Өскөн Даникеев: Белгисиз тагдыр

  • 12.11.2021
  • 3244

АҢГЕМЕ

«Биз элге кайттык. Эмин-эркиндик таптык. Жаңы заман... А канчалар анда өз мүдөөсүнө жетпей калышты. Атаганат! Алар да ушу азыркы дөөлөт күндү көрсө болбойт беле. Алар да ушуга умтулду эле го».
Үркүндөн кайткан карыянын сөзү.

Жерге жарык кирип асман, жердин айырмасы мына эми-эми гана боолголоно баштаган. Саадат арт жагын карады. Кандайдыр жүрөк үшүү, жипкиринүү менен карады.

Кара-Кыштак алыс калган. Анын карааны да көрүнбөдү.

– О, Кудай, чыныңбы бу, төгүнүңбү?

Колдоочу бир өзүң, – деди үшкүрүк аралаш.

– Куда-ай...

Анын акыркы шыбышы айлана-тегеректеги куу шыраалжын, эрмендердин арасына шыбырттата жорголой кирип, ошо бойдон тым болгонсуду. Жымжырт. Күңүрт караңгы. Этегинен кармап, анын жан жагында келаткан Жапар ага ыктай берди:

– Апа, коркуп атам.

– Тегеренейин, коркпо. Таң атып келатпайбы.

– Эми мени көтөрөсүңбү?

– Көлөкөм десе... – Саадат колундагы түйүнчөгүн жерге коюп, аркасындагы кызына кайрылды. – Жыпаш, ке түшчү, айланайын. Кичине эс алалы. Түшө гой...

Мелмил тарткан талаага кызгылт нурун жая жайбаракат күн чыга келди. Ана Улуу Тоо! Алда береги үчөөнүн көптөн бери көңүл очогун жылытып, куса кылып, көздөн учкан ыйык сереси. Эч кимиси үн катпайт. Караганы, тооп кылганы тээ ошо Тоо. Улуу Тоо. Жол арбыбайт. Араң алтыларга аяк баскан жаш балдар, канча жыл күңмалайлыктан жапа чегип, жабыр тарткан жан үчүн, ал жол өтө эле узак, узак болчу. Өтө... Мына ушул чоочун, чаңдак жолдо жылаңаяк буттардын изи калып барат. Кээде үчөөнүкү. Кээде экөөнүкү гана: эне менен баланыкы. Ал издер адегенде арымдуу да, түз да. Анан улам арылап узаган сайын, эмнегедир аралары жакын тартып, кайра чачкындай берет...

Саадаттын өңү керсары. Денесинен тер чыпылдайт. Көздөрү оболкусунан ого бетер алайып, эриндери кургаган. Кээде бүткөн бою шалдырап, көздөрү караңгылап, жер таянып олтуруп калат. Үчөөнүн гана карааны. Андан бөлөк тегеректе кыбыр эткен жан жок. «Ушундай да кумсарган жер болобу?» Кыйналып келатса да Саадат чүрпөлөрүнө жылуу көз карашын жиберип, алда бир нерселерди айтып, эрмек болот:

– Аз калды. Элге эми эле жетебиз, – дейт. «Эми эле...» Ким билет. Эли алыста! Те-е, көрүнгөн тоодон нары дагы канча дейсиң! Бирок бул суроо анын оюна келбейт. Ойлогусу да жок. Ошо тоого жетсе эле барып калчудай. Кайра көчкөндөрдүн тобуна кошулса эле эмне. Кылт этип, Теңизи эсине түшөт. Баягыда көп катары көчтү узатып калып, эми ошо «көчтү» Сакебайы, Жапар менен Жыпарын көп катары кайра тосуп чыкчудай. «Атаганат, чын эле...» Жок, анын окко учканына Саадат али ишенбейт. Ишенгиси да келбейт. Өлүгүн өз көзү менен көрбөгөн соң...

– Бизди атам, биздин өзүбүздүн Теңиз атабыз тосуп алат э, апа? – дейт Жапар кубана. – Андан көрө биздин келатканыбызды билсе...

Муну угуп, Саадаттын дене бою дүр-р этет...

Сөзгө Жыпар да аралашат:

– Апа, а Дүрдаш дадам эмне үчүн бизди жеткизип койбоду? Анын арабасы бар эмеспи.

Дүрдаштын өзү эмес, атын укканда Саадаттын жүрөгү мыжылып эти жыйрылат. Ошол замат селт эте жалт артына карайт. Тиги жигиттери менен алардын соңунан түшүп келаткандай сезилет. Кызына жооп айта албай, тек, аны алаксытканы билбейм дегенсип, эки ийнин куушуруп коёт да, жер тиктеген калыбында баса берет: «Кудай аны, анын көгала түк баскан калча бетин эми экинчи көргөзгүлүк кылбасын...» Ал жөнүндө, Үркүндөй бул жакка келгенден кийинки көргөн күнү жөнүндө ойлогусу жок. «Түрү курусун!..»

Ээ, мурда Саадат... Саадат, Саадат дегендей эле го! Кайгы-капаны билсе да, билбеске салып, күлүп-жайнап, ар качан кабагы жарык жүрчү келин эмес беле. Өз жери, өз эли. Теңизи жанында... Ал кези эсине түшкөндө түпөйүл ойго алдырып, ого бетер дүйнөсү тарып кетет. Ичи ачышып, ыйлагысы келет. Ый демекчи... Ыйлап жүрүп бүтпөдүбү. Мына момунтип эки баласын эки колуна алып түн жамынып ээн талаа, эрме чөлдү кесип баратканы да ошо ыйдан кутулуу эмеспи. Айылдаш, өз жердештеринен аргасыздан ажырап, аттуу-тондуу Дүрдаштын колуна байлангандан кийинки күндөрдүн ызасы жетпедиби! Анын азыркы самаганы, санаасы башка. Көз алдына татынакай келечек, балдарынын бакыты тартылат. Илкий басып баратып, өзүнчө жылмайып коёт. Анын жылмаюусу ушу турушунда да жылдыздуу эле.

Далайдан бери камыгып, жүдөп бүткөн жүрөгү бүлк-бүлк этип, анан нары арык, нары назик көкүрөгүнө урунуп коёт. Канчага дейре минтип таттуу кыялдын жетегинде келгенин ал элес албады. Жапар менен Жыпар да апасынын кыял шарапаты менен көңүлдөрү көтөрүңкү. Жапар апасына суроо салат:

– Апа, эл деген ким болот?

– Урганым-а, Эл деген – эл да.

– Ал жакшыбы? Дадама окшоп бизге урушпайбы анан? Урбайбы?

– Жок, көлөкөм. Дадаң дамыран калсын. Элден айланайын...

– Бат эле жетсек экен. Теңиз атам бизди көрбөй калбадыбы дейсиң, а Жыпаш экөөбүздү тааныбасачы? И-а, апа?

Саадат бу жолу үндөгөн жок. Үндөбөстөн баса берди.

Күн бешимде барып, Бөксөгө жетишти. Улуу тоого дале алыс эле. Батыш тараптан айдарым жел сокту. Тоонун жели!

Саадат балдарын жолдун жээгиндеги такырчага олтургузду. Жапар менен Жыпар жал-жал энесинин оозун карашат. Экөөнүн тең көздөрү бадырайып опокшош. Кетирекей мурундары, бөрсөйгөн эриндери да. Атаганат, колдо болуп, бир өңкөй кийиндирип койсо кана! Эгиз балдар үчүн, ага эмне жетсин. Эне аларды алмак-салмак карап, эмнегедир эт жүрөгү элжиреп, делбирей түштү. Эңкейе экөөнүн маңдайынан удаа-удаа өөп алды:

– Таалайым менин, эки кара көзүм! – Анан олтура калып, түйүнчөктү чечти да аларга жарты үзүмдөн калама, өрүктүн кагынан төрттү сунду. – Же, жей койгула. А, муну эртең, э?

Өзү кичине гана наар алды.

Алаканы менен эки жаагын таяп, телмире баягы эле батыштан көзүн албайт. Улуу Тоонун адыр, жылгалары анчалык даана көрүнбөсө да, ага бая эртеңкиден жакын калгандай сезилет: Тажыкандын (Дүрдаштын экинчи күңү) айтымында, береги суудан өтсөк эле, аялдабай анын тагасыныкына барып калабыз. Бүгүн бир аз тыныгып алсак, эртеңдерден кайра көчкөндөргө жете барар бекенбиз? Баарыдан деги Дүрдаш биздин жигибизди билбей тура турса экен...

Кайра жолго чыгышты.

Жол. Айтмакчы, жүргүнчүлөр жүрбөгөн бул эмне деген жол? Кантсе да, Саадат үчүн ушунусу оң эле. Качып бараткан адамдын уурудан айырмасы кайсы? Чындыгында, мындайда көздөн жаздым болгону жакшы да.

О, замана, опасыз замана-а! Сен кандай элең?! Минткидей бу бечаралардын айыбы эмнеде эле? Көз көрүнөө чеңгел сунуп келаткан ажалдан баш калкалап, бөтөн жерге ооп келгендериндеби? Канча жыл өлбөстүн күнүн көрүп, көр оокаттын айынан бирөөнүн оту менен кирип, күлү менен чыгып, бейсебеп көк келтек жеп, ый аралаш ыза тарткандарындабы? Эми туулуп өскөн жерине, эрк алган элине баратканынын эмнеси айып, эмнеси күнөө?!

Мына суу. Өзүнөн өзү айгай салып, эч кимге сөз бергиси келбеген бейжай немече, ачуусуна чыдабай ажыналап, буркан-шаркан түшүп ак уруп агып аткан долу суу. Кечүү жери саал жайык келип, анан кайра эле кууш тартып кетет экен. Тээ жогоруда эски көпүрөнүн эки четки тирөөчтөрү короюп, өзү жок. Жана жан киши каттабай, бу жолдун ээн калганы ушундан экен го.

Саадаттын жүрөгү опкоолжуй түштү. Эми эмне кылмак? Каргадай балдары менен караңгыда... Ия, Кудай...

Балдары да үрпөйүшүп, коркуп турушат. Аны көрүп, Саадаттын ого бетер үрөйү учту. Бирок анысын тигилерге билдиргиси келбеди. Экөөнү бооруна кыса тарта:

– Аа, тайыз эле го, – деди кара күчкө. – О, жамандар десе! Эмне, коркуп атасыңарбы! Азыр...

Берки экөө анын эмне дегенин уккан жок. Дале селейишип, алды жактагы көбүрүп жаткан суудан көздөрүн алышпайт.

Саадат не кыларын билбейт. Кыйпычылыктап аркы-терки басып, жерден таш ала сууга ыргытат. Терең, тайызын ким билсин, шарп эте ыргыган чарпынды агым менен кошо төмөн карай жалп этет. Күн болсо кечтеп барат.

Аңгыча арт жактан, тээ үлбүл тарткан каралжындын учунан чаң көрүнгөнсүп калды. «Апаатты, билген экенсиң го...»

Саадат эрдин кесе тиштеп, бир паска үн катпай тим турду. Анан жоолугун башынан жула серпип, Жыпарды алды да:

– Жапартай, садагам, сен ушундай тура тур, э? Мен Жыпашты тиги өйүзгө чыгарып, анан келип сени алып кетем. Жарайбы? Сен жигитсиң да! Коркпо, – деп анын көкүлүнөн өөп алды да, сууга кирди.

Бир аз барганда эле, суу белине чыга түштү. Саадат лам дебеди. Жыпарды өөдө көтөрүп илгерилей берди. Бир маалда суу аны төмөн карай сүрүп жөнөдү. Жыпар чаңырып, энесинин көкүрөгүнө тырмышат. Жүрөгү түшпөгөй эле деп, Саадат ансайын ага жалбарат:

– Жыпаш, Жыпаштай! Коркпо, садага. Коркпо!

Эси чыгып кетти окшойт, арт жагынан Жапар да бакырып ийди. Ызы-чуу. Бир жактан суунун шары...

Саадат дагы эки-үч ирет мүдүрүлүп барып, анан суунун ортосунан өтө берди. Аркы жээкке араң дегенде чыкты. Сууданбы же корккондонбу, өңү купкуу болуп, эрди эрдине тийбейт. Жыпарды кемердин үстүнө коё коюп, аркы өйүз жакка жалт карады: Жапар, андан ары алиги чаң... Ал жанагыдан да жакындап келаткан сымал. Шайы ооп, жыгылганы араң турат. Суу анын сулуу, арык денесин сылагандай жылт-жылт эте шорголоп агат. Дени өлүп, эмне болуп атканын сезе бербегендей, муундары калчылдап, өзүнчө ичинен күңгүрөнөт...

Эми ал Жыпарын кучактап, бир өөп алды да: «Коркпо. Мен азыр...» дегендей алакан көтөрө кайра сууга кирди. А дегенде эле агым өктөмдүккө салды. Улам барган сайын күр-шар этип, көкүрөк башына жаба берип, аны күлкү, келеке кыла баштагансыды. Ага туруштук берүүгө, таймашууга Саадаттын алы канча!? Буттары жылма ташка бирде тийсе, бирде тийбей, жансыз немедей көлк-калк делбирете далбас уруп калды. Ичи каарылып, көзү караңгылап барат. Ансайын ташкын албууттугуна салып, шордуу жанды аткылап, апчылап ого бетер күчөнөт.

Саадат эми кандайдыр бир коркунучтуу сезимди туюп, көздөрүн бакырайта ачып ийди. Анын акыркы көргөнү: эки баласы эки жактан кичинекей манжаларын делбирете чыңырып-чыркырап жээк бойлой чуркап келатышканы болду. Баарынан көздөрү! Ошол чанагын тээп, жаш бүрккөн наристе көздөрүндө энеге болгон албан сүйүү, аёо, энеден айрылып калуу коркунучу, кандай да болсо, аны мобу түрү суук ажалдан алып калуу түйшүгү турубатпайбы.

Мына, алар кайрадан көрүнбөй, өркөчтөнгөн толкундардын далдаасында калышты. Толкундар алар эмес, тиги тоону да жайпап кеткен сыяктуу. Бир паска Саадат сууга чөмүп кетти. Ошондо да көздөрү ачык бойдон жүрөт. Жумбайт. Жумганды унутуп салган. Анын көргүсү гана келет. Көргүсү! Жапарын, Жыпарын, Ай-ааламды, жарыкты көрсөм дейт. Айланасы бопбоз, үрүл-бүрүл. Кайра кылак этип башы көрүндү. Сол жактан Жыпар, андан ары тоо, Улуу Тоо. Оң жагында Жапары... Экөө тең аны «утурлай» алга чуркап келет.

Колдорун сунат. Кайдан-ан! Чыңырып-туйлап кала беришет. Үндөрү бүткөн... Дагы төмөндөп чуркашат. Чолок күрмөлөрүнүн өңүрүнөн бооруна чейин суу. Кайра эле алда бирдеме деп, кичинекей колдорун ага суна беришет:

– Апа-а!

– Апа-а-а!?

Мындан башка не кылмакчы? Айтары эмне? Саадат акыркы жолу:

– Аа-а! – деди үнүнүн бардыгынча. – А-аа!..

Балким, бул анын балдарынан жардам сураганыдыр? Же: «Ары болгула! Агасыңар» деген аяныч аманатыбы?

Акыры болбоду. Анын адамдыкына окшобогон ачуу үнүн да, өзүн да суунун шары өзү менен кошо алып кетти...

Саадат «али да болсо, мен адаммын. Тирүү жанмын!..» дегендей тилсиз жоо менен алпурушуп барат. Колдорун сермегилеп, жээкке чыгууга далалаттанат. Көз алдынан жылт этип өмүрдүн учкуну учуп, үмүттүн үлбүр танабы апаппак ичке шоола өңдөнүп, заматка көрүнө калат. Жаагы карышып, оозун ача албаса да, ою, ниетинде айлананы, бүт Ааламды жаңырта кыйкырып бараткансыйт: «Айланайын эл, журт! Биз ушинтип калабызбы? Кайрыла кеткиле! Куткарып кеткиле. Бизди куткарып кеткиле! Эгизим эмне болот? Эгизим калып атпайбы... Жок, жок! Мен!..» Бар бүткөн дарамет, күчүн жыйнап, тогуз толгонот. Бирок суу мурдагыдан да өжөрлөнүп, өрөөскөл «табылгасын» өйдө көтөрүлтпөй өбөктөтүп кайра алып урат. Өңгө көрбөсүн дегенсип, көбүктөнгөн көөдөнү менен анын өңү-башы, тулку-боюн жаба салат. Ооба, өзү айткандай тирүү жан да, Саадат ага болбойт. Алсыз, аргасыз болсо да, жулкуна кылак этип чыга калып, кайра эле баягы жээкке умтулат. Жапар менен Жыпар жыгылып тура сууну бойлоп, тетигинде дале ээрчий чуркап келишет...

Айлана мисирейип тым турат. Калыстыгын көр! Бир гана асмандагы күн Адамдын тагдырына зээни кейигендей, тармалданган киргил ак булутту көзүнө баса, жашын умпалап тургансыйт. Ичинен сыза илеби кайтып, а дагы бу күйүттүү заманага таарынган сымал.

Теңдик, адилеттик деген кайда?

Бара-бара Саадат алдан тайып, акыры бутагынан ажыраган сары жалбыракка окшоп, бирде чөмүп, бирде калкып калды. Суу да оюну канган немече эми сенин кызыгың не дегенсип, аны чет жакка ыйгара, кум ойногон бурулушка серпе таштап, кете берди...

Саадат эс-учун билбей, жер кулачтап көпкө жатты. Чачынын бир өрүмү ортосуна чейин жазылып, сол карысына жабылган. Көк чүпүрөк менен учтукталган экинчи өрүмү сууда термелет.

Күн ылдыйлап, саратан сайрай баштаганын, эми да болсо этек-жеңин желпип коюп, жанынан агып жаткан суунун шарын уккан жок. Дүйнөдө эмне болуп, эмне койгонун туйбады. Ал учурда ага баары бир эле да. Бакыт да, күйүт да. Баары тең мобу ажына суунун агымы менен кошо жанынан кыя өтүп кетип аткан...

Бир маалда Саадат эсине келгенсиди. Көгөрүңкү жука эриндерин кыбырата, алсыз онтоду. Башын көтөрө албай, шадылуу узун манжаларын жөргөмүшчө тарбаңдата, нымдуу кумду мыжымыш этти. Убакыт өттү. Бара-бара кабагы бир түйүлүп бир жазылып, анан акырындап көзүн ача баштады. Жер чыканактай эки жагын каранды. Эч нерсе көрүнбөйт. Теребел бүтүндөй боз чаңгыл, бүдөмүк.

Кайда келип калгам, эмне болду эле? Ордунан турду да, жаңы гана телчиккен жандыктай сендиректей басты. Бир өңдүү эски жашыл көйнөгү шылы денесине чыпталып, баскан сайын удур-шудур. Оң ыптасы бүт бойдон кум, жаак-башынан кызыл ашыгына чейин. Эки ийини уркуюп, денеси эңиш тартат. Көздөрү алактап, зорго дем алат.

Бирде ысып-күйүп, бирде чыйрыгат. Калтырап барып, анан денесин майда бүдүр басат да, дүрдүйүп чыгат.

Ооба, сендиректей басты. Бирок кайда бармак? Кайра денесинин изи калган, ным тарткан жерге келди. Түшүм болуп жүрбөсүн деди оюнда. Жок... Эми ал удургуй өөдө-төмөн чуркай баштады. Иштин жүйөсүнө эми түшүнө берди бейм... Эки колу ууртуна карышып, мис табакка окшоп жай отуруп бараткан күндү бир саам кабагын түйө, тиштене тиктеп турду. Жалаң күн эмес, айлана тарап бүт бойдон кызгылт эле. Күүгүм эле. Саадаттын күйүтүн алар өздөрүнө алган өңдүү. Аба салкын тартып, аза күткөндөй а дагы кыймылсыз.

Саадат көпкө турган жок, шарт бурулду да, өйдө көздөй чуркап жөнөдү. Ал алиги кечмеликке кантип жетип келгенин сезе бербегендей. Таманы таш басып тажаганын, ар кайсы жери сүрүндү-урундудан улам канаганын, а тургай тамагы кургап, жыгыла албай араң турганын да туя бербеди. Бир тиги суунун агымынан башка кыймыл, шарынан бөлөк добуш жоктой. Бая эртеңкидей эле жымжырт. Саадат теңселе кайсалап турду. Тигинде жоолугу быт-чыт тытылып, түйүнчөктөгүлөрү иретсиз чачылып жатат.

«Жапар, Жыпар, кайдасыңар силер? Куда-ай, сактоочу бир өзүң. Же жанагы ант ургурлар алып кетиштиби?» Өзүнөн өзү жооп күткөндөй, алактаган көзүн жерден албайт. «Жок, алар албай калсын!..» Анын көз алдында балдарынын акыркы элеси: апалап, кичинекей колдорун калт-калт суна, жээкти бойлой, артынан чуркап келаткандары тирүү сүрөт болуп тартыла калды. «О...» Саадат жерди апчылап, колго тийгенин туш келди ыргытып атты...

Анын үнү же каткырып күлгөнгө, же эчкиринип ыйлаганга окшош эмес эле. Бир кезде ал көктү сүрдүү тиктеп:

– Э, Жараткан, сен ушундай кылмак белең? Ушундай кара боор, мерез белең? Же менин жазганым эмне-ле, й-йа!? – деп кыйкырып, кыйкырып анан эки колдоп жакасын дар-р эттире тартып алды. – А-аа!

Ал сууну бойлой, төмөн карай чуркады:

– Жа-пар, Жы-па-ар!..

Анын үнү да улам алыстап, угулбай баратты. Айлана... айлана болсо, али деле телмирип дым катат.

Барган сайын түн коюу тарта берди.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз