Улуттук адабият боюнча үч соболго акын Динара Бейшеналиевадан жооп

1) Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби?

Жооп: Келген. Уюткулуу кыргыз эли жашап турганда оомат келе берет. Алдыбыздагы глобалдашуу доору көз караш, көкүрөктү кеңитип,  чети чектелбеген дүйнө таанымды алдыбызга сунуп туру. Сен да рамкага салбай, ыклас менен, ыйман-ызат, сүйүү менен жаз деп туру. 

Чоң чыгарма жазасыңбы, кичине чыгарма жазасыңбы, дирилдеп жүрөктөн чыкмагыабзел экен. Кооз сөз менен бирөө бирөөнү алдай албайт. Дүйнө түзүм өзү ошондой, чындыктан, сүйүүдөн курулган тура. Канчалык дэңгээлде мөлтүлдөп,жылтылдап, тазарып, тунуп жазасың, ошол абалдын окурманга да өтмөгүбар экен.Адабият ааламынын көзгө көрүнбөгөн мыйзамдырынын бири ушул окшоду. Адеп аты айтып тургандай, өзөгүндө канткенде адам болуу маселеси турат да. Бул жагынан алганда ак деген сөздүн кадырына жете билген кыргыз эч бир элден кем эмес. Тилди билген, дилди билген мыкты муундун дүбүртү угулуп калды....

2) Окурмандардын кеңири катмарына жайылтып, базарын кайнатар авторлорубуз барбы, болсо кимдер? Буга чейин мыкты чыгармаларды жазган кайсыл авторлорду жана кайсыл чыгармаларды этибарга албай унутуп кеттик?

Жооп: Аман Саспаев, Мукай Элебаевдин чыгармалары унутта калгандай. Менин  Ашым Жакыпбековго сый-урматым өзгөчө.  А кишинин жубайы менен сүйлөшүп калган жайым бар эле “Айтматовдун чыгармаларын өз чыгармасындай күндөп-түндөп жан үрөп иштээр эле” –деди эле.  Күч-кубатынын  көбүн котормого жумшап койгонбу дегендей ой келет. Ал киши да өз баасын алалбай жаткан сыяктуу.

Адабиятка канчалык бир деңгээлде салым кошуп жаткан ушул “РухЭш” сайтынан жаш калемгерлердин ырларын окуп калам. Өздөрүнүн деңгээлинде уйкаштык дегенден бир мүдүрүлбөй кынаптап, маанисин да чачып жибербей өзөк баккан жаш муундун келатканы сүйүнтөт. Акындык деген оор жолго бир аттанып чыккандан кийин кайра артка кайтпагыла, жолуңар шыдыр болсун дейм ичимден алкап....

Ал эми кыздар поэзиясы өзүнчө сөз кылганга арзыйт.  Сагын Акматбекова, Гүлсайра Момунова,  Меңди Мамазаирова,  Мая Осмонкулова, Лариса Асанбекова, Арсыкан Момунтаева, Бурул Карагулова  эжелер баштаган орто муун Аида Эгембердиева, Афина Бакирова, Назгүл Осмонова,  Айнагүл Базарбаева, Жыпара Исабаева, Айсулуу Көкөевага окшогон акын кыздарыбыздын агымы адабиятыбыздын басар жолун тазалап,  жетер жерине жетелеп,  коштоп келишет. Ар бири өзүнчө  гүл, өзүнчө аалам. Аялзатынын калемисиз адабияттын супсак болуп калмагы бар...

3) Өрнөктүү адабияттын салттуу жолун канткенде түптөйбүз? Деги кыргыз адабияты салттуу жолун тапканбы, же башка улуттар адабиятынын жетегинде эле келгенби?

Жооп: Кыргыз адабиятынын салттуу жолу түптөлүү менимче. Элдик оозеки адабиятынан  башат алган өз  жолу бар. Мисалы, “Манас” эпосун канча айтсак да жарашат, чындыгында эле  ыр океаны. Сөз жамгыры. Бирде желдей учкан жебеге, бирде баатырга айланып, эл менен эл, жер менен жер болуп кеткен айтуучунун күч-кудурети эле канчалык. СССРдоору соцреализм деп башкаларга окшоштурганга аракет кылды, бирок ошондо деле эч кимге окшобогон үн удургуп угулуп  турган. Мисалы, Айтматовдун уламыштарга кайрылганы, пайдаланганы элдик көрөңгөсүз эч ким алыска кетелабасынан кабар бергенсийт. 

Балким, ушул глобалдашуу заманында башка улуттар адабиятына үндөшүү болсо болгондур, бирок башталыш менен кайтууну бешик ыр менен кошок ырга айланткан  кыргыз башка улуттар адабиятынын жетегинде калбайт. Жаман жаман дей берсек жакшысын бирөө берет беле, “Башыңды өйдө көтөр! Сен кыргыз деген элдин уулусуң, кызысың!” деп түптүү  эл, тамырлуу эл экенибизди айта жүргөнүбүз да оң го дейм.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз