Советбек Байгазиев: Поэзия - тагдыр[1]

  • 13.07.2021
  • 3359

Бизде басмалардан онго жакын же андан ашык поэтикалык китептерин чыгарса да ушу күнгө чейин профессионалдык сындан өз чыгармачылыгы жөнүндө кенен-кесир пикирлерди угалбай жүргөн акындар бар. Салибай Шатманов ошондой көз жаздымында калып келаткан авторлордун бири. С. Шатманов жоон топ поэтикалык жыйнактардын ээси болуп, поэзиябызда очор-бачар чарба күтүп олтурса да, анын зилинде кандай акын экендиги жөнүндө эмдигиче белгилүү бир ачык айтылган пикирлер жок.

Эгер профессионалдык сын көркөм процесстин белгилүү бир мезгилдик тилкелеринде жаралган түзүмдөргө кайрылып, аларды анализдеп, жалпылап, жыйынтыктап калса, эмнегедир С. Шатмановдун поэзиясын айланып өтөт. Калыбы сын анын чыгармачылыгы олуттуу жалпылоолор үчүн негиздүү эч нерсе бербейт деп ойлойт көрүнөт. А балким андай эместир, сын автордун чыгармачылыгын терең билбей туруп эле жонунан кекирее карап, курулай текеберсинип аткандыр? Балким Шатмановдун поэтикалык дүйнөсүндө сөз кылууга арзый турган дүнүйөлөр чөгүп жаткандыр? Кыскасы, биз өз алдыбызча камынып, байкалбай жүргөн авторубуздун «көркөм өлкөсүн» карай аттандык.

Эмесе, С. Шатманов кандай мүнөздөгү акын болду экен? Башка акындардан кандай өзгөчөлүгү менен айырмаланат? Өзү менен кошо адабиятка кандай жышаанды, саамалыкты, кандай башталышты жана жөрөлгөнү алып келди? Өз үнү, стили, почерки, ыкмасы барбы? Поэзиябызды кандай мотивдер, боёктор, кандай поэтикалык чечилиштер менен байытып жатты экен?

Биз акындын поэтикалык дүйнөсү менен жай, шашпай таанышып чыгып, көп нерселерге күбө болдук. С. Шатмановдун өзүнүн поэзиясы айтып турган нерселерди жашырбай ачык айтып (коомдун, окурмандардын жана автордун, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн), акты ак, караны кара дешти максат кылдык. Акын да өзүнүн бир ырында өз ара мамилелердин агымындагы айрым бир терс, кунарсыз, бетпактык илдеттерди жек көрүп, мындайча жазат:

Жалганды жаркылдатып көтөрөбүз,
Чындыкты көздү жумуп өткөрөбүз.
 

Жалганга жалган айтып жагынабыз,
Чындыкка «чындык» болуп чамынабыз.

Эгер акын муну кооздук үчүн эмес, чыныгы граждандык абийри козголуп, чын ыкласынан айтып жаткан болсо, анда Шатманов биздин тике айткан сөзүбүзгө чычалоого тийиш эмес.

Адепки сөз автордун алгачкы «Гүлдесте» (Фрунзе, 1961-жыл) аттуу жыйнагы жөнүндө болсун. Ыр жыйнагынын чыгыш мезгили С. Шатмановдун адабиятка кыргыз поэзиясынын кыйла тарыхый жол басып, бараандуу тажрыйба топтоп, профессионалдык жактан жетилип турган учурунда келип кошулгандыгын күбөлөп турат. Демек, анын ырларына окурмандын олуттуу талап менен кароого акысы бар.

... «Айлуу түндө Ала-Тоо» деген ырында, автор ак элечек кийип шаңкайган түнкү тоолордогу ажайып пейзажды көз алдыга тарткысы келет.

Ала-Тоо сүйкүм мемиреп,
Аягын сунуп керилет.
Шапата бүрккөн мөңгүлөр
Шар аккан суудай берилеп...

Андан ары:

Какпаган тыноо немедей,
Кадыр түн көшүйт кенебей.
Асманда калкып акактай,
Ай нурун чачкан ченебей.

«Немедей, кенебей, ченебей» деген уйкаштарында айып жок. Бирок көрүңүзчү, бул куплеттерде уйкаштан башка эмне бар? Түнкү пейзаж көз алдыңызга тартылдыбы? Пейзажды андан аркы куплеттерден издейм десеңиз, ал куплеттер деле чеченсинген куру саптар. Баарынан да автордун ырды бүтүргөнү олдоксон. Өзү түнкү пейзаж жөнүндө кеп кылып жатат да, анан капысынан сөз тизгинин буруп:

Жамынып жашыл сукносун,
Жарашат жайда куп, досум.
Көңүлдөн кетпес элеси
Конушу кыргыз кут болсун! - деп бүтүрө коёт.

Логикалык зарылчылыктан келип чыкпаган бул түрмөк орунсуз жана окурманга жарытып бир нерсе түшүндүрбөйт. Куру саптардан турган бул ыр кара күчкө эле ойлонулуп чыгарылгандай.

Жаш акындын ырдоо стили элдик оозеки поэзиянын баяндоо манерасына түспөлдөшүп турат. Эгер бул манера атайын образдык максат үчүн аң-сезимдүү түрдө пайдаланылып жаткан ыкма катары болсо, кубанар элек. Тилекке каршы, бул «стиль» анын стихиясы өңдөнөт. Мына бул эки түрмөк экспромтко көңүл бурсак.

Кербенге келсең керемет,
Куржунуң болсо бере кет.
Клиттеп коём толтуруп,
Көп эле сары тегерек.
Апорт бар кызыл ала бет,
Андан да кошо сала кет.
Атыңа артып берейин
Айлыңа арбын ала кет.

(«Алмадан арбын ала кет» 23-бет)

Бул куплеттер жаш автордун поэтикасынын элдик поэзиядагы желдирмеликтин, куюлуштуруп жамактатуу ырасмысынын тартуу күчүнүн таасиринде экенин мыктылап айгинелеп турат. Шатмановдун 7-8 муун өлчөмүндө, андан көп өлчөмдө жазылган ырларында да, ушул жонунан желдирип ырдоочулуктун илеби күчтүү. Баса, жогорудагы ырдын «стили» тууралу гана айтылды. Ал эми ырдын өзүндө көңүлгө кармап кала турган бир поэтикалык ой барбы? Менимче, бул ырдан ой издеп убара чегүүнүн кажаты жок. Бул автордун жөн эле абага сүйлөп койгон «тамашасы» экендигин ырдын өзү эле айтып турат ко.

«Гүлдесте» жыйнагында «Назгүл» аттуу көлөмдүү поэма бар. Поэма Назгүл аттуу өспүрүм кыздын кудалап койгон кишисине баруудан баш тартып, мектеп директорунун жардамы менен окууга өтүп, максатына жеткендиги жөнүндө баяндайт. Мындай мүнөздөгү темада С. Шатмановдон мурда да өтө көп жазышкан. Жаш акын бул темага кандай жаңылык киргизди экен деп, үмүт менен үңүлөсүң. Бирок поэманы окуп чыккандан кийин шаабайың сууп, жаңылык дегенди, мурдагылардан «ашып түшүү» маселесин мындай коюп, автордун ошол тапталган теманы татыктуураак кайра кайталап берүү деңгээлине көтөрүп чыкпагандыгына өкүнөсүң.

Поэма натурализмдин анык кашкайган үлгүсү. Автор жыйнактуу болууну, мүнөздүү көрүнүштөрдү гана тандап алуунун ордуна көзүнө көрүнгөндүн баарын терип-тепчип ырга сала берген. Поэманы окуп жатып окурман рахат алмак түгүл, аягына чыкканча чеченсинген супсак, кургак саптардын тизмегинен башы ооруп, тажап кетет. Чыгарма арасы Рим цифрасы менен бөлүнгөн, он саптан курулган строфалардан турат. Карап турсаң поэмада жаш акынга образ жаратуу, поэзия жаратуу проблема болбой эле, мына ушул он жолдон турган строфаларды кантип толтуруу маселеси проблема болгон сыяктуу. Автор саптардын санын он жолго чоюп жеткире албай, кезектеги уйкашты таба албай убара чегип кыйнала берет. Поэманын бүткүл тулкусуна мүнөздүү бир мисал келтирели. Автор «Баарынан барктуу» деген бөлүмдө Назгүлдүн ата-энесине узун сабак мүнөздөмө берип келип, анан алардын короосундагы бак-шагы тууралуу кеп кылганга өтөт:

Жигермелип жүрөк жылып жанары,
Жийде, жүзүм, анжыр, бадам, анары,
Жоон кучак, жол-жол кара көк дарбыз
Жолоочунун жолдо суусун канары.
Сандыктагы сары ууздай балынан,
Белгилүү да тоё жесе танары.
Бирок ширин ширесинен таткандын
Болбостур го биротоло чанары.
Башка дагы... бакчадагы жемиштер
Кимге керек канча экен деп санары.

Табити сергек окурман прозаизм жыттанган бул түрмөктүн жасалмалуулугун, оркойгон чоркок саптарды дароо эле белгилейт. Мында короодогу бакча берекесинин «шилекейди чуурутуп», тамшандырарлык поэтикалык картинасы жок, жийде, жүзүм, анжыр, дарбыз деген сыяктуу гана куру санак, жылаңач информацияны окуйбуз.

Сандыктагы сары ууздай балынан
Белгилүү да тоё жесе танары.

Бул эки сап жогорудагы «канары» деген сөзгө уйкаштырылыш үчүн гана ойлонуп табылган. Автор кезектеги ыр жолдорун улоодо жетишпей жаткан зарыл нерсени издөө, поэтикалык «толуктоо» табуу образ жаратуу зарылчылыгына жетеленбестен, сөздү узартуу, чоюу, саптарды көбөйтүү менен алек болот. Ага уйкаш кезектеги сап табылса болду. Ушунун айынан ыр жолдору.

«Белгилүү да тоё жесе танары.
Бирок ширин ширесинен таткандын
Болбостур го биротоло чанары»

деген сыяктуу кожогой, жасалма саптардын эсебинен байып жатат.

Автор ар бир строфага келген сайын өзүнө «милдеттенме» алат. Жогорку түрмөк он саптан турду, төмөнкүсү да сөзсүз он жолдон турууга тийиш. Ошентип, ал өзүнүн «милдеттенмесин» аткарууга киришет. Натыйжада, поэтикалык строфа эмес, ар нерсе менен толтурулган строфалык сосуд келип чыгат. Автор поэмасын жазардын алдында түзгөн чыгармачылык планын реализациялоодо мындай строфалык түзүлүштүн канчалык зарылдыгы бар экендиги тууралу ойлонбогон.

Ал мындай мүнөздөгү кылдат ойлонуулардын деңгээлине көтөрүлүп чыга элек. Ага азырынча форма, тышкы көрөсөндүүлүк, «бараандуу чыгарма» кызык. Романтик жаш автор чакан аянтта жыйнактуу кылып берип койчу мазмунду мыжып эзе берип, 1200 сапка жеткирген. Поэмада көтөрүлгөн маселе авторду чындап толкундаткандыгы көрүнбөйт. Козгой турган маселеси ичтен бышып жетилип, толуп-ташып, айтылып жүргөндөй, авторду жазбай коё албай тургандай ахывалга алып келбеген. Ал тыштагы темага өзүн таңуулаган. Автор эски менен жаңынын күрөшү тууралуу поэма жазууну өз алдына милдет кылып койгон. Ошон үчүн поэманы өтө кыйналып, күчүркөнүп атып жазган. Ошон үчүн поэмадан көңүлдөгүдөй натыйжа чыкпай калган.

Ушинтип, акындын алгачкы «тырмак алды» менен таанышып чыктык. Жаш автордун тердеп-чардап терип келип сунган гүлдестесинин кубулуп, түрлөнүп, турмуш жыттанып, жер, чөп, таза аба, күн, шүүдүрүм жыттанып, буркурап турбаганына өкүнөбүз. «Гүлдесте» тилекке каршы жасалма болуп чыкты. «Гүлдестенин» жасалмалуулугунун эң негизги себеби - автордун өзүнүн ички поэтикалык өз алдынча МЕНинин жоктугунда.

Автордун аң-сезимине тышкы таасирлер эркин бийлик кылат. Ой жүгүртүүсүндө стандарттуулук күчтүү. «Гүлдестенин» поэтикасы автордун ырларында оозеки поэзиядагы жамактатуу салтынын инерциясы да күчтүү экендигин ачыкка чыгарып жатат. Кыскасы, жаш авторубуз чоң акын болгусу келет. Бирок тилекке каршы, эңсөө, таттуу кыял менен автордун өзүнүн реалдуу ал-ахывалынын ортосунда терең ажырым жатат. Бул ажырым бара-бара жоюлуу жагына бет алар бекен? Алды жактан бир жакшы нерсе күтүп, үмүттөнүп отуруу пайдасыздай. Бирок мына муну да эсепке алуу керек ко. Кантсе да автордун «Гүлдестедеги» чыгармалары карандай кара күчкө салып, зордоп өздөштүрүлгөн адабий техниканын жемиши эмес. Автордо импровизациялык шык бар. Акындыкка жөндөм бар. Балким бул шык тээ ары жакта көрүнбөй комдонуп жаткан бараандуу адабий таланттын кичинекей бир адашып көрүнгөн учкунудур. Бул талант балким, талыкпас өжөр эмгекке, көшөргөн тынымсыз изденүүгө аралаш, бара-бара ташкындап, сыртка чыга келер. Анын үстүнө жаш акыныбыз өзүнүн чабалдыгын алдын-ала сезгендей оңдонот. Ал китебинде:

Арзыйбы, жокпу арнаган
гүлдүн дестеси
Айтарын айтып...
уялам бир жак чети мен, -

деп, өзүнүн жазгандарына кандайдыр канааттанбагандай түр көрсөтөт. Автор муну чын ниетинен айтып жаткан болсо...

Мынакей, алдыбызда автордун «Тоо сүрөттөрү» («Кыргызстан» басмасы, 1966-жыл), «Сөз» («Мектеп» басмасы 1968-жыл) жана «Ата мурасы» («Мектеп» басмасы 1972-жыл) аттуу поэтикалык жыйнактары жатат. Биз бул ыр жыйнактары өздөрүнүн поэтикалык деңгээли жагынан бири-биринен анча айырмаланып турбагандыктан чогуу талдоого алууну чечтик. Соңку жыйнактарынан акындын алдыга жылгандыгы көрүнүп турат. Бирок өсүштүн бийиктиги, деңгээли, мүнөзү, арымы жана масштабы кандай? Ушуну аныктоо керек.

Акындын китептери менен көңүл коюп таанышып чыккандан кийин мына мындай ойго келдик. Бул аралыктын ичинде автордун жөндөм-шыгы бир топ тотугуп, тажрыйбасы арткан, чыгармачылыгында идеялык-көркөмдүк, профессионалдык өсүш болгон. Бирок бул өсүш Салибайдын өзүнүн жекече поэтикалык турмушундагы гана саамалык. «Гүлдестедеги» абалга салыштырганда бир топ алга жылгандык. Ал эми бул көрүнүшкө азыркы замандын бийиктигинен, коомдун өктөм талабынан, көркөм ойдун бүгүнкү жетишкен деңгээлинин көз карашынан караганда тилекке каршы, Салибайдын пегас деп элестетип минген аты мезгил менен тең жарышып, таскак салган буудандарга жетпей, тээ алыста карааны таанылбай келе жатат. Анын жеткен деңгээли азырынча мезгилдин «социалдык заказдарын» аткарууга, замандын залкар жүгүн көтөрүүгө чамасыз. Ырас, бул жыйнактарда анын профессионалдык деңгээлинин өйдөлөгөндүгүн, поэтикалык сөздүгүнүн акырындап жаңырып келаткандыгын, «Гүлдестедегидей» боёктордун бир түрдүүлүгүнөн жана жакырдыгынан кутула баштагандыгын, көркөм табитинин мурдагыга караганда өсүп калгандыгын дагы бир жолу белгилешибиз керек. Мисалы, мына бу төмөнкү эки ырды окуп көрсөк.

Текке, өткөрбө текебердүү иничек,
Жашчылыктын жалындаган мезгилин.
Турмуш деген минип чапчу ат эмес,
Каалагандай кайда буруп тизгинин.

Морозовдон, Матросов, Кычандан
Улуу туруп, уялбастан жалынып,
Акча дейсиң алтымышта атаңдан,
Араң жүрсө өзү чөпкө чалынып. («Иничек»)

Пайда болсо кара жанын карч урган,
Мээнет болсо качып боюн жалт урган.
Эмне дейсиң көпчүлүктүн көзүнчө
«Мекеним» деп, төшүн какса ант урган.

Чыны күйбөс чыпалагы андайлар
Сөздө гана... иш жүзүндө кайда алар?
Эл ичинде жашаш үчүн эсен-соо
Эптеп жанын багып жүргөн майдалар.

(«Сөз» жыйнагынан, «Майдалар» 34-6.)

Бул ырларда автор жетеси жок мешанчылыкка, биздин күндүн айрым терс типтерине карата болгон өз мамилесин эч кандай оргу-баргы, кыйкырып тилдеген сөздөрсүз эле жөнөкөй, жай саптар менен кыйла таасирдүү бере алган. Мына ушундай ойго, образга эгедер чакан поэтикалык миниатюралар, кичинекей көркөм саамалыктар жыйнактарды окуп жатканда экен-токон кездешип турат. Акындын биринчи китебиндегиге караганда өскөндүгү ушул өңдүү поэтикалык идиреги бар ырларынан көрүнөт. Бирок ушул оңунан чыккан ырлар автордун акындык деңгээлинин жогорулугун билдиреби? Эмелеки ырларга дагы бир ирет үңүлүп көрөлүчү. Бул ырлар окурмандардын көңүлүн кайдигер калтырбаганы менен зилинде оригиналдуу жазылган, терең ойчул түзүмдөр эмес. Бул ырларда берилген ойлорду айтыш үчүн өзгөчө акыл деңгээлинин, бөтөнчө интеллекттин деле кереги жок.

Мындай ойлор күндөлүк-тиричиликтик аң-сезимдин деңгээлинде турган адамдар үчүн деле талашсыз чындыктар. Автордун бул жерде жетишкендиги мурдатан айтыла жүргөн белгилүү ойлорду эле өз алдынча көркөмдөп, бир топ таасирдүү кылып, кайталап бергендигинде. Бул дурус. Бирок биз автордун коомдук ой-пикирдин арсеналындагы даяр акыйкаттарды айрым учурда жаңыртып, кооздоп айта билген жөндөмүнө ыраазы болуу менен чектелип кала албайбыз. Бизди тынчсыздандырган нерсе - зилинде калемгердин ой жүгүртүүлөрүнүн, түшүнүктөрүнүн эбак ачылган көндүм чындыктардын алкагынан ашпагандыгы. Эгер анын ырларынын баары болбосо да, жок дегенде теңи жогорку эки ырдай чыйрак жазылган түзүмдөр болсо, анда Шатмановдун популяризатордук талантына баа берер элек. Бирок тилекке каршы өйдөдөгү үч жыйнактагы таруудай жайнаган ырлардын токсон проценттен ашыгы баягы эң эски велосипеддин кайрадан жасалган, оригиналга жетпеген одоно модели. Бирок автор иштин мындай абалын сезбейт.

Ал кээде «Алымсынтпайт бүгүнкүдөн кечегим», «Бир туруп куурай болуп кыбыраймын» - деп, сыпайкерчиликтенип жазганы менен, ары көөнүндө китептериндеги ырларынын баарын ичинен терең жактырып, алардын ар бири окурмандарга эм болуп жаткандай сезет. Автордун бир жерде өзүнүн сайдын ташындай жыбыраган ырларынын арасында бейкапар отуруп алып, жараткан дүнүйөлөрүн түгөлдөп, салмактап, чыгармачылыгынын жыйынтык баасын чыгарган учуруна күбө болобуз. Ал:

Кыргыздын келбетине келиштирип,
Сөздөрдүн жибегинен чепкен соктум - деп келип, монологун мындайча тамамдайт:

Бул чепкен «жаңычылга» эски мода.
Билгенге чын турмуштук өлбөс ода.
Акы албайм ардактаган буюмума,
Эрдикте элге кылган болбойт соода.

(«Эрдикте соода жок», «Сөз» 21-бет)

Көрүнүп тургандай автор өз чыгармачылыгын абдан жогору баалайт. Өзүн бир чабалдардын колу жетпес бийиктикке чыгып алгандай сезет. Биз анын сөздөн тиккен чепкенин чынын айтып, эски мода десек, ал таң калышы мүмкүн. Ошондуктан далилдүү сөзгө-өтөлү.

Автор китептеринде кыргыз тоолорунун, өзү туулуп өскөн чөйрөнүн кооз жаратылышын, көз жоосун алган сулуулугун, берекесин поэтизациялоого көп аракет кылат. Бирок алиги «Гүлдестедеги», «Айлуу түндө Ала-Тоо» деген ырдагыдай эле, кийинки жаратылыш, жыл мезгилдеринин сүрөттөрү жөнүндөгү ырларынан деле жандуу картинаны, жагымдуу элести жолуктуруу кыйын. Мобул «Бир шилтемдер» деген теманын алдында берилген эки куплет ырды мисал тарткыбыз келет.

Жүрөмүн десең карыбай,
Жүрүп кет досум жарым ай.
Пача-Ата, Аркыт, Бозбу, Чер,
Пайдалуу жанга дарыдай.

Тоо, токой дарттын дабасы,
Жагымдуу жаз, күз абасы.
Тамшанткан суусун кымыздай,
Таш-бишкек, сайлар-сабасы.

(«Тоо сүрөттөрү» 46-бет)

Бул ырда окурманды кызыктыра турган, толкундата турган эч нерсе жок. Автор кургак фразалар менен гана чектелген. Ал мындай жайдак баяндын ордуна ошол өзү көргөн касиеттүү жерлердин кооз, кереметтүү жаратылышын урунттуу боёктор аркылуу көз алдыга элестетүүгө аракет кылса болмок. Автор «Сөз» жыйнагындагы «Аркытым» (28-бет) деген ырында да ийгиликке жетише алган эмес. Ал Аркыттын берекесин, ажайып сулуулугун даңазалагысы келип, бирок: «Аркытым - жер-жемиштин казынасы», «Аркыттын жазып бүтпөс сулуулугун», «Аркыттын көркү чексиз ушунчалык» деген өңдүү жөнөкөй атоолордон, куру суктануулардан алыс узай албайт. Автор өзүнчө эле бир нерселерге «ахалап» суктанып жатат. А бирок, окурмандын көз алдына эч нерсе элестебейт. Аркыттын көрктүү, сулуу жемишке бай экенин ансыз деле угуп, окуп журөбүз го.

Пейзаждык лириканын кадыр-баркы адамдын табият сезимин курчутуп, кылдаттанта турган, кишинин дилинде жагымдуу маанайды жарата алган касиети, адам менен жаратылышты жакындаткан кызыктуу, көркөм боёктуу, колориттүү элестерди жеткире билген сапаты менен өлчөнөт. Шатмановдун тарткан пейзаждары тилекке каршы, азырынча мындай сапаттардан алыс турат. Ал жаратылыш картиналарын автордук сезим менен жандандыра билип, эстетикалык элес тартуу жөндөмдүүлүгүнө али үйрөнүүгө тийиш.

Шатманов көп ырларында өзүнүн турмуштук тажрыйбасына таянып, өмүр, жашоо, тиричилик, ата журт, адам, эмгек ж.б. олуттуу нерселер жөнүндө окурмандар менен бетме-бет маек куруп, алардын рухий дүйнөсүнө таасир кылууга умтулат. Айрым учурда аздыр-көптүр максатына жеткенин көрөбүз. Анын «Ата мурасы», «Менин досум», «Алып учуп баратат», «Бир чымчым топурак», «Эне тилим» аттуу ырлары бир топ чыйрак жазылган дүнүйөлөр. Бирок ал көпчүлүк ырларында окурмандарга кургак акыл айтуу, элементардык акыйкаттарды курулай констатациялоо, мурда миң бир ирет айтылып, тапталган нерселерди өз тарабынан эч нерсе кошпой, жалынсыз, эндей кайталоо менен алек болот. Мына бу төмөнкү ырдын кимдин табитине жагып, кимдин акылына акыл кошуп, ким үчүн жаңылык болорун билиш кыйын.

Баланын, жолдо калсын, жогу жаман,
А бары эр жетилсин эсен-аман.
Баладай бир да күч жок кубат берер,
Өмүрдү өргө сүрөп, камчыланган.

Балалуу үйдүн өзү кандай сонун
Бапайган жаңгагындай Ала-Тоонун.
Уулдар улан болсун, кыздар жубан,
Ушулар улантышат өмүр жолун. («Сөз», 31-бет)

Ушул ырдын небактан белгилүү тавталогия экендигин, көркөмдүк жетесиздигин ашкерелөө үчүн анализдин зарылчылыгы барбы? Бул ыр ансыз деле өзүнө-өзү айгак болуп турат. Мындай өзүн-өзү ашкерелеген ырлар улам кезектешип жолугуп, бара-бара тажата баштайт. Автор аял жөнүндө жазса:

«Аял деген - ал өмүрдүн көктөмү,
Аял деген - көңүл кушу көктөгү.
Аял - чоң күч, ишенимди актаган» - дейт. Жамгыр жөнүндө жазса:

«Жамгыр жааса журтта болбойт жокчулук.
Жамгыр жааса журтта болот токчулук» - деп саймедирейт.

«Күн нуру - жашоо болуп, жер шарына таралат.
Күн нуру - өмүр болуп, жерде жаңы жаралат» -

деп, «мурда айтылбаган жаңы ойду» жарк эттирип айта салат. Бакытты буюмдай
Базарда сатпайт.
Бакытты күткөн
Эмгексиз жатпайт -

деп, бизге «мурда укпаган, билбеген» акылдарды айтат. Мына ушул өңдүү рифмалашкан кургак үгүттөрдү окуганыңда орус сынчысы Светлана Соложенкинанын мына бул сөзү эске түшөт. Ал эки жерде эки - төрт дегендей чындыктарды какшанып кайталай берген акындар жөнүндө айтып келип: «Элестетиңизчи, сиздин квартираңызда капыстан эле телефон чырылдап калды. Сиз трубканы ала койдуңуз. Толкунданган убайымдуу үн: «Тамак жээрдин алдында колуңузду жууп жүрүңүз», же «Суранам, сизден, көчөнү кесип өтүп баратканда, адегенде сол жакты, андан кийин оң жакты карап өтүңүз». Сиз кайдагы болбогон тамаша үчүн аёолуу убактыңызды алып жатышканына таң калып, а түгүл ачууңуз да келет. Бирок кептин баары сиз ойлогондой мунун тамаша эместигинде. Тиги неменин чын эле сизди жугуштуу оорудан жана бөөдө кырсыктан сактап калгысы келип жатат. Ал үстөккө-босток телефондун жанын койбой чала берет. Акыры тажап, өз үйүңдөн качып чыгууга аргасыз болосуз. Ал эми тиги неме болсо ээн үйгө чырылдатып чала берет...»

Шатманов жогорудагыдай өзүнүн примитивдүү дидактикалары, кайталоолору менен мына ушул немеге окшоп, окурмандын кулак кужурун алып жаткандыгын, анын чын ниетинен айтып отургандарына окурман алдыртан мыйыгынан күлүп жаткандыгын, мындай үгүт айткан ырлар менен бүгүнкү күндүн талапчыл, калыс жана кыйкымчыл окурмандарына жага албастыгын эбак түшүнүүгө тийиш эле.

Махабат, сүйүү, ашыглык темасында жазылган ырлар С. Шатмановдун поэтикалык чарбасында басымдуу орунду ээлейт. Бул жөнүндө да сөз кыла кетишибиз керек. Адам баласынын ыйык сезимдерине, ички жан сырына, көңүл күүсүнө, сүйүү кумарына кайрылган ашыглык лирикасынын табияты акындан бөтөнчө кылдаттыкты, сезимталдыкты, эмоциялуулукту жана назик лирикалуулукту талап кылары белгилүү. Куру убада, кургак сөздү жактырбаган, оңой менен «ийип» бербеген бул «мойну катуу» теманы иштөөдө авторубуз дале көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетише албай жатат. Ырас, кээде поэзиянын жылт эткен учкундары көрүнө калат. Мисалы:

Тамшантчу элең кулагыма шыбырап:
«Таалайыма тагдыр кошкон кишим» деп.
Таппай эми байкуш сүйүү чаңырат,
Кулуну өлгөн кексе бээдей кишенеп.

Сен дегенде ак тилегим ишке ашпай.
Өтмөк болдук өмүр бою жупташпай.
Үмүт кургур үбөлөндү быркырап,
Зоодон ылдый учуп түшкөн көк таштай.

(«Сен дегенде», «Сөз», 42-бет)

Бул ыр өз алдынча салмагы бар ыр. Автор лирикалык каармандын ички санаркоосун, өксүүсүн, күйүттүү туйгуларын сезилерлик даражада элестете алган. Ырдын ары тереңинен армандуу нота угулуп, адамды түрдүү ой-санааларга салат. Тилекке каршы, бул ырдагыдай дурус жышаан автордун жалпы лирикасына мүнөздүү эмес. Акындын көпчүлүк лирикаларынан окурмандын сезимине от жандырып, көңүлүн козгой турган, түйшөлтүп, толгонто турган, ырахат бере турган касиет көрүнбөйт. Анын сүйүү ырларындагы кашкайып көзгө көрүнүп турган эң негизги кемчилик - бул ырларда эмоциянын, лирикалуулуктун, назиктиктин жоктугу.

Акын өтө эле салкын кандуу. Ыр жазып жатканда толкундап, тамырлары балкылдап, чыгармачылык «экстаз» абалына келе албагандыгы сезилип турат. Ал жакшы саптарды карандай акылы менен издеп табууга аракет кылат. Ошондуктан анын лирикаларында мүйүздөй катуу рационализм, кургактык үстөмдүк кылат. Мынакей ошол кургактыктын бир көрүнүшү:

Сүйүү деген - сагынуу да, жаңылуу,
Эңсөө, күтүү, капысынан кабылуу,
Көңүл ачуу, таарынышуу, жарашуу,
Өмүр кошуу, жашоо, сыйлоо, жалынуу.

(8 саптарынан, «Ата мурасы», 73-бет)

Алдапсыз мени аппагым
Ачыгын айтсам какпагын.
Мен деген сүйүү таппадым
Жүрөгүң ачып капкагын.

(«Тоо сурөттөру» Бир шилтем 49-бет)

Ал жазып жатканда өзүнчө «жибип», тамырлары балкыбагандыктан жалаң сүйүү лирикаларында гана эмес, башка темаларда жазылган ырларында да ушундай кожогой рационализмге, боору менен жылган прозаизмге, кээде жөн эле кара сөзгө түшүп кетерин айтууга тийишпиз.

Шатмановдун сүйүү, ашыглык жөнүндө жазып жатып, кээде айласыз примитивизмге жол берип, жөн эле бир куру саптарды кураштыруу менен алек болуп калганын көрөбүз. Окуйлу:

Сулуу кыздын сүйгөнүнөн чочубайм,
Саябы деп сакалымдан чочулайм.
Өбөм десе өптүрүүгө даярмын,
Бирок мен да кыз алдында аярмын.
Тура калам ага аскадай тосулуп.
Өөп калам маңдайынан озунуп. («Сөз» 46-бет)

Баса, мындай ойсуз саптарды жалгыз суйүү лирикасынан гана эмес, башка темадагы түзүмдөрүнөн да жолуктурабыз. Мисалы:

Түшүргөн жайлоо ышкыңы,
Түгөнгүр сонун ышкыны.
Көтөрүп ороп көп келгем,
Көйнөкчөн... чечип тышкымы. (Куплет, «Тоо сүрөттөрү» 48-бет)

Удургуйм деңиз болуп тамчы туруп,
Чабылам кылыч болуп камчы туруп,
Күркүрөйм жолборс болуп мышык туруп,
Чамынам баатыр болуп аңчы туруп.

Каруум болгон менен бир кишилик,
Кайратым, сүрүм, демим миң кишилик.
Капырай, кара кулак шер өңдөнөт,
Ак зоодо бир аз калган кумда эшилип.

(8 саптарынан «Ата мурасы» 80-бет)

Автор ушинтип кээде поэзия дүйнөсүндө эмнени жазам десе өзү билген өзүнчө эле бир эркеге айланып алат. Поэзия дегениңдин жаралышы кээде текейден арзан нерсе, кээде аны ички дүйнөңө батпай толуп ташкан, «ой, бол!» деп чыдамы кетип түрткүлөгөндө ыр дегендин үстүндө тер агызып, кайра-кайра оңдоп, сызып-чийип убараланып жазат деген сөз бир жактуу түшүнүк. Кээде ар бир поэтикалык чыгарма акынды жетектеген кубаттуу ойдун жемиши дешет. А менден кээде андай ой болбосо деле ыр өзүнөн-өзү чыга берет дейт Шатманов.

Сөздүн кыскасы, акындын үч жыйнагын анализдеп чыгып, автордун алиги:

“Кыргыздын келбетине келиштирип,
Сөздөрдүн жибегинен чепкен соктум»,-

деген декларациясынын, анын поэзиясынын реалдуу ал-ахвалына шайкеш келбей тургандыгын көрдүк. Поэтикалык чепкен айрым жерлери жылтырап турганы менен негизинен маданияттуу, сабаттуу көпчүлүккө ансыз да маалым, трафареттүү чындыктардын курагынан трафареттүү үлгүдө тигилип калыптыр. Автор алгачкы жыйнагынын деңгээлинен бир аз өйдө көтөрүлүп чыкканы менен али өзүнүн үнүн, өзүнүн өзгөчө боёгун, стилин, интонациясын таба элек.

Авторго мыкты, чыныгы ырларды жазууга, идеясына көркөмдүк-эстетикалык сапаттары шайкеш келген жогорку деңгээлдеги түзүмдөрдү жаратууга лирика жанрында эң орчундуу проблема катары эсептелген бир нерсенин жетишпегендиги кедерги болуп жатат. Бул - автордун поэзиясында дүйнөнү жетилген эстетикалык, интеллектуалдык-философиялык деңгээлде кабыл алып жана талкуулаган лирикалык өз алдынча индивидуалдуу МЕНдин калыптанбагандыгы. Автордун ырларынын башына коюлган олуттуу темаларды, бүгүнкү күндүн чоң түшүнүктөрүнө кайрылып турган ырларын, айрым түзүк чыккан поэтикалык миниатюраларын көрүп алып, кээ бирөөлөр лирикалык МЕНде андай касиет бар, бирок автордо өзүнүн толгонууларын эстетикалык кубулушка айланта билүү чеберчилиги гана жетишпей жатат. Шатманов көркөм чеберчилик проблемасынын гана алдында турат деши мүмкүн. Тилекке каршы, андай эмес.

Бул ойду даанараак конкреттештирип көрөлү. Автордун рухий-поэтикалык турмушун, дүйнөгө көз карашын, мамилесин тээ тереңден багыттап, башкарып турган, кебелбеген, тышкы азгырыктар, козутуулар козголто албаган бир өзөк-ишеним жок. Автор бир ырында белгилүү бир көрүнүшкө карата өз мамилесин билдирсе, экинчи ырында ошол эле көрүнүш жөнүндө мурдагы оюна карама-каршы келген ойлорду айта берет. Бир катар ырларында акын Ата Журттун, Мекендин айкөлдүгүн, улуулугун, ыйыктыгын, кеңдигин жар салып, өзү анын койнунда жүргөн бир тырмактай чүрпө экендигин айтса, «Менин асыл Мекеним» деген ырында:

«Сен өзүң көл-дайраны, тоо-таштарды
Көтөргөн алп болсоң да,
Алтын тыйын акчадай чөнтөгүмө батасың», - дейт. Дагы бир ырында Ата Журтту өтө эле кичирейтип, аны колтукка кысып жүрсө боло турган нерседей элестетет.

Мындай алабармандыкка Ата Мекен жөнүндө зор рухий азаптануулар аркылуу иштелип чыккан терең ишеними, туруктуу көз карашы калыптанбаган адам гана жол бериши мүмкүн.

Автор «Эсен келет» деген ырында ыймансыз, кара өзгөй, эл журтка барксыз адамдын бул дүйнөдөн көчкөндүгүн айтып, андай адамдын кеткенине кейибей тургандыгын чечкиндүү түрдө жазат. Бул ырдан биз С. Шатмановдун адамдарга баа берүүдө социалдык критерийлерге таянарын, кишилердин ишмердигине дифференциалдуу мамиле жасарын туюнуп, ичтен жактырабыз. Бирок автор андан кийин жазган «Кара» («Ата мурасы», 43-бет) аттуу философиялык мүнөздөгү көлөмдуү ырында бул позициясын тарс унутуп таштайт. Ал ниети бузук адам жөнүндө ой жүгүртүп келип, момундай деп жыйынтык чыгарат:

Жүрөгү кир, кишичилик ары кир,
Ким болбосун журт экенбиз жаамы бир.
Өлсө дагы өксөп-ыйлап көмөбүз,
Ал анткени адам деген наамы бир.

Бул жерде автор өзүнүн мурдагы позициясын эстен чыгарып, кайра абстрактуу гуманизмдин тумандуу мейкинине түшүп кетип отурат. Көз караштын, позициянын мындай оомалыгы акындын «Жарык издер» («Ата мурасы», 23-бет) деген ырынан да кашкайып көрүнүп турат. Бул ырда турмушта жарык издерге карама-каршы келген кара издер бар экендиги жөнүндө өкүнүү, жек көрүү менен айтып келип:

«Бар болсун бул дүйнөдө
таманына чаң жугузган бардык издер» - деп бүтүм чыгарат.

Акын дагы бир «Жаңырык» деген ырында өзүнүн акындык сапары, кийинки тагдыры жөнүндө айтып келип: «Мезгил мээсин тешип өткөн сөзүмө, жер-планет жылда турар жаңырып» - деп шаңданат. Муну эмнеге негиздеп айтып жатат болду экен деп, бир аз болсо да аргумент издеп үңүлүп көрсөң, анын ордуна «Менин үнүм тааныш эмес өзүмө» деген билдирүүнү окуйсуң. Мына кызык, акындын өз үнү өзүнө тааныш эмес экен. Андай болсо автор өзүнүн сөзүнүн күчүнөн келечекте жер-планет жыл сайын жаңырып, кубулуп турарына кандайча ишенет? Мындай аларбармандыкка чын эле өзүнүн үнү өзүнө тааныш эмес автор гана жол бериши мүмкүн.

Ошентип, автордун рухий-поэтикалык турмушун, дүйнөгө мамилесин ичтен башкарып, багыттап турган белгилүү бир концептуалдык борбор жок. Чыныгы поэтикалык байлыктын жаралып, жарыкка келиш шарты калем кармаган адамда табигый таланттын жана дүйнөгө өзүнчө бир системалуу көз караштын, өз алдынча иштеп чыккан бирдиктүү бир идеялык-философиялык ой багытынын болушу. Лирикалык поэзиянын фундаменти - бул өз алдынча ой жүгүртө билген, өзүнүн терең индивидуалдуу МЕНи бар, дүйнө, коом, мезгил жөнүндө туруктуу ишенимге ээ болгон масштабдуу личность. Мына ушундай терең интеллектуалдык-философиялык МЕН калыптанган жерден гана поэзия башталат. Мына ушундай деңгээл бар жерден гана индивидуалдуу стиль, индивидуалдуу почерк, өздүк интонация деген түшүнүктөр жаралып, өмүр сүрө баштайт. Мындай индивидуалдуу МЕН эч качан «менин үнүм тааныш эмес өзүмө» деп айтпайт. Анын үнү өзүнө беш колдой тааныш. Ал өтө бекем, чечкиндүү позицияда турат жана дүйнөгө эмне айтарын билет.

Ал өз сөзүнүн бу дүйнөгө зарыл экендигин сезип турат. Ал ырды жазбай коё албагандыгынан жазат. Ыр ал үчүн терең зарылдык, рухий-нравалык муктаждык. Ыр анын тагдыры, жашоосу, жүрүм-туруму. Ыр анын өзү. Мындай личность эч качан мурдагы айткан оюн эстен чыгарып: Ата Журт, «сен өзүң көл-дайраны, тоо-таштарды көтөргөн алп болсоң да, алтын тыйын акчадай чөнтөгүмө батасың» - деп ыр жазбайт. Анын сөзү бирөө гана. Анын Ата Журт жөнүндө жүрөгүнүн тээ тереңинде жаткан бир гана ишеними бар, анын Мекен жөнүндөгү ырлары ошол толтодогу ишенимден оргуп чыгат. Кыскасы, анын бардык жазгандары улуу Гёте айткандай ар качан аздектеп, өмүрүнө өзөк туткан нерсесинин гана чарпындылары болот.

Биздин калемгердин дүйнөсүндө мына ушундай концептуалдык өзөк жетишпей жаткандыктан ал ой жүгүртүүлөрүрүндө ыраатсыздыкка жол берип жатат. Анын жазган ырларынын үстүртөн чыгып жатышына мына ошол өзөк - ишенимдин калыптанбагандыгы себепчи болуп отурат. Мына ушул борбордук философиялык регулятордун жоктугунан улам автор көзүнө көрүнгөн темаларга чарпылып, турмуш жөнүндө туш келди үзүп-жулкуп кеп кылып, тапталган ойлорду кайрадан уйкаштыруудан алыстап кетпей, кээде түздөн түз эпигондукка түшүп кетип, өзүнүн туруктуу бир ыкмасын таппай, бирде мода кууп, сегиз сапка кайрылса, бирде бир шилтемдерге качырып, кээде традициялык 7-8 муун өлчөмүнө салып ырдаса, бирде ак ырга өтүп, кээде эч зарылчылыксыз (чагылтылып жаткан предметтин, мазмундун ички муктаждыгын эсепке албай) 17-18-19 муундуу формага кайрылып, өзүнчө бир такаат таппай, системасыз жашап жатат.

Жогорудагы жалпы жыйынтык С.Шатмановдун кеп болгон үч жыйнагына тиешелүү. Алдыда автордун дагы бир ыр жыйнагы турат («Дан жана ыр», «Кыргызстан» басмасы 1975-ж.).

Ырасын айтсак, биз бул жыйнакты көңүлсүз колго алдык. Баягы эле эски тааныш үндү кайра угабыз да деген ой делебени өчүрүп турду. Бирок «Дан жана ырдан» жаңы сапаттагы поэтикалык дандарга кез болуп, ойлонуп калдык. Бул сөзүбүздү окуган адам макаланын автору аягында акындын көңүлүн улаш үчун калп эле жасалма дипломатияга өткөнү жатат деши мүмкүн. Жок, буга жол берилиши мүмкүн эмес. Адегенде мына бу ыр менен таанышып көрүңүздөр.

Алыбайга ачык кат:
Калдайган карааныңдан кагылайын.
Кандашым, уялашым Алыбайым!
Сен жүрсөң кой артында кышын-жайын,
Коротуп мен олтурам көздүн майын,
Айырма: менде калам, сенде таяк.
Түн кезем үйдө олтуруп башты таяп.

Сен дагы болуш үчүн чабан - маяк,
Багасың балдарыңдай козуңду аяп.
Кой багуу кыйын болсо алда канча
Ыр жазуу андан оор караманча.
Эр жетип эл ишине жараганча
Эмгектен тер төкпөдүк иним анча.
Мына эми бизге дагы келди кезек,
Мекенге мезгил жетти берер эсеп.
Ата журт аяган жок эмне десек,
Андыктан аппак нанын актап жесек.
Ал жакта кыш катуу деп калам угуп,
Койлоруң койбосо экен ара тууп.
Эшиктен киргенчекти бетти жууп,
Мурутка муз тоңдурат кышкы суук.
Быйыл кыш биз жакта да суук катуу
Антсе да үйүм жылуу, уйкум таттуу.
Сен десем тынч турмушум алааматтуу,
Бул түнү менде болбойт бейкут жатуу.
Сени ойлоп жатканымда кээ бир ирет
Түшүмө ырлар эмес койлор кирет:
Боорунда Бозбу тоонун карды жиреп
Бараткансыйм койлоруңду төшкө тиреп.
Көп болсун козуларың - мактайт калкың,
Аз болсун поэзиям - сактайт калкым.
Тилегим: чыга берсин сенин даңкың,
Чыкпасын чыгармамдан менин калпым.

(18-19-бет).

Көрүнүп тургандай бул ыр өзүнүн жөнөкөйлүгү, эркин жазылгандыгы, автордун толгонууларын, санаркоолорун, эки адамдын ортосундагы мамилени образдуу кылып элестетип бере алгандыгы менен окурманды өзүнө тартат. Ырдын тулкусунан турмуштун, жандуулуктун деми уруп, саптарда кандайдыр «кан жүгүрүп» тургандай. Бул өңдүү жандуу ырлар «Дан жана ыр» жыйнагына жан киргизип турат.

Ырасын айтуу керек, үч жыл өткөндөн кийин чыккан бул соңку жыйнактан С.Шатмановдун көркөм ой жүгүртүүсүндө илгерилеш болгондугу көрүнүп турат. Автор кандайдыр мурдагы өзүнүн кемчиликтерин сезгендей. Кубулуштарды курулай констатациялоодон, кайталоочулуктан, баяндоочулуктан кутулууга аракеттенгендей. Өзүн өзү кайра куралдандырууга, өзүнүн жолун табуута, турмушка өзүнүн жекече мамилесин иштеп чыгууга чыңданып умтулуп жаткандай.

Автордун социалдык-нравалык акыл-туюму бир топ зирек тарткан. Мурда тууган жер жөнүндөгү ырларда лирикалык геройдун өнүп-өскөн жерди урматтап сүйүүсүнүн негизги критерийи болуп анын ошол жерде төрөлүп калгандыгы, «ошол жерде кас-кас туруп, бут шилтеп, чапчып-чапчып буламыкка кол салганы», тай үйрөтүп чапкылап, тартактап ойноп чоңойгону эсептелсе, азыр автор мындай жылаңач оптимизмден өйдө туруп, тууган жерге бөлөкчө призмадан карайт. Анын тууган жерге болгон урмат-сүйүүсү аерде жашап, эмгектенген адамдарга, ал жердеги курулуп жаткан турмуштун жаңы тибине байланышат.

Автор өнүгүп-өскөн жерге кайрылганда барыдан мурда анын социалдык портретин тартууга аракет кылат. Ал алыста жүрүп, туулган жери жөнүндө ойлонсо көз алдына согуш учуру, ал кездеги жепирейген боз тамдар элестейт. Азыркы заңгыраган аппак үйлөрдүн жанында «көрктү бузуп» турган, бир кезде адамдардын ыйык түнөгү болгон боз тамдар согуш учурундагы катаал, түйшүктүү күндөр менен ассоциация түзүп, авторго сүйкүмдүү көрүнөт.

Автор өзүнүн көркөм инструментарийин да сезилерлик түрдө жакшыртууга жетишкени ачык көрүнүп турат. Ал өзүнүн оюн картина аркылуу, таасын салыштыруулар, таасирдүү штрихтер менен бере билүү устаттыгына үйрөнө баштаган. С.Шатманов «Менин атам» деген ырында дыйкан адамдын жөнөкөй, калбаат, сүйгүнчүктүү элесин тартып бергиси келген. Ал бул максатты ишке ашырууда кургак пафостон, куру мактоолордон, таасирсиз даңктоолордон аң-сезимдүү түрдө качат. Ал адамдын жерде жаткан тырмактай күкүмдү көрсө ала коюп, үйлөп оозуна салар адаты, бир жолу кинодон эгин сакталган кампанын өрттөнгөнүн көрүп, ыйлап жибергени сыяктуу штрихтер аркылуу дыйкандын облигин жандуу элестетип бере алган.

Өзүнүн образдуу, мазмундуу жана чебер жазылышы жагынан автордун «Эки жоокер жөнүндө эскертме» аттуу ыры да атайы көңүл бурууга татыктуу. Лирикалык каарман көп жыл өтсө да, согушка бирге жөнөшкөн жолдошторунун кайра кайтпай калганына ичинен катуу сыздап, бушайман болот. Автор оор жоготууга учураган адамдын санаркоосун, толгонууларын жай, маңыздуу сүрөттөп келип, ырдын аягында момундай таасирдүү натыйжага жетишет.

...Бирге кетип... алар жоону кырганда,
Бир болбодум,
Жеңиш күнү эскерем.
Күндүз көрбөй...
күздүн күнү кырманда
Жалгыз жатып... түндө гана
кез келем...

Бул саптардан күздүн күнкү данга толгон улуу кырманда санаа тарткан фронтовик - дыйкандын армандуу, күйүттүү фигурасы, анын сергек ички дүйнөсү алакандагыдай айкын элестейт. Кыскасы, «Дан жана ыр» жыйнагы акындын саамалыгы, алга жасаган кадамы, өзүнчө бир «танууну тануусу».

Албетте, бул жыйнак да начар сапаттардан куру эмес. Окурмандардын талабына жооп бере албай турган чабал, жармач, «кыл эшпеген» начар ырлар бул жыйнакта деле жүрөт. Буга таң калбаса деле болот. Мунун өзү табигый көрүнүш. Анткени кечээ эле адабияттагы экинчиликтин (вторичность) кучагынан бошоно албай жүргөн акындын шык-жөндөмү заматта эле бардык жагынан кристаллдашып калбайт да. Бизди кубанткан негизги нерсе мынабу тенденция: автордун дүйнөсүндө өзүнчө бир «ренессанс» башталгандай. С. Шатмановдун поэзияга болгон мамилеси олутташа баштаган. Ырларында конкреттүүлүктү, ойлуулукту камсыз кылууга умтулуп, мурдагыдай кубулуштарды констатациялабай, алардын ички маңызын ачууга ыклас койгон. Кыскасы, «Дан жана ыр» жыйнагы С. Шатмановдун индивидуалдуу профессионал поэзияны жаратууга негиз болуп бере турган чектерге жакын турган тепкичтерге келип калгандыгын кабардайт. Мунун өзү автордун мындан аркы чыгармачылык жолуна окурмандын үмүттөнүүсүн пайда кылат.

Поэзия - бул көрүнүштөрдүн жана окуялардын жөнөкөй фиксациясы эмес, же болбосо турмуштун алиппесинен таанып алган нерселерди уйкаштырып, оңду-солго жарыялоо эмес. Поэзия - бул бир адамдын бүткүл коомчулук менен болгон диалогу. Бул диалог тапталган талашсыз аксиомалар жөнүндө эмес, коомчулукту кызыктырган проблемалар, көпчүлүктүн көңүлүн козуткан озуйпалар, коомдук турмуштун маанилүү моменттери, жашоо-тиричиликтин көпчүлүк байкабаган, аңдабаган нюанстары, дүйнөнүн жана адам рухунун тереңдеги сырлары жөнүндө мазмундуу, масштабдуу жана олуттуу бийик диалог болушу керек.

С. Шатманов акыркы жазган ырларынын биринде «Нукура поэзия издегеним» деп өзүнүн көмүскөдөгү тилегин ачыкка чыгарат. Нукура поэзияны жаратыш үчүн С. Шатманов көшөрө, көгөрө изденип, өзүнүн акыркы жетишкен чегин дагы да «танып», өзүндөгү рухий идиллияны акырына чейин бузуп, көнүмүш эрежелерден, ыктардан, адабий штамптардан чечкиндүү баш тартып, өзүнүн дүйнөсүндө өзү бурулуш жасоого тийиш. Өзүнүн рухий түзүлүшүнө реформация жасап, дүйнөнү кабылдоо «аппаратын» чечкиндүү түрдө жакшыртууга тийиш.

 

[1] Китептен: Байгазиев С. Жаңы мүнөздөр, жана конфликтер. -Ф., 1980. - 63-89-66.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз