Көз карандысыздык жана суверенитеттин калыбына келишине 30 жыл

Мындан 31 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитет жөнүндө Декларация” кабыл алган. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августа Көз карандысыздык жөнүндө Декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт.

1991-жылы Президенттин жарлыгы менен Көз карандысыздык жөнүндө Декларацияга конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошол күндөн тартып 31-августту Көз карандысыздык күнү деп эсептеп келебиз. Андан бери 30 жыл өттү дейбиз, бирок бул дата тарыхый көз караштан алганда шарттуу дата, формалдуу мүнөзгө ээ, башкача айтканда тарыхый чындыкты толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, эгемен тарыхый укугу бар элдин көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келишинин 30 жылдыгы тууралуу кеп кылышыбыз керек. Азыр мындай тезисти көпчүлүк кабыл албашы мүмкүн. Бирок далилдегенге аракет кылалы.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жана татаал. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жылдызы жанган же ындыны өчкөн, жемиштүү же жеӊилүү ызасын тарткан, кеӊ аймакты кучагына алган же бучкактай тарыган, бактыга мол же багы колунан учкан ар кандай кезеӊдерди башынан кечирди. Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эӊ биринчилерден болуп мамлекет түзгөн. Ушул мамлекеттүүлүктүн традициялары Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү, түрткү жана ал мамлекеттердин кийинки тарыхына таасирин тийгизген фактор болду.

Бирок Улуу Кыргыз каганаты кыйрагандан кийин кыргыз мамлекети тууралуу кеп кылынбайт, кайсы мамлекетти айтып жатат дечүлөр арбын эле советтик доордо. Андайлар эми да ичте-тышта аз эмес. Европа, Азия мамлекеттеринин, Россиянын тарыхын окуганда, бир шаарчадан, кыштактан же сепилден турган княздыктар, вечелер, бир коктуну ээлеген графтыктар, королдуктар мамлекет деп эсептелинет да, кыргыздарга келгенде бүтүндөй империя болгон каганат, хандыктар мамлекет эмес, ашып кетсе уруу бирикмелери, "протогосударствого", "зачатки государствага" айланып калган. Ошондой көз караш калыптанып калгандай. Маселе мамлекеттүүлүк тарыхына карата саясий-идеологиялык көз карашта, методологиялык мамиледе жатат. Жаӊы доордо, 20-кылымдын башында (1924-жылы) кыргыз мамлекеттүүлүгү республика формасындагы мамлекет катары калыбына келди. 1926-жылы Кыргыз автоном Советтик Социалистик Республикасы катары кайра түзүлдү.

30 жыл ичинде эӊ ири жетишкендигибиз – бул 2002-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленди. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен таанылды. Бул факт. 6-9-кылымдар Улуу Кыргыз каганаты деген ат менен тарыхта белгилүү. Бул доорду да эч кайда ката албайбыз, жок кыла албайбыз. Кашкайган фактылар. 

Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин үлгүсүнө салып караган күндө деле бир кыштактай аймакты ээлеген, бир айыл калкы бар, ал тургай бир чоӊ көчөдөн турган, бирок дүйнө аларды азыркы учурда да мамлекет деп тааныган монархиялар, княздыктар жана кенедей республикалар бар экени жалганбы? Кеп элдин санында жана ээлеген аймагында деле эмес. Мисалы, Монако княздыгы (фр. Principauté de Monaco) Франциянын протекторатында, Италиянын, Сардиниянын ж.б. түркүн мамлекеттердин курамында болуп келди, суверенитетинен ажырап, бир нече мамлекеттин карамагына өттү. Бирок Эгемендик күнү деп тээ 1297-жылдын 8-январы эсептелет. Мындай мисалдар тарыхта жетиштүү. Эми Европанынын жөнү башка дечүлөр чыгат. Анда кечээки СССР курамынан чыккан Эстонияны алалы. Бул мамлекет 1991-жылы 20-августа Көз карандысыздыкты калыбына келүү күнү деп жарыялайт. Анткени Эстониянын көз карандысыздыгы 1918-жылы 24-февралда жарыяланган. Эстония орто кылымдардагы княздыктардын, мамлекеттик түзүлүштөрдүн, анын ичинде Эстляндиянын мураскору эгемендик, көз карандысыздык буга чейин болгон, СССР кыйрагандан кийин кайра калыбына келди деп эсептелинет. Дүйнө да ошентип мойнуна алат.

Мамлекет өзү эсептесе, атаса, аныктама берсе гана дүйнө ошону тааныйт. Демек кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы тарыхый факт болсо, андан кийинки, мындан 900-1200 мурдагы Улуу кыргыз каганаты аталган мамлекет факт болсо, демек тарыхый логикага ылайык 30 жыл мурдагы окуяларды суверенитеттин жана көз карандысыздыктын калыбына келиши деп эсептегенибиз туура. Тактап айтканда, 1990-жылы 15-декабрда кабыл алынган “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларация” жана 1991-жылы 31-августагы “Көз карандысыздык жөнүндө Декларация” суверенитетти жана көз карандысыздыкты жаӊы шартта калыбына келтирген юридикалык, саясий, тарыхый актылар.

Бул актылар байыркы кыргыздын эмки урпактары, өлкөнүн бардык жарандары үчүн нравалык баалуулук. Эркиндик жана суверенитет тууралуу актылар тарых, учур жана келечек алдында кымбат жоопкерчиликти билдирет жана жогорку күчкө ээ. Суверенитет менен көз карандысыздык, эркин мамлекеттүүлүк так аныктамага жана конкреттүү мазмунга ээ болууга тийиш. Мазмуну тууралуу кеп башка. Ал эми аныктамасына келсек, суверенитеттин жана көз карандысыздыктын жаӊы шартта калыбына келишинин 30 жылдыгы деп атаганыбыз идеологиялык, саясий-укуктук жактан, эӊ негизгиси, тарыхый өӊүттөн да туура болмокчу.

Алмаз КУЛМАТОВ, коомдук ишмер

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Лингвист

    Эн туура. Рахмат авторго. Накта фактылар менен далидептир. 31-августа гана айтып тим болбой, Кулматовдун идеясын калын элге айтышыбыз керек.

Комментарий калтырыңыз