Гүлбара Асыранова: Дүйшөнүм, дартка айланган караан болду

  • 20.08.2021
  • 3194

Кишинин чыныгы сапатын, касиетин көзү өткөндөн кийин айта баштайбыз. Анткени анын жаман жактары ал өлөрү менен унутулат.

Дүйшөндүн акындык дарамети жөнүндө мен кыйынмын деген акындар, журналисттер эскерип, мыкты ойлорун айтышты. Тирүү жүргөн учурунда эле Дүйшөн "легендага" айланган акын деп Дүйшөн Керимовдун айтканы бар, "чоң акын, улуу акын" деген пикирлер айтылып келген. Дүйшөн жөнүндө 3 чоң тема коюп китеп жазып койсо болот.

1) Акындыгын.

2) Адамдык касиети менен ата-энесине, бир туугандарына кандай адам эле.

3) Жашоосунда үй-бүлөсүндө ким?

Дүйшөн деген ат кыргыздын тарыхында чоң орунду ээлегени белгилүү эмеспи. Биздин Дүйшөн – балдарымдын атасы, менин жарым. Ал баласы Эсенгул менен кызы Сайрага болгон күчүн жумшап жакшы ата болду. Эртеден кечке балдардын тамак-ашы, окуусу ошонун мойнунда эле. Заманга жараша биздин ордубуз алмашып, ал үйдө, мен базарда болдум. Базар башкалар сыяктуу эле менин да көп күч-кубатымды аялга таандык сапатымды жутуп кетти. Кеп, жашоо шартка жараша адам баласы өзгөрүп, башкалар менен мамиле курат.

Дүйшөн кечинде даамдуу тамагы, кыпкызыл сулуу наны менен күтүп турчу, мен эшиктен кирип кире электе “ачкасыңбы, токсуңбу?” деп сурачу. Ачкамын десем тамак-ашын, өзү жебей сактаган этин, нанын шашып астыма коё баштачу. Ошол киши өмүрүнүн аягында жөн гана менин маршруткадан түшүшүмдү күтүп жол боюнда турчу. Өмүрдөгү мени күткөн күн, түндөр чагылгандай бир жарк этип жоголду. Жалгыз гана сенин күткөн карааның жан кейиткен, ырбап турчу дарт болду. Адам баласына берилген бардык нерселерден биз кур калган жокпуз. Бизге суктангандар, ичи күйгөндөр, рахмат айткандар да болду. Мени Дүйшөн өзү тандады, ошон үчүн нааразы болгондорго "сезимге сот жок" деп койчу.

Аксы жеринде көптөгөн таланттуу адамдардын арасында чоңойгон кичинекей арык кызды Ат-Башынын кооз жеринде мал кайтарып, ыр жазып жүргөн балага бекеринен буйруп койбосо керек. Ким кандай айтса да татаал тагдыр табыштырып 32 жыл чогуу жашадык. Ушул аралыкта күндөрдүн бардык түрлөрүндө үй-бүлөнү сактап калдык. Күйөө деген ата-энеңден кийинки жаныңа жакын адам. Өмүрүнүн аягына чейин Дүйшөн мен үчүн бардык нерсеге даяр турчу. Ооба, чөнтөк толтуруп акча таап бергенге жарабаса дагы өмүрүн бергенге даяр болчу.

Каны-жаныңа сиңип, аты дилиңде айтылып турган жаны бирге адамдан айрылып жалгыз калуу өтө оор. Көп узабай артынан кеткен түгөйлөрдү азыр мен эң жакшы түшүнүп калдым. Убакыт карыган кишини дарылабайт, анын жеке кайгысы эч кимге керек эмес. Мага кайрат, күчтү Дүйшөн өзү берип турат. Жанымда болгондо эмне дейт эле, билип-сезип турам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз