Муса Мураталиев: Көзү ачык жана ууру

Азыркыларга жомок

Күндөрдүн бир күнүндө кандын казынасы чабылат. Кан акылмандарын чакыртат. Алыс жашагандары ат минип, жакындагылары жөө келет. Келгендер саны кыркка жеткенде кан алардын алдына чыгып:

– Казынам тонолду! Алы келишинче алып, жешинче жеп кетти, – деп тепсеп турган килемди камчысы менен сабап иет.

Кандын оң көзү делчү Черик жер карап туралбай:

– Каным, бушаймандыгыңызды тең бөлүшөм, бирок ууру кармоого жокмун, – дейт.

Кандын оң көзү болууну самап жүргөн Кыпчак кепти улайт:

– Улуу каным, сиздин шул оор кайгыңыз менин оор кайгым! Бул жолу мен да тээк боло албайт окшодум.

Үчүнчү болуп кепти Бугу алат:

– Биздин айылда Касым деген бир киши өзүн көзүм ачык деп мактайт. Ууруну тап деп ошого буйрук бериңиз. Табат экен – көзүнүн ачыктыгы анык болот, таппайт экен – көзүн тазалап салышка болот. Каркыттап алчусу жок итке минген томаяк.

Бугунун акылын туура тапкан кан жанына кырк уруудан кырк акылманды алып, демейде коштоп жүрчү аттуу-баштуу кишилери менен Касым турган айылга сый көргөзүп өзү келет. Ат жалында казан асышкандан соң, кандын кишилери Касымды ортого алат. Ошондо кан:

– Ниети кара шумпайды тап! – деп буйрук берет. – Эмне десең берейин. Аскер десең – мына! Курал десең – ана! Эмне дебе – баары болот.

Касым өзү келген ырыскыны туюп, анын шылтоосу менен алтымыш түтүн айылын бир тойгузуп алууну ойлойт. Кандын буйругун аткарсам жаным калат, аткарбасам жок дегенде атым калат дейт.

– Мага борго байланган алтымыш борук керек, – деп кеп баштайт Касым. – Өзгөндүн кызыл күрүчүнөн алтымыш кап, кытайдын мамли чайынан шончо бачке, набаты да шонча кадак керек болот.

– Сени шаштырбайм, акыры, ууруну кармашың эсеп, – дейт кан.

– Хэ-хэ-хэ! – деп каткырат Касым. – Алты күн ичинде ууруну моюнуна курун салдырып алдыңызга чөгөлөтөм!

– Кандын казынасын чапкан жоо оңой эмес! – деп Кыпчак ыргып кетет. – Ооз кесир айтпай сүйлө.

– Э-э! Болуптур деген Касым моюбайт.

– Үйүңү кайтарчу аскер коём. Катылат экен башы алынат, – дейт кан.

– Хэ-хэ-хэ! – Касым бу жолу да каткырат. – Аскерди менин үйүм тургай Ысык-Көл жээгинен чыгарып кеткиле! Кара ниетти колго түшүрөлү десеңер аскердин караанын көргөзбөгүлө. Мага тетиги бийик чокуга жалгыз боз үй тиккиле. Ар түн сайын ошол үйгө барып түнөп турам.

– Мейли, башы баш, багалчагы кара таш! – деп кан атын моюнга салып, бастырып кетет.

Кан жигиттерине Касым айтканын аткарып бергиле деп буюрат.

Ошол эле күнү Ысык-Көлдүн күнгөйү менен тескейинен бир айыл калбай кан казынасына кол салган ууруну кармоону баланча айылдагы Касым деген кишиге буюрулуптур деген айың сөз тарайт. Ууру башчы каракчыларын алдына чакыртып, ал өз буйругун берип:

– Түн оой барып чал уйкуга киргенде боз үйүн өрттөп, күлүн көлгө чачып ийгиле! – дейт.

Көз байланганда Касым чокуга тигилген боз үйгө карап басат. Чалдан мурда келген үч каракчы боз үйдүн артына жашынып, туурдуктун четин өйдө көтөрүп ичте Касым эмне кылып атат көрүп турушат. Чал жатаар алдында куржун көзүнөн бир чеңгел өрүк алат:

– Хэ-хэ-хэ! Касым-ай, Касым! – деп алакандагы өрүккө тигиле карап кобурайт: – Бардыгың отуз эле. Үчөөң келдиңер. Бүгүн бирөөңүн башы алынсын, экөөң тура тургула.

Каракчылар уккан кулагына ишенбей сенейип калышат. Чал алар тууралуу айтып тургандай. Уюшкан уурулар эсеби отуз болчу! Бул жерге келгени үчөө! Чал каракчылар сырын билип алган адам! Боз үйдү өрттөгөндөн көрө бул кабарды башчыга жеткирген оң деп кайра тартышат. Банданын башында келбети келишкен олбурлуу жигит болот. Ал алигиче чал тирүү деген кабарды айткан каракчыны ошол жерде аягына тургуз кылып жыга муштап мерт кылат.

– Бок жүрөктөр! – деп албууттанган башчы тирүү калган экөөн тепкилеп аз жерден аларды да өлтүрүп коё жаздайт.

– Ал балакет чал баарын билет экен, – деген эки каракчынын кебин кулагына илбейт.

Касым кийинки түнү төшөккө жатар алдында куржундун көзүнө кол салып жалгыз өрүк алып чыгат. Дандуу, бирок арт жагында курт түшкөн жери бар болот. Ошол жерин карап туруп кобурайт:

– Хэ-хэ-хэ! Бүгүн бири жалгыз келди. Болгондо да алардын чоңу экен! Куйругунда курту бар көрүнөт. Касым, булардын болгону отуз эле. Бири кечээ түнү жок кылынды. Эми мунусу…

Ууру башчынын таамай айтылган кепке ишенбеске аргасы калбайт. Алар бардыгы отуз экени чын болчу. Өзү кечээ жыга муштап отуздун бирин жок кылган. Ал да чын. Өңгөсүнөн да өзүнүн чуркусу бар экенин кошо айтып салышы таң калтырат. Башчы чуркусун катыны экөөнөн бөлөк эч ким билбечү. Эмне кылар айласын таппайт. Ары ойлонуп, бери ойлонуп чал канга айтып коё элегинде аны тилге келтирип, камактан кутулуу жолун издегенге өтөт.

– Кутмандуу түн, аксакал! – деген каракчы эшикти шарт ачып кирип барат. – Түн каткан жолоочу жылт эткен отту көрүп жолдон адашат дейт, айып этпеңиз, отко жылына өтөйүн!

– Хэ-хэ-хэ! Бу арада киши адашчу жол жок эле, – дейт Касым.

– Менин кайсы жолдон адашканым сизге маалым, – деп каракчы наалыйт.

– Албетте, мага маалым...

– Айтканыңызда калет жок. Кандын казынасын биз чаптык. Азыр бирөө кем отузбуз. Кечээ отузубуздун бири көзү тазаланат деп аны алдын ала билдиңиз. Бүгүн менин чурку экениме дейре айттыңыз. Мен алардын чоңу болорумду да билдиңиз. Жашынгандан пайда жок, чыкпай калды. Мендеги сунуш мындай. Казынадан алынган дөөлөт чети оюлбаган боюнча тескейде зоонун бооруна жашырылуу бойдон турат. Биз жазадан кутулсак кан дөөлөтү катылуу үңкүр дайынын айтып берем.

– Хэ-хэ-хэ! Жазадан кутулсам де... – деп Касым каткырат. – Мен бир айдан соң канга айтайын деп аттым эле, болбостур… Үңкүргө кирген да, чыккан да жол жок, бу кандай?

– Тектирдеги көрүстөндөн бейит казып ичинен үңкүргө дейре жол салып алганбыз, – дейт башчы.

– Жаза алгыңар келбейт экен… көл кылаасын таштап башка жакка ооп кеткиле. Мен бир ай убакыт берем, – дейт Касым.

Айылынын курсагын бир тойгузуп, кырга тиккен боз үйдү чечтирип, Касым кандын алдына барат. Уурдалган байлыгы катылган жердин дарегин билген кан жерге-сууга батпай эми ууруларды кармап шыйбылчагын чакчумун деп мактанат. Алдында турган Касымга:

– Сенин көзүң чын эле ачык окшойт, кана айтчы, сен экөөбүздүн кимибиз мурда өлөбүз? – дейт. 

Касым мукактанып барып каткырып иет:

– Хэ-хэ-хэ! Аны билбейм! Эч ким билбейт! Теңирим билет. Мобуреки тоо, тетиреки асман билет…

Эртеси кан аттанып жоон топ аскерин алдыга салып, коктуну өрдөй башында үңкүрдү карап чыга башташат. Бир маалда заматта көктү кара булут каптап жаан жаап, күн күркүрөп чагылган жарк-журк этип, коктунун ичи алай-дүлөй болот. Чагылгандын огу бараткандардын алдын торой жаңылып, саргайган чөпкө өрт кетет! Артта келаткандар аман калып, алдыда бараткан беш-алты киши күйүп көсөөгө айланып калат. Алардын бири кан экенин боолголоп таанышат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз