Адем Гүнеш: Өспүрүм курактагы балага урмат көрсөтө билиңиз!

  • 14.07.2021
  • 3578

Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери. Алар өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!
Жорж Бернард ШОУ

Ата-энелер баарыбыз, балабыз жашоодо, турмушунда  билимдүү,  ийгиликтүү болушун каалайбыз.  Бирок,  өзүнө ишенген адам болуусу,  жашоодо ийгиликтерди багынтышы үчүн  балабыздын  "кишилиги" калыптануусуна кандай шарт түзө алдык деп ойлойбузбу? 

Кээ бир  адамдар  байлыгы-кызматы болгон менен айланасындагы адамдарга баркы жок. Анткени, адамга барк алып келген нерсе "ал ээ болгон нерселер эмес, "кишилиги". 

Кишиликтин калыптанышы үчүн бала кезден өспүрүм  курактан балага урмат-сый  көрсөтө  билүү керек, балага урмат көрсөтүүнү милдет катары көрбөй,  баланын укугу катары кабылдашыбыз керек.

  • Балалык курагында сый көрбөгөн бала, өз балдарына өзү көргөн нерсени гана бере алат!
  • Көп сүйлөө, балаңызды жадатат, "баягы сөздөрү да" деген кенебестик абалына түртөт...
  • Көпчүлүк ата- энелер балдарыбызга жакшы насааттарды айтып жатып көп сүйлөп жибергенибизди байкабайбыз. 
  • Эгерде бала сиз менен сүйлөшкүсү келбесе, көп сүйлөп же бир сөздү кайра-кайра кайталап мамиле курганга, байланыш түзгөнгө аракет жасабаңыз.
  • Баланы  эркин койгонго аракет жасаңыз.
  • Эгер, балаңыз бир ишке – оюнга же ойго батып кеткенин баамдасаңыз, жасап жаткан ишине урмат көрсөтүп,  туура түшүнүүгө аракет жасаңыз,  ал иштен зордоп баш тарттырганга аракет жасабаңыз.

Баланын бир ишке берилгенин байкаганыңызда; анын оюн укпай,  ага тоскоол  болсоңуз, балаңыз экөөңүздөрдүн  ортодо жымжырттык диалогу башталат. Сиз сүйлөй бересиз,  бирок баладан жооп ала албайсыз.  Мындан улам балаңыз менен сүйлөшө билүү жөндөмүн үйрөнүңүз.  Сизге жакпаган  ишке аралашып  алса,  ал иштен  баш тарттырууга шашпай, сүйлөшүү үчүн ыңгайлуу убакытты таап, алгач балаңыздын оюн угуңуз.  Баланын дүйнөсүн түшүнүңүз,  чочутпаңыз. 

Эгерде көп сүйлөп, балаңызды жадатсаңыз,  ал  сиздин үнүңүздү угуудан да жадайт, сизге көңүл да бурбайт, сүйлөгөндөрүңүзгө маани да бербейт. Негизгиси, ата-эне катары балага,  мээрим төгүү менен бирге өз өлчөмүнөн ашпагыдай  сөз сүйлөөнү  үйрөнүңүз.

Өспүрүм курактагы кызга ашыкча талап койбоңуз, каардуу болбоңуз!

Өспүрүм курактагы кыз,  талабы көп, каардуу ата- эне менен жашаса, өзү эне болгондо баласына татыктуу эне боло албайт. Талапты көп койгон, каардуу эненин кызынын жашоосуна киргизген эң чоң жаңылыштык – кызы сезимсиз болуп калат.

Бала апасынын заар  мүнөзүнөн зыян көрбөш үчүн сезимдерин бекитип,  салкын мамиле түзүүнү  үйрөнөт... Сезимдерин бекиткен, өзүн коргоону кемчилдик катары көргөн аял өмүрлүк жолдошуна,  балдарына каарын төккөн,  жашоого  чыдамсыз болуп калат.

Жолдошу,  жубайынын сезимдерине жооп бергенге аракет жасаган сайын,  сезимдерин бекиткенди үйрөнгөн  жубай буга каршы терс мүнөзүн көрсөтө баштайт. Сүйүүнүн тереңдешине жол бербейт.

Бала апасынын мээримин самаган  сайын,  сезимин бекитип чоңойгон эне – баласына да жетиштүү мээрим төгө албайт. Эненин кыз баласына  болгон мамилеси – кызынын  балалуу болуу жөндөмүнө чейин таасирин тийгизет.

Кызынын терең көз караштагы түшүнүктүү  эне болүшун каалаган эне, аны сезимсиз абалга жеткирүүчү  аракеттерден алыс болууга тийиш.

"Далактап баскандан башканы билбейсиң, элдин кыздарын карачы" дегендин ордуна "кызым, кечирип койчу, бири-бирибизге көңүл бура албай жатабыз, кааласаң келчи, сүйлөшкөнчө чай ичели" дегенди үйрөнүңүз...

Ата – балдарынын жүрөгүндө жашаганы абзел!

  • Бала атасынын жумуштан келерин күткөндөн ыракат алуусу керек.
  • Жумуштан чарчап келген күндө да,  ата баласы менен куру дегенде 15 мүнөт ойноп, пикир алышуусу шарт. Өз орду бар экенин балага сездирүүсү керек.
  • Ата, балдарынын үйдө күтүп жатканын билип-туюп, көчөдө себепсиз жүрбөшү зарыл. Атанын озуйпасы – тааныштары менен көрүнгөн жерде убакыт өткөрүү эмес, балдарына жетиштүү убакыт бөлүү.

Кыздар, ата мээримин,  сүйүүсүн жеткиликтүү сезе албай чоңойгон болсо, атасынан ала албай калган мээримди бөтөн эркектерден, эркек тааныштарынан  издешет. Баары кеч болуп калганын өз убагында аңдабайбыз да, ошол абалда: "Кызым, бул эмнең?” - деген сурооңузга көз жашы менен гана жооп бере алат.  Издегени – эркек  эмес, атасынын сүйүүсү экенин кеч түшүнүшөт. 

Ал эми эркек балдар, атасынан жетиштүү мээрим көрбөсө, достору менен тил табыша албаган, урушчаак, кычы,  дайыма башканы күнөөлөгөн,  көйгөйү бүтпөй жүрүп бой жетет.  Ата-эне  көйгөйүн  угуудан жадайт. Бирок, ата-эненин "бала үйдө атанын каадасын көрүп жатабы? Үйдө атанын сөзү сүйлөнөбү? Ата үйгө келгенде үйдөгү ар бир кыймылы; апанын атаңар келди деп дасторкон жайышы; дасмалга чогуу отуруу; дасмал четинде үй-бүлөлүк маек аркылуу атанын үйдөгү ролун балдар сезип жатабы?” – деген маселеге убагында көңүл бурушканбы? 

Бала, эркектик мүнөздөн,  аталык мээримден, үй-бүлөнү көзөмөлдөөдөн, камсыздоодон кабарсыз бой жетсе, анда жоопкерчилик эмне экенин билбей, кийинки жашоосуна кадам таштайт.   

Бала, балалык курагында мамиле түзүү жөндөмүн үйрөнсө,  өзү,  чөйрөсү, үй-бүлөсү, достору менен мамиле түзө алуу жөндөмүнө ээ болуп, бой жеткенден тарта маданияттуу адам болуп калыптан.

Ата сезимин көрбөй, атасы башынан сылабаган,  маектешкенди билбеген бала албетте, урушчаак, кызыл кандуу, чыдамсыз адам болуп өсөт.  Ал өзүн-өзү көзөмөлгө алганды билбеген адам болуп бой жетет.

Которгон Мээрим САЙДИЛКАН

“Балага тарбия берүүдөгү адашуулар” китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз