Искендер Ормон уулу: Сабырдуулугуңузга таазим, Рейхан айым!

  • 08.07.2021
  • 6406

(Орхан мырзанын үй-бүлөсүнө ыраазычылык)

Инанды - кыргыз тилинде кандай мааниге келгенин билесиздерби? Түрк тилинен которгондо “ишенди” деген маанини билдирет. Атынан да айткандай эле Орхан Инанды чындыгында эле кыргыз элине, кыргыз мамлекетине жана кыргыз жетекчилигине ишенген.  Бул ишеним менен Кыргызстанда 26 жылдан бери жашадык, эмгек кылдык, жаңы муундун өсүп чыгышына салым коштук”.

Бул Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инандынын массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда айткан сөзүнөн. Орхан Инанды, үй-бүлөсү жана башка түрк мугалимдер Кыргызстандын эгемендигинен кийин эң оор абалда турган билим берүү тармагыбызга салым кошуу үчүн келишти. Чыныгы эгемендик үчүн эң керектүү билимдүү жарандарыбыздын өсүшүнө шарт түзүштү, көйгөйлөрдөн чыгуу үчүн оор жүктү аркалап, кыргыз эли менен кошо кыйналышты, оорчулукту бирге тартышты.

Элестетип көрөлүчү, 90-жылдарды, “катаал 90-жылдар” деп аталган жокчулук, тажрыйбасыздык айланабызды чырмап турган катаал жылдар. Орхан мырза жана Орхан мырзага окшогон агартуучулар дал ошол катаал, кабырганы кайыштырган жокчулук учурда келип кыргыз эли менен чогуу болду, турмуштун ыссык-суугун бирге тартышты.  Кыргызстанга жан үрөп кызмат кылышты.

Буга чейрек кылымдык эмгектеринин натыйжасы болгон миңдеген бүтүрүүчүлөрү күбө, эл аралык деңгээлдеги сапатка ээ ондогон мектептер күбө. Бир топ аналитиктер айткандай, өлкөбүздө эгемендиктен кийинки эң көрүнүктүү ийгилгибиз ушул билим берүү уялары экендигин ким танат? Менимче, выжданы менен ойлонгон ар бир жаран бул ийгиликти тастыктайт. Ишенип келип, ишенимдүү иштеп элдин жүрөгүнөн ишенимдүү орун тапкан Орхан Инанды (Ишенди, Ынанды) бул ийгиликке салым кошкондордун сап башында келет. Бул кеменгер мугалим, натыйжада ишенип келген жерден, ынанып кызмат кылган элден кимдер кириптер болгону белгисиз (!) түрдө уурдалып отурат. Сүрөтүнөн кыйноого дуушар болгону, мугалимдик жолунда калем кармаган колу көгөрүп, балким сынып калганын да байкоого болот. Уурдагандар төбөлү баш болуп “биз уурдадык” - деп айтып чыкты. Уурдаткандар белгисиз. Бул бир трагедия.

Тарыхыбыз кабар бергендей, алгач душман тарабында болсо да адилеттүүлүк издеп келген Алманбетти сатпаган, ал турсун эң жакын досуна айланткан Манастын урпактары эмеспизби? Натыйжасы чабышуу болсо да уруусуна жан соогалап келген бирөөнү кайтарып бербеген, адилеттүүлүктү пир туткан урпактардын уландысы экенибиз жалганбы? Элибизди тарыхта жер карата турган, эртеңки муунубузга калыстыкты айтууда тил бууган абалга кантип кириптер болдук? Заманбап эл аралык коомчулукта ИШЕНИЧ деген нерсенин “ондогон Кумтөрдөн да баалуу” экенин билбейбизби? Суроо көп, бирок жооптор да жооптуулар да бүдөмүк. Бирок тарых тараза, Жараткан да адилеттүү. Кыңыр иш кырк жылда болсо билинери шексиз. Биз азыр тирүү калганына сооронуп турабыз. Эң эле туу тутканыбыз, бул күндөр да өтөт, Жараткан адамдык абийрден ажыратпасын.

Кеп башында сөз кылган Орхан мырзанын жубайы Рейхан айымды кайрадан эске алып, ага көңүл айтып, ыраазычылык билдиргим келет. Элестетеличи, өмүрлүк жолдошуң, аруу тилектер менен кандай кыйынчылк болсо да бирге тартууга бел байлаган өмүрлүк жарың чаламандын чак түшүндө дайынсыз жоголуп, тирүү экени белгисиз 35 күн уйку жок экени кандай азап…

Жакшылык кылам, кыйынчылыктан чыгууга жардам берем деп ишенип келген жерде/элде жарык көргөн 4 балаң менен тозокту жашап отурсың. Мындай кыйын сыноо эч кимдин башына келбесин. Кыйын кишилердин башына кыйын сыноолор келет деген сөздүн чындыгы бар окшойт. Рейхан айым бул сыноону бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнө алдында сабырдуулугу менен, кайраттуулугу менен, акылмандуулугу менен өткөрүп жатат. Алгачкы эле күнү берген маалымат жыйынында, элге, мамлекетке жана жетекчилерге ишенээрин айтып аябай токтоолугу байкалган. Андан кийинки эл аралык жана өлкө ичиндеги маалымат каражаттарына берген маектеринде да ошол эле сабырдуулук жана акылмандуулук менен өзүн көрсөттү.

Өлкөгө да, мамлекет жетекчилигине да ачууга алдырган эч кандай сөзү болбоду. Тескерисинче, абдан аяр мамиле кылып, Кыргызстанга, жетекчилерге жана өзгөчө “ар бир ташына” өзүнүн да салымы болгон мектептерге кыпындай зыян келбесе экен деген этияттануусу сезилип турду. Дагы эле ишенип турду, дагы деле үмүттөнүп турду. Эң эле оор учур жолдошунун Түркияга алып кетилгени анык болгондогу убакыт болсо керек. Себеби Орхан мырзанын сүрөтүнөн аябай чөккөнү, адистердин да айтуусу боюнча кыйноого дуушар болгону белгилүү. Колдору шишип, көгөрүп, маанайы ушунчалык чөгүп тургандыгы эле көп нерсени түшүндүрүп турбайбы. 

Ошондо да Рейхан айымдын айткан сөзү:  “Орхан мырза Кыргызстандын жараны да, мамлекет өз жаранынын кайтарып алыш керек. Мен жолдошумун Кыргызстанга кайтарылышын каалайм. Аман-эсен колго тийсе, кет деп айтышса кетем да…” Ишенип келип, элге ишенимдүү кызмат кылгандарды ушул абалга жеткирип, ушундай сөздөрдү айтканга аргасыз кылган “баарыбызга” жер карай турган оор сөз.

Урматтуу Рейхан айым, тагдырдын тамашасы оор болду, “сабырдын түбү сары алтын” деген макалды Орхан мырза да көп айтчу. Канчалык тирүү экенине каниет кылсак да, азыркы абалына жаныбыз кейип турат. Ишенип коюңуз, кыргыз элинин дээрилик көпчүлүгү бул акыбалга жүрөгү сыздап атат. Дубалары, жакшы тилектери сиз менен. Сиздин сабырбуулугуңузга жана акылмандуулугуңузга таазим! Орхан агайдын да эң кыска убакытта сиздердин алдыңыздарга кайтып келишин тилейбиз!

Sizin metanetiniz, vakarlı duruşunuz ve sabrınız için canı gönülden teşekkür ederiz REYHAN ABLA. Yaradan Orhan bey’i en kısa zamanda ailenize sağ salim kavuştursun!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз