Улуттук адабият боюнча үч соболго жазуучу Айбек Абдылдаевден жооп

1) Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби?

Жооп: Оомат деген ооп-төгүлүп турган нерсе эмес экен да. Ооматты дагы мээнеттенип, талашып, жулуп албасаң, анын качан келип-кеткенин аңдабай да каласың. “Кыргыздар дээринде көркөм сөзгө жакын, төрт саптын башын кошуп ыр жазбаган кыргыз жок” дегенибиз менен масштабы жагынан алганда, дүйнөлүк алкакта таанылгандары саналуу эле. Ооматы дегенде ошону айталыбы? Ошондой, адабияттын ооматы ошол болсо керек.

Менин пикиримде, өзүн жазуучу-акын эсептеген чыгармачыл кишилер такай даяр форманы ээрчип, арыктын нугу менен ага бербей катуу изденип, доордун күрөө тамырын кармай билбесе, анда ооматтын оошуп келиши кыйын. Айталы, азыр дүйнөдө китептери көп сатылган авторлордун бири – америкалык жана түрк жазуучусу Элиф Шафакты алалы. Анын суфизмге негизделген  романдарында бүтүндөй адамзатты бушайманга салган суроолорду козгойт. Фанатизм менен сүйүүнүн чеги кайда деп суроо салат? Анын жообун издейт.

Кудайды сырткы формада эмес, жүрөгүңөн изде дейт чыгармаларында. Миграциянын азап-тозогун, кишилердин жандүйнөсүндө, жеке жашоосундагы чагылышын берет. Кыскасы, азыркы биз жашап жаткан доордогу бизге көп байкала бербеген, бирок барган сайын бизге жакындап келе жаткан коркунучтарды эскерткендей кабылдайт окурман. Жалаң акыл менен эле жашаган киши өтө муздак, таш боор экен. Ал эми сезим жүрөктү жибиткен, жылуулук берген кудайдын адамга ыроологон бир асыл туюму го. Ошон үчүн адабияттагы чыгармалардын өтө эле акылдуу боло бермеги да жүрөккө жете албайт. Негизи бизде “акылдуу” чыгармалар толтура да.

2) Окурмандардын кеңири катмарына жайылтып, базарын кайнатар авторлорубуз барбы, болсо кимдер? Буга чейин мыкты чыгармаларды жазган кайсыл авторлорду жана кайсыл чыгармаларды этибарга албай унутуп кеттик?

Жооп: Жакында эле белгилүү жазуучу Султан Раевдин аңгемелер жыйнагы колго тийип калды. “Пусу” деген аталыш менен жарык көргөн экен. Мурда бул кишинин чоң-чоң романдары окурман журтуна белгилүү. Бирок алардын атайын даярдыгы бар эле кишилер окуп түшүнбөсө, терең, ошонусу менен татаал романдар. Бирок аңгемелери шыр окуп, дароо кабылдай турган жеңил тилде жазылыптыр. Ошол эле маалда романдын оор жүгүн көтөргөн ойлорду козгоптур. Азыр жазуучунун соңку жарык көргөн “Топон” романын окуп жатам. Арслан Капай уулу Койчиев дагы бир жаңы романын жазып бүттү. Айрым үзүндүлөрү менен тааныштым. Менимче, ушул эки автор барандуу баратат.

Биздин өмүр – өткөн чак, учур чак, келер чактан турат эмеспи. Бул авторлор мына ушул чактарга ой-чабытын жүгүртүп, окурманды да түйшөлткөн санаага сала алат. Мына ушунусу менен алар окурманга жетет деп эсептейм. Кээде өзүмчө ойлой берем: таңгөрүү, ушул Ашым Жакыпбеков энергиясынын баарын, бүтүн өмүрүн котормого кетирбегенде не деген жазуучу болор эле. Таланттуу бирок, баркталбай калган жазуучу же акын болсо, мезгил анын чаңын сүртүп, бир күнү жарк эттирип чыгара берет. Классика деген ошол да. Кайсыл доор, кайсыл муун болбосун, ал дайыма актуалдуу.    

3) Өрнөктүү адабияттын салттуу жолун канткенде түптөйбүз? Деги кыргыз адабияты салттуу жолун тапканбы, же башка улуттар адабиятынын жетегинде эле келгенби?

Жооп: Кыргыз адабиятынын эң чоң байлыгы – фольклор. Башкаларга окшобогон, терең жана шар. Демек, башаты укмуш да. Азыркы популярдуу болуп жаткан фэнтези чыгармалардын кимиси “Эр Төштүккө” теңтайлаша алат? Ошондуктан бул жагынан өксүгүбүз жок. Өксүгүбүз – акыркы жылдардагы “застой” абалыбыз болду. Мурдакыдай эле төрт сапты тизип ыр жазып, мурункулар айтып өткөн махабатты, көралбастык, ичи тардыкты сөгүп, кейиштүү турмушка малынып жүрө бергенде, жетекте жүрө беребиз да. Азыр коронавирусту алдын алууда “Тест, тест жана тест” дегендей, адабиятта  “майдалануу вирусунан”  чыгып кетүүнүн жолу дагы изденүү жана изденүү, жаңы форма...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз