Жаран болуу – адам болууга тепкич

  • 31.08.2023
  • 5570

Биринчи кезекте адам бол, андан соң өз улутуңдун татыктуу өкүлүсүң.
Шарль МОНТЕСКЬЕ (1689-1755), француз философу 

Улут маселесин ой келди кеп кылчулар арбыды. Жоопкерчилиги жок андайлар тил учуна эмне келсе жазат, сүйлөйт. Биз муну соцтармактардан күнү куру эмес көрүүгө болот.

Учурда “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын айланасындагы анын жарандыгы туурасында түрдүүчө жазышууда. Эң кокую, оозунан от бүрккөн ашкере улутчул маанайдагы пикирлер арбын экендиги кейитет. Болгондо да коомго гуманисттик идеяларды жайылта турган чыгармачыл интеллигенция менен илим чөйрөсүнүн аттуу-баштуу өкүлдөрү деле ашкере улутчулдук оорусунан айыкпагандыгын көрүп, кайран улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” дегенин эстейсиң.

Көрсө бизде адам болмок тургай, жарандык аң-сезим ойгонбоптур. “Адам болуу аста-аста” деп көөнө бабаларыбыз бекер айтпаган тура. Адам деп атамак түгүл Кыргызстандын татыктуу жараны деп айтууга ооз барбай турган макулук чалыштар арбыды! Улуттук ар-намысыбыз калыптанбаптыр. Улут катары али бышпаптырбыз. Чийки түшүнүк, түркөйлүктөн арылбаптыр илим чөйрөсүндө профессор атанып жүргөндөрү, маданияттын эмгек сиңирген сүрөтчүсү, артистти, эл акыны дегендери деле караңгы бойдон экен. Эми алардын атын атап, ансыз да ызы-чуулу коомду дүрбөткүм жок. Аттарын атаган күндө деле беттери кызарат дейсизби. Күмөнүм бар...

Тек гана улуттун татыктуу өкүлү болуш үчүн ириде адам болуу жагы чоң маселе тура. Арийне, адам болуу дагы колубуздан келбей атпайбы. Ошондон улам жаран болуу – адам болууга биринчи тепкич болор беле деген ой келди аргасыздан. Коомдун моралдык соолугун, рухий жакырчылыгын көрүп отуруп, эч болбосо Кыргызстандын жараны болууга татыктуу болсок кантет. Анан барып аста-аста адам болорбуз, сөөлөттүү, дөөлөттү улут болорбуз.

Кезинде орустун улуу акыны Марина Цветаева да адам болуу жөнүндө ой толгогону бар. Большевиктик коммунисттер дворяндарды жек көрсөтүү саясатын күчөтүп турган заманда айтса керек ко минтип: “Байларга таазим, аларды терең урматтаганымды жашырбайм. Себеби, байлардын башкаларга кең пейилдиги өздөрү үчүн сокур тыйынга да турбайт. Алардын жүрүм-туруму, кийингени да жагымдуу, сымбаттуу. Эгерде салабаттуу, ажарлуу, билимдүү адам боло албасак да, эч болбосо бай болууга умтулушубуз керек” – дептир. Буга кошумчалай, кыргыз коомчулугуна минтип жар салсамбы дедим: “Келгиле, мекендештер! Эч болбосо өлкөнүн активдүү жараны болууга үйрөнөлүчү!”

Себеби адам сыягынан ажыраган бийликтегилерге караганда улут намысын, элдин өмүрүн, келечегин, мамлекетибиздин туруктуулугун коргой алаар коомдук катмар кимдер экенин былтыртан берки эң оор сыноолор көрсөттү го?! Кокус былтыркы каргашалуу июнь трагедиясындагы коронавирус апаатында Кыргызстандын активдүү жарандык коому болбосо, эмне болмок? Жарандык коомдун өкүлдөрү ажалдын алдын тороп, өздөрүнчө ыктыярчылар тобу түзүлө калбаса, кандай күнгө кабылмакпыз?! Өз өмүрлөрүн тобокелге салган жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдар жана чет өлкөлөрдө эмгектенген активдүү жарандарыбыздын көмөгү менен врачтарга, оорулууларга колдоо көрсөтүлгөн үчүн кыргынга кабылбай аман калдык көбүбүз. Демек, жарандык аң-сезимге жетүү улуу адамгерчиликке да жеткиргени ушул эмеспи? Арийне, жаран болуу адам болууга тепкич дегеним ошол...

А Кыргыз бийлиги ошол апааттуу күндөрү шал болгондой отуруп берди го. Андан өтүп жан кашайтканы, сырттан келген чоң жардамдарды даректүү бөлүштүргөндүн ордуна, адам өмүрү массалык түрдө кыйылып жатканына карабай, баягы эле коррупционерлердин алкымы араандай ачылып, ошол кездеги өкмөттө иштегендердин канчасы бүгүн жемкорлук менен айыпталып отурушат?!

Марина Цветаева байларга таазим десе, а мен биздеги активдүү жарандык коом менен бейөкмөт уюмдарга терең таазим этем. Урмат-сыйга ушулар татыктуу. Ушулар улуу адамгерчилик эмне экенин көрсөттү баарыбызга! Үлгү болушту. Демек, улуттун улут болуп калыптануусуна ириде активдүү жарандык коомдун ролу чоң. Ал эми жармач патриоттор, улутту бөлүп-жаргандан башка эмнеге жарап атат? Алар улуттук биримдикти көздөгөндүн ордуна, активдүү жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын иштиктүү аракетинен “бузукулуктан” бөлөк эч нерсе көрбөйт.

Ошол эле былтыркы октябрдагы бийлик төңкөрүшүндө борбор калаабызды түнкү морадёрлордон коргогондор кимдер болушту? Албетте, анда да жарандык коомдун уюшмалуулугу менен шаарыбыз уурдалып-тонолбой сакталып калды. А бийлик тобундагылардын так талаштан баштары чыккан жок. Ошондой эле быйылкы май айындагы Баткенде болуп өткөн чегара жаңжалында да расмий бийликтен мурда бейөкмөт уюмдар жана активдүү жарандык коомдун ыкчам аракети менен өрттөлгөн, кыйраган кыштактарга жардам көрсөтүлгөндө көрдүк кимдердин ким экенин.

Демейде оозунан от бүрккөн ашкере улутчулдар жогоруда аталган чоң сыноо күндөрү коңулга кирип кеткендей жок болбодубу! Демек алардыкы адамгерчиликпи, иткерчиликпи?! Сыягы бул жерде жарандык активисттердин, бейөкмөт уюмдардын аракети улуу адамгерчилик болду. Улуттук коопсуздугубузга тынчы кеткендер ошолор экен көрсө.

Ушул тапта да жарандык аң-сезимдин маани-маңызы Орхан Инандынын айланасындагы түрдүү пикирлерден улам кашкайып чыга келди. Айрыкча жармач патриоттордун таш боордугуна таң каласың! Алар Орхан бейдин тагдырын табалагандары кайсы адамгерчиликке сыят?! Улуттук наркыбызга төппү?! “Сооп болду” дешет алар! “Улуту түрк болуп туруп, эмнеге кыргыз жарандыгын алышы керек, бул анын саткындыгы”, “өз мекенине чыккынчылыгы” деп сыпаттагандарычы! Йе, тобо, Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганы үчүн ушинтип айыптоо акылга сыябы?.. Учурда башка чет өлкөлөрдүн жарандыгын алган кыргыз урпактары канча? Аларды мекен чыккынчысы дешке оозубуз барабы?!  

Орхандын кыргыз жарандыгын алганынан биз зыян таптыкпы, пайда таптыкпы? Анан да “Сапат” билим берүү мекемеси жалаң мыкты окуучуларды терип алып окуткан үчүн гана анын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн эң атактуу, эң алдыңкы окуу жайларынан билим алганын айыпташканычы. Көрсө, капчыктуулардын гана балдары билим алууга ушундай шарт түзүп бергендиги үчүн Орхан Инанды айыптуу имиш! Йе, кудай урган кандай эл болдук?! Ушунча көрө албас, ушунча ичи тар түркөй мекендештерибизге караганда теги түрк болсо дагы миңдеген кыргыз урпагынын заман талабына шайкеш билим алуусуна шарт түзүп, Кыргызстандагы эң алдыңкы жеке билим борборун жетектеп келген Орхан бейдей жараныбыздын эмгеги артыкпы же өздөрүн ашкере улутчул санаган бакырчаак мекендештерибиз артыкпы?!

Кезинде кайран Салижан Жигитов да кан какшап калчу эле: “Кыргыз кедей жашаганы үчүн да мээнети менен байыган дунгандар менен корейлерди күнөөлөп жашайт. Дегеле өзүн күнөөлөгөн кыргыз жок!” деген таризде. Эми сапаттуу билим очогун негиздеп, кыргыз урпагын дүйнөлүк атаандаштыкка жарамдуу тарбиялап өстүргөнү үчүн Орхан бейди күнөөлөө акылга сыябы?! Баласына сапаттуу билим берүүгө кудурети жеткен, капчыгы калың ата-энелер ылайым көп болсо кана. Колунан келеби, эмнеге Орхан Инанды сыяктуу билим булагын бизнесе айланткан кыргыздар аз? Эмнеге адабият, маданияттан кызылдай акча күрөп алар кыргыз бизнесмендери чыкпайт?!

Билимди приоритет санаган түрктөр 1992-жылы “Себат”, кийин “Сапат” билим берүү борборун коммерциялык негизде ачканы Кыргызстан үчүн жаман болдубу? Өңчөй “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү коомдун эң прогрессчил катмары болуп калды бүгүн. Алардын чыныгы профессионал, чыныгы кесип ээлери болуп чыкканынан Кыргызстан зыян тарттыбы? Арийне, адам ресурсу – өлкөнүн эбегейсиз чоң байлыгы экенин качан түшүнөбүз? Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн кадрлык потенциалын эмнеге өлкөнүн эң ири байлыгы катары санабайбыз?!

Чындап келсе оозунан от бүрккөн ашкере улутчулдар эмес, так ошол Орхан Инанды сыяктуу теги башка болсо да, бирок кыргыз жарандыгын алган мекендештерибиз Кыргызстандын зор байлыгы, дөөлөтү, куту болуп жүрбөсүн, бурадар?..

Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз