Чоюн Өмүралиев: Инген ийиген

  • 21.07.2021
  • 4751

АҢГЕМЕ

- Каак-каак!..

- Каак!..

Таң атып атпай таан, каргалар басып калды, чуусубу, шаарды башына көтөрөт! Буерде ушундай, коңур күздүн кой маарек бир күнүндө кайдан-жайдан келгенин билбейсиң, сүйлөшүп алгансып бир түндө басып алышат.

«Аа, келгиле, куш келгиле. А мен өзүңөр көрүп баягы элемин».

Уйкусу качып туруп алган Мырза терезеден сыртты карады. Адеп эле тарамыштай таралган дарактарды, учтарында кол жетип терилбей калган карагаттай бадырайган-бадырайган каргалардын конуп алганын, тумшуктары абайсыз чийип кетсе, чырт сынчудай мөлтүрөгөн тунук асманды көрдү.

Жуунуп, тамагын ичип болуп ишине жөнөдү. Али эрте эле. Жөө басты. Жан талашкан эл жок. Таан, каргалар гана той түшүп чуулдап жатты. А да бейкут таңдын көөдөнүнөн төгүлгөн күүдөй. «Ишке ушундай эрте, бир аз эле эрте чыгыш керек экен го, баштатан элес албай...»

Башта ал аялдаманын жанындагы мамыга асылган сааттан көзү өтүп шыпшынган сүрмө топтун бир мүчөсү эле. Сүрмө топ муну да жылмалап бүтүрдү. Жумушка жеткиче бирөөдөн кечирим сурап, өзүң да башкаларды кечирим суратып (буга да көндү) бүтөсүң. Сыпайгерлик керек да. Анан ишиңе баргандан кийин да кыйлага жолдогу сыпайы сөздөр, кишиден киши кем эмесин сылык эскерткен сыпаа кебетелер биринен бири өтүп ороп алат. Кары-жаштын, катын-эркектин тараза укугун ушу автобустан гана чилистендей жат окуп бүтөсүң го дүйнө! Бүгүн аны биринчи жолу жумушка дейре карга, таандар коштоп барды.

Ишине келип көндүм ордуна отурганында жаңкы салкын илеп жөө тумандай жок болду. Терезеден эми эле өзү кирген сыртты карады. Адаттагыдай эле ары өткөн, бери өткөн буттар көрүндү. Анын иш орду жертөлөдө — китепкананын музыка бөлүмүндө. Терезенин жогорку айнеги жердин үстүнө чыгат. Андан сырттагылардын тулкусу көрүнбөйт, аягы, өңүрү кылактап өтөт. Мырза адеп ушул орунга отурчуда терезе анын кумары эле...

Келген элдин көбү жогору чыгып китеп окуйт. Жертөлөгө түшүп чыгынып музыка уккандар чанда. Кез-кез ишемби, жекшемби күндөрү олуттуу кишилер келет, салмактуу ыр-күү табактарын сурашат. Аларды музыка угуучу бөлмөгө жайгарып коюп ордуна келет. «Окуш керек» деген китептери тизилип турчу. Адепки күндөрү чебеленип максаттуу жашап жүрдү. Бара-бара турмушун жадатма бир түрдүүлүк бийледи. Ары өткөн, бери өткөндөрдүн кобур-собуру, кээде күлкүлөрү айнеги ачык терезеден көгүчкөндөй шатырап учуп кирип, соңунан тынымсыз жүрүп турган автобус, троллейбустардын күү-шаасы коштойт. Мындайда ал тирүүлүктүн кайнаган кан базарынан четте калгандай, төрт тарабынан бетон дубал менен бек курчалган бойдон, энчисине айнектин тээ жогорку көзүндөгү бир тилим жарыкчылык гана буюргандай буулугуп кете турган. Анан ушул турмушун бир урум менен быт-чыт кыла алыска, курбулары жазган чаңкай асман көмөрүлгөн тоо арасына кеткиси келчү.

Кээде ушинтип эргисе да араң орношкон кызматына, көңүлүндөгү аздап чаңга басыла баштаган максатына кол шилтеп сала албады. Баары бир кыйбас бир сезимге байлануу эле. «Мейли, мезгил өтсүн, ал дагы бир жолду нускаар, өкүттө да калбайын» – ушинтип өз тагдырын сырткы таасир-шартка табыштап салгансыган. Өз уясын буза да албай, аны бөпөлөп сактагысы да келбей күңүрт күндөрдө ала салып ага берген...

Эшик ачылып, бөлмөгө кыз кирди.

- Саламатсызбы?

- Саламат, келиңиз.

Ал бу жай ага жаңылык эместей түз эле картотеканы аңтарып карай баштады. Тапкандарын кагазга жазып жатты. Жигит адатынча кыздын балтырларын сугулуп карап алды, анан кайра уурусу кармалгандай ыңгайсызданып кетти. Терезеге бурулду.

- Ушуларды уктурасызбы? — Кыз жазгандарын сунду...

Кагазда жалаң казак күүлөрү жазылыптыр. Жигит канчадан бери киши колу тийбей бир жерде чогуу турган Курмангазы менен Давлеткерейдин, Дыйна менен Таттымбеттин күүлөрүн алып келди. Кызга сунуп жатып өз милдетин эске салды:

- Коюп берейин!

- Рахмат, буерде мурда да болгом, өзүм эле...

Ошентти да музыка угуучу бөлмөгө кирди. «Казак ко» деп ойлоду жигит. Өңүн эстеди. Кызык, эмеле бет алдында турган кыздын жүзүн күүгүм чалып, сыйда балтырлары, кол кайыктай аппак туфлиси гана элестей берди. Балтыры... туфлиси... Ал бир сезимден — башына жалаң балтыр, туфли толуп алгандай жагымсыз сезимден улам кайрадан бук болду.

Тирүүлүктүн кайнаган кан базарынан четте калгандай буулуккан, зериккен күндөрүнүн биринде ал өзүнчө бир эрмек тапкан эле. Өткөн аялдардын аягын карап, ийри-түзүн сынап, элик бутка, кыска бутка кандай туфли жарашарын болжоп, бирөөлөргө кийине билгени үчүн ичи жылып, бирөөлөрүнө мыскылдуу күлчү. Ошондон уламбы, ээлерин да көргүсү келчү. Бир тилим айнектен болсо өйдө-төмөн өткөн өңүрлөр гана көрүнчү. Ушунда анын баягы алымсынбаган сезими баштагыдан да артылып чыккан. Жалаң элдин аягын карап кечирген күндөрү ыплас туюлуп, өзүнөн өзү түртүлгөн... Жүдөгөн. Өзүн аяк алдында калгандай сезген. Шаарда калып бар тапканы ушулбу?

Кыз кирген бөлмөдөн күү эргип сабалады. Жигит үчүн бул күтүлбөгөн жаңылык болду. Мында келгендер иштегендерге тоскоол болбос үчүн музыканы кулакчын менен угуша турган. Көзүн жүлжүйтүп сүзүлүп, ырайы бир түзөлүп «дудук музыканы» угуп аткандар биресе күлкүлүү эле. Бирок бу кунарсыз тартип дайыма сакталчу. А бүгүн ошол качанкы калыптанган эреже опоңой бузулду. Жигит кызды жайына койду. Сергип отурду. «Бул үчүн мурда кичине эле нерсе жетпептир го»...

Домбура күүлөрү мейкин талаада закымга эриген буудандай сызып, аягынан күү агылып, нурга бышкан дың талаа кан ойноткон кызгылт күүлөрдү экилентип жаңыртып, ушул алп күү бөлмөгө сыйбай аны титиретип турду... Кайда жүргөн мурда бул күүлөрдү укпай? Канча бакыттан куру калган ал буга дейре. Аялдардын аягына экчелген дээринде эмнеси калды, эмнеси бар... эмнеси?..

Ушу арада күү кайра сабалап көтөрүлдү. Жигит анын бир тамчысын бошко кетирбей бозоргон жүрөгүнө уютуп калгысы келгендей бар ыкласын салды. Карлыгачтын канатындай зыпылдаган жумуру жумшак ыргактар сезимге тийип-тийбей дирилдейт. Мынча миң кыр, мынча таза, мынча ажайып белең, пендеси...

Барган сайын буерден укканы алымсындырбай чыкты. Кыз кирген бөлмөгө кирди. Ачылуу китептин үстүнө жумуру билеги арта салынып, жаагын сүйөгөн экинчи колунун салааларынан кара саамайы агылып, ал күү угуп жаткан. Күү бүткүчө ошо калыбынан жазбады.

Жигит орундуктан жай алды. Арада азга жымжырт тык өкүм сүрдү.

— Сиз казак болосузбу? — деди жигит кандайдыр кардыгып.

— Жок... жөн эле, казак күүсүн жакшы көрөм.

Экөө бирдей сыйкыры күч күүгө арбалып турушту. Ортодо бир ишеним, ачыктык пайда болду.

— Илгери чоң энемдер Каркырада казактар менен чогуу жайлашчу экен, «казак ырчы, сөзмөр келет» деп көп айтчу, ырларын ырдап берчү.

Кыздын эриндери кымтылды. Анан али күү таасириндеги кыз көкүрөгүндө буюккан булактан бир жылчык ачылгандай, аны жашыра албай, жашыргысы да келбегендей эмнегедир ээн-эркин сүйлөп кирди.

— «Абайды» адеп окуганда энемдин ошол ыр обондору баштан аяк угулуп турчу. Эми да кайра окуп атам, канча окусам ошончо уккансый берем... Аны терең түшүнүш үчүн, билесизби, жан-дүйнөсүндө бүлүнгөн күүлөрдү угуп, ошонун таасиринде окуш керек экен. Ансыз «Абайды» түшүнүш мүмкүн эмес... Мен Абайдын ырын, обонун, арманын... ал өзү сезгендей сезгим келет. Анан да, билесизби, казактын элдик обондорунан да, күүлөрүнөн да бир керемет удургуп уруп турат. Мага ушундай сезилет... Сиз Курмангазынын «Инген ийигенин» уктуңуз беле?

Өз айткандарына өзү толкундап чыккан кыз жигит ыкласын сезгендей, инген баянын жүз, миң жолу уккандай, кары энеси кандай айтса, дал ошондой эсине уютуп калгандай эргип сүйлөп жатты.

...Сагагы бүлк этти. Үнү муунагып, жалжылдаган көздөрү ингендин көзүндөй мөлтүрөй түштү. Изги сезимин ишенип ачыкка салганы жигитти да өрөпкүттү. Ал да ошого тете аялуу бир нерсе айткысы келди. Абдырагандай оюна эч нерсе кирбеди. Кыздын «энем, энем» деп тымызын сызганы, инген баяны сезиминде жаңырыктап туруп алды.

Кыз китебин ойлуу барактады. Жигит аны жалгыз калтырды.

Кыйладан кийин кыз да кетти. Жигит аны менен узаак-узак сүйлөшкүсү, үнүн уга бергиси келди. Эмнени сүйлөшөрүн ким билет эле, мүмкүн асман жөнүндө, дарак, карга жөнүндө сүйлөшмөк, сөздөрү асман, дарактай, каргадай табигый болмок. Таза болмок.

- Буларды эртеңкиге даярдап коёюнбу? — деди жигит сыртында.

- Мейлиңиз, — деген кыз ылым санагандай мээримдүү.

...Мырза кезметин өткөрүп болгон соң кыйлага кыябанда беймаксат эле жүрө берди. Күндүн муздаган нурлары дарактардын тарбайган бутактарына чалынып, жалбырактарды шабырттатып, шамал сапырып табият өлбөстүккө жан талашкан өжөр күүсүн ойнотуп жаткансыйт.

Турмуштун ачуу-таттуусун Абайдын өзүндөй кең көкүрөк менен кабылдагысы келген кыз анда бир башкача сезим чакырды. «Ал мынчалык таасирди кайдан алган?..»

Жигит эбелектей жанган бир мажнун досунан улам сүйүү жалынына капталган жан ишенчээк да, баёо да, чынчыл да, жакшылыкчыл да, анан да жүрөгү сыйкырдуу чоорго айланып, болор болбос эпкинден өйдө илип алып сыбызгытып күү төгөр аруу пенде болуп кетерин билчү. Жан-дүйнөсүнө бүлүк салган кыз ошого окшоду. Ошол замат туюк бир кызганычы кошо ойгонду.

Эмне үчүн? Кимден? Ал өзү да ачык түшүнбөдү. Мейли, Абайдан болсун, өзүнө белгисиз башка бирөөдөн, же сүрмө топтон кызгандыбы, же турмушка баладай күлө баккан дили ачык, коргоосуз пенденин келечегин ойлоп тынчы кеттиби, аны билбеди. Жүрөгү түпөйүл ооруп туруп алды. Ичтейи каарылды. Анан эмнегедир ушундай оттуу курагында, ушундай бир улуу толкунга чалдыкпаганына, ушул кыздай долу күүлөр менен элирип жашабаганына, ушул кыздай күүгө чыйралып китеп окуу түшүнө да кирбегенине, ушул кыздай... андан башкача экенине арманы ойгонду...

*      *      *

Бүгүн да ал таан каргалардын чуусуна чөмүлүп ишине жөө баратты. Дарактар кечээгиден да шопоё түшүптүр. Мындан ары ушундай, ар бир күн аларды жылаңачтай берет, өз кейпинде ача берет. Бир жерге байыр ала албай учуп-конуп сапырылган каргалар. Булар башка куштардай эмес, мейли үнү суук дешсин, түрү суук дешсин, жылуу жай издеп көнгөн жайларын таштап кетишпейт. Мекенин ташташпайт... Соңку асман да бар келээр-кетээринен арылгандай ажайып, ыйлагың келгендей туну-ук, тунук...

Жигит кечээги күүлөрдү маңдайына жыйып карап олтурду. Жалгыз отуруп уккусу да келди. Кайра негедир анда сыйкыры тайып кадыресе окуяга айлантып алчудай даабай койду. Анан күү, кыз экөө сезиминде ажырагыс жуурулушуп калганын кармап калды...

- Кайсы күүнү уксак, — деди кыз бүгүн да жанына келип коомайсып турган «ышкыбоз» жигитке. Үнүндө кечээки ишенчээктик, ачыктык бар. Жигит күлүмсүрөп тим болду. Анысы «эрк сизде» дегендей эле.

- Анда Дыйнанын «Асем коңурун» угалы.

Күү адегенде асем, улуу дүйнөнүн босогосунда даап-даабай тургандай саамга каалгый түштү. Анан ээ-жаа бербей шатырап төгүлүү үчүн бийикке шаңшыды. Заматта чагылгандан «дүрт» этип от алган куу сөксөөлдөй күтүлбөгөндөй дуулдап, алоолонгон кыпкызыл жалыны бороон эпкининде ойку-кайкы дирилдеди. Соңуна үзүлүп түшкөн жалын изден күнгө какшыган ай талаага өрт кетип, жигиттин жан-дүйнөсүндө жалын сел агып, алоо кечип жүрдү. Жүрөгүнөн чегине жеткен сагыныч, эңсөө, кусалык боздоду... Күү сөксөөлдөй эч нерсеси калбай эрип күйүп бүттү.

«Мынчалык улуу сезим адам көкүрөгүнө кантип сыят,— шалдыраган жигит жалооруңку ойлонду. — Ушул күү менен уктап, ушул күү менен ойгонсо адам... канчалык таза жашайт эле..»

Тереңинен мурда өзү туйбагандай бир таза булак көз жарып, шылдырап, жан-дүйнөсүн тазартып жаткансыды. Турмуш дегениң кандай гана жөнөкөй, жеңил, тунук эле. Аны өздөрү татаалдантып, баштарын көр-жер салган жашиктей көрөпайга толтуруп алышып анан зымкарагайдай зыңгырап жүрө беришет экен да?

Ал кыздан кечээгидей узун-узун сабак сөздөрдү уккусу келди. Эмне айтпасын кумарланып уга бергиси келди.

- Жаштар эстрада, «жаз» музыкасын жакшы көрүшөт, а сиз... - деди бир нерсе айтыш керек болуп.

- ...«Жаз», ал кандай десем... ал адамды чачыратып таштайт. Өзүңө ээ кылбай чачыратып таштайт. А элдик күүлөр такыр башкача, тетирисинче... ал адамды жакшыртат... үмүткө чакырат, максатка чакырт...

Сүйгөн күүлөрү көңүлүн жандырып өткөнсүп көздөрүн, жүзүн мемиреген толкун каптады. Жигит анын шарпылдагын уккансыды. Бул шоокум жигитти кыздын мүдөөсү жөнүндөгү ойго салды. Жигитке али табышмактанган максаты кызды кайдадыр чакырып аткансыды. Ал ушу азыр бүт баарына кол шилтеп салып, ушул чакырыкты улап, ушул кыз менен кайдадыр кең мейкинге, ээндикке кеткиси келди. Автобустан, аялдамадан, ымырт бөлмөсүнөн качкысы келди. Ушундан улам алыскы тоо арасындагы кичинекей айылын эстеди. Айыл ага адеп ыймандын башатындай, баладай алаңгазар, баладай баёо, бейгам элестеди. Ал түгүл эртели кеч чаңызгып аралачу ушак айыңдарынан өйдө адамдарды жатыркатпай, кайра бири бирине жакындатып байлаган ыйык жиптин бир чачысы өңдөндү.

- Айылды сагындым,— деди ал кусалана, жүрүп жаткан сөзгө байланышы жок эле.

Кыз күлүп койду.

- Көбү ушинтет. Ишине байлангандан турушкансыйт. Эмнеге жүрүшкөнүн, эмнеге келишкенин да унутуп калышат.

Жигит ушунда ага биринчи жолу каршылык көрсөткүсү келди. Бирок ал азыр өзүнө эч бир тиешеси жок кыздын алдында өзүн чыны менен күнөөлүү сезе кетти. Тереңинен желе, чаң баскан, унутулган максаты тыбырап алды...

- Сиз айылыңызды сагынбайсызбы? — Жалтайлагандай, актангандай ушинтти.

- Сагындым, сагынганда да кандай сагындым дейсиз... Окууга өтпөй калгам, ошого арданам...

- Анын эмнеси бар ардангандай?

- Мен үчүн ошондой.

Кыз катаал тартты. Бир аз туруп сөзүн жалгады.

- Мектепти бүтүп атып чогулушубуз көбөйдү. «Ата кесиби ардактуу», «Жаштыгым — айылыма» деп жыйындар өттү. «Эки-үч жыл айылда иштегиле, анан деле окуп үлгүрөсүңөр» дешти. Мен болбодум. Эңсеген максатым үчүн эки жыл эмес эки күн кечикким келбейт эле. Атаң койчу болсо — сен да койчу, апаң саанчы болсо — сен да сөзсүз саанчы болушуң керекпи? Азап менен араң келдим. Анан чын эле өтпөй калдым. Чын эле дегеним, ошондо башкарма айткан: «Баары бир өтпөйсүң, башыңды салып кайра келесиң, мобу өзүңдөй эле балдардан кечирим сурайсың» деген. Ызам келди. Ал ушунча жыл бирге окуган жолдошторума заматта мени каршы коюп, тымызын кодулап атты. Ызалыкпы, же чын эле оюм ошого кеттиби, билбейм. «Өтпөй калсам да ошол жерде калам. Эшик шыпырсам да иштейм, окуйм, даярданам, келеркиде өтөм!» — дедим буулугуп. Башкарма кийин ата-энелердин жыйынында да, бүтүрүү кечесинде да «шаарга жете албай араң тургандар бар экен арабызда, эшик шыпырса да эптеп жан сакташса болду тура» деп кыйытып жүрдү... - Кыз сумсайып унчукпай калды.

- Анан ошол үчүн эле айнып жүрөсүзбү?

- Жок, ал үчүн эмес... - Анан капыс эле үнү дирилдеп чыкты: - Айыл, айыл дейсиз... Энем ыйлап калды. «Кыз бала куш, колдон чыкканың эле ушу да, учканың эле ушу да дейт. Өзүнүн учаарын ойлобойт. — Окуп калгайсың, элге кеп-сөз кылбай...» дейт. «Кеп-сөзүн» кийин уктум, өзү айткан эмес. «Кызыңды тый, башка эл атаан кылат,— дешиптир. — Коругун да, мал-жаның да бар, калкостун жериндесиң...» деп күчтөшүптүр.

«Ушундай» деген кыязда кыз күлүп койду. Эми жигитке анын күлкүсү ачынган ызага окшоду.

- Жакында даярдоо курсуна кабыл алуу болот, ошого тапшырамын,— деди кайра.

Жүзүндө бир өктөмдүк ойноду. Андан баягы жүрөктү эзген кусалуу шарпылдак кайрадан угулгансыды. Кыз толкун доош менен: «Күү улуу максатка үндөйт» деп жаткансыды. Анын максаты тек азгырма жаштык кыял эмес, тынчтык бербей буй кылган зор максаттай. Кыздын бу сапарына эркиндик керек эле. Ал бүгүн кечээгидей жан-дүйнөсү үлпүлдөгөн назик гана эмес, беттегени бар, ал үчүн чечкиндүү тура алган намыскөй, эрктүү эле. Жигит кыздын ушундайына кубанды. «Арыба» деди чоң атадай ичинен ак жол тилеп. Анан кыз азабына, арманына, бактысына айланып, жүрөгүн сыйрып, жанына бата баштаганын туйду.

- Мен барайын,— деди. Чыгып баратып соңунан күү башталганын укту. «Инген ийиген»...

...Кыйырсыз кызыл талаа. Чаалыккан күн уясына кайтып барат. Чаалыккан жолоочулар. Жол четиндеги айылга бурулушту. Бейгам, бейпил тирлик агымындай жай каалгып, өркөчтөрү күндүн чарасына малынган төөлөр жайылып жатты. Ана, желенин аягында закымдай жалгыз инген башын салып оттобой турат.

- Күүчү болсоң ушу төөнүн санаасын чертчи,— дешти жолдоштору жаалап.

Курмангазы аттан түшүп, чөк түшө төөдөн көзүн албай домбурасынан күү төктү. Домбурачынын ширге кийген манжалары учунда күн, түн чарчап мезгил акпай ийрилип, жердин, көктүн чегин жоюп безгек кагып мээнип калган көөнө замандан калган улуу күүнү жаңыртып безеди.

Күү күчөгөн сайын ингенге жан кирип, башын көтөрүп, эки жагын жал-жал каранып, бир оокумда көзүнөн мөлт-мөлт жаш кулап, ага аралаш бөрсөйгөн желини дир-дир ийип берди... Ингендин ботосу өлүп аза тарткан чагы экен. Домбура ботосунун өлүм алдындагы бой-боздогун боздоп жатты.

Жигит күү тазарткан ыйманынын алдында бу кыз азабы да, арманы да, бактысы да болуп баратканын улам тереңдеп сезүүгө өттү. Ботосунан айрылган инген эми анын жүрөгүндө боздоп, жогдорун ургулап, чарк уруп алдастап, кыз шаардан да, айылдан да... Абайдан да, баарынан-баарынан бийик, азап-бакыт тогошкон чекте кол жеткис бийик-бийик турду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз