Биз каалабаган жана жагымсыз нерселерден жамандыкты гана көрөбүз

  • 07.09.2021
  • 3913

Адамдар эмне үчүн Кудайды сүйөт да, бирок бири-бирин жек көрөт? Бул жөнүндө индия философу Шри Ауробиндонун асыл ойлору.

Белгилүү Индия гурусу, йог, философ Шри Ауробиндо артында көп сандаган китептерди жана акылман ойлорду калтырган. Ал ойлор адамдын мыкты сезимдерин козгойт, аларды окуп коюу ашык болбостур...

Бул кызыктуу жана акылман адам сүйүү жана адам тагдыры тууралуу көп ойлонгон. Мисалы, ал көралбастыкты накта кылмыш, а өзүмчүлүктү адамзаттын негизги күнөөсү деп эсептеген.

Көралбастык жана өзүмчүлдүк Ауробиндонун пикири боюнча жараткандын амирине таптакыр карама-каршы нерселер, ошондуктан алар менен аёосуз күрөш жүргүзүү керек.

Философ сыртынан караганда такыба көрүнүп, кудай жолунда жүргөнсүгөн адамдар бир эле учурда Кудай жолунда жүрүп жана бири-бирин көралбай жек көрүшөрүнө катуу таң калыптыр. Анткени, ар бир адамда, жаныбарларда, өсүмдүктөрдө Кудайдын мөөрү бар эмеспи, эгерде Кудайды сүйсөң, сөзсүз бүткүл дүйнөнү сүйүшүң керек да. Алар бири-биринен ажырагыс нерселер эмеспи. 

Ал эми мындай тандап сүйүүнү Ауробиндо туура эмес деп эсептеген.

“Таң калыштуу: адамдар кудайды сүйө алышат, бирок адамзатты сүйгөнгө жөндөмсүз. Алар деги кимди жактырат?” Ауробиндо

Ауробиндо адамдар эмне үчүн өздөрүнүн башындагы төөдөй кемчиликтерин көрбөй, башка бирөөнүн ийненин көзүндөй жаман жактарын көрүп, бири-бирин ушакташарын түшүнгөн эмес.

Ойчулдун пикиринде: жашоодо биз башкалардан өзүбүзгө жакпаган кемчиликтерди көрөбүз жана аны кабыл албайбыз. А бул – өзүмчүлдүктү таштап, жакшы жакты карай өзгөрүүгө болгон чоң мүмкүнчүлүк.

Кудай адамга өзүнүн өзүмчүлдүгүн жоюуга чоң мүмкүнчүлүк берген. А адам ага өз күнөөсүн сезбестен, башкалардын кемчилигин жакшы көрүүсү менен жооп берди. Ауробиндо

Шри Ауробиндо мындан тышкары адамдардын жаман, жакшысы болбосун кайталап айткандан тажаган эмес. Бардыгын бирдей жакшы көрүү керек: ким бизге түшүнүктүү жашоо сүрсө дагы жана биздин оюбуз боюнча туура эмес жашагандарды дагы.

Башкалардын кемчилдигин көрүп, аны жамандабаган адам философтун ою боюнча жан-дүйнөсү эң таза адам.

Ал жөнүдө ал минтип айткан:

Мен билимим тайкы кезинде өзүмдө толтура кылмыш, күнөө жана булганыч нерселер болсо дагы, кылмышкерлерди, күнөөкөрлөрдү, турмушунан бузулган адамдарды көргөндө жийиркенчүмүн;

Качан гана тазаланып, көзүмдү калкалап турган пардадан арылганда, жан-дүйнөмдө ууруга, адам өлтүргүчкө башымды жерге жеткиче ийип таазим кылдым, ал эми аягы суюктун таман алдына жыгылдым;

Анткени ал жандар биз үчүн бардык жамандыктардын оор жүгүн көтөрүп, биз үчүн ачуу ууну – ушул дүйнөлүк океандын ыплас көбүгүн ичкенин көрдүм. Шри Ауробиндо

Мына ушинтип, адамдардын негизги жаңылыштыгы, алар дүйнөнү жакшылык менен жамандыкка бөлүп, адамды Кудайдан алыстатышат жана  өздөрүнө түшүнүктүү жана кабыл алынган гана нерселерди жакшы көрүшөт.

Ошол эле убакта Ауробиндо минтип айтат: “Эгерде өңү өчүп, соолуп бараткан гүлдөн Кудайды көрө алсаң, сен Анын эң жогорку чындык экенин түшүндүң”. Анан ага: “Чөгүп бараткан кумурсканы сактап калуу – империяны түзгөндөн да бийик иш” – деп кошумчалаган экен.

Адамдарда жек көрүү жана бири-бирине болгон чыдамсыздык мамиле Ауробиндонун пикиринде талаш-тартыш учурларында айрыкча көрүнөт. Ар ким өз айтканын бербей жатып, башканын далилдерин уккулары да келбейт. А эгерде көйгөйгө кененирээк караса, өзүнүн ой чабытын бир топ кеңейтип алмак.

Бул даанышман ой болбогондо эмне дейсиз?

Оо, талаш-тартыштын артка чегинбес каарманы, эгерде талаштын жеңүүчүсү болуп чыксаң, сага чын ниет менен боор ооруса болот; анткени сен өзүңдүн билгендериңди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылдың. Ауробиндо

Эми Шри Ауробиндо адамдардын эң негизги суроосуна кантип жооп бергенин караңыз: эмне үчүн акмак адамдар көпчүлүк учурларда узак жана бактылуу жашашат, а жакшы адамдар кыйналып, аз жашайт? Бул эмне Кудайдын акыйкатсыздыгыбы?

Ойчул муну мындай түшүндүрөт: бизге, адамдарга көбүнчө жогору жактын оюн жана көп нерселердин чыныгы маанисин түшүнүү мүмкүн эмес. Биз жаман деп эсептеген нерселер, балким чындыгында андай эмес болушу мүмкүн.

– Адегенде мага ажал жана кырсык – булар жамандыктар экенин далилдеп бергилечи; мага кээде алардын келген көз ирмеми биз үчүн жыргал нерседей сезилет. Бирок биз каалабаган жана жагымсыз нерселерден жамандыкты гана көрөбүз. Ауробиндо

Кыскасы, бул айтылган пикирлер тууралуу ойлонуп көрүү ашыктык кылбастыр, сиз кандай дейсиз?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз