Альберт Эйнштейндин бардык байлар колдонор акылман ойлору

  • 19.10.2021
  • 4165

Улуу физик илимдин гана даанышманы болбостон, ал психологияны да мыкты билген жана Аалам кайсы мыйзам менен жашаарын мыкты түшүнгөн.

Эйнштейн физика формулаларын физикада эле эмес, адамдардын кадимки жашоосунда да колдонсо болот деп ишенген. Окумуштуунун кызык байкоолорун ийгиликтүү бай адамдар өздөрүнүн байлыктарын жана капиталдарын көбөйтүү үчүн кантип пайдаланып жүрүшкөнүн карап көрөлү.

1. «Ар кандай көйгөйлөрдөн жана түшүнүксүз жагдайлардан жагымдүү мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот».

Эгерде, башыңыздан жагымсыз окуя болуп өтсө, андан өзүңүзгө керектүү бир нерсени таап чыга аласыз. Ал үчүн жөн гана көйгөйдү кызыктуу маселеге айлантып, аны чечүүнүн жолун издегиле.

2. «Кыялдануу логикадан маанилүү!»

Эйнштейн адамзаттын акыл-эси кандайдыр бир чийинге камалуу, биз көбүнчө өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз шумдуктуудай чоң экенин этибарга албайбыз дейт. Ошондуктан, ар бир адамга кыялдануу керек. “Логика бизди А чекитинен Б чекитине чейин алып бара алат, ал эми кыялдануу каалаган жериңе жеткизет” – деген Эйнштейн. Башкача айтканда, эгерде сиз кыялдана алсаңыз, ал кыялыңызды ишке да ашыра аласыз.

3. «Мүмкүн эмес» деген — бул жөн гана сөз.

Эйнштейн жөн гана ишенип тим болбостон, адам каалаган нерсесине жете турганын өз мисалында көргөзкөн. Эгерде мээңизде “Бул мүмкүн эмес!” – деген ой болсо, жөн гана аны өчүрүп салгыла. Улуу окумуштуу тамашалап мындай дечү экен: “Он окумуштуу көп жылдар бою “Бул мүмкүн эмес” деп жүргөн нерсени, бул жөнүндө эч кабарсыз бир акылы жок, алеки заматта ачылыш жасап салышы мүмкүн”.

4. «Максатыңа жеткиң келсе, мамилеңди өзгөрт».

Эгерде мыкты жыйынтыкка жеткиң келсе, анда мурдагы ыкмаларың жарабайт. Тактикаңды өзгөрт. Башкача аракет кылсаң, башка жыйынтык аласың. Өзүңдүн тамтыгы чыккан көнүмүш аракетиң менен жаңы бир деңгээлге көтөрүлөм деп ойлобо.

5. «Китептерден таап окуп алаар нерселерди, эч качан жаттап убара болбогула».

Бул ар бир ишкерге керектүү эреже. Бардыгына белгилүү нерселер менен башыңарды оорутуп, жаттап убара чекпегиле. Ийгиликке жетиш үчүн акчаны табуунун алгоритмин жана ишти кандай алып баруунун жолдорун билсеңер жетиштүү, калган керектүү билимди Интернеттен же адистерге арналган китептерден оңой эле таап алсаңыздар болот.

6. «Кыял — бул эң негизги нерсе, ал өзүбүздүн жашообузда көргүбүз келген нерселердин чагылышы».

Ойдун күчү жөнүндө азыркы учурда кимдер гана билбейт, бирок бул жөнүндө биринчи жолу Эйнштейн байкаган. Ал биздин башыбызда жүргөн нерселер сөзсүз орундаларын түшүнүптүр. Акча жетишпейт же иштен бошотуп салышат деп ойлондуңбу, жакында чынында эле ошондой болот. Акчам жетиштүү, керек болсо аябай көп деп ойлонуп көргүлөчү, – бирөө сыйкырлап койгонсуп эбептен себеп болуп көп акча пайда болот.

7. «Жашоо — велосипед тепкен сыяктуу. Алдыга жылуу үчүн педалды айландыруу керек».

Бул бизге тааныш «Бала ыйлабаса, эмчек жок» деген сөзгө окшош. Эгерде бир нерсеге жеткиң келсе, асманды карап, “алма быш, оозума түш”деп күтүп олтурбай, каалаган нерсеңе жетиш үчүн өз арбайыңды сок дегенди билдирет.

8. «Эгерде бактылуу болгуң келсе, адамдардан жана кайсы бир нерселерден үмүт кылбай, максатыңга жетүүнүн аракетин көр».

Көпчүлүк бай адамдар эркин жашагылары келет, ошондуктан чоң үй-бүлөлүү жана көп кыймылсыз мүлккө ээ болгулары келбейт. Алар бул нерселер көп убакытты талап кыларын жакшы билишет: үй-бүлөгө ар дайым камкордук кылуу, алардын жанында болуу керек, ал эми кыймылсыз мүлккө көз салып, кароосуз калтырбай оңдоп-түздөп туруу зарыл. Эгерде бир кырсык болсо, тигинден да, мындан ажырап, жан-дүйнөлөрү азапка кабылышы мүмкүн. Мына ошондуктан байлар негизги иштеринен алагды болбош үчүн, ашыкча жүктөрдү көтөргүлөрү келишпейт.

9. «Жаңылуудан коркпогула!»

«Эч качан жаңылып көрбөгөн адам, эч качан жаңы нерсе жасап көргөн эмес», — деген Эйнштейн. Окумуштуу кетирген жаңылыштыктарын пайдалуу тажырыйба деп эсептеген жана андай учурларда эч качан маанайын түшүргөн эмес. Бул жолу болбой калса, кийинки жолу болот деп эсептеген.

 10. «Чектен чык!»

Эйнштейн дайыма кайталап айтар эле, көпчүлүк адамдардын ойлонуусу чектелүү, мына ошондуктан өз жашоолорунда көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасай алышпайт. Ал кээде тамашалап мындай дечү: “Мага окуума жолтоо болгон жалгыз нерсе – менин алган билимим. Көнүмүш болуп калган чийинден чыгып, эл ойлобогон нерселерди ойлоп табуу, – бул кандай гана иш болбосун, ийгиликке жетүүнүн жүз пайыздык ачкычы. “Мааниси жок аракеттерди кылган адамдар гана ойдо жок нерселерди жасаганга жөндөмдүү”, — деп акыйкат белгилеген Эйнштейн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз