Үрүниса Маматова: Эже-дос

(Медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокаловага)

ТИРҮҮСҮНДӨ АЙТУУ КЕРЕК ЖАКШЫ КЕП,
ТИРҮҮСҮНДӨ БААЛОО КЕРЕК КИШИНИ.
ЖАКШЫ АДАМДЫ КӨЗҮ БАРДА: «ЖАКШЫ» ДЕП
КӨЗҮ БАРДА ӨТӨ ЗАРЫЛ ТҮШҮНҮҮ.

Улук башын кичик кармап сыпайы,
Улуулуктун белгилерин тутунган
Сиз жолуккан кычыраган Кыш айы –
Периште ойноп менин чукул тушумда…

Кирген суудай күркүрөгөн бир мезгил
Күчү даарып жарык, жакшы сөздөрдүн,
Ошол сыйлап турат окшойт бул кезди,
Бириктирди касиети өз жердин.

…Кылкылдаган кылым, доор алмашты,
Андагыдан, о, мен канча өзгөрдүм!
Ала-Тоодой башымды ак кар басты,
Опол тоодой очорулган кез келди.

Бар кезинде бааланбаган ден соолук
Бактымды алып учуп кетти башымдан.
Ага болбой маңдайымда эң сонун
Улуу сөздүн ак гүлдөрү ачылган.

Ал гүлдөрдүн көркү менен жытынан
Тартылыштык чейрек кылым чегинде.
Кубаттандык Кара-Кулжа кутунан,
Табияттан тартууланып берилген.

Ыйлап-ыйлап Ырыспайдын ырлары
Баянды алып барган экен мен жазган.
Жазуу эле жалганы жок бир дагы,
Жаздым эле көңүлүмдү сел баскан.

Ыйлаткан бейм көкжал кызын бөрүнүн,
Сыздаткан бейм Ырыспайдын сыныгы.
Жеткен экен жүрөгүмдөн төгүлүүм,
Жазбай жүрүп жазган элем бугуму.

Жол баяны. Тагдырдагы көрүшкөн -
Ыйлаганы, ырдаганы залкардын.
Ал күндөргө ырдап-ыйлап өлүшкөн
Он жети жыл өтүп барып жан салдым.

Он жети жыл уктап калып ойгондум,
Он жети жыл өлүп калып тирилдим.
Биздин үч күн – залкар концерт койгон күн
Болсун дедим миң кылымдан тирүү күн.

Анын улут куту экени билинбей,
Көптөр кыял-мүнөзүнө түшүнбөй,
Ырдап жүргөн кишилердин бириндей,
Кыргыз кырк жыл күндө көргөн түшүндөй

Кармана албай, жоруй албай өткөрдү.
Күлүп жүрдүм кекээр, ыза аралаш
Күйгүзгөнсүп үйлөшкөндө өчкөндү.
«Кыргыз салты – тирүүсүндө карабас», -

Дейин десем, бут адамзат ошондой,
Кут тааныбайт куштай учуп кеткиче.
Өзүн-өзү өгөйлөөдөн бошонбойт
Өз баркына башка бирөө жеткиче.

Ыйлап-ыйлап Ырыспайдын ыр-жаны
Мени Сизге издетипир, «Бар, - дептир,
Зарыктырган замананын курманы
Болтурбаска болот, кабар ал!» - дептир.

«Тирүү болсом, көтөрмөкмүн төбөмө -
Ырдайт элем бүт ырларын зымырык.
Жан дүнүйө дүнүйө эмес жөн эле,
Мен үчүн да барып, баалап, ырын ук,

Баргын, сага аманат» деп зынарлап
Өтүнүптүр, тапшырыптыр ишенип.
Залкар жаңсап, мен да Сизге ыр арнап
Отурам го жан-жүрөгүм түйшөлүп.

Эч нерсе жок сыйлашуудай, сүйүүдөй.
Эмне жетсин жылуу, жарык көңүлгө.
Сый-сүйүүсүз тирүү өзүн тирүүдөй
Сезбейт. Жашоо айланат бүт төгүнгө.

Мени Сизге издеттирип таптырган,
Улуу ишке багыттаган – Жараткан.
Улуу киши аманаттап тапшырган.
Сууну бойлоп баратабыз шар аккан.

Төрөлгөндө муза менен оозанып,
Торолгондо таанып көркөм дүйнөнү.
Мына ушундан кубаттанып, оож алып,
Китеп экен табитиңиз сүйгөнү.

Окубаган китебиңиз калбаптыр,
Бүт дүйнөлүк жарык менен жаркырап.
Ушул мезгил окурманга зарлап тур,
Көздөн учуп көңүлдөгү шамчырак.

Жыйырма жыл мурда Сизге Периште
Кабар айтып: «Жолугууга жүр»,- дептир.
Ой түшүптүр жардам, шыпаа беришке.
Ниетиңиз, көңүлүңүз дүрбөптүр.

Жол түшпөптүр, бирок анда келишке,
Маңдайдагы жазууларга жараша.
Анда ажалды жарагамын жеңишке,
Өмүрүмдү алгам өзүм талаша.

Жабыркаган жандүйнөгө тез жардам
Зарыл болуп турган чакта кездештик!
Ырларымдын ымыркайдай көзжарган
Ысырапка учураарын сезбепмин.

Бул ырлардын кимге жетет убалы?
Же булардын жеткен барбы баркына?
Сарамжалдап сактап бирөө угабы?
Ылайыксыз рыноктун шартына.

Бай-бийлерди басып алган халтура,
Тантырашып талкалашты табитти.
Балдырашып бара берип тартууга,
Баркы кетти поэзия чабыттын.

Сиз ушинтип, каптаганда кризис,
Күндөй болуп чыга калган булуттан,
Куткаруучу Периштенин бирисиз,
Кислороддой Муза үчүн думуккан.

Эки дүйнө таланттарын түгөлдөп,
Өлгөндөрүн тирилткендей эскерип…
Көркөм дүйнө, көркөм өнөр түк өлбөйт.
Тирүүлөргө коюп тирүү эстелик,

Өчүн алып «Титаниктин» кыйраган,
Өлбөстүктүн кыйырына беттедик.
Жаратканга шүгүр бизди сыйлаган,
Кеме менен кошо чөгүп кетпедик.

Куткаруучу тирүү жанды жыйнаган
Калкып жүргөн өлүктөрдүн ичинен,
Түндү жара кыйкырыгын тыйбаган
Эске түшөт. Сизди ошондой түшүнөм.

Ар бир жанды колдоп, коргоп калкалап,
Кудай болуп кете жаздап токтойсуз.
«Жашай берсек жакшылыкты аркалап,
Бу дүйнөдө жаман деген жок», - дейсиз.

Айкөлдүктө актан кара бөлүнбөйт,
Жууп-чайкай берет актап, тазалап.
Маңдайында турган Жинди көрүнбөйт,
Көзгө урунат артындагы Азамат.

Аркарларын баштап Кара-Кулжанын,
Аруулукка, бийиктикке нускайсыз.
Туйгундардын туюкталып турганы
Арман болсо, Ааламга алып чыккайсыз.

Күчтүү нурду тосуп, Күндү жашырып,
Кара булут каптап калса асманды,
Сиз аркалуу Кудай шамал чакырып,
Жакшы көрөт окшойт күндү ачканды.

Үлгүсүндөй сулуулуктун, сымбаттын,
Үйдүн куту, баркыңызда сырттагы
Кылтамырчы мүнөзүндөй кылдаттык,
Заңгыраган замананын сырттаны!

Достук-кастык үчүн бирооз кеп жетээр.
Кастан октой, достон чыгат оттой сөз.
Биртууган бар миң душмандан бешбетер,
Достон дагы чанда чыгат достой дос.

«Талкан дос», - дейт чогуу талкан жегенди,
«Жарма дос», - дейт чогуу жарма ичкенди.
Ал достуктар жарма, талкан ченемдүү,
Бүтүрүшпөйт андан артык иштерди.

Дос-туугандын сабактарын алганда
Кунасасын, куниктигин кечирдим.
Доорумдун керексиз же арзанбаа
Буюмундай өзүмдү эле «өчүрдүм».

Дос – ыйык сөз, бетин ачат жалгандын,
Сунуп туруп суу кошулган кымызын,
Эл көзүнө көңүлүңдү алгандын,
Бетин ачат душмандыктын тымызын.

Бирөөлөрдөн айтсам көңүл сууганын,
Өчкөн отту бир сөзүңүз жандырсын.
«Дос айрылат, кайрылат дейт тууганың»,
Кайрылгыча бирден өмүр – ар бир күн.

Талаштарда, тартыштарда түртүшүп,
Түртүшкөндө жерге, жээкке бөлүшүп,
Ооздордон от-жалын, чок бүркүшүп,
Көздөрү бар, көңүлдөрүн көмүшүп.

Кеп талашып, бет карашпай кеткендер
Толуп атат, «киши аласы ичинде».
Тууганчылык, досчулуктан кечкендер
Бири-биринин ой-пикирин түшүнбөй.

Ой-пикирлер оңой менен дал келбейт,
Так-таажыны талашкансып бир сөздү
Талашышты. Талаштарда ар пенде
Өзү билген сөздө өзүн Пил сезди.

Кудай дилди окшоштуруп бир берет
Дос болсун деп дооматы жок, доосу жок.
Кээде экөөнө берет экен бир белек,
Бири-биринин таянаарга тоосу деп.

Жакын болдук жакын ойлор себептүү,
Киши көрсөм,  эң сезимтал, эң эстүү
Имерилем бир сүйлөшүп алышка,
Баарлашуу – бул да бакыт эмеспи.

Ынтымакта ырас келет сөзүбүз,
Ой бөлүшсөк, ойлорубуз тең келип.
Биздин ушул курагыбыз өзү – Күз,
Ойлоруңуз ойлорума жем берип.

Ойлоп турсам, Сиз озунуп айтканда
Бүт ойлорум орундала түшкөндөй.
Бул айтылган бүт Ааламга жаккандай,
Ойлор, сөздөр иш жүзүндө бүткөндөй.

Телегейим тегиз боло калгандай,
Санаалашты, пикирлешти тапкандан
Курманбектей, Корун ханды сайгандай,
Тапкансыдым артык досту Аккандан.

Жетине албай Жер жүзүнө жар салып
Жазгым келип, эже-досту жаза албай
Көпкө жүрдүм кааласам да канчалык,
Кен байлыктай сөз байлыкты каза албай.

Сынтакпаска сыныгына башканын,
Эч бирөөнүн кемтигине күлбөскө,
Тагдыр-дайра кимде кандай акканын
Бир да билги айта албасын билбестен,

Ушак айтып, кутумчулук кылбаска,
Жанашканда жан бүткөндү өзгөрткөн
Касиетиңиз катуу экен – бирпаста.
Таппайм, жетпейт мендеги бүт сөз көркөм.

«Калкыбыздын денсоолугун караймын,
Жандүйнөнү дарылоого жарабайм.
Рухуна зака кетти далайдын,
Жүрү, ыр оку эл-журтуңу аралай»,-

Деп Нарынга, Жалал-Абад, Баткенге
Медиктерге кошуп алып  акынды,
Жүрүштөрдө Алматыга, Ташкенге
Чачыладай поэзия асылды

Чачып келдик, батып келдик бактыга,
Батып келдик арман менен азапка.
Күбө болдук жаман менен жакшыга.
«Эл кантиптир чыгып алып азатка?


Көр, - дедиңиз, - эл арасы кандайын».
Ильич шамы күйгөн менен караңгы.
Мен Сиз менен кайда гана барбайын,
Көркөм китеп окуганга жарамдуу

Жарыгы бар жакшылыктуу адамды
Жолуктурсам экен деген тилекте
Издеп жүрдүм. Көздөн учкан караанды
Чанда көрдүм. Калды баары жүрөктө.

Мен Сиз менен кайда гана барбайын,
«Оку, оку», - дебейт экен башчысы.
Ар ким согуп өзү-өзүнүн арбайын,
Башка жактан эңсейт көбү бактысын.

Мен Сиз менен кайсы айылга барбайын,
Буйрук күтүп отурушат чоңунан.
Колундагы элдин-жердин жагдайын
Жакшыртууга жөндөмүнүн жогунан.

Түшүнүксүз капитализм ыктары,
Кан төгүүлөр токтогонго кайриет.
Бардык жерде социализм жуктары,
Китепкана – бетке кармаар ариет.

Бирок, «чоңдор» китеп-ситеп карабайт,
Курсак менен дарамети чектелип.
Жаңы кылым окуганга жарабайт,
Китепкана – өткөн доордон эстелик.

Итке минген жалкоо менен жаманды
Айдап жүрүп иштеткенге киши жок.
Эбин таап иреттешке заманды
Ажылдаган анархисттин күчү жок.

Кедейлер да карыз алып той берип,
Өзүн алдайт теңелгенсип байларга.
«Бир тойгонун байыгандай» ой жоруп,
Тамактанат байлар курган жайлардан.

Тапкандарын сарамжалдап сактабайт,
Жардылыкта марттыгы бар дардайган.
Марттыгынын мааниси өзүн актабайт,
Байып-сайрап кетмек эле ал кайдан.

Табылганын тарс түгөткөн түгөткө
Кантип акыл кошоорумду билбеймин.
Ушуларды колдонушат күрөштө,
Кантип анан ушул элге күйбөймүн!

Күйгөнүмдөн күлдөй дагы пайда жок,
Күңгүрөнүп ырлар менен жоокалайм.
Түн бироокум, түнөргөндө айла жок,
Үлбүрөгөн үмүт тирейт зоокадай.

Күйгөн бирөө башчы болуп келет деп
Куру ишенип жүрө берип өтөмбү?
Көрө турган сыяктанам, элестеп,
Көктөн түшүп келе турган көсөмдү.

Ананкыга алаксууга акым жок,
Азыр көрүп турганымды кантемин!
Убакытты караңызчы, закымдап…
Убадалар, айткан сөздөр калп эле.

Калк башында караңгылык турганда
Китептерди катар-катар чыгаргам.
Май чаптаган көзүн ачып-жумганга
Жарык бербейт жазган бир да чыгармам.

Кол жеткенди талап-тоноо – көнгөн иш.
Айыра албайсың: Ууру эмес ким? Ууру ким?
Адегенде ууруларды: «Жөн», - демиш
Болот дагы… Ууру десин муну ким!...
«Айй, бул деле… өзү деле ууру имиш».

Эмне дейсиң алмаларды сабакташ!
Эмне дейсиң коондорду палектеш!
Бий чыгабы калкы менен канатташ?
Кадаланып карай берип карек теш.

Чечендер бар тили «буудай кууруган»,
Көсөмдөр бар көкүрөгү жапжарык.
Анын баары такка отурган уурудан
Акылы дал, тилдери шал апкаарып.

Бирин-бири кууп салган өңдөнүп,
Чындыгында жайлуу жерге жашырып.
Анан, такка жатып алып комдонуп,
Ордону жейт он манжасын матырып.

Маңкурт шири чечилгенсип бир сыйра,
Азаттыктын алганы бар алкымдан.
Алдануу бар азгырылып бир сыйга,
Падышалар Падышага калтырган.

Мына ушуга мээ чарчатып көрөлү,
Кантип мындан Падышаны куткарып,
Кантип, качан бардык улук, төрөнү
Болтурабыз азгырыктан тышкары?

Көзгө илинбей көп издетип табылган
Өлкөбүздү картасынан дүйнөнүн
Ажыдаардай ааламдашуу агымдан
Караманча таппай калып жүрбөйүн…

Эстегенде эки кылган эсимди,
Биздин өлкө миллиардер карыздан.
Эмне болот?! Эт-жүрөгүм эзилди,
Көз жүгүртсөм, туш-тушубуз арстан.

«Кулак укса, курсак кайнап...» көргөндө
Көкүрөктөн булап буккан көк түтүн…
Азат болбойт «Азатмын», - дей бергенден,
Карыз сурап турган чакта чөк түшүп.

«Сук ит жыттайт ач иттердин куйругун»,
Атаганат, пейил, көңүл тойсочу!
«Канээт кыл», - деп Кудай берсе э буйругун.
Суранганды Падышалар койсо түк!

Андан көрө уурулардан өндүрүп,
Өз колунда барын салып ортого,
Падышабыз баштабайбы өндүрүш,
Жаңылыкты жаратпайбы Ордого!

Акылы жок, акчасы бар, чаначтай
Курсактарды бир раундда жеңбейби!
Тентигенди терип келип Манастай,
Каңгыганды кайрып алып келбейби!

Кулаалы да Манас таптап куш болот,
Кулчулукта жүргөндөрдү ким топтойт?
Качан эми кайсы Манас туш болот?
Курама курч мокоп турат, ким таптайт?

«Расмий тил!» Кошоматчы коркок тил -
Эне тилдин ооздуругу, орсок тил.
Түшүнбөймүн расмийлик мааниге,
Ал боло албайт бүт тилдерге орток тил.

Алфавитке бир тамганы кошконго
Каршы чыгып алда неден корккондор,
«А» тамганын ичкесинен жазылчу
Жүздөгөн сөз лексикадан жок болбой,
Адабияттан тамга жоктон жок болгон.

Алар мага керек суудай, абадай.
Кыргыздагы айыкпаган жарадай
Ичи тарлык, билимсиздик, тайыздык
Кылым бою бир тамгага жарабайт.

Асабада күнкарама сүрөтү,
Ал – белгиси, мамлекеттин мүнөзү.
«Күн - ушу», - деп күнкарама карматса,
Алып, илген Падышанын күнөөсү.

Бир керемет болгон кыйла илгери,
Эл арасы бир дуулдап басылган.
Менин андан туюп, аңдап билгеним
Чачыладай бир ырымдан чачылган:

Ай менен Чолпон бирикти

Ай менен Чолпон жанашты,
Асманга абдан жарашты.
Бир гана Күндөн башкалар
Таң калып, сүйүп карашты.

Жылды да жылдыз тушунан,
Конду эле Айдын учуна,
Ажайып ушул көрүнүш
Айланды Аалам кутуна.

Ай менен Чолпон бирикти,
Билдирип сырдуу бир ишти.
Алланын алкап турганын
Арбакты дагы, тирикти.

Бейиште болот өлгөндөр,
Бейпилде болот көргөндөр.
Бедели бекип, бай болот
Берилип көңүл бөлгөндөр.

Бириңе-бириң жанаш, - деп,
Таарынган болсоң, жараш, - деп
Ишарат кылды Жараткан
Жакын бол, жакшы санаш, - деп,

Бөлүнгөн болсоң, бирик, - деп.
Аянды аяр билип, тек,
Суктанып баары карашсын
Ай, Чолпон өңдүү бириксек.

Ай, Чолпон өңдүү бириге ал,
Алланын айткан тилин ал.
Тутунуп бекем жүргүдөй
Тууңа, Кыргыз, илип ал!
                       18.06.2007.

Ай, Чолпондун бириккенин көрсөткөн
Биздин асман демейкиден башкача.
Ошол – бизди кылымдардан көксөткөн
Көк Асаба асмандагы таптаза.

Чолпон Айдын отурду эле астында,
Көктү карап сүйүнгөмүн, таң калгам.
Ал көрүнүш бактысы эле таштын да
Көргөндөргө жараткандан арналган.

Алла Таала: «Асабаңар – ушу, - деп,
Белек берген бир кыйла жыл илгери,
Биригүүдө кыргыз элдин куту», - деп,
Мен билгенди билермандар билбеди.

Кандын түсүн келатабыз карманып,
Аянтыбыз арылган жок кыргындан.
Ушул ырым белгилерге арналып,
Билгилердин көңүлдөрүн бургум бар.

Айта берип каталарын Гимндин,
Чарчаганын акылымдын, тилимдин
Эч ким билбейт, дүлөй, жымжырт, караңгы,
Жарык түшчү бир жылчыктан түңүлдүм.

Жүрөктөргө колду коюп ырдаткан
«Бейкут» деген каргап турат билинбей.
Акын жоктой адамдай бир ыр жазган,
Гимн жоктур биздин тантык Гимндей.

Ырды жазып көп кыргыздын атынан,
Тил жөнүндө кайра түшөм башынан.
Ушул ырда жамгыр болуп төгүлөм,
Ушул ырда мөндүр болуп чачылам.

Ушул бир ыр бүт ырыма татыган,
Ушул бир ыр – көп машакат чачыман.
Тил жөнүндө айтсам, тилим узарып,
Падышага, пайгамбарга батынам.

Байкуш тилим бир тамгалык бактыдан
Кемийт. Жардам сурайт ар бир башчыдан.
Караманча каршылар бар уюшкан,
Ушул тамга жоого айланып чапчудай.

Эрдик менен акылмандык жык толгон
Эпосторду, жомокторду турмуштан
Кыялымда жолуктурам. Кут толгон
Күч-кубаттуу, берекелүү Кыргызстан

Алсыраган үмүтүмө туш болгон,
Мактоо үчүн, даңктоо үчүн жаралган.
Көкөлөтсөм, кайкалатып тургузсам,
Мага окшогон акыбалын араңжан!

Көкөйүмдү көк таш болуп өйүгөн
Сөздү Сизге айтсам, Кудай укчудай.
Адамзаты арылып бүт көйүнөн,
Ай-ааламга Ак кептерлер уччудай.

Сезим даарып, сөз дарыям ташкындап,
Көл, деңиздин толкунундай чамынып,
Ой-кыялым кыян, бороон-чапкындап,
Кыналышты саптар сапка жалынып.

Экөөбүздүн шыбырашкан сырдашуу,
Экөөбүздүн кобурашкан аңгеме…
Миң толгонуп ошолордон ыр жазуу
Бир милдетим сыяктанып калды эле.

Ал милдетти аткаруунун сааты
Жебесине желек байлап келиптир.
Жаза атпаса жандүйнөнүн жаасы,
Бул жазуулар Асабасы жеңиштин.

Айттым Сизге армандарды аңтарып,
Айттым Сизге көйгөйлөрдү көңтөрүп.
Кете жаздап жүрөгүмдү чарт жарып,
Көптөн жүргөн көкүрөгүм өрттөнүп.

Төкпөй-чачпай, төгүн айтпай, төп айтсам,
Кандай жакшы бир кишим бар угаарга.
Кулак салып, муюп канча көп айтсам,
Жол издеген бир айласын кылаарга.

Эки адамдын мамилеси аркылуу
Ырыскылуу ынтымакка умтулуу.
Бул – табигый, Күнгө Жердей тартылуу.
Бүткүл дүйнө гүлдөйт мындан кулпуруп.

Эки адамда болсо жылуу мамиле,
Шарапаты миңге, миңден түмөнгө.
Көзкаранды дүйнө ушул үрөнгө,
Өнүп-өсөт дүйнө ушул үрөндөн.

Көңүлүндө чекиттей жок карасы,
Бүтпөгөнүн досчулуктун жолу узун,
Бардык жерде адамзаттын арасы
Тилейм дилден биздикиндей болушун.

Адамзаттын жарык жансын жылдызы,
Кетирбеске кемчиликти ийнедей,
Тазалыктын, бекемдиктин уңгусу
Айкалышсын биздин рух дүйнөдөй.

07.05. – 17.05.2019 - 07.11.2020.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз