен мамилелердеги тең салмактуу курстун аркасында биздин университет кызматташтык кепилдиктерин дипломатиялык ыкмалар менен камсыз кылууга жетише алды. ОшМУ учурда дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү жүздөгөн билим, илим мекемелери жана уюмдары менен ар тараптуу байланыштарды чыңдап, көп векторлуу тышкы карым-катнашты өнүктүрүп келүүдө.

Чыныгы устат

Каныбек агайдын “мен чыгармачыл, жүрөгүндө эрки, көзүндө оту, оозунда сөзү бар жаштарды жакшы көрөм жана жанашып жүрүп аларды өстүрүүгө кеп кеңешимди аябайм” деген сөзү жана ондогон, мүмкүн жүздөгөн ийгиликтүү шакирттери мунун далили. Агайдын шакирттеринин таралуу ареалы өтө кеңири. Алар учурда дүйнөнүн чар тарабында билим берүү, илимде, чыгармачылыкта, саясатта, маданий чөйрөдө, бизнесте жана жеке турмушта ийгилик жаратып келишет. Алардын арасында илимдин докторлору, маданият ишмерлери, депутат, министр ж.б. ондоп саналат.

Көп жылдар бою агайдын студенти, коллегасы, шакирти болгондуктан, анын кандай устат экенин байкоо мүмкүнчүлүгүнө мен да ээ болдум. Ар дайым агайдын мыкты сапаттарына суктанганымды жашырбайм. Ал бардык чөйрөдө, бардыгы үчүн үлгү боло алды. Жогорку билим берүү системасындагы инновацияларды өздөштүрүү жаатында агай дайыма эң биринчи жана активдүү үйрөнүүчү - устат болду. Окутуу процессин оптималдуу уюштурууну ичтен билген чебер педагог катары иш алып барды. Агайдын адамгерчилик өрнөктөрү да жаштар үчүн өзүнчө нуска, чоң сабак болот. Буга анын түйшүгү түмөн, убактысы ченелүү болсо да өз устаттарынын жаркын элестери туралуу «Жүрөгүмдөгү сөз» аттуу ж.б. китеп жаратканы күбө.

Агай өлкөбүздүн коомдук турмушунун бардык сферасынын, айрыкча кыргыз билим берүү системасынын келечекте компетенттүү, иш билги, ишенимдүү адамдардын колунда болушу үчүн  жаштардын тажрыйба топтоп, келечекте жоопкерчиликти моюнга ала алган, коомдук насили жогору кадрлар катары тарбиялоого көп эмгек жумшап кетти.

Заманбап топ-менеджер

Каныбек Исаков рыноктун талабын түшүнгөн, креативдүү ишкерлердей ой жүгүртүү менен университеттин өнүгүшүн алдын ала перспективалуу пландап, анын аткарылышына дайыма жетишип келди. Агай ректор болгон 8 жыл аралыгында (2011–2019-ж.) Ош мамлекеттик университеттин кирешеси 3,5 эсе өстү (жылдык өсүү – 40-45 %). Бир катар ийгиликтүү инвестициялык долбоорлор ОшМУда ишке ашырылды. Бюрократия гүлдөгөн, коррупциялык элементтер жайылган шартта топтолгон каражатты заманбап менеджменттик ыкмалар, технологиялар менен өздөштүрүү да өзүнчө чоң искусство болуп саналат жана чоң эркти талап кылары жашыруун эмес. Бул жагынан ОшМУ экономикалык катаал шартта өзүн-өзү каржылаган, жөн эле каржылабастан өнүгүүнүн жаңы баскычына чыга алган мамлекеттик бирден-бир билим берүү мекемесине айланды. ОшМУ 2011–2019-жж. аралыгында заманбап билим берүү инфраструктураны түзүүгө жетишти. Мисалы, ондогон жаңы имараттар курулду, заман талабына ылайык жаңы билим берүү структуралары ачылды, эң алдыңкы технологиялык каражаттар алынды. Кызматкерлердин айлык кирешелери системалуу жогорулап, учурда ОшМУ Ата мекендик ЖОЖдор арасында эң жогорку айлык маяна берген мекеме аталып келет. 

Өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндөгү жаңы багыт – Билим экспорту ОшМУ тарабынан түптөлдү. Миңдеген чет өлкөлүк студенттер өлкөбүздүн, анын ичинде шаарыбыздын казынасына миллиондогон инвестиция алып келүүдө (Мисалы, Ош шаарына чет элдик студенттерден бир жылда орто эсеп менен 10 млн доллар өлчөмүндө киреше түшөт). Ошондой эле ОшМУ – Ош шаарынын визиттик карточкасы болуп калды десек жаңылышпайбыз. Шаарыбызга келген жогорку даражалуу чет өлкөлүк коноктор же жөн эле саякатчылар болобу 1-кезекте ОшМУга келишет.

Чыгаан илимпоз жана чыгармачыл инсан

Бир убакта агай өз студенттеринин суроолоруна жооп берип жатып, “эмнени аткара албадым деп өкүнөсүз” деген суроого? – “Жетекчилик иштер менен алек болуп, илимий карьерамды өстүрө албаганыма өкүнөм” деп жооп берген экен. Бул өзүнө-өзү сын көз менен карай алган чыныгы илимпоздун жообу деп кабыл алсак акыйкат болот.

Чындыгында Каныбек Исаков илим жана чыгармачылык жаатында да салмактуу эмгектенди десек жаңылышпайбыз. Агай 2011-жылы филология илимдеринин докторлугун жактаган, профессор илимий наамына ээ жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык адабий академиянын академиги болууга жетишти. Илимий чөйрөдө агай өзүнүн чакан илимий мектебин калыптандырды. Бир катар илимий, окуу-усулдук ж.б. эмгектерди жаратты. Чыгармачылык менен азыраак алектенсе да бир катар мазмундуу эмгектерди жараткан. Убактысы ченелүү болсо да өз устаттарынын, замандаштарынын жаркын элестери тууралуу «Жүрөгүмдөгү сөз» аттуу ж.б. эмгектери өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Эң негизги агай өзүнүн илимий жана чыгармачылык потенциалын кыргыз билим берүүсүнүн келечегине арнай алды.  

Мекенчил инсан

Каныбек агайдын инсандык дидары, жарандык позициясы өз ишмердүүлүгүн жогору жактан келген кезектеги көрсөтмөлөрдү так аткарып күн кечирүүгө жол берген жок. Ал дайыма азыркы татаал коомдук педагогикалык турмушубуздун  оор маселелеринин жообун табууга аракеттенген оптимист, жаңы генерациядагы лидер жетекчи болду. Анын жашоодогу башкы чакырыгы «Кыргызстан үчүн күйүп-жанып иштей турган мезгил келди» деген принцип болчу. Агай университеттин, кийин билим берүү министрлигинин жамаатындагы ар бир кесиптештеринин жана жалпы эле замандаштарынын  мекенчилдик  дараметин ачуунун жолун тынымсыз издеп келди.

Агай «Кыргыз мектептеринин заманбап моделин» түзүү максатында аракет жасап, ОшМУнун базасында бир катар мектеп, гимназияларды уюштурду. Бул багыттагы жумуштардын натыйжасы көп күттүргөн жок, учурда ОшМУнун лицей, гимназияларынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн Алтын сертификат, республикалык олимпиадаларын жеңүүчүлөрү болушууда. Ал жетектеп турганда ОшМУ ички академиялык мобилдүүлүккө жол ачкан “Ош Декларациясынын” демилгечиси болгондугу анын чыныгы мекенчилдигин далилдейт. Бул жылдар аралыгында ушул декларациянын алкагында республика боюнча миңдеген студенттер жана жүздөгөн профессор, окумуштуулар тажрыйба алмашканга, бийик достук мамиле түзгөнгө мүмкүнчүлүк алышты.

Каныбек Исаков КР Билим берүү жана илим министри болгон бир жыл аралыгында коомчулуктун бул тармакка болгон ишеним индекси жогорулап, 2019-жылы 24,9 % рейтинг менен Билим берүү жана илим министрлиги 7-орунда болсо, 2020-жылы 37,3% рейтинг менен министрликтердин арасында 3-орунга чыкты. Бул багыттагы белгиленген иш чаралар өлкөнү эле эмес бүт дүйнөнү түйшүккө салган эң татаал пандемия шартына карабастан ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул кыска, бирок маанилүү мисалдар  агайдын мекенчил инсан жана жетекчи катары ишмердигинин жыйынтыгы экенин сыймыктануу менен белгилесек болот.

Соңку сөз

Каныбек Исаковдун бүткүл аң-сезимдүү өмүрү билим берүүгө жана ал аркылуу Кыргыз мамлекетин чыңдоого арналды жана анын натыйжасында учурдагы Кыргыз билим берүүсүндөгү тарыхый кадамдарды жасай алды. Агай бул бийиктиктерге жеке өзүнүн талыкпаган эмгеги, акылмандыгы жана көөнөрбөс энергиясы менен жетише алды. “Жакшынын көзү өтсө да сөзү, жасаган иши түбөлүк калат” дегендей учурда агайдын экинчи, түбөлөктүү өмүрү башталды. Ал баштаган жумуштар уланып жатат жана дагы улана бермекчи. Элибиздин сыймыгы болгон бул инсан жаш муундарды тарбиялоодо сөзсүз үлгү болушу керек жана болот деп эсептейм.

Бул баяндаманы Каныбек агайымдын “Тирүүлүктүн баркын билип, бири-бирибизди эстеп, эскерип, урматтап, сыйлап жашайлы” деген сөзү менен аяктагым келди.

Сабыр АРСТАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз