Бектуруш Салгамани: «Өгөй ата тууралуу баллада» - ашынамдын тагдыры»

  • 23.07.2021
  • 3756

- Беке! Соцтармактардын бирине «Өгөй ата тууралуу баллада» деген чыгармаң жарыяланып, окурмандар арасында ар кандай кептер айтылууда. Арийне, мунун өзү ал чыгарманын таасиринен дечи. Негизи эле биздин адабиятта өгөй эне, өгөй бала тууралуу жазылган чыгармалар арбын. Бирок өгөй ата, болгондо да анын инсандык тазалыгын даңазалаган чыгарманы мен мурун-соңду учураткан эмесмин.

Эми кеп мындай, окурмандар да «Бул Бектуруш акындын нака турмушубу?» - деген күдүктөр калбастыгы үчүн...

-Түшүнөрлүк, Асаке! Казакстанда,1986–87-жылдарда болгон бир окуяны окурмандарга айта кетким келип калды. Кыскасы, Алматыдагы айыл чарба институтун бүтүргөн бир жигит туулуп-өскөн Талды-Коргонунун бир колхозунда зоотехник болуп ишин баштайт. Ал убакта ар бир республиканын Жазуучулар Союзунун алдында адабиятты пропагандалоочу бөлүм иш алып барчу го. Бир күнү ошол бөлүмдүн жолдомосу менен 4-5 жазуучу баягы зоотехник ишке орношкон чарбага барып калат. Башкарманын иши чын эле көппү же адабиятка ынтаасы жок жанбы, айтор, жаш зоотехникке «Вилисин» берип, жазуучуларды калк менен жолугуштуруп, сухбатташтырып келүүгө айдайт.

Иштей баштаганына 2-3 ай болгон зоотехник жолдо алар менен таанышып, ысым, наамдарын жазып алат. Бирөөсүнө гана унчукпайт, тек: «Мен сизди билем, тааныйм. Китебиңизди окугам!» – деп коёт.

Эл арбын жыйылган бир жайда жазуучуларды тааныштыра баштайт, али боюнан Алматынын алмасынын жыты кетелек жаш зоотехник.

Кезек баягы «...тааныйм. Китебиңизди окугам!» – деген жазуучуга келет.

Мен бул жазуучуну билем. Паланбай деген китебин окугам студент кезимде. Азыркы тапта бизге КПСС БКнын Генеральный секретары М.С.Горбачев ачык айтуу, айкындуулук керектигин айтып жатат ко. А бул жазуучу китебинде өз өмүр таржымалын агынан жарылып, жашырбай ачык жазган. Акчасы жоктугунан коммунист болгонуна карабай бир жетим улакты уурдап, базарда сатып жаткан жеринде кармалып, анан 5 жыл абакта отуруп келген!.. – дей бергенде жазуучулар, айрыкча «тааныштырылып» жаткан жазуучу ыңгайсыз абалга кептелип, бир топ ызы-чуу башталып, жолугушуу ийгиликсиз аяктайт. Ал кезде Горбачевдун ачык айтуу жараяны жүрүп жаткан да. Жаш зоотехник айткан сөзү үчүн бир топ жогорку уюмдарда жооп берип, кызматынан алынып тынат.

Көрдүңүзбү, мындан келди бардык эле чыгармалар автордун керт башынан өткөн окуялардан турбайт. Ойдон чыгарылат же башкалардын турмушу, тагдыры ойго салат, жазганга чакырат. Ошон үчүн көркөм адабият делинет да.

«Өгөй ата тууралуу баллада» – бир ашынамдын тагдыры боюнча жазылган. А менин атам, апам узак жылдар «сизиң-бизиң» дешип, бул жалгандан ынтымактуу жашап өтүшкөн.

Маектешкен Асан ЖУНУСОВ

Бектуруш САЛГАМАНИ

ӨГӨЙ АТА ТУУРАЛУУ БАЛЛАДА

Атам өлүп, жаш жыттуу бир жыл өтүп,
        алыскы бир айылга бардык көчүп.
Калды «Аталап!» - үкөм ал үйдүн ээсин,
кетти апам да ал жакка бачым көнүп.

Өгөй адам - мугалим мектептеги,
өтө момун, сөөк-саактуу бой, келбети.
«Ата!» дешке түк эле оозум барбай,
арман артып өтөт күн кербендери.          

Алтыдамын. Катырам оюн жагын,
аткарылат айтканым, оюмдагым.
«Алып кетем!» - деп атам келүүчүдөй,
айыл жактын караймын жолун дайым.

«Базарды бир айланып келели!» - деп,
берди сатып мага кооз велосипед.
Койгон болчу өз атам алып бербей,
какшап, ыйлап зарласам эчен ирет.

Өз атам көп шоктонсом койчу сабап,
«Өнүп-өс!» - деп күлөт бул ширин карап.
Көзү күйөт балдардын - оюнчугум,
көптүгүнөн далиске батпай калат.

Жер чукулайт, мал карайт, сабак анан,
жан экен түк жумуштан тажабаган.
Калса калат аш-тойдон, асти калбайт
күнгөйдөгү мечиттен, жаназадан.

Ал кишиде бала жок экен өзү,
апам экинчи эринен төрөбөдү.
Жан кишиге сезилбейт өгөйлүгүм,
«Жетим!» - дешпейт балдар да көчөдөгү.

Апамдын түк байкабайм муңайганын,
ал адамдын көп аңдайм кубанганын.
Өгөйлүгү обу жок оңурайган
орсок тиштей көрүнүп турат дайым.

«Эрге тийбей, жөн эле жүрбөйбү!» - деп,
эзилемин апамды ичтен тилдеп.
Качып кетсем дейм, бирок жолду билбейм, 
кыштактан же туугандар келбейт издеп.

Арасында бир күнү өрүк бактын
апамды өөп жатканын көрүп калдым.
Кызгангандан «Өлтүрсөм!» - дедим аны,
келди өзүм да асынып өлүп калгым.

Апам кызык, урушпай кыт-кыт күлөт:
- Ай, болду эми! Түндөсү..! Кой, жинди! - деп.
Бурч жагында таңыркайм чөмөлөнүн:
- Булар түндө не кылат ой, ким билет?!.

Эмне, ойлойбу: «Булар жаш. Билишпейт!» - деп,
экөө бирге мончого кирип кетет...
Кызыл ити кыңшылап кызганычтын,
көңүлүмдү ичип-жеп, ириңдетет.

«Балам!» - десе жактырбай шыпшынамын,
бир чечилип сүйлөшпөй, былтыямын.
Студент болдум, алыскы шаарга, мага
салып турду ай сайын пенсиясын.

Айылдагы мугалим - пенсионер,
арка болду калаада мен сүйөнөр.
Сүйүүгө анан кабылдым, махабат эх,
сыйкыр экен сагынтаар, элжиретер.

Кызык, сезбей жүргөмүн башта неге?
Кусамын бир күн көрбөй калсам эле.
Өбүшсөк биз апамды өгөй киши
өпкөндүгү элестейт анда деле...

Бото көзүм, жаныңан алыс жылбай,
бир жүрсөк деп Кудайдан тилейм тынбай.
Өлүм бизди бөлбөсүн эртелетип,
өстүрөлү балдарды жетим кылбай!

Отуз жашка чыкпастан жесир калган,
ойсоңдотуп эки эркек жетим баккан,
апама эми тилеймин таалай, өмүр, -
аягынын астында Бейиш жаткан.

Коңшуларды, ашына, туугандарын
калтырбастан чакырып ар жыл сайын,
коюн союп атамдын өлгөн күнү,
катмы Куран окутуп турат дайым.

«Эрге тийип..!» - деп сөгөөр элем башта,
«Эң бир туура кылган!» - деп эми аяйм да.
Муктаж экен эркекке бир ургаачы,
муктаж экен бир эркек бир аялга.

Абдан мээрван, камкор, жоош-өгөй киши,
ансыз кантип апамдын өтөт күнү?
Тайга баскан тамгадай ошентсе да,
тура берет көрүнүп өгөйлүгү.

Өгөй деген болбойбу күйөөдө же,
өгөйлөбөй аны апам жүрөт неге?
Атам набыт болбосо, муну таанып,
апам ушул сөлдөккө тийет беле?!.

Үйлөндүм мен, бапырап той өткөрдү,
ушул чалдай жоомарт жан жок өңдөндү.
«Бул күндү атам көрбөдү!» - деп өксүдүм.
... Бир күн капыс мендеги ой өзгөрдү.

Кеткен саарлап апам бир жакка дагы.
Келгем иштен. Чал мени байкабады.
Жаман кызым чычыптыр жайнамазга,
жүргөн экен өзү жууп, чайкап аны.

- Ата! - дедим ошондо ич эзилип,
ал таң кала карады бир эңилип.
Күн чыккандай жайнады каректери.
- Кечириңиз! - дедим мен тизе бүгүп.

- Ата! - дедим өөп бет, сакалынан.
Апам чыкты өрүкзар арасынан.
- Ата де! - деп айттыра албай жүргөн,
ал көз жашын тыялбайт карап улам.

Жүрөгүмдөн төгүлүп ага мээрим,
жыйырма бир жылдан соң «Ата» - дедим.
Өз атамдан дагы артык өгөй атам,
өпкөнсүймүн бетин өз атакемин!..

Өз адамга айланды өгөй адам,
өз атама айланды өгөй атам.
Андан озуп төргө өтпөй калдым эми.
- Акылыңа келдиң! - деп өбөт апам.

Ай өтүп бир бакырчаак уулдуу болдум.
Ал балама деп: «Пейли жугуп-консун!» -
алдым дагы өзүнүн макулдугун,
атам – өгөй атамдын ысмын койдум.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз