Роберт Грин: Согуштун 33 ыкмасы

Эгер бир нерсеге жетүүнү кааласаң же кандайдыр бир максатка умтулсаң, анда ага жетиш үчүн салгылашууга даяр бол. Бул туура согуш жүргүзүүгө багытталган кайра тарткыс жана эч айныбас ынаным болуп саналат.

Жашоо күрөшүнүн биз сөз кылчу чеберчилигине жетишүү жашооңдун тынч жана жемиштүү болуусуна шарт түзөт. Анткени оюн эрежелерин билесиң, андыктан эч зомбулук көрсөтпөстөн жеңишке жетише аласың.

Адамдын аң-сезимин абдан мыкты өздөштүрүп билген, мындан улам дүйнөдө дүң болуп окулуп жаткан “Бийликтин 48 мыйзамы” китебинин автору Роберт Гриндин колуңдагы эң соңку эмгеги болуп саналган “Согуштун 33 ыкмасы” сага кандай татаал абалга кабылсаң да жардамын тийгизет, туура чечим кабыл алууга көмөгүн көргөзөт.

Баардык эле күрөштөрдөгүдөй согушту да чеберчилиги барлар туура жүргүзүп, жеңишке жетишет.

Алгы сөз

Азыркы кездеги бизге таандык маданият демократиялык баалуулуктарды салтанаттоо менен айлана-чөйрөбүзгө мамиле кылууда тыкан жана ийкемдүү болууга чакырууда, кандайдыр жамаатка биригүүнүн маанилүүлүгүн талбастан түшүндүрүүдө, башкалар менен бирге аракет кылууга үйрөтүүдө. Анын үстүнө кичине кезибизден эле биз дайыма урушкусу келип турган чоң муштумдар мындай терс мүнөздөрү үчүн көпкө жыгыларын, көпчүлүктөн бөлүнгөндөр катуу жазага кабыларын көрүп эле келатабыз. Буга жараша бүткүл коомчулук жана мамлекеттик түзүмдөр өз ара ымалага келүүнүн жана кызматташып иш кылуунун тууралыгын биздин аң-сезимибизге бекем орнотууда, биргелешип ийгиликке жетүүнү каймана түрдө болсо да айтып берген,  түз да түшүндүргөн китептерди окутушууда, кинолорду көрсөтүшүүдө, ар кандай массалык маалымат каражаттары менен аң-сезимге сиңиришүүдө.

Алардын көпчүлүгү адамдардын сырткы сымбаттуулугу ички ыйманга айкалышуусу керектигин тастыкташат, каардуу болбоого, боорукер жана ак көңүл болууга чакырат, коомчулуктун аң-сезимине сылыктык-сыпайылыктын негиздүүлүгүн сиңиришет. Ошентип бизди бармактайыбыздан эле жашоодо момун болууга, тынчтыкка умтулууга даярдашат. Бул жагдай сыртынан кынтыксыздай сезилгени менен биз үчүн  чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Анткени дал ушундай тарбиянын айынан биз тынч жүрүүгө даярдалып, эч кандай согушка белен болбой калып жатабыз.

Ушул эле учурда бул сыяктуу согуштар жүрүп жатат, ал тургай алар бир нече деңгээлдер жана катмарлар менен жүргүзүлүүдө. Ар бир адамдын каршылашы бардыгын тангандан пайда жок, баамчылдарга алар даана эле байкалып турат. Дүйнөдөн жакшылык күтүү барган сайын  татаалдашып барат, анда атаандашуучулуктун деми өз үстөмдүгүн күндөн күнгө күчөтүүдө. Саясатта, ишкерчиликте, ал тургай маданий чөйрөдө ийгиликке жетиш үчүн баарына барууга даяр атаандаштар менен байма-бай кагылышчу болдук. Ошентсе да чоочундар менен басташканга караганда кээде өзүбүздүн чөйрөбүздөгү кагылышуу өтө татаал жана чыдай албагыдай катаал мүнөздө жүрчү болду. Сөз сени менен бир командада болуп, жакшы тилектүү достук мамилесин көргөзгөнү менен жашыруун түрдө жалпы кызыкчылыктарда өз көмөчү үчүн чок тартып, жамаатты бир өзүнүн максаттары орундалышы үчүн колдонгондор жөнүндө болууда.

Ал эми кээ бир артыңан жылымчы иш кылгандар менен жибектей жумшак мамиле көрсөткөндөрдүн тымызын коркунучтарын андан бетер билип болбойт. Алар жардам сунуштагандары менен “мына-ана” деп эч качан аны беришпейт, же өзүбүздү күнөөлүү сезүүгө мажбурлаган абдан күчтүү жана катуу таасир этүүчү куралын бизге каршы тымызын колдоно билишет. Бул айткандарыбыз турмуш чындыгына айкалышарын алдыбызга жайылган көптөгөн далилдер тастыктайт. Ошондой эле бул согушта алган жаракаттарыбыз сыздатпаса да көңүл түпкүрүндө ушундай жагымсыз жагдай бар экенин жакшы билебиз, жүрөгүбүз менен сезебиз.

Жогоруда айтылгандар биздин жек көрүүгө татыктуу, дүйнөнү кармап турган тынчтык менен ынтымактан безген абдан пас деңгээлиндеги жандар экенибизди билдирбейт. Ошентсе да биз өзүбүздүн кандай экенибизди көп биле бербейбиз. Биздин ар бирибизде ачууга алдырган учурларыбыз, ким-бирөөнү коркуткан кездерибиз болот. Андай учурларда сабыр тутуп, карманып калуу абдан кыйын. Өткөн кездерде адамдарда мамлекет деген түзүлүш өз жарандары үчүн кам көрөт деген үмүт бар болучу, кандайдыр коомдук уюмдар же жакындарым колдойт деген ишеним күчтүү эле. Бирок мындай ыңгайлуу жагдай эбак эле жаман жагына өзгөрүп кеткен.

Азыркы дүйнө адамга кайдыгер жана камкордуксуз, анда ар ким өзүнө кам көрүшү керек, өз кызыкчылыктары үчүн күрөшүшү кажет. Бүгүн бизге жамааттагы сен-мен деп нааразылашкан кыйчалыш учурлардан, күнүгө болуп туруучу башкалар менен кагылышуулардан жеңиш менен чыгыш үчүн кадимкидей эле билим жана тажрыйба керек. Кеп удулу башкалардагы өзүбүзгө жакканды күчкө салып жулуп алууну үйрөнүү тууралуу же тескерисинче, колдо барыбызды жанталашып коргоо жөнүндө болуп жаткан жок. Сөз негизинен ишибизде кандайдыр кагылышуу болуп калса туура ой жүргүзүп, жүрүштөрдү  катасыз жасоо тууралуу, жасалчу кадамдардын болжолун туура түзүп, ачуу менен кыжырды байкатпоонун же таптакыр басууга аракет кылуунун ордуна аларды максатыбызды карай туура багыттай билүү жөнүндө болуп жатат.

Күрөш ыкмасын жакшы билген адам каршылашынын аң-сезиминин алсыз жактары менен ойноп, ага шамдагай чабуул коюп, жаралуудай жаман абалга кептеп, айласын кетирип, сыртынан билгизбей турса да ички дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүрөт. Ал душманын ачык кармашка чыгарбастан психологиялык жактан сындырып, оозуна түзүк кеп келтирбей, дене боюн калчылдатып, сөздүн түз маанисинде көз көрүнөө эле иштен чыгарат. Мындай учурларда жеңишке абдан эле аз чыгымдар менен оңой жетсе болот. Ушунун сыңарындай, эгер согушта аскерлердин өмүрү сакталса, каражат жагынан да аз чыгым болсо, анда бул арзан жеңиштин эсебинен мамлекет байгерчиликке жетишип, көп ийгиликтер жаралат.

Согуш бул коомчулуктан бөлүнүп турган өзүнчө иш эмес, ал адам ишмердигине тиешелүү кадимки жараяндардын бири жана ар бирибизге абдан тааныш окуя, ошондой эле жакшы жактарыбыз менен терс мүнөздөрүбүздү тастыктаган чоң сыноо. Согуштагы жеңиш алып келүүчү ыкмалар дайыма орчундуу саналат, убакытка карап өзгөрбөгөн адамдын аң-сезимине негизделишет, ал эми аскердик чоң жеңилүүлөр адамдын кайсы чөйрөдөгү болбосун аңкоолугу менен чектелүүлүгүнүн далили болуп саналышат. Согуш жүргүзүү ыкмасынын  түпкү максаты жогорку деңгээлдеги үнөмдүү жана ачууга көп алдырбаган, ошондой эле кан төгүп, жоготууларга учурабаган аракеттер менен жеңишти карай багытталуу. Ал биздин күнүмдүк салгылаштар менен уруштарыбызда орчундуулугу бар саны эсепсиздей колдонмолорду өзүнө камтыйт.

Баардык эле ынанымдарды, ал тургай тынчтыкты же пацифизмди (тынчтыкты сактоо деген ураан менен кандай гана согушка болбосун каршы чыгуучу буржуазиялык агым) сакташ үчүн биз салгылашууга даяр турушубуз керек, өз максатыбызга жетүүдө кырчылдашууга белен болушубуз кажет. Өз идеалдарыңа жылуу сезимиңди сактап, же жөн гана жакшы адам болуш үчүн ак көңүл, боорукер болуу жетишсиз. Качан гана жеңишке беленденип, ага жетүүнү көксөп, кандай болбосун бул максатты ишке ашырыш керек деп бир чечимге келгениңде, согуш ыкмасынын жетегинде каласың. Согуш жана аны жүргүзүү ыкмалары өзү менен туруктуулукту, кайра тартпас кашкөйлүктү камтуусу керек. Эгер бир нерсени кааласаң же каяккадыр багытталсаң, ал максаттар үчүн согушууга даяр болуш керек же тоскоолдуктарды бузуп өтүүчү каалооң жогору болушу зарыл.

Биз төмөндө күнүмдүк жашоо күрөшүндө ыктуу жоокер болууда зарыл болор, үлгү кылып алса туура жолго сала алган алты негизги жобону келтире кетмекчибиз.

Дүйнөнү сезимдериңдин чен-өлчөмүнө салбастан, ал кандай болсо ошондой кабыл ал

Түпкү максатты ишке ашырууга келгенде ашыкча ички сезимдериңди, дүүлүгүп кетүүлөр менен ачууланууларыңды кандайдыр бир оору сыяктуу эсептеп, андан айыгууга аракет кыл.  Коркуу – каршылаштарыбызды күчтүү кылып көргөзөт да таптакыр эле чүмкөнгөн тейдеги аракетсиз коргонууга түртөт. Ачуу жана чыдамсыздык өз мүмкүнчүлүктөрүңдү туура  эсептебеген, туура колдонбогон, алды-артты карабаган алаңгазар аракеттерди жасоого мажбурлайт. Өзгөчө жетишилген ийликтердин арты менен ашыкча өзүңө ишенүүнүн абдан ашынганы артка кайта албагыдай, окуяга өтө терең киргизип жиберет. Жеңишке жеткирчү бирден бир каражат бул – сактыкты жоготпоо, ошондой эле пенде болгон соң сезимдер ашынаарын, ачуу келерин дайыма унутпай, алардын пайда болгонун учурунда байкап оңдоолорду киргизип туруу. Ички сезимдерди канчалык туура жана ийгиликтүү башкарсаң, ошончолук ачуулуу аракеттерди максатты карай туура багыттап, жеңишке жакындайсың.

Адамдарды кылык-жоруктарына карап баала

Согуштун өзгөчөлүгү ушунда – салгылаштагы жеңилүүнүн себебин эч кандай сөз менен, ал тургай тилиңден чаң чыккан чечендигиң менен түшүндүрүп бере албайсың. Мисалы, колбашчы ката кетирип, аскерлерди байкабай туура эмес жакка багыттап, душмандын кыргынына салып берип, өмүрлөр текке кеткени айкын көрүнүп турса  да, бул окуяны бир гана тарых соттой алат. Адамдын өзү жөнүндө айтканы маанилүү эмес – сөздөр эч нерсеге негизделбейт. Андыктан алардын жасагандарына карагыла: иштер калп айттырбайт, кылык-жоруктар төгүнгө чыкпайт. Мындай ой жүгүртүүнү өзүңө-өзүң дайыма колдонууга көн, кылгандарыңды талдай бил. Ошондо гана жол болбостуктарың үчүн балит ойногон каршылашыңды эмес, бир өзүңдү күнөөлөй баштайсың. Сен жаман да, жакшы да жашооң үчүн өзүң гана жооп бересиң.

Өз куралыңа гана ишен

Жашоодо ийгиликтерге жетиш үчүн адамдар өздөрүнө оңой, жөнөкөй көрүнгөн иштер менен шугулданууга умтулат же мурда жасап жүргөн жумуштары менен алектенүүнү туура көрөт. Мындай кылуу акча чогултуу, көп тааныш күтүү, жаңы технологияларды үйрөнүү сыяктуу жол болуулар үчүн шарт түзөт, алар берген артыкчылыктарды пайдаланууга жол ачат. Бирок булардан пас мүнөздөгү өтө эле көр оокатка берилүүчүлүк сезилип турат, алар бери болгондо техникалык иштер.  Ал эми жашоодогу улуу, негизги максаттар бир гана аң-сезимдүүлүк аркылуу ишке ашат, анын көйгөйлөрү кара күч эмес акыл тарабынан жоюлат. Ооба, бул жашоодо бирде болбосо бирде баарын тарттырып жибересиң, буга кепилдик берчү ким бар? Бирок согушту кандай жүргүзүү керектиги боюнча билимиң менен акылың толук болсо, куралың колдо даяр турса, анда эч кимге эч нерсени тарттырбайсың. 

Ареске эмес Афинага таазим эт

Гректер дайыма кылдат ойлонуп, туура акыл калчап, согуш ыкмаларын колдонуу боюнча алдына эч кимди салбаган Афинаны сыйлашкан, ал тургай ага согуш кудайы катары сыйынышкан, ал эми анын жөнөкөй пенделер ичиндеги сүймөнчүгү куутакым Одиссей болгон. Ал эми зордук-зомбулукка жакын Арестен коркушкан, аны жек көрүшкөн.

Согушта зордук-зомбулук менен катаалдыкка чоң талап жок. Колбашчыга өмүрлөрдү кыйып, көп каражат коротуу менен согуш талаасын аралап жүрүүнүн кереги жок. Ал четте туруп акылдуу аракеттерге барып, туура ой калчай билсе, кан төгүүсүз эле жеңишке жете алат. Негизги үлгү болчу идеал мына ушул.

Согуш талаасын бийиктен көрүүгө аракет кыл

Согуш ишиндеги ыкмаларды туура колдоно билүү – бул жагдайды толук жайгара билүү өнөрү. Башка тарабынан алып караганда согуш илеси – бул күчтөрдү туура бөлүштүрүү, салгылашуу учурунда аскерлерди ойдогудай жана түзмө-түз башкара билүү, анын өзгөрүүсүнө жараша ыкчам аракеттенүү, учурга карата күчтөрдү туура багыттоо. Кандайдыр карама-каршылыкка учурап, кимдир-бирөөлөр менен басташа кеткенде биз кармашка башотубуз менен кирип, бир гана жеңилип калбоого кам урабыз. Мындайда кандайдыр өзүң билген ыкмаларды колдонуу абдан кыйын, алар албууттана баштаган жан дүйнөңө дароо жат боло түшкөнсүйт. Өзүңдү буга чейин стратег эсептеп жүрсөң, мындай учурга келгенде тактиктик деңгээлге араң жетесиң.  Эгер дайыма тагдыр чечер максаттар тууралуу бийик деңгээлде ойлонуп жүргөн болсоң, согушта качан чабуул коюп, качан артка чегинүү керектигин оңой эле айырмалайсың.

Өз согушуңа символикалуу маани бер

Бизге дайыма күрөшүүгө туура келүүдө, күнүгө согушуу турмуш чындыгы. Баардык тирүү жандуулар жашап кетиш үчүн согушат. Бирок эң чоң жана улуу согуш – бул өзүң менен өзүң күрөшкөнүң, өзүңдүн алсыз жактарыңды, ыза менен ачууңду жеңүүгө умтулууң, баштаганды аягына чыгаруу үчүн жок чечкиндүүлүктү издегениң. Сен өзүңө өзүң чечкиндүү түрдө согуш жарыялашың керек. Жашооңдун  жалгыз жоокери катары салгылашууларга өзүң салам айтып, кагылыштан качпа, аларда өзүңдүн тууралыгыңды жана мүмкүнчүлүктөрүңдү көргөз,  ыктуулугуңду арттыр, каармандыкка ээ бол, тажрыйба топто. Күмөндөнүүнү басыштын ордуна коркунучуңду жандүйнөңдүн түпкүрүнө кууп кир, аларга чакырык ташта да жеңип чык.

“Согуштун 33 ыкмасы” – бул өзүнө согуш жүргүзүүнүн сабактарын, ыкмаларын камтыган өлбөй турган кеменгерликтин негизин камтыйт. Бул китептин жазылыш максаты - окурманды көптөгөн мүмкүнчүлүктөр менен артыкчылыктарды берүүчү тажрыйбадан жаралган билим менен өз учурунда куралдандыруу, бизге күнүгө чабуул жасап жаткан көзгө көрүнбөгөн согушкерлер менен жанда жүрүп, душмандыгын билгизбеген каршылаштарга туруштук берүүгө үйрөтүү, алар менен татыктуу күрөш жүргүзүп жеңип чыгууга окутуу.

Стратегия – бул бир эле башкача ойлонууну талап кылбайт, ал жашоого бүтүндөй бир башкача мамиле кылуу керектигин түшүндүрөт. Тилекке каршы, абдан эле көп учурда биздин ойлорубуз менен билимибиздин ортосунда чоң ажырым турмак, айрым кезде аңгыраган түпсүз аң бардай сезилет. Чыныгы жашообуз менен көзгө көрүнбөгөн жандүйнөбүздө да ушундай айырмачылыктар бардай. Биз акыл-эске далилдер менен билимди сиңиребиз, жандүйнөбүзгө жаңылыктарды толтуруп алабыз, бирок ошонун баары кайра эле өзүбүзгө өлүү жүк катары оордук келтирет. Биз көңүл алаксытчу китептерди көп окуйбуз, бирок алар чыныгы жашообузга жардам бербейт, эмненидир үйрөтпөйт. Көптөгөн асыл идеялар менен таанышпыз, бирок алар эч качан жашообузга айкалышпайт, иш жүзүнө ашырылбайт. Ар бирибиздин өздүк тажрыйбаларыбыз бар. Бирок алар боюнча терең ой жүгүртпөйбүз, дем-күч албайбыз, берген сабактарын өздөштүрүүгө жөндөмсүзбүз, кайдыгер мамиле кылабыз.  Негизги максат тажрыйба менен билимдин, аң-сезим менен аракеттин дайыма болуп туруучу байланышын талап кылат. Ал өзү менен кошо иш жүзүндө тууралыгы тастыкталган билимди, ошондо да анын жогорку деңгээлдегисин алдыга жайып берет. Эгерде жашообузда болуп жаткан окуялар тууралуу терең, олуттуу ойлонбосок, ал эч кандай мааниге ээ болбойт, ал эми китептен алынган идеяларды турмушта колдонбосок алар эч нерсеге арзышпайт.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Ички согуш

Баардык кагылыштар менен оюндардагыдай эле согушту өнөр катары тутунуп, анда утуп чыгууга шарт түзүүчү көп илелер менен ыкмаларды билгендер жеңет. Көз алдыга согуш талаасын келтирип, каршылаштарыңдын чегин белгилеп, аны басып алуу үчүн өз чабуулуңдун планын түз: мергендериңди ыңгайлуу жайгаштыр, алардын аткычтарына жоокерлериңди салып бербегидей бол, көздөгөн чекке кантип чыгашасыз жетүүнү, жолдон кезиккен тоскоолдуктардан буйтап өтүүнү, жоону курчап жок кылууну жакшылап ойлонуштур. Бирок душмандын турагын аткылатардан мурда аткычтарыңа өзүңдү мээлет, жоого чабуул коёрдон мурда аны өзүңө багытта!

Акыл-эс – бул кандай согуш болбосун, эмне ыкма же иле болбосун, башталышында таянуучу жана таканчык алып алга багытталуучу алгачкы чекит болуп саналат. Чыныгы илекор (стратег) болуш үчүн, үч кадамды туура жасашың керек. Биринчиден, түзүлгөн планды ишке ашырууга тоскоол болуучу өз акыл-эсиңдин алсыз, жетишпес жактарын билип, өзүңө-өзүң эсеп бер. Экинчиден,  алдыга жылууга мажбурланыш үчүн өзүңө-өзүң согуш жарыяла. Үчүнчүдөн, өз ичиңдеги душмандарың менен дайыма күрөш жүргүз, ошондо да ар түрдүү шылтоолор менен өзүңдү жубатпагыдай, жыгылып бербес түрдүү ыкмаларга сал.

1

Душмандарга согуш жарыяла – бул  каршылаштыктагы дагы бир жакшы ыкма

Тышкы душман

20-кылымдын жетимишинчи жылдарында Британиянын саясий түзүмдөрүндөгү абал толук түрдө туруктуу жана тынч болчу. Ал баардыгын канааттандырган ыңгайлуу жагдай түзүп берген эле: алгачкы шайлоодо Лейбористтер партиясы жеңип чыккан, кийинкисинде консерваторлор утушка ээ болушкан. Бийлик колдон колго өткөнү менен баары жигиттик макулдашуулар аркылуу жүргөн. Иш жагдайын жалпы-жонунан караганда партиялар бир бүтүндүктү түзгөн эки бөлүкчө сымал өз ара келише башташкан. Бирок 1974-жылы консерваторлор шайлоодо утулган соң алардын арасындагы кимдир-бирөөлөрү бул көрүнүш мындан ары улана бербеши керектигин түшүнүп чечкиндүүлүк кылышты. Салт болуп бараткан сабыр тутууларды өзгөртүш үчүн алар лидерликке Маргарет Тэтчердин талапкерлигин көргөзүштү. Партиядагы биримдиктин жоктугу менен ортодогу ажырымдын чоңдугунан пайдаланган Тэтчер шайлоодо жеңип чыкты.

Англия коомчулугу Тэтчер сыяктуу саясатчыны эзели көргөн эмес. Баардыгын эркектер чечкен жашоонун сасык саясатына аралашкан ал бир назик аял эле, анын үстүнө кирген партиясы ак сөөктөрдүн салттуу монархиялык партиясы болгон ал азык-түлүк саткан дүкөнчүнүн кызы болчу. Ошентсе да ал коомдун ортоңку табына тиешелүү экенинен уялбаган. Андыктан ал мектеп мугалими сымал жупуну кийинип, үй кожойкеси сыяктуу сыпаа жүрчү, жогорку деңгээлдеги саясатчыга окшошчу эмес. Эскичилдер партиясында ал эң четки делген оң канатка тиешелүү болчу. Баарынан да анын саясатчы катары иш жүргүзүү ыкмасы таңгалыштуу эле: башкалар жумшак жана келишүүчүлүк маанайда сүйлөгөн маселелер боюнча ал түз эле каршылаштарына чабуул койчу, ачык эле кармашууга бел байлап чыга келчү. Дайыма согушка белен турчу.

Саясатчылардын көпчүлүгү анын бул жеңишине кокустук катары карашып, Тэтчер бийликте көпкө турбасын көз ачык сымал алдын ала айтып жүрүштү. Лидерлигинин биринчи жылдарында ал өзүнө ишенбестен шектүү карагандарга жакшы көрүнүп, күмөнсүүлөрдү басыш үчүн эч нерсе кылган эмес. Ал курч сөздөрү менен лейбористтер партиясы өлкөнү социализмди карай багыттаган саясатты  сындап, бул жол өнүгүүгө жеткирүүчү жаңы демилгелерди жокко чыгарып, британ экономикасын талкалай турганын какылдап какшап айткандан чарчабаган. Ал өзгөчө Советтер Союзунда жасалган иштер менен жүргүзүлүп жаткан саясатты талбай сындачу.

1978-1979-жылдардын кыш айларында мамлекеттик тармактагы бир катар профсоюз уюмдары иш  таштоого чыгышканда Тэтчер бул жагдай боюнча лейбористтер партиясын, өзгөчө алардын лидери Жеймс Каллагенди ачык эле күнөөлөп, аларга согуш жарыялаган. Ал ачык жана эч кылчактабастан, кандайдыр ымалага келчү түрүн көргөзбөстөн, чечкиндүү түрдө сөз чабуулуна өткөн. Мындай ачык чыгуулар кечки жаңылыктардын баш сөздөрүн кооздош үчүн жакшы болгону менен, шайлоодо жеңишке жетүү үчүн эмес эле. Шайлоочуларга этиет мамиле кылып, аларды коркутканга караганда сооротуу оң болчу, ынандыруу керек эле. Жок дегенде буга жалпы кабыл алынган сергек аң-сезим чакырып турган.

1979-жылы лейбористтер партиясы жалпы шайлоолорду дайындады. Тэтчер бул шайлоону Британиянын айласыз абалын оңдоочу акыркы мүмкүнчүлүк экенин бышыктоо менен аны социализмге каршы багытталган крестүүлөрдүн жортуулу атап, өзүнүн урушчаактыгынан жанган жок. Каллаген бул үй кызматчысынан саясатчыга айланган бир кызыктай аялдын жанында адамдыктын алкагынан чыкпоого жакшы эле аракеттенген. Анткен менен Тэтчер жоошубай койгондо Каллагенге бул шайлоо чындап эле чечүүчү жараян экенин моюнга алууга туура келип, аргасыздан каршылашынын аткылоосуна жооп кылып, эгер Тэтчер жеңишке жетишсе, өлкө экономикалык каатчылыкка кабыларын каяша катары айтып өткөн.

Муну менен Тэтчердин шайлоочуларды коркутуп коёюн деген максаты кайсы бир деңгээлде ишке ашкан. Анткен менен сурамжылоолордун жыйынтыгы анын эл ичиндеги кадыр-баркы Каллагендикинен бир топ төмөн экенин көрсөткөн. Ошентсе да анын лейбористтердин лидери берген суроолорго татыктуу жооп бергени, ага караганда сөзмөрлүгү элге жакшы таасирин тийгизип, көптөрдү өз жагына тартып алган. Шайлоочулар абдан узак убакыттан бери биринчи жолу эки партиянын чоң айырмачылыктары бар экенин байкашкан. Өлкөнүн элин оңчулдар менен солчулдарга бөлгөн Тэтчер баардык көңүлдөрдү өзүнө буруп, ыргылжыңдар менен күмөндүүлөрдү артынан ээрчитип, атаандашынан алдыга озгон.  Ошентип бул шайлоодо ал анча-мынча айырмачылыктар менен жеңишке жетишкен.

Шайлоочуларын таңгалтыруу менен утушка ээ болгон Тэтчер премьер-министр болгондон кийин ашкере аракеттерин басаңдатып, ыйлагандарды сооротуп, жаракат алгандарды айыктырып, ишти ырааттуу жүргүзүп кетиши керек эле. Эл ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоолор да улут ушуну күтүп жатканын билдирип турган. Бирок Тэтчер кайрадан күтүлүп жаткандын теңирден тетирисин кылды. Ал бюджетти шайлоо алдында сунуштаганынан да ашыкча кесе чапкан. Мунун жыйынтыгы көп күттүргөн жок, экономикада Каллаген алдын ала айткан каатчылык башталды, жумушсуздук өз чегинен ашып кетти. Көз караштарын мурда катуу сындап жүргөн өзүнүн эле партиясынын мүчөлөрү эми анын отурган жогорку ордуна татыктуулугу боюнча суроону ачык коё башташты. Тэтчер “ыйлаактар” деп атаган ошол Консерваторлор партиясынын аябай эле кадыр барктуу мүчөлөрү дүрбөлөңгө түшүп, бул аял өлкөнү экономикалык  кыйроого алып баратканынан күмөндөнүшпөй, анын бул каталары үчүн өздөрү да оңбой калышарынан, кызматтык мансаптарынан айрылгандары аз келгенсип, бүт партия экинчи бийликке келбес болорунан коркуп турушту. Алардын катуу каршылыктарын Тэтчер чечкиндүүлүк менен кабыл алып, ошондой эле кескин сокку уруп, партия ичиндеги атаандаштарын өз кызматтык бөлмөсүнөн эле ары-бери кылган. Мындан улам анын кимди болбосун өзүнөн алыс түртүп салаарына коомчулуктун көз жетип калган. Андыктан анын душмандарынын саны укмуштуудай өскөн. Ушул жагдайлардан улам Тэтчердин кийинки шайлоодо жеңилеринен эч кандай күмөн жаралбай калган.

Бирок 1982-жыл кирип келгенде көңүлдөрдү ээлеп турган өлкөдөгү көптөгөн көйгөйлөрдөн элди алаксытып, аны улут катары кайрадан бир муштумга бириктиргидей окуя болуп кетти. Тактап айтканда, Аргентина баскынчылык жолу менен  Фолкленд аралдарын ээлеп алды. Бул аралдар тарыхый түрдө Британияга тиешелүү болчу, ошентсе да Аргентина көп жолу алардын өзүнө таандык экени боюнча дооматтар айтып келген. Баскынчылыкка жол берген Аргентина жетекчилиги Британия бул өзүнөн абдан алыс жана ошого жараша түшүмсүз, эч пайдасыз Фолкленд аралдарынан баш тартарына ишенген. Бирок Тэтчер бир аз ыргылжыңданып да койбостон, сегиз миң мил алыстыкка карабастан аралга деңиз аскерлеринин күжүрмөн бирикмесин жөнөттү. 

Лейбористтер партиясынын лидерлери абдан кымбатка түшчү пайдасыз согушту өлкө мойнуна жүктөгөнү үчүн премьер-министрге эң бир катаал сындары менен аёосуз чабуул коюшту. Ал эми өз партиялаштарынын бул чечимди укканда жүрөктөрү түштү. Анткени Британия бул согушта жеңилип калса, эскичилдер партиясынын иши бүтмөк, саясий майданда экинчи баш көтөргүс болмок. Тэтчер бийликте турганы менен эч качан мындай жападан жалгыз калган эмес. Анткен менен буга чейин итиркей келтирип келген анын тажаалдыгы бул жолу коомчулукка асыл сапат катары кабыл алынып, өзүнүкүн бербеген көктүгү эми туруктуулук жана эрдик катары бааланды. Айланта курчап жүргөн мансапкор эркектерге салыштырмалуу ал назик аял болсо да өзүнө ишенген чечкиндүүлүгү менен элге таасир эте алды.

Натыйжада, Британия Аргентина менен болгон кагылышууда жеңип, Фолкленд аралдарын сактап кала алды. Ал эми Тэтчердин эл ичиндеги кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Капысынан эле өлкөдөгү экономикалык, социалдык көйгөйлөр көздөн далдаа артка жылгансып көрүнбөй калды. Эми Тэтчер баардыгынын үстүнө көкөлөй көтөрүлдү, өз партиясынын ичинде эле эмес, өлкөдө эч кимге лидерликти бербеди, кийинки эки шайлоодо да лейбористтердин таш-талканын чыгара жеңди.

Чечмелөө: Бир эле саясатта эмес баардык тармактарда сени атайылап эле ортону же борборду карай түрткүлөшөт, анткени бул дүйнө ушундай түзүлгөн. Ал эми чок орто бирден-бир өз ара ымалага келишүүчү жай болуп саналат. Айлана-чөйрөдөгүлөр менен ынтымакта болуу эң зарыл жана маанилүү дечи, бирок мунун абдан чоң коркунучтуу жагы да бар: дайыма эле карама-каршылыксыз жана элдешүүгө маш, жалпынын чечими үстөмдүк кылган саясий тилкеде жүрө берсең, бара-бара өзүңдүн жеке жүзүңдү жоготуу тобокелдигине  кабыласың да, акырында барып эч кимден өзгөчөлөнө албаган ортосаарлардын арасына кирип, биротоло жоголуп тынасың. Мунун ордуна өзүңдү жоокер катары көрүп, душмандардын курчоосунда калгандай, чоочундардын арасында жүргөндөй сез. Мындан улам өзүңдү дайыма салгылашууга даяр кармап жүрөсүң да, анын арты менен күчүңдү коротпойсуң, сактыгыңды жоготпойсуң.  Бул сенин эмнеге ишенериңди жана өзүң үчүн да, башкалар үчүн да эмне маанилүү экенин аңдап билүүңө жакшы жардамын тийгизет.

Терс жагы: болуп жаткан окуялардан дайыма кабардар болууң, душманыңды дайыма көзөмөлдөп турууң шектүү көрүнгөндү аңдымайга алууга катуу берилүү эмес, жөн гана ачык-айкындыкка умтулуу болушу керек. Көптөгөн өкүмдарлар адамдардын ар биринен душманды көрө берүүдөн улам, жан-жөкөрлөрүнөн курулай шектене берүүдөн улам тактыдан кулаган.  Алар чыныгы абалды сезе билүү жөндөмдөрүн жоготуп, өзүлөрүнүн эле баш айлантма шектенүүлөрүнүн курмандыгына айланышкан. Чыныгы душмандарыңа көзөмөл жүргүзүү менен сактыгыңды, көрөгөчтүгүңдү сактайсың, бирок бул бир гана өз башыңды жоготпоонун аракети. Шектенүүңдү ичке бекитип, эч кимге билдирбе, эгерде ката кетирсең бул тууралуу эч ким билбей калат, андыктан оңтойсуз абалда калбайсың.

2

Боло турчу салгылаштарды эле ойлоп жашаба: ойдогу партизандык согуш ыкмасы

Өткөн чактагы согуш

Напалеон Бонопартчалык (1769-1821-ж.ж) тарыхта эч ким бийликке тез жете алган эмес. Бир эле 1793-жылы ал француз революциячыл армиясынын капитандыгынан бригаданын генералдыгына чейин көтөрүлгөн. Ошондон үч жыл өткөн соң, тагырак айтканда 1796-жылы Италиядагы француз армиясынын башкы командачысы болуп дайындалган. Бул кызматка жаңылыш дайындалбаганын далилдеп, ошол эле жылы австриялыктар менен болгон салгылашта жеңип чыккан. Ушул эле өлкөнүн аскерлеринин үстүнөн болгон жеңишти ал андан үч жыл өткөн соң дагы кайталаган. 1799-жылы Франциянын биринчи консулдугу мансабына көтөрүлүп, ал эми 1804-жылы императорлук такка татыктуу болгон. Ошондон бир жыл өткөн соң 1805-жылы Аустерлиц салгылашуусунда Австрия менен Орусиянын аскерлерин дээрлик баш көтөргүс кылып талкалаган.

Көптөргө Напалеон кандайдыр укмуш адамдай туюлчу, ал жөн гана аскер колбашчысы эмес теңдешсиз кеменгер эле, согуш кудайы болчу. Ошентсе да Бонопартка таасирленбегендер да бар эле, мисалы прус аскербашчылары жөн гана анын жолу болуп жатканына ишенишчү. Алардын пикири боюнча Напалеон жүдөө, алсыз каршылаштарга кабылып, аларга катуу, чечкиндүү чабуул койгондон улам жеңип жаткан. Эгер ал бир эле жолу прус аскерлери менен беттешсе олуттуу сокку жеп, оңбогондой жеңилүүгө учурамак.

Ал кезде Прус колбашчыларынын көрүнүктүүлөрү Фридрих Людвиг жана князь Гогенлоэ-Ингельфинген (1746-1818-ж.ж)  болучу. Гогенлоэ Германиянын ак сөөк княздарынын тукумунан эле, анын ата-бабалары согуш майданындагы укмуштай жеңиштери менен даңкталышкан. Ал өзү да аскердик кызматын жаштайынан баштаган, болгондо да Пруссияны эч кимдин жардамысыз эле улуу дөөлөткө айландырган Фридрих II нин (1712-1786) башчылыгы алдындагы аскердик бөлүктө кызмат кылган. Гогенлоэ аскердик мансап тепкичинде прус чен-өлчөмү боюнча абдан тез көтөрүлүп, элүү жашында генерал болгон.

Гогенлоэнин пикири боюнча согуштагы ийгиликке аскердеги катуу тартип, уюштуруучулук жана эң алдыңкы аскер акылдуулары ойлоп тапкан ыкмаларды ыгы менен колдоно билүү алып келмек. Прус жоокерлериндеги ал айткан сапаттар башкаларга үлгү болгондой деңгээлде болчу. Анын үстүнө прус жоокерлерин башчылары тынымсыз машыктыруу менен абдан татаал ыкмаларды так жана кынтыксыз аткарууга көндүрүшкөн. Прус генералдары Улуу Фридрихтин салгылаштары менен жеңиштерин жан дилин бере үйрөнүшкөн. Алардын ою боюнча согушта математикалык эсеп сыяктуу так жүрүштөр, көңүлдөргө жадыбалдай жат ыкмалар, башкарууга ийкемдүү аскерди туура колдоно билүү жеңишке жеткирет. Напалеонду бул колбашчылар кара күчкө гана ишенип, башаламан аракет кылган жапайы чалыштарды баштаган корсикалык кызуу кандуу баш кесер катары мүнөздөшкөн. Алар өздөрүнүн аскердик жогорку билимин колдонуу менен жана согуша билгендиктери менен француздарды тымтыракайын чыгара жеңишеринен күмөн санашпаган. Француздар прустардын тартиптүү, күчтүү аскери менен беттешкенде жүрөктөрү түшүп, артын карай алдастай качып, Напалеондун жеңилбестиги тууралуу жомок жокко чыгарылып, акыры Европа баягы жай жашоосуна кайтып келмек.

Акыры 1806-жылы августа Гогенлоэ жана анын шериктерине көптөн күткөн күн келип жетти.  Прус королу Фридрих Вилгельм II Напалеондун аткарылбаган убадаларынан тажап, алты жумадан кийин француздарга согуш жарыялоо чечимине келди. Ага чейин ал генералдарына француздарды талкалоо планын түзүү тапшырмасын берди.

Гогенлоэ согушка эмес эле майрамга барчудай кубанды. Анткени анын ою боюнча бул жараян анын даңкынын таш жарышына, тарыхый эрдик жасоосуна, мансабынын көтөрүлүүсүнө шарт түзүп бермек. Ал көп жылдар бою Напалеонду талкалоонун планын түзүп келген, андыктан прус колбашчыларынын биринчи эле отурумунда бул долбоорун алардын алдына жая салды. Анда качан гана француздар өлкөнүн түштүгүн басып киргенде, ыңгайлуу жайгаштырылган прус аскерлеринин бир нече багытта чабуул коюуларынын тагдыр чечер күчү так таразаланган, убактысы мүнөтүнө чейин туура өлчөнгөн. Бул душманга кыйгачынан чабуул коюу – Улуу Фридрихтин жакшы көргөн согуштук ыкмасы болчу. Ал душмандын теңдешсиз күчтөрүнө оңдурбагандай катуу сокку урмак. Бирок башка колбашчылар да өз пландарын жылдырып, ар ким өзүнүкүн туура көргөн талаш бир жумага созулуп, ортого Фридрих Вилгельм III өзү түшүп, ал баардык генералдарды канааттандырган, талаш-тартыш туудурбаган согуштук долбоор иштеп чыкты. 

Өлкө эч кандай коркунучту сезбей, тескерисинче жакын арада кайрадан жакшы күндөр башталарынан, молчулук болорунан үмүттөнүп турган, баардык эле улуу делген прус королдорунун убагындагыдай алтын доор мына-мына башталчудай болгон. Генералдар Напалеондун жакын арада өзүнө согуш жарыяланарын, бул боюнча план түзүлүп, согушка даярдык жүрүп жатканын билбейт деп ойлошкон жок, анткени анын тыңчылары абдан жакшы иштешерин билишчү. Ошентсе да артыкчылык баары бир эле Пруссия тарапта болучу. Ал эми аскердик аракеттер башталганда аны эч бир күч токтото алмак эмес.

Бешинчи октябрда, башкача айтканда, согуш жарыяланар датага бир нече күн калганда генералдар укмуштай бир жаман маалымат алышты. Аскердик чалгындоо тобу Напалеондун аскер бөлүктөрү чыгышты карай өз-өзүнчө жол тартып, ыңгайлуу жерге барганда биригип, эми Пруссиянын түштүгүн карай чабуул койгону жатыптыр. Жаман кабарды алып келген чалгын тобунун наамы капитан башчысынын айтуусу боюнча француз жоокерлери зарыл оокаттары менен курал-жарактарын жондоруна көтөрүп, мындан улам алар эң бир тездик менен алга жылышыптыр. Бул ар кандай зарылдыктар менен кошумча куралдарды атайын арабалар менен ташыган прус армиясына караганда француздардыкы алда канча тез жана шагдам жүрүшкө ээ экенин айтып турган.

Прус генералдары түзгөн согуштук пландарын оңдоп, ошого жараша аракет кылууларын француздар күтмөк беле, алар ошол күнү түндүктү карай жүткүнүп, түз эле Пруссиянын жүрөгү Берлинди карай багытталышты. Генералдар не кыларды билбей карбаластады, алар талашып-тартышышты, сокку каяктан болорун алдын ала биле алышпай, аскерлерди бирде алга багыттаса, бирде токтотуп кайра башка аймакка баймактатып жатышты. Башчылар бири-бирин укпастан башаламан түшүүгө жакындап калышты. Жыйынтыгында король артка чегинүү буйругун берүүгө мажбур болду. Анын планы боюнча аскер түндүккө барып биригип, Напалеон кирип келгенде анын алдыңкы катарларын бүлүндүргүдөй катуу чабуулга чыкканы калды. Гогенлоэго прус аскерлеринин чегинүүсүн камсыз кылгыча француздардын алдын тосмолоочу арткы бөлүктөрдү башкаруу тапшырылды.

Он төртүнчү октябрда Напалеон Йендин жанында Гогенлоэни кууп жетип, анын француздар менен күч сынашсам деген көптөн берки кыялы орундалды. Эки жактын күчтөрү болжолдуу түрдө тең болчу, бирок ошол эле учурда француздар башаламан түшө аракет кылышып, башкаруусуз калгансыган согуш талаасында катардан же тартиптен жок бириндей чабуулга өтсө, прустар катуу тартипке баш ие, колбашчысы Гогенлоэнин оркестрдин дирижёру сымал жаңдоолору менен буйруктарын бир кишидей аткарып жатышты. Салгылаш катуу жүрүп, анда француздар Фирценлайхинген кыштагын басып алгыча ийгилик беттешкен эки колго улам алмашып келип турду.

Гогенлоэ аскерине аталган кыштакты кайра тартып алуу буйругун берди. Улуу Фридрихтин убагынан берки прус уставына ылайык бөлүктүн улуу барабанчысы дүңгүрөтө барабанын ургулаганда анын ыргагы менен, желбирттеген желектердин астында салтанаттуу жүрүшкө чыккансып Гогенлоэнин жоокерлери катарларын бузбай чабуулга өтүштү. Бирок бул чабуул ачык талаада коюлгандыктан кыштактын бак-дарактары менен үйлөрүнө жашынган, алардын үстүнө чыккан француздардын таамай мээлеген мергендери менен бат атылган мылтыктарына бута болуп беришти. Гогенлоэ ачуусу менен ызасынан өзүн жоготуп коё жаздады, ал аскерлерине токтоп, кайрадан тизилип жаңы чабуулга өтүүнү буюрду. Кайрадан барабан кагылды, жоокерлер шаңдуу жүрүштөгүдөй тизилип, арыштуу кадамдарын жасап, тактыктарын, тартиптерин бузбастан катуу чабуулга өткөнү менен баягыдай эле улам француздардын жандуу бутасына айланып, аралары суюлуп баратты.

Гогенлоэ эч качан мындай аскер менен мурда салгылашып көргөн эмес. Француз жоокерлери анын көзүнө желмогуз сымалданды. Тартиптүү аскерге окшобой туш келди жылып, башаламан аракеттерге баргансыган менен алардын бул тартипсиздиктери бир түзүмгө бириктирилген болчу. Айласы кеткен князь артка чегинүү буйругун берди. Йен салгылашуусу ошентип прустардын жеңилүүсү менен аяктады.

Ошентип антип-минткиче эле прус империясы катуу шамал тийген кагаз үй сымал бир заматта дайнын таппай калды. Алар улам бир шаарды артына калтырып артка чегинип баратты. Король чыгышты карай качты. Саналуу күндүн ичинде прустардын макталган аскерлеринин тымтыракайы чыгып, эч нерсе калбады.

Чечмелөө: Өлкөлөрдүн эле эмес өзүнчө адамдардын да мүмкүнчүлүктөрү чектелүүсүнө учурда түзүлгөн чыныгы абалдын жүзүнө тике карай албоочулук, нерселерди кандай болсо ошондой көрө билбестик алып келет. Биз улам эс тарткан сайын өткөн чакка көбүрөк байлана беребиз. Көнүмүш адаттар өз залакасын болушунча тийгизет. Өзүбүзгө чейин ойлоп табылгандар бузулгус ченем же мыйзам сыяктанып калат, алар ошол эле учурда учур чындыгын тосуп турган чел кабыкка да айланат. Чыгармачылыктын ордун кайталоо жана эскичилдик ээлейт. Биз өз ойлорубузду тескей албагандыгыбыздан улам, башыбызда эмне болуп жатканын билбегенибиздин айынан учурда болуп жатканды байкабайбыз.

Өткөн чактагы кызматыңар менен ийгиликтериңер өмүр бою бааланат деп эч качан ойлобогула. Өткөн чактан бошонуп, учурга тартынбастан аралашып, ага туура баа берүү абдан зарыл. Өткөн чактын согуштарын тууроо, анын жолдоруна салуу акыркы салгылашыңар болуп калышы мүмкүн.

Терс жактары: Мурдагы согуштарды кайталоодо эч кандай маанилүүлүк да, талап кылынган зарылчылык да жок. Бирок мындай арты жаман аракеттерге барууга шайланып жатканыңда сенин каршылашың да өзүң сыяктуу эле өткөн чактан сабак алууну, аны учурга шайкеш келтирүүнү ойлонуп жатышы мүмкүн. Аскер тарыхында кээ бир шерменделүү жеңилүүлөр мурдагы тажрыйбалардан сабак албагандыктан эмес, душмандын аракеттерине туура баа бербегендиктен улам келип чыккан. Эстеп кой: жеңилүү ызасы өтө күчтүү болгондуктан жана абдан коркуп калгандыктан жеңилүүчүнүн эми эч качан салгылашууга каалоосу ойгонбоосу толук мүмкүн. 

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз