Уланбек Ашырматов: Коронавирус алып келген оош-кыйыштар

Коронадан кийин кандай дүйнө пайда болот жана бул дүйнөнү кимдер калыптандырат? Биз үчүн эң негизгиси, биздин өлкө жана жарандык коом жаңы дүйнөдө ордубузду сактап калуу үчүн кандай даярдыктарды көрүп, эмнелерди аткарышы зарыл?

Коронавирус илдети бир топ өзгөрүүлөрдү алып келери анык болуп калган сыяктуу. Бул илдеттин чегара, саясий күч тааныбагандыгы айтылып келет. Чындыгында мамлекеттерди мажбурлай турган бир топ өзгөрүүлөрдү орундатаары күтүлүп жаткандыгы да буга мисал болушу мүмкүн. Алсак жакынкы келечекте экономикалык, саясий, технологиялык жана философиялык чоң өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн.

Экономикалык таасири

Дүйнө жүзү жана өлкөбүз учурдагы «Коронавирус» кризиси менен алпурушуп жаткан кезде, көптөгөн изилдөөчү адистер келечектеги дүйнө өтмүштөгү сыяктуу болбой тургандыгын божомолдошууда. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин калемгери Томас Фридман, бул кризис «Коронадан мурда, Кородан кийин» аталышындагы жаңы тарыхый этаптын башталышынан кабар берерин атады. Либералдык демократиялардын алсызданып, бүтүндөй дүйнөдө экономиканын рецессияга (соода-экономикалык кыймылдын солгундоосу) учурай тургандыгы, посткапиталисттик системага өтүүнүн жоромолдору айтылууда.

Саясий таасири

«Sapiens» китеби менен дүйнөгө таанылган, белгилүү тарыхчы Юаль Ноах Харари авторитардык режимдер бул абаладан күч топтоо менен чыга тургандыгын белгилөөдө. Жалпы адамзаттын учурдагы абалы укук, саясат, экономика, билим берүү, маданий жана социалдык байланыштар түп тамырынан өзгөрүүгө учурай тургандыгы ашкере дымактуу риторикага айланды.

Бул жерде Харари авторитардык режимдер жеке кызыкчылыгын коронавируска каршы күрөшүү абалын колдонуу менен дагы да бекемдеп алуу коркунучуна токтолууда. Тактап айтканда, өзгөчө абалда колдонулган мүмкүнчүлүктөрдү жана жаралган шарттарды, эпидемиялык абал өткөн соң жеке бийлигин күчтөндүрүүгө колдонуп жиберүү коркунучу актуалдуу бойдон калып жаткандыгын айтууда. Бул коркунуч биздин өлкө үчүн канчалык маанилүү – билүү кыйын. Бирок кантсе да тийиштүү бийлик бутактары муну да эске алып койсо ашыкча болбойт.

Технологиялык таасири

Жасалма интеллект, цифралык/санариптик технология, биотехнология жаатындагы өнүгүүлөр жогорудагы талкуулардын очогунан орун алууда. Экономика, медицина, билим берүү жана социалдык байланыштардын санариптешүүгө өтүп жаткандыгы ансыз деле көптөн бери айтылып келе жаткан болчу. Корона илдети менен биргеликте саясат, укук, соода-экономика жана дипломатиянын да санариптешүүгө ылдам өтө тургандыгы ачык-айкын байкалып калды.

Дүйнөлүк тажырыйба акырындык менен 4.0 өндүрүш дооруна өтүп баратканы барыбызга маалым. Канчалык кесе сүйлөө азырынча мүмкүн болбосо да, коронавирус өндүрүш доорунун 4.0 деңгээлине тезинен өтүшүн шартташы мүмкүн десек болчудай. Маалым болгондой бул өндүрүштүк баскычтын эң негизги өзгөчөлүгү катары өндүрүштө жана кызматтык тейлөөдө адам ресурсуна муктаждыктын кескин азайышы айтылат. Бул болсо массалык жумушсуз катмардын жаралышына алып келет. Бул учурда жумушсуз катмар өндүрүмгө салым кошпостон, кайсыл принциптин негизинде киреше таап, жашоосун улантаары – азырынча эң чоң гуманитардык маселе катары бүдөмүк бойдон калууда...

Мындан сырткары эң негизги маселе, «инсан» түшүнүгүбүз өзгөрүп жатат. Инсан, кол алышып учурашканга опурталдуу, «күмөндүү, коркунучтуу» бир жандык катары кабыл алынууда. Жугуштуу оорулардан улам инсан менен инсандын мамилеси кооптуу деп табылып, инсан-технология-инсан мамилесине шарт жаратылып, натыйжада дистанттык билим берүү, дистанттык саясат жана дистанттык соода-экономикалык системага өтүүгө негиз түзүлүп жаткандай таасир калтырууда.

Мындай санариптик дистанттык мамиленин артыкчылык жана кемчиликтерин аныктоого көп убакыт керек экендиги маалым. Бирок учурдагы билим берүү, соода-экономикалык сыяктуу коомду бири-бирине байлап турган схемаларды олуттуу өзгөрүүгө алып келери анык болуп калды. Көрөгөчтүк кылып эрте кадамдар ташталса мамлекеттер үчүн бул учур бир артыкчылык болушу мүмкүн болгондой эле, кенебестик менен мамиле кылынган учурда кемчилик, жоготуулар да болушу мүмкүн.

Фридмандын жогорудагы божомолу туура чыкса, мындай суроо туулат: КОРОНАДАН кийин кандай дүйнө пайда болот жана бул дүйнөнү кимдер калыптандырат? Биз үчүн эң негизгиси, биздин өлкө жана жарандык коом жаңы дүйнөдө оордубузду сактап калуу үчүн кандай даярдыктарды көрүп, эмнелерди аткарышы зарыл болот?

Коронавирус сыноосу жана Кыргызстан

Коронавирус илдети аркылуу жогоруда биз сөз кылган үч негизги өзгөрүүлөр жана алардын таасирлери Батыш өлкөлөрүнүн талкуусунда болгондугуна карабастан, тилекке каршы, өлкөбүздө бул темалар жогоруда ортого коюлган перспективада талкууланбай келет.

Табияттын жана инсандын кыйроосуна каршы чара көрүү – бул негизги милдетибиз. А мындай милдетти, аты аталган маселелерге байланыштуу так жана туура маалыматтарга ээ болуп, өз ара түшүнүшүү менен биргеликте ой-толгоо, чара көрүү, системалуу иш план иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу аркылуу аткара алабыз деп ойлойм.

Бул жерде коронавирус табигый жол менен жайылдыбы же жасалма ыкма менен лабараторияда өндүрүлүп жайылтылдыбы, учурдагы абал пландуу көзөмөл кылынган биотерроризмби же биологиялык согушпу деген спекулятивдүү жоромолдорго кирүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени учурда бул суроонун жообу биз үчүн негизги мааниге ээ эмес. Вирус кандай жол менен тараса да натыйжасындагы абалга биздин өлкө жана коомдун канчалык даяр эмес экендиги көрүнүп калды.  

Бирок кеч болсо да абалдан чыгып кетүүгө карата жасап жаткан иштери жакшылыктан үмүттөндүрөт. Ал эми коомчулуктун маалыматтык жана аң-сезимдик жактан мындай кризиске даяр эместиги, бийликке болгон ишенимдин жоголгондугуна байланыштуу реакциясы – абалды ого бетер күчөтүп жаткандыгы да көрүнүп калды. Бийлик менен элдин бири-бирине болгон ишеними, бул абалга каршы күрөшүүдө канчалык зор мааниге ээ экендиги Сингапур мисалынан жалпыга маалым. Өлкөнүн эли өкмөттүн бардык буйруктарына ишенимдүүлүк менен мамиле жасагандыгы үчүн коркунуч өз күчүн толук көрсөтө электе жер менен жексен кылынды.

Эл менен өкмөт ортосундагы солгун мамиле, албетте, мындай учурда да өзүнүн терс таасирин тийгизиши табигый көрүнүш. Саясий элита туура эмес кадамдардын катаал натыйжаларын ушул окуядан дагы бир жолу көрүштү окшойт. Өзгөчө шайлоого аттанган болочок аткаминерлер абалды туура талдай билишсе чоң сабак болуп бере турган окуя болду десек болот.

Көрүлгөн чаралардын күнгөй-тескейи

Учурдагы абалдан чыгып кетүү үчүн көрүлгөн чаралар, адамдын/жарандардын дене түзүлүшүнүн саламаттыгын коргоого жана сактоого карата иш-аракеттер экендиги белгилүү. Бул иш-аракетер менен биргеликте адамдын моралдык, жан дүйнө, жашоо-өмүр-өлүмдүн маани-маңызына байланыштуу көз караштарынын саламаттыгына да системалуу кам көрүлүп, адамдын дене түзүлүшү менен моралдык жан дүйнө саламаттыгын да сактоо иш-аракеттери аткарылган учурда натыйжалуу күрөш болор эле.

Дене түзүлүштүн саламттыгы физикалык чараларды көрүүдөн башталса, аң-сезим менен жан дүйнө саламттыгы барлыкты жана барлыктардын ортосундагы байланышты туура таанып-билүүдөн башталат эмеспи. Коомдук жашоодогу жарандардын биологиялык саламаттыгын сактоо үчүн укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүп жатышат. Вирусту жуктуруп албоо жана мындай абалдан чыгып кетүү үчүн өтө зарыл муктаждык жаралмайынча сыртка чыкпоого, иммунитетти жогорулатуу үчүн өздүк гигиенаны сактап, туура тамактанып, туура уктап, иммунитеттин жогору болушу үчүн организимдин туура заттарды бөлүп чыгаруусу үчүн ар дайым маанайды бийик тутууга байланыштуу пайдалуу кеңештер айтылып жатат.

Бирок кокустан эле үйгө камалып отуруп калган жаштардан тартып карыларга чейинки жарандардын психологиялык абалы, мындан улам психо-социалдык маанайын көтөрүүнү жөнгө салууга байланыштуу атайын иш-план, пакеттик кызматтарды даярдоонун зарылдыгына басым жасагым келет. Адамдын саламаттыгы физикалык, биологиялык муктаждыктарды орундатуу менен чектелбейт. Анын жан дүйнө, аң-сезим саламаттыгын да камсыздаган учурда ага толук кам көргөн болуп эсептелебиз. Андыктан бул өткөөл учурда үйгө камалып олтурган мекендештердин маанайын жогору көтөрүү максатында атайын телеберүүлөрдү уюштуруу зарыл. Бул багытта атайын концерттик берүүлөр, бир топ жаатта тийиштүү адистер менен мыкты телемаектер, илимий негизге таянган (мурда даярдалган) даректүү тасмаларды эфирде берүү максатка ылайык болот.

Зарылдыгына басым жасагым келген багыт боюнча бул макалада жетиштүү талкуулоо мүмкүн болбогондуктан, кайгы-кападан кутуулуунун жолдору, мындай учурларда дүрбөлөңгө түшпөй аң-сезим менен жан дүйнөнүн саламттыгын сактоого байланыштуу кыскача токтоло кетким келди.

Аль-Киндий, «Кайгы-кападан кутулуунун жолдору»

Ислам ахлак философиясында адамдын жашоодогу максаты, кайгы-кападан кутуулу жана бактылуулукка жетүү деп каралган. Биз бул макалада учурдагы кырдаалга жараша кайгы-кападан кутуулуунун жолдоруна гана токтолмокчубуз. 800-866-жылдар арасында жашаган алгачкы мусулман философ катары таанылган Аль-Киндий «Кайгы-кападан кутулуунун жолдору» аттуу эмгек калтырган. Ал өз эмгегинде «колунда бар нерсени жоготуу же ээ болууну каалаган нерсеге жетине албагандыктан пайда болгон напсистик бир оору жана өлүмдөн коркуу сезими» катары аныктаган кайгы-капанын себептерин жана анадан кутулуунун жолдорун жазат.

Аль-Киндинин көз карашында мындай учурда сунуштала турган жөнөкөй чаралардын бири: кайгы-капа өзүбүздүн кыймыл-аракетибизден же башкалардын кыймыл-аракетинен болгондугун аныктоо керек.

Алгач кайгы-капага себеп болор кыймыл-аракеттерден оолак болуу керек. Андан кийин мындай кыймыл-аракетти жөнгө салуу биздин колубузда болуп болбогондугун кароо зарыл. Эгерде кайгы-капаны токтотуу биздин колубузда болсо, кайгы-капаны жаратуучу кыймыл-аракетке тоскоол болуу биздин милдетибиз болуп эсептелет. Кайгы-капаны жаратуучу кыймыл-аракетке тоскоол болуу биздин колубузда болбосо, башыбызга келелек балээни, башыбызга келет деп күтүп кайгыга батуу наадандык болуп эсептелет. Биз колубуздан келген чараларды көргөндөн кийин, биздин мүмкүнчүлүктөрдү ашып өтүп келген балээ, кайгыга сабырдуулук менен туруштук берүүгө аракет кылуубуз керек.

Аль-Киндинин көз карашында; мээбиздин иштөөсүнө ар дайым тоскоолдук жаратып, кайгы-капага себеп болгон нерселердин дагы бири – бул өлүм жана андан коркуу. Инсан дене түзүлүш, акылга ээ болгон жана өлүмдү башынан өткөрүүчү жан болгондуктан, натыйжада өлүм кайгылуу бир жамандык катары эмес, өз табиятыбызды толуктаган бир жараян катары каралышы керек. Ошондуктан өлүмдү каалабоо, адамдын жаралышын же бар болушун каалабоо, же адам табиятынын өзгөрүшүн каалоо дегендикке жатат. Мындай нерсени талап кылуу – логикага каршы, тактап айтканда, туура эмес. Бул нерселердин табияты жөнүндөгү билимсиздиктен пайда болгон өлүмдөн коркуу сезими – толук кандуу адам үчүн кемчилик катары көрүлөт. Мындан бизди бир гана акыл-эс куткарат. Тактап айтканда, миф жана жөө жомокко каршы күрөштү бир гана акылдын, логиканын принциптерине таянып жүргүзгөн учурда гана ийгиликке жетүү мүмкүн.

Корутунду

Бул жашоодо кайгы-капага чөмүлбөй, эгерде башыбызга кайгы-капа келген учурда андан кутулуу үчүн, ушак-айың аңдыбай, чын төгүнү такталбаган маалыматтарга дүрбөлөңгө түшпөй, Кудай берген акылды бирөөлөргө ижарага берип, көрүнгөндү ээрчип кете бербөө зор мааниге ээ. Анын оордуна өзүбүз жашаган физикалык жана социалдык чөйрөнү окуу, изилдөө, таанып-билүү аркылуу туура маалыматка ээ болуу керек. Мына ушул жерде туура жашоо үчүн билим берүү жана билим алуунун канчалык маанилүү экендигин аңдоого болот.  

Дүйнө эли жана өлкөбүздөгү жарандар дүрбөлөңгө түшүп, кайгы-капага чөмүлүп турган кезде, бул макалада эмне үчүн Аль-Киндинин бул эмгегине кайрылдым. Себеби дүйнөдөгү бардык адамдардын дини, улуту, расасы, социалдык статусу жана идеологиялык көз караштары ар башка болгондугуна карабастан, көзгө көрүнбөгөн бир вирустун каршысында биологиялык орток өзгөчөлүктөрүнөн улам, баары бирдей алсыз инсан экендиги айгинеленип калды.

Аль-Киндий кайгы-капанын себеби катары белгилеген, «колунда бар нерсесин жоготуу коркуусу, арзуулаган нерсесине жетпей калуудан коркуу жана өлүмдөн коркуу сезими»  учурда орток биологиялык, психологиялык өзгөчөлүктөргө ээ бардык адамдарды бирдей ээлеп алды. Буга каршы күрөшүү да орток болушу керек деп ойлойм.

Мындай коркуу сезимдер, учурдагы жана жакынкы келечектеги белгисиздиктен улам жаралган кайгы-капа, жалпы жарандарыбызды кабатырга салганы чындык. Бирок балээ келбеши үчүн тийиштүү чараларды көрүп, чаралар көрүлгөн учурда да бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү ашып өтүп келген балээлерге сабырдуулук менен туруштук берип, тартип сакчыларына баш ийип, учурда колунда бар жарандардын ыктыярдуу материалдык жардам көрсөтүү демилгелери туура жана максаттуу улантылып, ынтымак, тартип, ишеним менен биргеликте чогуу иш алып барсак ийгиликке жетебиз деп ишенем.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз