Филиппин эл жомогу: Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу

  • 08.07.2021
  • 3385

Карылардан укканыбызга караганда качанкы бир заманда деңиздин суусу тузсуз болуптур. Азыр эми ит ичкистей ачуу. Буга Ангалону чагып алган кумурска күнөөлүү дешет. Ал эми Ангало ким дебейсиңерби... Ал бир эбегейсиз зор дөө экен. Чоңдугун ушундан билгиле: деңизди кечсе суу тизесине зорго жетип, тоолор кызыл ашыгынан араң келчү имиш.

Бир күнү адамдардын тузу түгөнүп, айласы кеткенде Ангалого кайрылышат:

- Ангало аке, тузубуз түгөнүп, тамагыбыз даамсыз болуп калды, деңиздин аркы өйүзүнөн туз алып келели дедик эле, бир айла кылып жардам бер.

- Ошол да кеппи! Мына анда силерге көпүрө! Өтө бергиле, - деп деңиз жээгине отура калып бутун сунганда, наркы өйүздөгү тоолорго барып такалат. – Мен кичине уктап ала коёюн, ага чейин тузуңарды ташып аларсыңар.

Сүйүнгөн эл ар бири экиден себет алып, Ангалонун буту аркылуу чубап, деңизден өтүп, туздан болушунча салып, кайра тартат. Элдин алды бул өйүзгө жетип, арты жаңы гана көпүрөгө кадам таштаганда – беймарал уктап жаткан Ангалону кумурска чагып алат. Кыйшаяры менен коңурукту кош тарткан кайран дөө катуу чочуп бут серпкенде, элдин бири калбай туз-музу менен деңизге кулайт.

Ошондон кийин деңиздин суусу туздуу болуп калыптыр. Ишенсең койсоң өзүң бил, али төрөлө элек карылардан уккан сөзүм бул.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз